Айлакер айым
2
ТОБОЛ ӨРӨМКАН
Сериал

"Айлакер айым-2" сериалы уламдан-улам ого бетер бүйүр кызыктырат. Заринанын баласы кимден, Канат Темирбекович экөөнүн тагдыры кандай болот, Салыйка жалдаган детектив кызга кол салабы, төрөт залдан уулун уурдаткан Зарина кандай кадамдарга барат жана Заринаны апасынын оор тагдыры ж.б. ж.б. жөнүндө билип, сериалдын кызыгына баткыңыз келсе, анда "Айат" гезитинин бир да санын калтырбай окуңуз.


(Башталышы өткөн санда)
- Ой, кандайсыз? Түн бир оокумда чалчу эмес элеңиз го. Эмне бирдеме болдубу? Же мени сүйүнтүп азыр жетип келесизби?
- Жанатан бери чалып атып тажадым. Эмне телефонду албай атасың?
Зарина эмне деп жооп берерин билбей калды. "Уктап аткам" десе "эшиктин алдында турам, ач десе эмне кылам?" деп өзүн коерго жер таппай турду.
- Уктап аттың беле? Ойготуп койдум окшойт ээ? Ладно, көп башыңды оорутпайын. Азыр, мен министрликтин жумушу менен срочно Астанага кетип атам, андан нары Америкага учам, бир жумадан кийин келем, сагынбай тур. Бир нерсе керек болсо жардамчыма чал. Эртең ал сага акча таштап кетет, давай, жаным, таарынба. Баламды жакшы кара, эс ал, доктурга көрүн. Америкадан эмне ала келейин?
- Өзүңүз билесиз да, сиз эмне алып келсеңиз да мага чоң кубаныч, андан көрө аман-эсен барып келиңиз. Сагындырбай тез келиңиз. Ичинен жеңилдей түшкөн Зарина калп эле эркеледи. Эми Сапар менен бир жума каалагандай чардайт. Себеби, ал да командировкада эмеспи. Сырдуу жылмая ваннадан чыгып, телевизор тиктеп отурган Сапардын тизесине отура, колун мойнуна арта сала, өпкүлөп кирди. Андан наркы кумарлуу түндү сөз менен айтып түгөткүс.
Салыйка түндө күйөөсүн узатып, күйпөлөктөгөнгөбү, эртең менен шалдырап атып араң төшөктөн башын көтөрдү. Халатын желбегей жамынып, ваннага баратты эле уюлдук телефону шыңгырады.
- Алло, Салыйка, кандай?
- Бу мен Жумагүл. Ооруканадан чыккам, жардамыңа рахмат. Сакайып чыккан соң кабарлаш дегениңен улам чалып аттым эле да. Мен аткара турган кандай жумушуң бар? Баарына даярмын, эми сени сатсам мени кудай уруп кетсин, өлүп кетейин ай!
- Аа, жакшы болуптур, жаңы туруп аттым эле, түштө "Классик" кафесинен жолугалы, кап этпесең.
Жумагүл кафеге болжошкон маалдан эрте келди. Аракка ууланып сыркоологонгобу, өңдөн азып, арыктап, жүдөй түшкөн эле. Салат, тамак заказ кылды. Салыйка да көп күттүрбөдү, курбусу менен салкын учураша, дароо айтар кебин баштады.
- Тамак келгиче сүйлөшө берели, убактым аз, фитнеске, анан мончого бармакмын. Эмесе кеп мындай, тиги менин келесоом, бир жалапка чалынды да калды. Башында анча маани берген эмесмин, кезектеги ойсокелеринин бири го деп. Эми Канаттын койнуна кимдер гана жаткан жок. Сахнада укмуш ырчымын, профессионалмын, шумдук актрисамын, балерина, скрипач, диктор-миктор дегендерди, айтор баарын электен өткөргөн. А бул шуркуя өтө кыйын экен, күйөөмдү кылтагына илгенине жарым жылдан ашып баратат. Сулуу, жаш, анан ашкан айлакер окшобойбу. Башка катындардай болуп, телефон чалып мазесин албайт, үйгө издеп келбейт, бир нерсе талап кылбайт, менин келесоом эмне десе ошону аткарат. Кың дебейт.
- Аа, анан мен эмне кылышым керек?
- Бир жолу детектив жалдап жашаган жерине барып, сиңдилерим менен сабап кеткем, бирок ал жүрүш-турушум менен өзүмө эле жаман кылып алдым. Канат экөөбүз аз жерден ажырашып кете жаздадык. Ошондон кийин бул теманы козгобой, укмаксан-көрмөксөн, билмексен болуп калсам тиги келесоо "ии, тагдырына моюн сунду окшойт" деп жыргап жүрөт. А мен оңой катын эмесмин, тем более кайдагы бир салаганын үйбүлөмдү бузганын каалбайм. Короче, угушумда ал шуркуянын боюнда бар имиш. Канаттын башка катындан балалуу болгону мени сүйүнтпөйт, ал мен төрөгөн гана балдарды багышы керек. Соплячка, шерменде, эркиме койсо өз колум менен муунтуп өлтүрүп, денесин ваннага салып, кислота куйуп, эритип жок кылат элем. Тилекке каршы анте албайм, кан узатпайт деп коебу? Сен ошо жалапты аңдып, ал жөнүндө мүмкүн болушунча көп маалымат чогултушуң керек. Аты-жөнүн, кай жактык, ата-энеси, бир туугандары. Керек болсо ыңгайын таап, аны менен достош, ишеничине кир. Бул бала төрөлбөшү керек, боюнан түшсүн же төрөлүп калса анын колуна тийбесин. Бул акча сага, кийим-кече ал, косметологго бар. Өзүң итак сымбаттуусуң, биртке күзгүгө каранып койсоң эле бүттү. Иши кылып менин келесоомдун шуркуясын кылтакка ил. Көз жаздымыңдан чыгарба. Мени менен байланышыңды үзбө, анын ар бир кадамынан кабар берип турасың. Адреси, сүрөтү бу конвертте. Эгер эле көчүп кетпесе...
Жумагүл, Салыйканын сунушуна айласыздан макул болду. Ал болбосо эмгиче боз топурак жазданып жатмак да, балдарын ким бакмак? Кафеден курбусу менен коштошуп чыккан соң, базарга барып, арзан, бирок жарашыктуу кийимдерди алып, акчасынан үнөмдөдү. Айылга апасына салыш керек, байкуш карыган энеси балдарын багып атпайбы. Кантсин? Күйөөдөн жолу болбогону аз келгенсип, турмуштан да жыргал таппады. Жолбун иттей квартирадан квартирага көчүп, "ушу мага күйөө болобу" деп далай эркектин да койнун жылытты. Баары бир тагдыры тайкы окшобойбу. Эми минтип Салыйканын колуна оюнчук болуп туру. Бир кезде Салыйканы каалагандай калчайм деди эле, бирок байлык менен бийликке каршы тура албасын түшүндү. Тагдырына моюн сунбаска арга жок. Көрсө, адам баласы аргасыздан кылмышка барат турбайбы. Али төрөлө элек наристени кантип өлтүрөт, өз тагдыры менен күрөшүп бакыт издеген жаш кыздын алдын кантип торойт? Өзүнүн бактысыз экени жетишпей турду беле, балким бул сулуунун да тагдыры тайкы болгондон улам ушу кадамга баргандыр. Мүмкүн Канат күйүп-сүйүп жолунан тороп, жанын койбой жетелеп жүргөн болсочу. Сүйүүгө тоскоол этеби? Мына ушундай ойлор жолдо катар Жумагүлдүн мээсин ийне тешкендей тешип, теменедей тепчиди.
(Уландысы кийинки санда)