Тамадалар куйма
кулак болуусу керек
"Көп түкүрсө көл болот" дейт. Анын сыңарындай ар кай жерде өз казанында кайнап, жеке иш кылып жүргөн тамадалар чогулуп "Тамадалар" борборун түзгөнүнө үч айдан ашты. Биз, бүгүн чайлашууга эл үчүн кызмат кылып келаткан, кыргыздын эрке балдарын чакырдык. Чайлашууга келген "Тамадалар" борборунун көркөм жетекчиси Эшенкул Барпиев, куудулдар Борончу Кудайбергенов, Айылчы Сарыбаев жана тамада Бакай Шүкүров борбордун азыркы жасап аткан иши, келечек пландары, тойлор, тамадалардын тартиби тууралуу кенен сүйлөп беришти.

- "Тамадалар" борборунун түзүлгөнүнө бир топ убакыт болду. Учурда тамадалар эмне иш менен алек? Дегеле ушунча убакыт ичинде кандай иштерди жасадыңыздар?
Эшенкул Барпиев,
"Тамада" борборунун көркөм жетекчиси:
- "Жакшылыктын борбору болсун!" деп жакшы тилек кылып атабыз. Оюубуз бир жерден чыккан, тилегибиз бир болгон соң, 20-25 жыл сахнада жүргөн, чыгармачылык менен алп урушкан жигиттердин баштары биригип, "баарыбыз жакшылыкка кызмат кылалы" деп турабыз. Аталышы "Тамадалар" борбору болсо да, жүрөгүбүздө "жакшылыктын борбору" деп айта беришибиз керек. Буюрса иштин башы жакшы башталды, күнүгө куру дегенде 4-5 киши кирип атат. Бишкекте бир миллион калк жашаса, алардын 30 пайызы билип калды. Ошолор бизге келип тамадасын, ырчысын, видеого тартуу кызматкерлерин таап кеткени ишибиздин алдыга жылуусуна өбөлгө түзүп атат. Борборду ачуу максатыбыз, "той берем" деген кыргыз журтчулугуна жакшы база түзүү болчу. Мурда ар бир тамада өзүнүн арабасын тартып келген. Той берген адам тамаданын артынан чуркаганы аз келгенсип ырчы, кафе, видео издеп убара болушкан. Эми той берем дегендер "Тамадалар" борборуна кайрылса, тандаган кафеси да, ырчысы да, видеосу да, эң башкысы тамадасы да даяр. Баарысын бир жерден таап алышат. Азыр борбордо 47 тамада чогулду. Кыргызстанда жалпы 200дөн ашык тамада бар экен. Ошонун кырк жетиси биригип, улам бир идеяны кошуп, бара-бара өнүгүп-өсөт. Себеби, башталган иштин жыйынтыгы чыкпай койбойт. Борборду түзүү сунушу айтылганда кадимкидей эле коркуп, "кошулбайбыз, эмне кереги бар? Тамадалар чогуу болот деген жомок" деген сөз да болгон. Көрсө, убакыт утат турбайбы? Үч айдын ичинде олтурган имаратыбыздын ичи-сыртын жасалгалап, даректерибизди берип, эл бизди биле баштады. Келип издегенин таап кетип атат. Жаңы чыгып келаткан жаштарга жол көрсөтүп, тойлорго ээрчитип барып, "жаңы чыгып келаткан жаш тамадабыздын өнөрүн көргүлө" деп эки тостко чыгарып калган учурлар болууда. Борбордун максаты жакшы тилек менен башталган, буюрса калыптанып калат. Эң түпкү максаты тамадалык чечен өнөрдү кесипке айландыруу. Айрым учурда мүнөзүнө жараша адамдар тамаданы сөөмөйү менен чакырат. Мындай мамиленин баарысын сындыруубуз зарыл. Казактар тамаданы "Асаба" деп алышты. Жөнөкөй казактан "Асаба деген ким?" десеңиз "үлпөт башчы" деп айтат. Улуу-кичүү олтурган жерге асаба кирип келсе, шак ордунан турушат. Сыйын караңызчы? Биз да ошол деңгээлге алып баралы да. Экономикалык, саясий, социалдык маселеси боюнча да казактардан 50 жыл артта жүрүп атабыз.
Борончу Кудайбергенов,
куудул, ырчы:
- Тойго ким тамада жалдагысы келип аткан болсо, той бере турган киши, бир же жарым жыл тойго даярданып, элге уят болуп калбаш үчүн, малын алып, айтор баарысын белендейт. Эң негизгиси той кандай болуп өтүүсү тамададан. Тамада кандай жакшы болсо, той ошончо жакшы өтүп, бир жыл, жарым жыл даярданганынын акыбети кайтат. Жаман болуп калса, бир жылдык даярдыгы бир тыйын болуп калат. Ошондуктан эң биринчи элге айтарым, "тойго кандай даярдык көрүп аткан болсоңуздар, тамада кимди кыларды аябай басым жасап, той жетектечү адамды тандоодо олуттуу мамиле жасоо абзел". Тамадалардын башчысы болуп Эшенкул аксакалыбыз олтурган соң, бул киши маданияттуу той алып барарын билсе, демек ошол кишинин алдындагы балдарды да ошондой деп билүүгө болот. Мисалы, бир адам тойго тамаданы сураса, бул киши эмне той экенин аныктап, ошого ылайыкташкан тамаданы жиберет. Экинчиден, ал тамада ичип алып, уят кылып койбойбу, анын баарысы Эшенкул байкенин мойнунда. Эгер тамада уят кылса, бул киши өзү барып уят кылгандай абалда калат. Себеби, эртең эле той ээси келип, "мага эмне деген тамаданы бергенсиң, тойдун ортосунда эле ичип алып уктап калбадыбы?" деп айтат. Кыргыз эли той берип атканда той алпарган кишинин маданиятуулугуна, каада-салтты билген тамадага карайт. Азыр тамадаларда бир идея болуп атат. Учурда тойдун мөөнөтү башталып, тамадалар борборго көп чогула албай калуудабыз. Эми тойдун мезгили сейректеген кезде чогулуп, атайын кыргыздын каада-салты жөнүндөгү китептерди алып окуп, мугалим жалдап сабак алууну пландап атабыз. Анткени, ар бир тамада тушоо той же үлпөт той болобу, ошонун тарыхын билип, элге жеткирүүбүз зарыл. Азыр тойлордо чыгат тост сүйлөйт, кайра чыгыт, ошентип, бир беткей тойлор тажатууда. Колдон келсе той бергенде каада-салтты аралаштырып, бешик той болсо ошол жерден бешикке бөлөп, же үлпөт тойдо кызды узатуу салтын көрсөтсөк, келген конок да каада-салтты карап эс алып кетишет. Тамадалар борборунда бата бере турган аксакалыбыздан, сүннөт тойдо баланы ырым кылчу кишибизге чейин бар.
- Тойлордо айрым тамадалар ичип алып, тойдун аягына чейин чыкпай, дайынын таппай калганын көрүп калабыз. Сиздерде бул жагынан тартип кандай? Талаптар, шарттар коюлду беле?
Э. Б. - Биздин бир эле максатыбыз биздеги 47 тамаданын барып иштеп келгенине гарант болуу. Гарант деген эл артисттерибиз, маданиятыбыздын эмгек сиңирген кызматкерлери, эмгек сиңирген артисттери баш болгон 20-30 жылдык тажрыйбасы барлар борборду түптөп аткандан кийин, сөзсүз түрдө жүзүбүз жарык болуусу үчүн, иш баштагандан бери борборго жакшы сөздү топтоп келе турган эң мыкты тамадаларды жиберип атабыз. Сиз айтып аткан жоопкерчилиги жок тамадалар толтура да. Тойдун акырына чейин чыкпай уктап калган, ичип алып дайынын таппай калган тамадалардын өзүнүн бир күнөөсү жана ошол тамаданы тандап алган той ээсинин да күнөөсү бар. Мисалы, той берчү киши мал базарга барганда, үч жылкы турат. Бири 40 миң, экинчиси 45 миң, үчүнчүсү 50 миң сом. 40 миң сомдугу бир эли, 45тиги 2 эли, 50 миңдиги таман чыгат. Той ээси мейманын сыйласа 50 миңдик жылкыны жетелейт. Ошондой мамиле малга болуп аткан соң бүтүндөй тойду башкарган тамаданын арзанын издешет. Жакшы тамада жакшы баа турат. Ал жоопкерчиликтүү болот. 10-15 миң долларга чейинки каражат сарпталган жерде жолдон бир тууганы таап келген тамаданы коюп алып, "тамада начар болуп калды" деп калышат. Ошондуктан той ээлерине шарт түзүп, жоопкерчиликти бийик кармап, 47 тамаданын роликтерин даярдап, ар бириникин көргөзүп жактырганын сүйлөшүп алышат. Биздеги тамадаларга баш-отубуз менен жооп беребиз. Борончу "башыбызда байке тургандан кийин аягына чейин ушундай болушу керек" деп атат. Албетте, жаштык учурда катачылыктар кетсе керек, бирок салабаттуу учурга токтолуп калганда, тойдун улуулугуна жоопкерчилик күчөгөн кезде бирөөнүн тоюнун жаман же жакшы болуп кетиши биздин колубузда болгондон кийин, сөзсүз түрдө өтө жоопкерчиликтүү борбор болуусу зарыл.
Б. К. - Эгер "Тамада борборунан" бир тамада барып тойду начар кылып койгон болсо, ошонун акчасын кайра артка төлөтүп бергенге Эшенкул агабыз жооп берет.
Айылчы Орозалиев,
куудул:
- Тамада деген өзүнө да жооп бериши керек. Кээде тамадалар тойго барганда өзүн бийик коюп, музыкантты чакырып, "репертуарыңда эмне ырлар бар?" деп текшерип, той баштала электе эле баарын башкарып алышат экен. Менимче тамада деген кичипейил жана куйма кулак болуусу керек. Мисалы, тойдо тамаданы өчүрүп, мыкты сүйлөгөн адамдар болот. Өткөндө бирөө "кооз сүйлөгөндү коюп, иш үстүндө көрсөткөнгө өтөлүчү. Чыгып алып эле кооз сүйлөй берет экенсиңер" деп атат. Андыктан тамадалардын барган жеринде өзүнчө сценарийи болуусу зарыл. Үлпөт тойдо өзүнчө, сүннөт тойдо өзүнчө дегендей. Мурда өз алдыбызча иштеп жүргөндө өзүңдү-өзүң билчүсүң. Азыр тамадалар борборуна кошулгандан кийин жоопкерчилик пайда болуп, борбордун атын булгабаганга, тойду мыкты алып барганга умтулат экенсиң. Кудай ырыскыңдын тең жарымын ушул кесип менен чечип аткандан кийин аракет кылуу абзел.
Бакай Шүкүров,
журналист, тамада:
- "Тамада" борборунун ачылышы, кандай иштер аткарылып атканы тууралуу кенен эле айтылды. Күз келип, күрдөлдүү күз, күркүрөгөн учур, жалаң аш-тойлордун маалы, көпчүлүк адамдар азыр чымын-куюн болуп, алдын-ала тамада, ресторан, ырчы издеп, тоюн жакшы өткөрүп алганга аракет кылып жүрүшөт. "Тамадалар" борбору түзүлгөндө биз ошол "той бергендерге жеңилдик берели, кардарлардын маселесин чечели" деп, ондон ашык кызмат көрсөтүү бир жерге топтолгонбуз. Аны кененирээк жайылтуу максатында "tamada.kg" сайтын ачтык. Бул сайтта ар бир тамаданын сүрөттөрү, ырчылардын, бийчилердин жана видео, сүрөт слайддарында иштеген кызматкерлердин дайын даректери бар. Кафе, ресторандардын даректерин да киргизүүнү пландап атабыз. Кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын сактап, ошону элге жеткире билүү керек. Ошол жакшы нерсенин баарысы тойго келген кишинин эсинде калат. Мисалы, оппозициядагы бири-бирин тебишип, бирин-бири жамандап аткан саясатчылар тойго барсаң бири-бири менен кучакташып, жыргап олтурганын көрөсүң. Анан "тапкан ташыганыңды тойго чач" дегендей, тойдо олтурган адамдын чечекейи чеч болуп, көңүлү ачылып, кабыл алуусу башкача болгон учур келет. Ошондон улам "тойдун сапатын, деңгээлин көтөрөлү" деген максаттарыбызды биргелешип алдыга жылдырып атабыз.
(Уландысы кийинки санда)
Бурул МУСАБЕКОВА