Сейрек кадр

Өрдөк
"Бири кем дүйнө" демекчи, азыркы бийликтин бири кем. Ал кемтикти башка бирөө толуктай албайт. Анын ээси Дооронбек Садырбаев. Атаганат, эгер Докебиз тирүү болгондо минтип тузу жок шорпо ууртагансып тултуюп отурбайт элек. Таягына сүйөнүп алып, "убактылууларга" чоң таяныч болмок. Караан-сүрүн калдайтып, карт акылын калчап, Бакиевдерди "качыртпайт" эле. Атамбаев, Бекназаров, Сариевдер илинген "телефонгейт" темасын ачык тескемек. Ош окуясында 20 жылдан кийинки "Кайран эл" киносунун 2-сериясын тартып, кайран элине кайта-кайта болгонун болгондой көрсөтмөк. Убактылуу өкмөттөгү санаалаштары "коюңуз эле коюңуз, айланайын Докебай, элди козутпаңыз" дешип дүрбөшмөк. Доке болбойт болчу. "Өй, балдар, ачуу болсо да эл чындыкты билсин, бийлигиңерди чындык сактайт" демек. Ушинтип эле айтмак. Керек болсо, таягынын учун ар биринин эки көзүнүн ортосуна кезей "Азимбек, Роза, Эмилбек балдарыңарды тыйгыла, Алмаз, Өмүрбек, Темир партияларыңарды тизгиндегиле, кайран элге жек көрүнбөгүлө, калп айтпагыла, акчага азгырылбагыла, бириңерди-бириңер шыбабагыла, саясат менен ойноп элди кордобогула…" демек. Минтип тил агытууга Докенин гана кудурети жетмек. Беркилери укмак. Докени укпай коюшпайт эле. Эгер эле "ан-ий" деп, кимде-кими мойун толгосо, Доке "шарт" бурулуп, "Кайран Эл" партиясын түзмөк. Доке ачкан ал партияга кыргыз аттуунун баары кирип алмак. Анткени, парламентке Дооронбек Садырбаевдин атынан баруунун өзү жыргал болмок да, эй! Мындай божомол-кыялга жетеленгениме анын ашкере кыргызчылдыгы, кыргызга арнаган сүйүүсү себептир.
Кыргыз саясатчыларын кызыл өңгөчтөн кармап, баш-көз болчу "Бакай" жок. Ачыгында дал саясат өңүтүнөн жалпы журтка таасир арткан, оозунда кеби бар, акыл-көрөңгөсү аалам чапчыган аксакалдан аксап келебиз. Ошонун айынан "жаштар бийликке!" деген жармач ураанды сыйпалап, "ок көзөгөн" министрлик ачымыш болуп отурабыз. Ооба, академик-профессор, жазуучу-мазуучу аксакалдар бар. Бирок, коомчулукту артынан ээрчите алчусу жок. Кыйтыр бийлик ажолору сакал бүткөндүн баарысын "дүжүр" кылып жүгүнтүп, бала-чакасынын көзү-башын мактаттырып атып, кутун учурду. Чынбы?
Береги сүрөт "Агым" гезитинин мааракесинде 2006-жылы тартылган. Азыр бизди "түтөтүп" аткан Докебиз өмүр марасына чукулдай чапкан кези. Талапташ иниси Мелис Эшимкановго белек тапшырууда. Белеги да кызык. Капаска салынган өрдөк. Өрдөктүн маанисин өкмөткө байланыштыра маашырлана айтып, залды "дуу" күлкүгө бөлөй, саясий калемпирден сээп туруп карматкан, кайран киши. Мекебиз болсо оппозициянын очогунда кайнап турган чагы эле…




  Сорттолгон менен соттолбойт

Эрмегибиз элита
Элита деп коебуз. Эл башындагылар дейбизби, ак сөөктөр дейбизби, айтор, "биринчи сорттогуларды" ушинтип эркелетебиз. Анан ал сорттогуларды да кайта-кайта сорттойбуз. Канчалык сорттогон сайын, ошончолук чийкиси менен чириги чыга берет, кычап. Карап көргүлө, сорттомой минтип эле кете берет...

Клаусуң ким эле?
Калпеле, "мен кыйын, мен кыйын" дей беришет. Ээң кыйын Турусбек Мамашев. Бийлигиң качып атабы, Акүйүңдү доңуз кооп атабы, баары бир. "Дасмиясын" жайып, жалтырап тура берет. Алтындай жалтырайт. А-бу дегениңер менен Тукебиз алтын киши. Ак көңүл. Ак көңүлдүгү кармаганда чыгармачылыгы ашынат. Кичине ойлонуп туруп эле "Санта-Клаус кыргыздыкы" дейт. Дагы бираз ойлоно түшүп, "Бүт ааламдын сулууларын Ысык-Көлгө апкелем" дейт. Айтор, зериктирбейт. Туризм тармагын көтөрүүгө жакшы эле жан үрөдү көрүнөт. Чынын айтканда Турусбек мырза министр катары эмес, "Дасмия" көңүл-зоок комплекси аркылуу көпчүлүккө жакын. Байкашыбызча, маданият министрлиги менен өзара келишим түзүп алгандай. Себеби, кандай маанилүү ишчара болбосун, айрыкча элита өкүлдөрүнө тийиштүү жентек той, тушоо кесмей той, чочок кесмей той, үйлөнүү той, баланча жылдык тойлор менен катар өлүм-житимге байланышкан куран окутмайлар мелдешип алгансып как ушул "Дасмияда" өтөт. Азыр партиялар делегаттарын жарыша "Дасмиядан" тойгузууда. Не болсо да Тукебиз акча куюлуп турчу булактын көзүн таамай ачкан. Тапканы өзүнө буюрсун! Өкмөткө өлчөмдүү салыгын өз убагында төлөп, свет уурдабаса эле болду…


Шаарды кыштак кылып...
Байкайсыңарбы, азыр партиялар чаң ызгытып турганда, аткаминерлер ашепке реклама жарышына түшкөн будуң-куюнда ким жок?! И-и, ошо, Арстанбек Ногоев жок! Эмне үчүн жок? Сурайлы десек, өзү жок! Изи дайынын иликтесек, "Бош" деген фирмада иштейт дейт. "Бош" фирмасын таппай суй жыгылдык. Таппаган соң, "Арстаке отурбаган кресло калбаптыр, ага кызматтын кереги не?" деп, багалек күбүдүк. Эгемендик жылдар бою аким, мэр, министр... Министр демекчи, Айыл чарба министри болуп турганда Бакиевден катуу тил укпады беле. Тиги, эме... "цифра билбейсиң!" депчи... Ногоевдин дарегине "жер саткан, жер баскан, атайылап уюштурган..." деген сасык дооматтар дамамат айтылып келет. Ишмердүүлүгүнө баа бергендер "Ногоев шаарды чо-оң кыштакка айланткан" деп эскеришет. Анткен менен өтө бай адам экенин айтышып, артынан үшкүрүнүп жибергендерди түшүнбөйм.


Кара мышык - ак мышык
Аликбек Жекшенкулов агабыздын саясатта салмагы сайдын ташындай. Бакиев башынан сылап, бир-эки жылча ТИМ башкартты. Сол жамбашынан ойгонгон бир күнү министрлик кабинетинин каалгасын "тарс" жаап алган. Анан эле адеттеги "опуту" менен Салиевич сары изине чөп салып отуруп, торго салды. Ошондо Аликеңдин оппозиционердик ышкысы биротоло ойгонду. Атүгүл мурдакы "көп жылдык" оппозиционерлерди чаңында калтырып, акыры, 7-апрелде Акүйдү көздөй "урология" имараты тараптан келаткан элге аралашып, "балекет баскыр" режимди уратышты. Капсалаңдуу өткөн бийлик Аликбек мырзага көрбөгөндү көрсөттү, эй! "Жекшенкулов мобу тапанча менен түрк аткан" деп жар салганда, жаныбыздан түңүлүп калганбыз. Ошол "боевик" жарасы ырбап кетип, акыры абактан айыкты. Азыр Аликебиз анык "Акыйкатын" тапты. Ал тапкан "Акыйкатта" Жусупжан аксакал, Күмөндөр күлдүргүч, Канат күрөшкүч, Калыгул жазгыч жана тээ илгерки "фасоль соода өнөктөшү" Чолпон айым өңдүүлөр бар. Дүбүртү катуу. Алике "Акыйкатка" арнап Кочкордо бир жылкыны көтөрө чаап, аксакал-көксакалдан бата алды. Ылайым бата тийип, "Акыйкаты" агарып-көгөрсүн! Отунбаева экөөнүн ортосун "кара мышык" аралаган деп шыбырашып жүрөбүз, анысы "ак мышыкка" айланып кетер. Кезегиндеги "кесиптештери" Мадумаров менен Рүстөнбековго азыр даана далысын салган чагы.


(Уландысы бар)

Азамат Кыязов