Орозбек МОЛДАЛИЕВ:
"Саясый мажирөөлүктү көрсөтүп атабыз"
Саясаттын маңдай-тескейин ылгай билген, белгилүү саясат таануучу, Орозбек Молдалиев менен өлкөбүздөгү болуп аткан кырдаалдар туурасында баарлаштык.

- Орозбек мырза, ЕККУ полициясын чыгарсак, ЖККУнун куралдуу күчтөрү кырдаалга жараша өлкөгө кирбейби?
- "ЕККУнун полициясын алып келсекпи?" деген өзүбүздө суроо болгон. Ош окуясы болуп атканда "жардам бергиле" деп Кыргызстан Россияга кайрылып, алар болбой койгон. "ЖККУ менен чечебиз" десек, ЖККУ да, аскер күчтөрүн бербей, кырдаал оорлогондо ЕККУга кайрылганбыз. ЕККУ полиция күчтөрүн берүүгө макул болгондо, кырдаал турукташып, алар "биз кеңешчи топ эле жиберели, мониторинг жүргүзүп, милицияларга үйрөтүп, тренинг өткөрсүн" дешкен. Конфликттен кийин "дагы согуш башталып кетпейби?" деп фазадан чыгуу татаал. Андыктан алардын методикасы конфликттен кийин мониторинг жүргүзүү. Эгер мониторинг жүргүзсө, бизге да жакшы болмок, милицияларыбыз үйрөнүп алмак. Бирок, кээ бир күчтөр "туура жасабаган иштерибиз билинип калабы" деп чоочуп "киргизбейбиз" деп жаштарды көтөрүп, каршы чыгышты. Буга чочуй турган, деле негиз жок эле. Экинчи себеби эл аралык уюмдар Кыргызстанды каралай баштады. БУУнун чек арасыз врачтар уюмунун өкүлү "бул жерде геноцид болуптур" десе, "өзбектерге медициналык жардам көрсөтүлбөй атат" деп чыгышты. Ушул пикирлер кошул-ташыл болуп "эл аралык уюмдар бизди күнөөлөй берет турбайбы. Полицияны киргизбейбиз" деп эл нааразы боло баштады. Бул боюнча тегерек үстөлдө "тренинг өткөрүүчү кеңешчи топ Бишкекте эле окутуп, үйрөтсүн" деп сунуштаганбыз, бу маселе аягына чыга элек. Кээ бирөөлөр "баары тынчыды, эми маселени ого бетер күчөтүп, киргизбей эле койбойлубу?" деген пикирге келип атышат дейт, менде так маалымат жок. Коопсуздук кеңештин экс-катчысы Орозов "киргизбей эле койсо болмок" деген пикирин айткан. Алар да "ыргылжың кылбай, кирбей эле коелу" деген окшойт. Сентябрда Фин башында турган эл аралык иликтөө комиссиясы келет. Алар биздин улуттук комиссия менен маалымат алмашып, 4 ай иштейбиз деген убадалары бар. Ал комиссияны да, "кирбесин" деген каршы пикирлер, пикеттер чыгышы ыктымал. Бу да, алдыда... Бул комиссиянын иштешине каршы чыкчу күчтөр бар. ЕККУнун полициясын киргизбей коюу менен саясый мажирөөлүктү көрсөтүп атабыз. Бизде жашырган эч нерсе жок. Алар "булар эмнеге киргизбей атат? Жашырган нерселери бар" деп ойлойт. Ачык-айкын эле "көргүлө, эч кандай геноцид жок, болсо тапкыла" деген жакшы позиция болчу. Мен комиссияда иштеп жүрүп эки жолу барып, келдим. Корко турган нерсе жок. Уруш болгондо ар ким эле "меники туура" деп өзүнүкүн туура эсептейт. Андайда калыс киши карасын, калыстык менен мамиле болсун дегенден өткөн нерсе жок. Биз канчалык бул окуяны так, изилдеп алсак, мындай уруш кийин болбойт. 1990-жылы чыккан конфликттин себептери да, так изилденбей, күнөлүүлөр жазаланбай калган, бирок чала аныкталып, ал кездеги партиянын кызматкерлери, Үсөн Сыдыков иштен кулап, обком катчысынын жоопкерчилиги эске алынып, ЖКнын төрагасы алынып, майда жазалоолор менен чыгып кетишкен. Уруштун эмнеден чыкканын билип, калыс баа берилиши зарыл. Коркоктук кылган болбойт. Эртең да, чатак чыгып кетиши мүмкүн. Өкүнүчтүү нерсе муну терең ойлонгондор жок. Он-Адыр айылындагы баласынан айрылган, 86 жаштагы аксакал "болору болду, чатак чыкты. Эми элдин элдешип, ынтымакта жашап кетишин тилейли" деп калыс пикирин айтты. Ал аксакалча саясатчыларыбыз айта албай атат. Ал эми ЖККУнун куралдуу күчтөрү киргенге укуктук негиз жок. ЖККУнун куралдуу күчтөрү качан гана бизге сырттан душман кирип, башка мамлекет кол салганда кирет. Андай бизге сырттан кол сала турган мамлекет деле жок. Жаныбызда Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Кытай. Алар менен катар биз да ШКУнун мүчөсүбүз. Ошондуктан мунун актуалдуулугу жок.
- ЖККУнун куралдуу күчтөрү кимдер?
- Бул Россиянын куралдуу күчтөрү. Алар "бизге тынчтык орнотуучу статус бергиле" деп 2009-жылы БУУнун башкы ассамблеясына кайрылганда, алар бербей койгон. Себеби, 2009-жылы орус, грузин согушунан кийин Россиянын тынчтык орнотуучу күчү тамаша сөз катары кабыл алынып калган. Булар тынчтык орното албайт. Грузиянын аскерлерин сүрүп отуруп, чек арадан өтүп кеткен. Тынчтык орнотуучу күчтөрдүн чек арадан өтүшкө акысы жок, жаңжалды токтотуп, арачалап турушу керек. Андыктан, "ЖККУнун аскерлери кирсе жакшы" дегендер чоң жаңылышат. ЖККУда, СССРдин мурунку мамлекеттеринин ичинде милицияда да, полицияда да, тынчтык орноткон тажрыйба жок. Ушуну эске алышыбыз абзел.
- Шайлоодо акча тараткан партиялар жеңишке жетише алабы?
- Акчага, эл сатылбайт. Өткөн президенттик шайлоо алдында жылкы союп, бир айылды аябай коноктоп, акча таратышыптыр, эл "макул" деп коюп, добушка келгенде, ал айылдан Бакиевге 20 пайыз адам эле добуш берген экен. Ошентсе да, жасалма жол менен өткөнүн, элдин акчага алданбай калганын, шайлоо комиссиясынын бир мүчөсү айтты. Бирок, элибиз жакыр жашагандыктан, акчасын, албай койбойт, алат. Жыйынтыгында кимге добуш берээрин да билет. Элдин саясый аң-сезими өстү, алар деле кайсы партиялар акча берип, кайсы мамлекеттерден карызга алганын көрүп атат. Акаевдин "акчасын ала бергиле да, кабинадан өзүңөр чечкиле" деген сөзү бар эле го. Кээ бир абийири таза адам, акча деле албайт, жаккан, каалаган жүрөгү таза партияга добушун берет.
- Парламентаризм туурасында сөз кылсаңыз?
- Парламентаризмдин пайдалуу жагын элге толук жеткире алышпады. Парламенттик бийликтин артыкчылыгы экөөбүздүн укугубузду кандай өкмөт келбесин тебелейт. Андыктан өкмөткө мүмкүнчүлүктү бербеген күчтүү парламент келиши зарыл. Күчтүү парламент болбосо мамлекет оңолбойт. "Күчтүү президент болсо башкарат" дешет, бул туура эмес. Ал авторитаризмге, жана тоталитаризмге алып келет. Россиянын бир топ эксперттери "ушунча жылдан бери парламенттик башкарууга бара албайбыз. Силер эки революция жасадыңар, эми парламенттик жолго түшкөнү турасыңар" деп армандарын айтышууда. Россиянын баары жаман эмес, кээ бир чиновниктеринин тилектери түз. Өзүбүздүн чиновниктер улут кызыкчылыгын ойлобой атат. "Борборду Ошко көчүрөбүз" дешет, аны жакшы заман болгон соң ойлонуу керек. Элестеткиле, өрттөнүп, талкаланган, согуш болгон жерге борборду алып барып алып, четтен келген элчи, делегацияларга улам ошол жерди көрсөтүп турганыбызды. Астанадагыдай болуп, Ошко да көп чет элдиктер барбай коет. Ошто шаар курганга жер жок.
- Коопсуздуктун кеңештин экс-катчысы Россиянын жараны болуп чыкты...
- Болуп чыкпай эле. Мен муну башында эле айткам.
- Мындай кадрларды Убактылуу Өкмөт өзүнө эмнеге тартып атат? Аны башка өлкөгө "элчи кылат" деген да имиштер бар.
- Элчи болуп барбайт, ал өзү эле "элчи болуп баратам" деп жарыялап атат. Элчини Убактылуу Өкмөт дайындабайт, парламент дайындайт. Убактылуу гана ишеним бериши мүмкүн. Элчи боло турган адам бара турган мамлекеттен агреман алмайынча "элчи болом" деп айтпашы керек. Кадрлык дайындоолордун түшүнүксүз жактары көп. Ал эми Коопсуздук кеңештин азыркы катчысы жөнүндө "Россиянын жараны, Жалал-Абаддагы банктан 22 млн. сом жоголгондо, Жалал-Абаддын КГБсынын башкармасы болчу" деген көп сөздөр бар. Бул жаңы Конституцияда жок орган. Конституцияны кабыл алганча Орозовду койгону мейли, кабыл алган соң, эмнеге кереги жок органга коюп атат" деген суроо жаралат. Бул жерде да саясый оюн. Административдүү республика болгон менен бул жерде башка нерсе.
- Бизге коопсуздук кеңеш, дегеле ушул институт керекпи же жокпу?
- Албетте, бул институт керек. Алгач мамлекеттин, элдин коопсуздугун ойлоо керек. Оштогу окуяны көрдүк, адамдар үй-мүлкүн таштап качты. Коопсуздук өмүргө байланышкан маселе. "Коргонуу кеңеши деп түзөт" дейт. Биз кимден коргонобуз? Тегерегибизде "кол салам" деген мамлекет жок. Баары бир тууган эл.
- Шайлоонун таза, тынч өтүшүнө Убактылуу Өкмөт кепилдик бере алабы?
- Өздөрү милдеттемесин алган, кепилдик беришке милдеттүү. Эл да, карап отурбастан, Убактылуу Өкмөткө жардам беришибиз керек. Башында "колдойлу" дедик, колдоп атабыз. Бирок, кээде сындайбыз. Сындаса, колдобой койгон эмес, тескерисинче кемчилигин көрсөтүп, колдогон ошол. Булар деле оппозицияда жүргөндө "Бакиевди сындап, ага жардам берип атабыз" дешкен. Эми өздөрү, сындоо кандай экенин жон терилери менен сезишсин. Сынды кээ бирөөлөр туура эмес кабыл алат, ал өздөрүнүн иши. Убактылуу Өкмөт "шайлоону кантип тынч өткөрүү керек?" деген план иштеп чыгып, "Коомчулукка кантип таянабыз?", "ММКларды канчалык деңгээлде пайдаланабыз?", "Келген эл аралык байкоочулар менен кандай иш алып барабыз?" деген нерселерди картадай чийип, жазып чыгышы керек. Жаман атты болгондорго жооп кылып, шайлоону таза, тынч, чатагы жок, өткөрүп, мактангандай бололу. "Баягы кыргыздардын шайлоосундай болбойлу" деген сөзгө калбайлы. Тынч, таза өткөрүү патриоттук милдетибиз. "Мен шайлоодо чаң-тополоң кылып, революция жасайм" деген деңгээли төмөн саясатчылар бар. Алар бузук ойлонушпасын, эч убакта өкмөттү жеңе албайт. Өкмөт деген өкмөт. Убактылуу Өкмөткө элдин ишеничи бар. Эл тараза, "таза партияларды колдойм" деген таза күчтөр да бар, эч чоочулабаш керек. Бүгүн бир журналист, "ушул шайлоодо тополоң чыгып, Кыргызстандын тарап кетишин тездетпейби?" деген суроо берет. Демек, айрым бир ММКлар "Кыргызстан жакында мамлекет катары жоюлуп кетет" деген чөйрөдө иштеп атат. Бизде Кыргызстандан башка мекен жок, башка мекени барлар ушундайларды айтышууда. Албетте, анча-мынча нерселер болот. Телибай тентектер бар да, бирок, аларга жол берилбейт. Андыктан кабатыр болуунун кажети жок.
Жазгүл КАРБОСОВА