mainkaptal
Пользовательский поиск
Эр-киндик!
Эгемен майрамдын шаңы менен эгемендик жөнүндө экооз бирдеме жазгым келди. Эгемендик дегенибиз эркиндиктин эгизи эмеспи, "оо, атыңдан кагылайын эркиндик!" деп туруп, этегин төмөнкүчө чиймеледим.
Февраль айы болчу. Мындан туура 16-17 жыл илгерки айылга бара калгандагы көргөн-бакканымды эскергим келип атат. Эгемендик алгандагы эң алгачкы жылдардын түстүү боектору көпчүлүк жадымынан чыгып бараткандыр. Эгер эгемендик жөнүндө сөз кылсак, анда ал кыргыздардын акыл-туюмуна кандай маңызда калыптанып киргени таразаланаар. Ошол мен көргөн февралды сен да элестете көз алдыңдан сыдырып тур, бирин-экин ирмемин кеп кылайын...
Айыл ичи менен мал базарга ак кой батпай кеткен. Совхоз тарап, сарайлар талоонго түшкөн. Ар бир жетинчи үй арак сатып, ар бир алтынчы киши альюминий-жез чогултуп, ар бир бешинчи аял коммерсант болуп, жаңы замандын үрпүн ачышкан. "Бизнес" деген "адистик" бирден-бир куткаруучудай жамы калкка жайыла баштаган. Кытайдын кызыл-тазыл синтетикалык көрөпөй-шөрөпөйү баа жеткис таңсыктай таасир эткен. Аял-эркек, жаш-кары дебей "милдеттүү түрдө" "Adidas" менен "Montana" аттуу спорттук кийим кийишкен. "Оригинал", "самопал" деген терминдер жаңырып, алып-сатма соодагерлик түшүнүк коштоп, мамлекеттик менчиктерге жекелей кожоюндук кылуу "эрдиги" шыктандырып, тумандуу эгемендин туткасын кармаган кыргыз. Ошондон тарта бир гана акчага "сыйынып" жашаганды өздөштүрдүк. Ошондон тарта сатпаган эч нерсебиз калган жок. Сүт, айран, кымыз саттык. Бабалар салтындагы "акты сатпайт" деген мыйзамды буздук. Акты "ак жалгасын" деп бекер эле ичишип, сыйлашышкан. Аялзатын "очоктун куту" дешкен. Аялзаты денесин базар кылды. Булардын мааниси канчалык экенин азыркы кырдаалдын кырынан өлчөсөк болот. Талдап-баккан адамга эгемендикти кыргыздар чыныгы кыргыздуулукту чыңдоо үчүн эмес, башаламан соода-сатык аркылуу жан сактоо деңгээлинде кабылдаганы айдан ачык.
Эгемендик деген эмне? Эркиндик деген эмне? Муну президентибиз өзү да түшүнгөн эмес! Түшүнсө, бүтүндөй бир улуттун тагдыры менен ойноп, советтик идеологияга сугарылып калыптанган коомчулуктун аң-сезимин аңтара салып, "менчик" деген "жугуштуу ооруну" калпыс жайылтпайт эле. Түшүнсө, жайлоо толгон төрт-түлүктүн туягын кыркып, чарба техникаларынан тарта аскердик учактарга дейре таратып, завод-фабрикаларды акыркы бурамасына чейин тонотпойт эле. Түшүнсө, алтын, көмүр, энергетика байлыктарын кордоп, мектебин азайтып, мечитин көбөйтүп, жумушсуздукту өстүрүп мигрант кылып, элин тентитмек эмес. Же калппы?
Биз эгемендикке эң сонун, кансыз, жоготуусуз оңтой-берди жеткенбиз. Союздан калган эбегейсиз олжо-буйланы туура нукка буруп, мамлекет кызыкчылыгына пайдаланып кетүүгө дареметибиз жетпеди. Образдуу айтканда, "чайналып турган ашты жутуп алганга" жараган жокпуз. Ким күнөөлүү? Албетте, алысты көрө билбеген акылы тайкы ажобуз күнөөлүү. Мамлекетти мамлекет, элди эл кылып кармоо анын милдети болчу. Ошон үчүн ал президент эле да. Анын алсыздыгынан бейбагыт келечекке бет алдык. Биздин президенттерибиз коррупцияга кенен жол ачуу менен оппозициячыл катмарды калыңдатып алышып, анан болгон касиетин оппозицияга каршы күрөшкө арнайт. Бийлигибиздин билими оппозицияны талкалоого жана бала-чака, урук-тууганын багууга гана жарап келет.
Эгемендиктен эмне таптык? Тагыраагы, элден безген эки президентибиз эмне берди? Табылгабыз аз эмес. Кыргыз кыргыз экенин тереңден тааныды, жаманбы-жакшыбы, гимн, герб, туу өңдүү атрибуттарыбыз жаңырды. Тил маселеси кайсы бир деңгээлде күчүнө кирди. Дин ачыкка чыкты. Эл аралык маанидеги карым-катнаштар түзүлдү. Өзүнчө өлкө катары дүйнөгө тааныла алдык. Албетте, бул нерселер эгемен аталган соң аткарылчу мыйзам ченемдери. Ооба, өнүгүүбүзгө караганда өксүгүбүз көбүрөөк болгонун жашыра албайбыз. 19 жыл илгери төрөлгөн ымыркай бүгүн кекиртеги төмпөйгөн жигит, каш-кирпигин терип, каада күткөн кызга айланды. Ушулар эмнени көрүп, кандай өстү? Татыктуу тарбия алып, тиешелүү билимге кандыбы? Эртеңки кыргыз тукумун кандай сапатта улантышат? "Бай-манаптарыбыздын" балдарын эсепке албаганда, акыркы муун өкүлдөрүнө карата бир беткей "жарк" эткен сөз айта албайбыз. Себеп толтура. Анткени, эгемен жылдар аралыгында экономикабыз түбү жок аңга түшүп кетти. Анын кесепетинен ар үй-бүлөдө ата-эненин ата-энелик кризиси өкүм сүрдү. Ата же эне сөзсүз жер кезип, акча издөөгө тура келди. Кабыргасы ката элек балдар батинке сүртүп, араба түрттү. Көпчүлүк кыргыздын тагдыры тегирменден өттү. Чоңдор жайлоо сатып, майдалар каруусун сатып, соттор таразасын сатты…
Айтор, калыссыздык менен ыпластыктын натыйжасы минтип, жыйырма жыл баскан эркиндикке бир кызыктай пикир айттырууда. Бир кызыктай дегеним, биз эркиндик кадырына жетип, баасын сезе албадык. Өз эркиндигибизге өзүбүз балта чаап, "биз өзүбүзчө эркин жашай албайт экенбиз" деп, орустун улагасын сагалап турганыбыз жалган эмес. Аны учурдагы саясий кырдаал даана байкатып отурат. Бетин ары кылсын, эгер эми стабилдүүлүккө жарака түшсө, эгемендигибиздин "омурткасын омурчулар" четтен чыгат. Алардын билеги "уже" түрүлүү.
Оозго келгенди оттой берүү эркиндик эмес экенин көрдүк го. Эркиндикти сактап калууга, бекемдеп алууга дагы да мүмкүнчүлүк бар. Андыктан ар бир кыргыз акыл-таразасын теңдеши керек. Шайлоолордо алдана бермей адаттан арылып, жеке абийирин бийик койгонго, келечекке сергек караганга үйрөнүп, "кыргызбайский" кылык-жоруктан оолактаса жыйынтык болот. "Биз жактык", "өзүбүздүн кулун", "баланча уруудан", "түкүндөй партиядан" сыяктуу чолок ураандар менен кете берсек, эгемендиктин этегине да илешпейбиз.
Өз жериңде туруп, конок улуттардын колунан ажал тапсаң, укугуң алардыкынан кем болсо, өзүң шайлап алган бийлигиң өзүңдү эзип турса, бирдеме десең атып салса, өз жаныңды өзүң бакканың үчүн очойгон салык төлөсөң, светиң өчүп калса, айлыгың азык-түлүккө жетпесе, пара сунмайын ишиң бүтпөсө, акимиң кошоматчы болсо, министриң калп айтса, анда сен эркин эмессиң. Анда сен, эгемендүү өлкөдө жашабайсың…
Азамат КЫЯЗОВ




УУРУ ӨЛГӨНЧӨ...
Убактылуу өкмөттөгүлөр жакшы адат тапты. Шайлоо жакындаган сайынбы же башкаруу ресурсу күн санап түгөп, демилгени кайрадан эле Бакиевдик клан же болбосо мурдагы анын тарапташтарына алдырып, айла-амал калбай баратканынын белгисиби, айтор, гезит бетине чыккан макалага эле, чычалап жатып калышууда. Албетте, биз аңыз кылып айтып калчу Европа өлкөлөрүндө жалпыга маалымдоо каражаттарынын күчү биздегиге салыштырмалуу ат чабым алыс экени айныксыз экени ачык. Бирок, алардын жазган каармандары биздин чиновниктер өңдүү негизсиз чычалап, долу аялдай бет тырмап, же акчыланып актанып кирбейт. Сотто сүйлөшөт. Биздикилерге окшоп кылган ишин, аткарган туура эмес чечимдерин тез эле унутпайт. Ал эми, биздин чиновниктер качан гана кызматтан түшүп, көчөдө ышкырып калышканда "эл таламын талашкан адам" болуп, акыйкатты жалгыз өзү чөнтөгүнө салып алгансып, алды-артын карабай, акыл үйрөтүп баштайт. Өздөрүнүн өткөн күнүн унутуп, айрым учурларда журналисттерге атактуу Черчилдин "гезит менен мурун чымын өлтүрсө, азыр киши өлтүрүшөт" деген аксиомасын айтканда "сиз эмне асмандан түштүңүз беле?" деп айткым келет. Ушул жерде бир кептин удулу келип турганда аны айтпай кетсек болчудай эмес. Бир учурда терең урматтуу болуп, эл оозунан түшпөй жүргөн Адахан Мадумаров аттуу жигитибиз Бакиев заманында спикер болуп, жер баспай калганын унутта калтырып, ал кездеги иш-аракеттерин тез эле жадынан чыгарып койгону таң калыштуу. Гезит беттерине чыкканда ал кишинин биринчи актанганы "Каркыра жайлоосун мен казактарга берген эмесмин" деген сөзү жарамазан сыяктуу кулактын кужурун алды. Албетте, ушул жерден Адахан Кимсанбаевич тууралуу бир акыйкатты айта кетишибиз керек. Жаңылбасам Үзөңгү-Куушту Кытай тарапка өткөрүп, коңшулар менен чек араны делимитация жана деморкациялоодо Аксы окуясы орун алып, аягы трагедия менен бүткөндө, 2002-жылы ошондой эле казактар менен да чектерди тактоо маселеси турганына карабай, ал кездеги бийлик эгеси Аскар Акаев саясий кырдаалды курчутпаш үчүн бул маселени убактылуу жаап койгон. Андан кийинки тарых баарыбызга белгилүү болгондой эле алгачкы ажобуз бийлигин эле эмес, мекенин кошо таштай качты. Бакиев болсо өзүнө ыңгайсыздыкты күн санап эмес, саат санап жараткан парламенттин жаназасын ошол эле оппозициянын колу менен окуп, натыйжасында Мадумаров башында турган кол бала парламентке жетишкен. Тагдырдын тамашасын кара, бир учурда чек ара, Үзөңгү-Кууш деп кыйкырса кыйкырыгынан кулак дүңгүрөгөн Мадумаровдун спикерлик вазийпасына Каркыраны төрт пансионатына кошуп өткөрүп берүү демилгеси туш келди. Арийне, парламент спикеринин позициясы бүтүндөй Эл өкүлдөрүнүн көз карашын билдирбейт. Ал жерде канча Эл өкүлү болсо, ошончо көз караш бар. Бирок, Каркыра маселеси көтөрүлгөндө Адахан мырза жигиттик кылып, бул ратификацияга каршы тураарын, мындай демилге Акаев учурунда көтөрүлүп, аягы трагедияга айланып жети адамдын өлүмү менен коштолгонун, ал кездеги окуялардын бирден-бир активдүү катышуучусу экенин эскертип келип, бирок, бул маселе күн тартибине коюлуп калгандан кийин аны мыйзам боюнча палатага алып чыкканын, жана бардык Эл өкүлдөрүн ачык добушка чакырып, анысын кыргыз телевидениясынан түз көргөздүрүп койгондо мындай кутулбас куяга калмак эмес. Аягы эмне болду? Тескерисинче ар бир депутаттын оозун тыйганга аракеттенип, "фракцияда бул маселе чечилип калган" деп көшөгө артындагы саясий оюндардын натыйжасында Каркыраны казактарга кармата бергенге ат көтөргүс салым кошту. Анан, "Мадумаров кайындарына жер бердиртти" дебегенде, аны жакшы билген журналисттер менен карапайым калк төбөсүнө көтөрмөк беле. Өзү айтмакчы ачуу да болсо, чындыкты айта жүргөн жакшы болот.
Мадумаровдон айырмаланып биздин Утурумчулар азыртадан эле актанып "андай эмес, мындай" дегенге өтүп алышты. Колдорунан келип акылдарынын жетишинче "жок эле жок " деп жан далбасташууда. Президенттик администрация башчысы Эмил Каптагаев мырза республикалык басылмалардын бирине барып, окурмандардын суроолоруна жооп берди. Мындай карасаң таза эле, эч кандай интригасыз иштеп жаткандай түр көргөзгөнү менен, эл ал киши жөнүндө эмнелерди гана айтып жаткан жок, же акыркы учурда өтө эле саясатташып кеткен элибиз маалыматтан такыр кур болсо бир жөн. Макул, карапайым калк укканын учуруп айтат дейли анда эмнеге ошол убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн он төртүнүн бири Топчубек Тургуналиев кызматынан саясий интригалардын негизинде "куулганда", ал кишинин жактоочулары жана өзү баш болуп, администрация жетекчисинин отставкасын талап кылып пикет өткөрүштү. Ал аз болсо антимонопол агенттигинин жетекчиси Бабырбек Жээнбековдун кызматы өз учурунда бекитилбей "илинген колбасадай" саландап турушу, качан гана ал дагы Таластан өз жактоочуларын алып келгенде указга кол коюлганын кимиңер тана аласыңар? Телефонгейтти болсо, жаза берип кагаз түтпөй калды. Айтмакчы, булардын арасынан бири "акчага көмүлүп калмай болду" деп дамамат өткөргөн пресс-конференцияларында журналисттер суроо берсе, оозу мурду кыйшайбай туруп, кана "мага кайсы сот же прокурор акча бериптир?" деп айтат. (Кызык кыргыз качан пара берип алып, кайра элдин көзүнчө "мен пара бердим" деп жар салчу эле) Сөздү кыскарта чапканда бүгүнкү Утурумчулардын жан талашып биринен-бири өтүп актануусу-ал эл ишениминин азайуусу жана шектүү делинип, мурда кийин издөөдө жүргөндөр, апрель окуяларына катыштыгы бар делинип кармалгандар жер төлөгө үч түнөп эртеси эркиндикте, айрымдары шайлоого активдүү аттануу жоругу, бул бийликтин да өмүрүн кыскарта турган болду.
Төлөгөн СУЛАЙМАНОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"