mainkaptal
Пользовательский поиск
  Жакшы тилек...

Айлыбыз аман,
журтубуз бүтүн болсун!
Баарыңыздарды өлкөбүздүн эң башкы майрамы - Эгемендик күнү менен куттуктайм!
Тарыхта Кыргыз Каганаты ары жагы Тынч океандан тарта кең Сибирди басып өтүп, бери жагы Орол тоолоруна чейинки көз жеткис мейкиндикти ээлеп жаткан заман болгон. Тагдыр бирде кыргызды туш-тушка чачыратып, бирөөгө кул болуу, ал турсун тумалак жок болуу абалына алып барып такаганы бар. Бирок, ар качан Манас сыңары баатырлар бактыбызга туулуп, бириндеген элди бириктирип, кыргызды сактап келген. Ошондуктан, Айкөл Манас бабабыздын:
Кулаалы таптап куш кылдым
Курама жыйып журт кылдым
деген сөздөрү азыр да ташка тамга баскандай жаңырат.
Соңку эле бир кылымдагы окуялар азаттык, эл-жердин бүтүндүгү дегенде кыргыздар башын канжыгага байлап, өлүмгө тике карап аттанарын көрсөттү. 1916-жылдагы боштондук козголоңдо ажал отун жаадырган жазалоо отряддарына союл менен каршы чыгып, пулеметчуну бакан менен ыргыта койгон Аалы, экинчи дүйнөлүк согушта дзотко көкүрөгүн тоскон Чолпонбай, кечээ апрелде элди кул кылам деген бийликтин жаадырган огунан жалтанбаган көкжал жигиттерибиз - ушунун баары кыргыздын эркинин майтарылбасын бүт дүйнөгө дагы бир сыйра далилдеди.
Кыргыздарга 19 жыл илгери Эгемендик тагдырдын буйругу менен кан төгүүсүз келген тарыхый белек болду. Бул аз убакыт ичинде элибиз тарыхый зор сыноолорду башынан өткөрдү. Тилекке каршы, бул мезгилде журт башчылары биримдиктүү жана акыйкат мамлекет куруу озуйпасын орундата алышпады. Анын ордуна эки мертебе чакан мамлекетибизди жок болуу абалына кириптер кылып, таштай качышты.
Бирок, Манастын тукумдарынын колдоочусу бар - бизди чачылып жок болбой, боорун жерден көтөрсүн, мамлекетин түптөсүн деп эми да тарых бизге аманат тапшырып турат. Ал аманатты колдон кетирбейли, калайык-калкым!
Өлкөбүздүн жакырдыгы убактылуу, биз улуу элбиз, биз дүйнөдөгү эң бай өлкөлөрдүн бири болобуз! Биз эч кимге кул болбойбуз! Биз эч кимдин көзүн карабайбыз! Эми акыйкат, байгер заман кургандан башка жолубуз жок! Биз ушул максат менен жаңы доорго кадам таштайбыз. Быйылкы Эгемендиктик күнүнүн өзгөчөлүгү мына ушунда.
Ылайым жакшылыгыбыз арта берсин, кудай колдосун, мекендештерим! Айылыбыз аман, журтубуз бүтүн болсун!
Алмазбек АТАМБАЕВ,
коомдук ишмер




  Адам сымалдар арааны

"7 - АПРЕЛЬ" тизмеси
2010 - жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында тынч митингке чыккан адамдарды бийлик ок менен тосуп алып, 87 адамды атып өлтүрүп, 1500 адамды жарадар кылды. Элдин атынан "шайланган" жана элдин салыгынан чогултулган акчага жашап жаткан Президент, өкмөт, парламент, укук коргоо органдары, сот бийлиги өз жарандарын коргоп калбастан кайра аларды аттырганга мүмкүнчүлүк беришти. Бакиев баштаган канкор, кылмыштуу жана үй-бүлөлүк бийликтин түптөлүшүнө жогорку бийликтин бутактарында отурган чиновниктер каршы болушпады,тескерисинче аны колдоп турушту.
Революциядан кийин келген бийлик органдары өз жарандарын аттырткан бийликке өз юридикалык баасын берип, күнөөлүүлөрдү сот жообуна тарттырат деген үмүтүбүз күндөн-күнгө азайып баратат. Күнөөсүз адамдарды өлтүрткөн жана түрмөгө отургузган мурунку бийликтин желдеттери Жаныш, Марат жана Максим Бакиевдер жана алардын жан жөкөрлөрү азыркы бийликтин шалаакылыгынан кармалган жок.
Оппозициянын көптөгөн мүчөлөрүн күнөөсүз түрмөгө отургузган мурунку Башкы прокурор Сатыбалдиев Элмурза үйүндө жай баракат отурат. Убактылуу бийликтин күч стуруктурасын башкарган адамдар күнөөлүү адамдарды үйлөрүнө эркин кое берип жатат. "Акча алып кое берип жатат" - деген эл арасындагы сөздөрдүн чындыгы бардай.
Бакиевдин кылмыштуу бийлигин мыйзамдаштырып берип турган, болгон бааны кымбаттатып, электр жарыгына ири стратегиялык болгон "Түндүк электро" жана башка мамлекеттин экономикасын түптөгөн объектилерди бир үй-бүлөгө өткөрүп берген КРнын ЖКтеги "Ак Жол" фракциясынын депутаттары, Бакиев бийлигинин чоң жоопкерчиликтүү кызматтагы чиновниктери эч нерсе болбогонсуп азыр кайра бийликке келүү үчүн уурдаган акчаларын чачып, "элди сатып алабыз" - деп шайлоого аттанышты.
Биз жарандык коомдун демилгелүү тобу "Тазалануу" деген коомдук уюм түздүк. Биздин максатыбыз 7-апрелде Кыргызстандын эркиндиги үчүн күнөөсүз атылган балдардын баатырдыгын эске алып, алардын жаркын элесине таазим кылып, алардын өлүмүнө күнөөлүү бийликти түптөгөнгө чоң салымдарын кошкон жана ошол учурда бийликте турган чиновниктердин мамлекеттик кызматка алынуу укугун чектөө болуп саналат. Төмөнкү, "7 -апрель" деген тизмеге кирген өз элине ок аткан жана атууга буйрук берген Бакиевдик бийликтин желдеттери 7 жылга чейин мамлекеттик кызматка алынбайт, алар депутат болуп да башка мамлекеттик кызматка шайлана алышпайт. Эл аларга өз салыгынан акча төлөп, мамлекеттик кызматка же депутаттыкка албаска акысы бар. Биз Люстрация (тазалануу) мыйзамынын долбоорун Президент Отунбаевага жөнөтүлүп жатабыз. Бул мыйзам тезинен кабыл алынышы керек.

"7-апрель" тизмеси
1. Бакиев Курманбек Саливич - Кыргыз Республикасынын президенти
2. Курманов Зайнидин Карпекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин төрагасы жана анын орун басарлары;
3. Усенов Данияр Токтогулович - Кыргыз Республикасынын Премьер-Министри жана вице-премьер-министрлер;
4. Мадумаров Адахан Кимсанбаевич - "Ак-Жол" партиясынын уюштуруучусу, ЖКнын экс-төрагасы, Коопсуздук Кеңешинин экс-Секретары
5. Сатыбалдиев Элмурза Ракыевич - Экс Башкы прокурор, Президенттин мам. кеңешчиси;
6. Конгантиев Молдомуса Ташболотович - Ички иштер министри жана анын орун басарлары;
7. Суталинов Мурат Абдыбекович - Мамлекеттик Коопсуздук комитетинин Председатели
8. Сыдыкова Светлана Калдарбековна - Конституциалык соттун Председатели
9. Алиева Жаңыл Садыевна - Жогорку соттун төрайымы жана айрым соттор;
10. Абышкаев Чубак Садыкович - Аскер сотунун төрагасы жана анын айрым мүчөлөрү;
11. Турсункулов Нурлан Жанышевич - Кыргыз Республикасынын Баш прокурору, анын орун басарлары жана айрым облустун прокурорлору;
12. Бакиев Жаныбек Салиевич - Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси жана анын орун басарлары;
13. Муйбиллаев Акимжан - Мам. финансы полициясынын төрагасы жана анын орун басарлары;
14. Бакиев Марат Салиевич - ГСНБнын кеңешчиси
15. Жороев Каныбек Таирович - Президенттин аппарат жетекчиси жана бөлүм башчылары;
16. Бакиев Максим Салиевич - ЦАРИИнин башчысы жана анын орун басарлары;
17. Зулпиев Бектур Рысбаевич - Президенттин юридика кызматынын башчысы
18. Малеваная Оксана Александровна - Президенттин Секретариатынын башчысы
19. Жапаров Акылбек Үсөнбекович - Өкмөттүн 1- вице-премьери
20. Калыев Бакытбек Төрөгулович - Коргоо министри
21. Темирбаев Курманбек Токтосунович - Президенттин иш башкармасынын башчысы
22. Келдибеков Акматбек - Мам. салык кызматынын председатели
23. Акматов Нурлан Орозбаевич - Мам. бажы кызматынын председатели
24. Байгуттиев Женишбек Сейтбекович - Экономика министри
25. Давыдов Ильяс Абдулович - Энергетика министри жана орун басарлары;
26. Сулайманов Нурлан Чолпобаевич - Транспорт жана коммуникация министри
27. Турдумамбетов Турсун Осмоналиевич - Мам. мүлк министри жана орун басарлары;
28. Төрөбаев Бакыт Эргешович - Өзгөчө кырдаалдар министри
29. Султанов Марат Абдыразакович - Финансы министри
30. Орозбай кызы Кайыргүл - Мам.телерадиокорпорациясынын башчысы
31. Турсунбек Акун - Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы
32. Лисовский Дамир Владимирович - Борбордук шайлоо комиссиясынын башкармасы жана ошол убактагы мүчөлөрү
33. Гаипкулов Искандер Төрөбаевич - Эсеп палатасынын председатели
34. Конституциялык соттун мүчөлөрү;
41. КРнын ЖКтеги "Ак Жол" фракциясынын депутаттары;
42. Областтын губернаторлору жана Бишкек шаарынын Мэри.
"Тазалануу" коомдук уюму
P. S: Унутулуп калгандар болсо редакцияга кабарлап, тизмеге кошсоңуздар болот.





Көз жүгүртүп коёсузбу
10-октябрга белгиленген шайлоого катышууну көздөгөн партиялар үчүн БШКга талапкерлердин тизмесин тапшыруу мөөнөтү аяктады. 28 партия чоң казатка аттанууга шымаланышты, канчасы марага жетпей калат, ал жагы белгисиз.
Өлкө жетекчиси Роза Отунбаева 1-сентябрь билим күнү Нарын шаарындагы өзү окуган Чкалов орто мектебинде болуп, мугалимдерди, окуучуларды куттуктады. Ошондой эле, Нарынга иш сапары менен барган президент Ага хан фонду куруп жаткан жогорку окуу жайдын корпустарын да кыдырып, Нарын мамлекеттик университетинин студенттери менен жолукту. Андан соң, Нарын академиялык музыкалык драма театрында жергиликтүү жетекчилер менен кездешти.
1-сентябрда Кыргызстан боюнча 2191 билим берүү мекемеси ишин баштап, анда 1млн. 37 миңге жакын бала билим алууга киришти. Алардын ичинен 90 миң бала мектеп босогосун биринчи ирет аттады.
Бишкектеги жылуулук борборунда биринчи вице-премьер-министр Амангелди Муралиев жыйын өткөрүп, кышка даярдануу маселесин карады. Анда Бишкек, Ош жылуулук борборлорун, мектептерди, ооруканаларды отун менен камсыздоо маселеси талкууланды.
Жаштар олимпиада оюндарына катышкан спортчуларга сыйлыктарды тапшырышты. Сингапурда болгон жаштар олимпиада оюндарына Кыргызстандан сегиз спортчу катышып, алтын, күмүш, коло медаль бөктөрө келишти.
Бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 19 миллиард 460 миллион куб. метрге жетти. Суу сактагычка кирген суунун көлөмү 661 куб. метр болсо, чыккан суунун көлөмү 595 куб. метрди түзөт. Өткөн жылы ушул күнү 9 млдр. 506 млн. куб метрге чейин түшүп кеткен.
Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору кызматына ачык конкурс жарыяланды. Аталган кызматка талапкер болгусу келгендер менеджмент, журналистика, экономика сыяктуу тармактарда жогорку билими болуусу зарыл. Ошондой эле кыргыз жана орус тилдерин билүүсү абзел. Англисче ж.б. тилдерде эркин сүйлөгөндөргө артыкчылык берилмекчи.
Президент Роза Отунбаева кол койгон буйрукка ылайык, премьер-министр менен вице-премьер-министрлердин милдеттери жана көзөмөл кылчу тармактары так бөлүштүрүлдү. Ага ылайык премьер-министр өкмөттүн жалпы ишине, бардык өкмөттүк түзүмдөргө көзөмөл жүргүзөт. Ошондой эле Коргоо министрлиги, ТИМ, Адилет министрлиги жана жергиликтүү администрациялардын иштерин, жеке өзү көзөмөлдөйт.
ЕККУ Коомдук теленин байкоочу кеңеши түзүлгөнүн колдоп, парламенттик шайлоонун алдында мыкты сапаттагы, бейтарап маалыматтардын болушу абдан маанилүү жана бул жерде коомдук теленин орду чоң экенин баса белгиледи.








кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"