Айым АЛАКОВА:

"Көздөрүнө бычак сайып,
оозун жырган"
Тирүүлүк да, турмуш да кызык, ар оор. Кадам баскан сайын кыйналган, ыйлаган, сыздаган, боздогон тагдырга тушугасың. Жылуу сөзүңдү айтып, чекесинен сылаган менен жыргал турмуш куруп бере албаган алсыздыгың бар. Айтор, кимге эмнени айтып, кантип жубатаарыңды билбейсиң. Турмуш болсо минтип оордогондон оордоп барат. Тагдыры талкаланган, тайкы болгон адамдар көчөдө азыр миң сан. Алардын бугун, муңун угуп, акылын айтаар эч ким жоктой. Кадырлуу окурман! Келгиле, сырдашалы, ичтеги муңду айталы, ак кагаз бетин толтуруп жазалы. Окурмандардан кеңеш сурап, жардам күтөлү. "Айат" гезити мындан нары тагдыры оор адамдар менен "Тагдыр эй, сыздаткан" рубрикасы аркылуу ар жума сайын кезигишип турмакчы. Кат жазгыла, кабарлашкыла. Арманыңарды, балким, кубанычыңарды айтып, ак кагаз бетин толтуруп "Айатка" жибергиле. Биз сиздерден кат күтөбүз.


"Жамандын коногу билет" болуп, кыргыз эли алсыз калкка айландыкпы? Гүлдөгөн эгемендүү мамлекетте жашасак да, кай бир мезгилде баш калкалап, төрүбүзгө кирип, өтүктөрүн илип алган, түштүк тараптагы өзбектерге корбузбу? Ош, Жалал-Абаддагы июнь айындагы коогалаңдан мыкаачылык менен, дене-башы бышылып, кыздардын эмчектери кесилип, боюнда барлардын кардылары жарылып, каза тапкан кыргыздардын арбагы канкорлорго тынчтык берер бекен?!... деген суроолор кооптонтот. Адам баласы кайсы учурда, кай жерде болбосун ажалга баш ийет. Бирок, он эки мүчөсү толук эмес, жансыз сөөк деле өз мүчөсүн жоктойт чыгаар. Түштүккө болгон сапарыбызда жолуктурган жалгыз уулунан, күйөөсүнөн, бир тууганынан ажырап, "сыздаган энелердин армандарын жазабыз" деп сөз берип, өткөн жумада карачечекей уулунан ажырап, ажыраганы аз келгенсип, уулунун башы жок, жансыз денесин жерге бере албай, сыздап жүргөн Дилбар апанын арманын жазганбыз. Ал эми бу жолу Ош окуясында каза болгон, маркум 1988-жылы туулган Азамат Ааматовдун апасы менен болгон маекти тартуулайбыз.
Сырдуу айтылган азан...
- 6 балам бар, Азаматым төртүнчүсү эле. Экөөбүз Ош шаарында базарга чыгып кийим-кечек сатып, соода кылчубуз. 10-июнда иштен чарчап келип, экөөбүз тең уктап калыптырбыз. Бир оокумда бизге жакын жайгашкан өзбектердин мечитинен башкача эле азан айтылып атат. "Таң атып калган тура, иштен кеч калдыкпы?" деп эшикке чыксам, кудай бетин салбасын, тегеректеги үйлөрдүн баары эле, тарсылдап өрттөнүп, биз жакты көздөй келатат. Денем калчылдап, үйгө кирип эле "Азы, турчу эшикте бир балээ болуп атат. Өрт биз жакка келип калды" десем, "апа, койсоңуз, саат экиден 10 мүнөт өттү. Азыр эрте" деп колундагы саатын карап, таттуу уйкудан ойгоно албай атты. Аңгыча өрттүн жалыны оозгу үйгө каптады. Ошол учурда көзү ачылып, ачылбай, уйкусуроо менен баарыбызды кийинтип, жардамдашты. Үч баламды чала-була кийинтип, дароо эле чоң жолго чыксак Азаматтын курагындагы, андан улуу 6-7 бала чуркап келип, "эже, жүргүлө, кыргыздар бул жакта" деп үрөйү учуп, качып чыккан кыргыздарга бизди кошуп, жалаң өзбектер жашаган Черемушка кичирайонго "калган кыргыздарды алып чыгабыз" деп уулумду кошо алып кирип кетишти. Ошол боюнча кулунум кайткан жок.
Эне жүрөгү
- Жүрөгүм опкоолжуп, жанымды коерго жер таппай, уулума телефон чалсам, албайт, таң атканча өзү жашынткан жерде күттүм. Эртеси саат 11-12ге чейин телефону чакырат, трубканы албайт. 11-12 си таптакыр жооп жок. 13-июнда түштөн кийин телефону таптакыр өчтү. "Келип калат" деп күтөм. Ар ким ар кандай айтат. Айлам түгөнүп, балдарымды бир эжемдин үйүнө таштап коюп, ыйлап издеп жүрсөм, бир курбум чалып "мэриянын алдына барсаң, боз үй тигилип турат, ошол жерден жоголгондорду таап берип атыптыр" деди.14-июнда мэриянын алдына келдим. Жакындарын жоготкондорго кошулуп алып, кайсы жерден өлүк чыкса, ошол жакка барам, таппайм. Акыры күнүмдүк оокатыбыз үчүн Бишкекте иштеп аткан күйөөмдү чакырып, экөөлөп издедик.
"18-июлда каздырып,
19-июлда көмдүк"
- Бир ай, жети күн дегенде Черемушка айылынан таптык. Тапканда көмүлгөнүнө аз эле болуптур. 22-июнда көмүлүптүр. Абдан кыйнап өлтүргөн экен. Денесинен тамтык жок. Жети жерине бычак урган, мурдун, оозун жырып, бычакты көздөрүнө сайган, такап туруп, жакындан көк желкесине аткандыктан желкеси талкаланган. Тамекини күйгүзүп алып басышкандыктан, оозунун тегереги көлкүлдөйт, күйүп калган. Бетинин баары кан, таанылбайт. Маңдайынан түшкөн сүрөтүнөн араң тааныдык. 18-июлда сөөгүн каздырып алып, 19-июлда жерге бердик. Ишти изилдеп аткан милициялар "кеминде 4 күндөн ашык кыйнаган" дейт.
"Балдарымдын күйүмдүүсү эле..."
- 11-классты аяктап, автомектептин 3 айлык курсун бүтүргөн. Алматыда, Казакстанда иштеп, ал жактагы эмгек акысы жакшы болгондуктан, кайра кеткенге аракеттенип, "виза ачтырып алсам" деп визаны күтүп, кармалып аткандыктан мага жардамдашып, базарга чыгып аткан. Базарда кичине дүкөнүбүз бар эле, ал да өрттөндү. Үй менен кошо документтерибиз, кийим-кечелерибиздин баары күйүп, эч нерсебиз жок, талаада калганда, чатыр беришип, азыр ошондо жашап атабыз. Кыш келсе, эмне кылабыз билбейм. Үч балам мектепте окуйт. Бир кызым мектепти аяктаган, турмушка чыга элек. Эң улуу балам эле үйлөнгөн. Күйөөмдүн кесиби мугалим, мектептен жыргаткан айлык албагандыктан, Бишкекте иштеп жүрчү. Азаматымдын мүнөзү абдан жумшак, күлүп коюп эле жүрө берчи. Балдарымдын арасынан мага күйүмдүү эле. Бир аз иштен кечигип калсам, улам телефон чалып, жетип келе калчу. Оорусам, врач чакырып же дары сатып келчү. Каралдымдын өмүрү кыска экенин билбей жүрүп, мыкаачылардын кесепетинен айрылдым.
Оор үшкүрүп, ачуу жашын төккөн эне менен турганымда, "кызым, бул боз үйдөн жоголгондорду таап берет бекен?" деп сурап калган аксакалдын издегени ким экени кызык болуп, ал атаны да сөзгө тарттым.

Жээнбай САЙПИЕВ, Сопу-Коргон айылынын тургуну:

"17-июнда 17ге толмок"

- 1993-жылы туулган, кызым Нурзинаны издеп жүрөм. Гүлчөдө интернатта окучу, каникулга чыкканда бир айга инимдикине "эс алып келсин" деп жибергем. 17-июнда 17ге толмок. 9-июнда кечки саат 7де "Черемушкадагы бөлөмдүкүнө барып келейин" деп суранып чыккан экен, ошол боюнча дайынсыз. Биз тоолуу аймакта жашагандыктан, 10-июндагы согушту укпайбыз. 11-июнда районубузга мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Алайлык кыргыздардын сөөктөрү барып, кыргыздар кырылып атканда келип, көп адамдын өмүрүн сактап калдык. Бир өзбекти кармап алып сабасак, "айланайындар, өзбектер 20 жыл мурун даярданганбыз. Кек сактап калган" дейт. Башталган күнү 10-июнда түнү Черемушкада, Он-Адырда, Нариманда жалпысынан өзбектердин төрт мечитинде башка тилде азан айтылган экен. 12-13-июнда согушта жүрө берип, 3-4 күн өтүп кетти, кызым жок, кийин милицияларга кайрылдык. Бечера кызым эне мээриминен да эрте ажыраган (кайраттуу атанын көзү жашылданып...). 2005-жылы жубайым боору эзилип, карасарыктан каза болгон. Ошондон бери "өгөй деген өгөй, бирөөгө кор кылбайын, эптеп ушуларды чоңойтуп алсам" деп үйлөнбөй жүргөм. Бир уул, бир кызым бар эле. Улуу уулум аскерди аяктап, Москвада иштеп атат. Кызымды издеген өзүм эле. Ысык чай бере турган жалгызымды "таап калаармын" деген үмүттөмүн. Нурзинамды табышканга жардам берсеңиздер (атанын үнү каргылдана түштү). Кызымдын денесинде кандай белгилери бар экенин билбейм, бирок, "манжаларың меникиндей ийри" деп эркелетип койчумун. Кулагы сөйкө салынып, тешилген эмес. Эгер кызым табылбаса, орозо бүткөндө өзбектерге кыйын болот. Алар менен өзүм эле согуша берем.
"Кызымдын толук аты-жөнүн жазып алып, "Кайдасың" программасына чыгарганга жардам берчи?" деп жалооруган ата жүрөктү оорутту.


Жазгүл КАРБОСОВА