mainkaptal
Пользовательский поиск
Дилбар КӨЧКӨНОВА:
"Баламдын башын
тапсам эле болду эле..."
Тирүүлүк да, турмуш да кызык, ар оор. Кадам баскан сайын кыйналган, ыйлаган, сыздаган, боздогон тагдырга тушугасың. Жылуу сөзүңдү айтып, чекесинен сылаган менен жыргал турмуш куруп бере албаган алсыздыгың бар. Айтор, кимге эмнени айтып, кантип жубатаарыңды билбейсиң. Турмуш болсо минтип оордогондон оордоп барат. Тагдыры талкаланган, тайкы болгон адамдар көчөдө азыр миң сан. Алардын бугун, муңун угуп, акылын айтаар эч ким жоктой. Кадырлуу окурман! Келгиле, сырдашалы, ичтеги муңду айталы, ак кагаз бетин толтуруп жазалы. Окурмандардан кеңеш сурап, жардам күтөлү. "Айат" гезити мындан нары тагдыры оор адамдар менен "Тагдыр эй, сыздаткан" рубрикасы аркылуу ар жума сайын кезигишип турмакчы. Кат жазгыла, кабарлашкыла. Арманыңарды, балким, кубанычыңарды айтып, ак кагаз бетин толтуруп "Айатка" жибергиле. Биз сиздерден кат күтөбүз.
"Жамандын коногу билет" болуп, кыргыз эли алсыз калкка айландыкпы? Гүлдөгөн эгемендүү мамлекетте жашасак да, кай бир мезгилде баш калкалап, төрүбүзгө кирип, өтүктөрүн илип алган, түштүк тараптагы өзбектерге корбузбу? Ош, Жалал-Абаддагы июнь айындагы коогалаңдан мыкаачылык менен, дене башы бышылып, кыздардын эмчектери кесилип, боюнда барлардын кардылары жарылып, каза тапкан кыргыздардын арбагы канкорлорго тынчтык берер бекен?!... деген суроолор кооптонтот. Адам баласы кайсы учурда, кай жерде болбосун ажалга баш ийет. Бирок, он эки мүчөсү толук эмес, жансыз сөөк деле өз мүчөсүн жоктойт чыгаар. Өткөн жумадагы түштүккө болгон сапарыбызда жолуктурган жалгыз уулунан, күйөөсүнөн, бир тууганынан ажырап сыздаган энелердин армандарын чагылдырып берип турабыз деп сөз бергенбиз. Бу жолу карачечекей уулунан ажырап, ажыраганы аз келгенсип, уулунун башы жок, жансыз денесин жерге бере албай, сыздап жүргөн Дилбар апанын уулу жөнүндө айтып бергенин сунуштайбыз. Ош коогалаңында каза болгон маркум Алмаз Аскаров 1979-жылы туулган.

Зээндүү бала
- Жерибиз Токтогул. 1992-жылы кылаарга ишибиз жок, эл дүрбөсө, биз да дүрбөп, "соода-сатык менен оокаттыбызды кылалы" деп Бишкекке көчтүк. Анда Алмазым жаш болчу. Мектепте жакшы окуп, 1996-жылы 11-классты мыкты аяктаса да, шартка карап "окууга тапшырам" деп кыйнаган жок. Шаарда өссө да, "Алмаз, Алмаз" деп Токтогулдуктар баары жакшы таанышчу. Жогорку билими жок болгондуктан, төрт жылдан бери ишинин ооруна карабай Оштогу "пескоблок" чыгарган жерде эжесиникинде жүрүп иштечү. Ага чейин КаМАЗ менен Аравандан, Маданияттан товар ташып, "Дыйкан" базарында соода кылчубуз. Кийин "апа, соода бирде болсо, бирде жок экен. Андан көрө 14-15 миң сом айлыгы бар, "пескоблок" чыгарган заводго иштейм. Кара жумушка бышып калдым, оор болгону менен эмгек акым жакшы, адал эмгегим менен эле силерди багам" деп иштеп жүргөн. 1 уул, 1кызым эле болчу. Ошол Кудайдан тилеп алган жалгыз карачечекей уулумдан ажырап отурам.

Башы жок, суудан чыккан өлүк...
- 16-июнга чейин эжесин угуп сыртка чыккан эмес. Бир күн мурун 15-июнда 31 жашка толгон. "Туулган күнүм" деп шаан-шөкөттөнбөстөн, элди ойлоп, кайгырып үйдө отурган. 16-июнда "Кыргыз, өзбек, аралашып басып калды. Эми тынчыды. Бүгүн эскерүү, элдешүү күнү экен. "Роза Отунбаева өзү келет" дейт. Сырттан эле көрүп келейин" деп жуунуп-таранып, аппак кийинип алып, "Ноокатский" деген өзбектердин айылынан жалгыз өтүп баратканын коңшу таксист бала көрүп, "Алмаз эмнеге коркпой жөө баратат? Эжеси билбейби?" деп машинасы толтура болгондуктан өтүп кетиптир. Ал күндөрү маршруткалар каттабай аткан. Тиги таксист элди таштап эле, кайра Алмазга келсе жок, таппай калыптыр. Уулумдун аянтка жеткени, же ошол жерден эле өзбектерге жем болгону белгисиз... 20-июнда жансыз денеси суудан табылып, 23-июнда биз билбейбиз, ДНКларын алып, башы жок көмүп салышыптыр. Бири "22-июнда Сулайман тоонун этегине коюлган" десе, экинчиси "23-июнда "Учарга" 32 жигиттин сөөгү көмүлгөн" деп 83-номерди берди. Барсак, издөө бөлүмүнүн кызматкерлери "эже, бул жакка жалаң башы бар, балдардын денеси коюлган. Башы жок милиция менен сиздин балаңыз тиги жакка коюлган" дешти. Билбейм... (буркурап алды). Азыр такталып атат...

"Кылыгы калды жүрөктө"
- Тополоңду сүйбөгөн, оор басырыктуу, шайкелеңди жактырбаган уул эле. Айрыкча кыздардын күлүп сүйлөгөнүн жактырчу эмес. Кыздар эмес, мени да кээде "апа, күлбөй сүйлөсөң" дечү. Ушул жашка чыкканча бейбаштык кылып, баш бербей, эл алдында уялтып, жүрөгүмдү оорутуп, кейиткен эмес. Адам менен бат тил табышып, ыңгайы келгенде тамашалап, көңүлүмдү ачып койчу. Ак көңүл, боорукер, күйүмдүү жан эле. Эми ошол кылыктары эле түбөлүккө жүрөктө калды. Жок дегенде уругун улап, артынан туяк калтырып кетсе эмне болмок? Деги койчу жанымды коерго жер таппай турам... (Көзүнүн жашын тыя албай, бырыш баскан жүзүн сүртүп жатты).

Жазбай тааныган эне
- Бапестеп өстүргөн жалгызым болгондуктан, уулумдун денесин жазбай тааныйм. Мына бул бир жак колунда (сүрөттөрүн көрсөтүп) татуировка менен "КЛОТ" деп, анын астында "СЕР" деген жазуусу бар. Көмкөрөсүнөн да, чалкасынан да сүрөткө тартып номер коюп коюшуптур. Бул сүрөттө, билинер - билинбес кара так болуп турган, жамбашынын булчуң этинде бармак кирчүдөй чуңкуру бар. Ал кичинекей кезинде кестирип, тазалаткан жаранын ордунан калган чуңкур эле. Сөөгү колума тийе элек. Бир ай, жыйырма күн болду, сөөгүн алып кетүү үчүн саргайып отурам. "Текшерип атабыз" эле дейт. Эми Сулайман тоонун жанынан казып чыгабы, каяктан казып чыгат белгисиз...

"Сөөгү эле колума тийсе..."
- "Кыргыз эли сөөктү улук көрөт. "Үй бер, акча бер" дебейм. Сизден суранаарым, баламдын сөөгүн таптырып эле берсеңиз. Бир өзүнө жетпесем да, сөөгүнө жетейин" деген үмүтүмдү Роза Отунбаевага да билдиргем. (Өпкө-өпкөсүнө батпай сыздап турган эненин жанында, денем калтырап турду). Атасы 63тө пенсия албайт. Мен 54 жаштамын. Балдарымдын азынан пенсияга чыккан эмесмин. Бир гана ушул баламдын колун карачумун. Бакса, көрсө ушунум багат дечүмүн. Башка эч кандай айла, арга, кыянат жок, заманым куруп турат...
Жүзүн жашка жууган энени сооротуп турганымда "жүрүңүз эже, мен Кара-Сууда турам. Бүгүн үйгө барып эс алып келиңиз. Алмаздын минтип калганын ушул жерден уктум. Кайрат кылыңыз" деген бул адам Дилбар эже менен мурда чогуу иштеген экен.
- Жок, Жок... Алмаздын өлүгүн ошол Кара-Суу районундагы Шарк айылындагы суудан табышкан. Жанчылган уулумдун жансыз денесин бир айга чейин дитим барып көрө алган жокмун. Айылга барып ырым, жырымын жасап келип, анан "катып деле бүтмөй болдум, жүрөгүм эзилмектен түшүп калсын, жакшылап көрүп алайын" десем компьютерден чыгарышып көрсөтүштү. Оо-ооф... ошол балам...
Мына замандаш, жогорудагы эненин тагдырындай тагдырга башка бир дагы эне кабылбасын! Ансыз деле эне жүрөгүнүн көтөрөөр жүгү, опол тоодой!
Жазгүл КАРБОСОВА




кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
Яндекс.Метрика