Айжан ГАЗИЕВА, ырчы:
"Италияга кетким келет"
Көз жоосун алган гүлдөр
Көз жоосун алган кооз гүлдөр, кимди гана суктандырбайт. Гүлдөрдүн баарынан кала гүлүн жакшы көрөм.


Суктандырган
сулуулук
Ар бир аялзаты суулулугуна кам көрүп, сулуулуктун туу чокусуна чыгууну эңсешет эмеспи, косметикалардын арасынан "Pupa" фирмасынын косметикасын колдоном.


Эс алууга не жетсин?
Жаратылыштын кооздугуна суктанып, же чет өлкөлөрдү кыдырып, эс алуу ар бир адамдын кыялында болсо керек. Алдыга койгон максаттарымда Италияга барып, эс алуу кыялым да бар.


Музыка
жан-дүйнөңдү
эргитет
"Музыка жан - дүйнөңдү эргитип, жүрөктөн түнөк табат" демекчи, ар бир ырчынын жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун алган ырлар болот. Менин жан-дүйнөмө Токтогул Сатылгановдун "Алымкан", Муратбек Бегалиевдин "Асыл эркем" аттуу ырлары жакын.


Рахат тартуулаган ыр, бий
Адамзат ар бир нерсеге көңүлү ток болсо, ошончолук ийгиликтерге жетишет. Ырчылык кесибиме ылайык, ырдагандан, бийлегенден ырахат алам.


Алтындай
апамдын
белеги теңдешсиз
Майрамдарда бири-бирибизге белек берип көңүл көтөрөт эмеспизби. Жакындарыман, күйөрмандарыман канчалаган белек алсам да, апам берген дельфин тагылган чынжырчаны эч нерсеге салыштыра албайм.


Сүрөтчүлөрдүн
талантына таазим
Өзүм сүрөт тарта албасам да, улуу сүрөтчүлөрдүн талантына таазим кылам. Учурда Нурлан Бектурганов аттуу жигиттин сүрөттөрүнө таң берип, баалап келем.


Чаңкаганда
апельсин даамы ай!
Жайдын ысыгында муздак ширелерди ичкенге не жетсин. Өзгөчө апельсин ширесин ичип, суусунумду кандырам.


Комедия жана мультфильм
Шайыр мүнөзүмө жараша, күлкүлүү комедия кинолорун жана балалык кыялга чөмүлүп, мультфильмдерди да көрөм.


Китеп окуп
мээ сергитем
Эс алуу учурунда жакшы чыгармаларды окусам кадимкидей мээм сергип калат. Буга чейин көптөгөн жазуучулардын чыгармасын окудум. Баардык чыгармалардын арасынан М. Ауэзовдун "Абай жолу" аттуу чыгармасын жактырам.


Кыйналсам
да кыя өтпөйм
Дүкөндөрдү кыдырганда эң алгач бут кийимдерди жана шляпаларды кыя өтпөй, өзүмдө толуп турса да сатып алууга ашыгам. Дегеле кийим саткан дүкөндөрдү кыдыруу хоббим десем жаңылышпайм.


Бурул МУСАБЕКОВА