mainkaptal

Пользовательский поиск
  Саясат салат

Жаңы Санта-Барбара
Утурумчулар менен жакшы эле жетелешип жүрүп, кийин оттору күйүшпөй, социалдык блок боюнча координатор деген аты улук, супурасы курук кызматын таштап баса берип, алардын оппонентери менен жең ичинен көз ымдашып жүргөн Элмира Ибраимова ат айланып казыгын табат болуп, "АРИСтин" мурунку жетекчиси Малабек Токтоболотов туулган жери Аксыда жамандыкта жүрсө, анын ордун тартып алды. Акыйкатты айтканда Элмира айым бул долбоорду өзү алып келип, "АРИСти" телчиктирген. Бир гана "носу", жетекчиликти алмаштыруу процесси "Санта-Барбара" телесериалындай эле окуяларга бай болуп кетти. Аны бир билсе Элмира Султановна менен Малабек Анашович гана билет.

Жакшынын шарапаты
"Төкмө акындарды төктүрүп отуруп үйрөтөм, дүйнөлүк деңгээлге алып чыгам" деп көшөрүп отуруп, түгөнүп бараткан төкмөлүк өнөрдү ЮНЕСКОго киргизип, акындар менен кошо айтышып, кийин "акын-жазуучу жаштарды тарбиялайм" деп, "Калемгер" адабий клубун түптөгөн, анын өтөөсүнө чыккан соң, "кино жаатын эзем" деп, "Айтыш фильм" киностудиясын ачкан, акыры маданият министри болуп тынган Садык Шер-Нияз деген мыкты жигит бар. Ошол эми жакшы саамалык баштап, "булар эл артисти деген наамды сакалы жерге тийгенде алмак беле?" деп төкмөлөр Э. Иманалиев, А. Кутманалиевге сыйлык бергенге жан үрөп жатканын эшиттик. Бул жакшы. Анан ки-чине гана сунуш. Мыкты комузчу Руслан Жумабаев менен мыкты акын Нурлан Калыбековго маданиятка эмгек сиңирген ишмер деген "устукан" берип койсо, мамлекет "банкрот" болбос…

Исаев эле жетпей жатты эле
Жумуртка уруш менен жумурай журтка таанылып, бүтүндөй көлдүктөрдү сөзгө сөлтүк, кепке кемтик кылып, Бакиев дегенде салмагына карабай жүгүрүп жөнөчү Кыдык Исаев деген губернатор сымал, апрель окуяларынан кийин Маскөөгө баш калкалап кеткен. Эми болсо, "элден эмнем кем?" деп Азимбек Бекназаровго салам дуба жөнөтүп, "эгер камап койбосоңор барам, сурак бергенге даярмын" деп үн катты. Бул кызык маалымат менен кошо Бакиевчилердин чоң муштумдар партиясына да кирүүнү ниет кылып, "мен көлдөн көп добуш алып берем, Садыр Жапаровуңар эшектин тушамышын чечпейт" деп шымаланып туру.


Көз айнектен көрүнбөйт
Техникалык өкмөт эмес, өлүмсөк өкмөттүн башчысы болгон Амангелди Муралиев карапайым калктын жашоосуна оң таасирин бере албай калды окшойт. Базарда азык-түлүк баасы күн санап асман чапчып, суу май, кумшекер, ун деген күнүмдүк турмуштун эң зарыл азыктары кымбаттагандан кымбаттоодо. Кыш келбей жатып көмүрдүн наркы да көтөрүлдү. Өкмөт болсо, иштеп жаткандай түр көргөзүп, көз айнегин улам оңдогону менен эч кандай майнап жок. Амангелди Мурсадыкович "PPADOдо" туулган күн өткөрүп, "масло" ЖИП мингенче, кичине элдин турмушуна назар салып койсо" деп шыпшынган эле элдер.


Молдомуса "жиндиби"?
"Гестапо" деген каймана ат менен кыргыз милициясынын тарыхына кирип, башкаларчылап сатып кетпей, таластыктардан көкала койдой токмоктолсо да Бакиев бийлиги үчүн аягына чейин туруп, чыныгы генералдыгын, кыйын милийсалыгын көргөзгөн Молдомуса Конгантиев апрель окуяларынын запкысынан Москвага дарыланганы кеткен. Албетте, ден соолук тилейли. Бирок, бир каңшаар уктук. "Бакиев бийлигинин быкы-чыкысын, экс администрация башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу шектүү иштердин далилин билет" деп баш прокуратура "суракка алабыз" деп жатты эле, андай сурактан качып, "чычканга кебек алдырбайын" маанисинде Орусиянын бир ооруканасынан "жинди" деген справка алган имиш. Эгер бул маалымат чын болсо, бул жагы генералча болбой калат го…









кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
Яндекс.Метрика