mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Нурсултан ДҮЙШӨНБИЕВ, БУУнун Өнүктүрүү программасынын Улуттук Волонтеру:
"Чыныгы элдик бийлик гана өнүгүүгө алып келет"
Демократиялык коомдо чыныгы бийлик элдин колунда болоору белгилүү. Ондогон жылдар бою командалык-административдик багынуу системасында жашап келген. Кыргызстан көз каранды эместикке ээ болгондон тартып, демократиялык өнүгүү жолуна түштү. Бирок, адистердин айтымында, алгачкы жылдары өлкөбүз эл аралык уюмдардын жардамы менен бийликти борбордон ажыратуу, жергиликтүү өз алдынча башкарууну бекемдөө багытында бир топ ийгиликтерге жетише алганы менен, соңку мезгилде бул боюнча айрым кыйынчылыктар пайда болду. Деги эле азыркыдай административдик-аймактык система өнүгүүгө жол ачып бере албайт, ошондуктан, реформалоо керек.
Бул багытта Талас областында аткарылып жаткан иштер тууралуу БУУнун Өнүктүрүү программасынын Улуттук волонтеру, "Децентралдаштыруу" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" программаларынын адиси болуп, бир нече жыл иштеп келген Нурсултан Дүйшөнбиев менен болгон маекти назарыңыздарга сунуштайбыз.

- Нурсултан Илиязович, биздин билишибизче, эл аралык уюмдардын өнүктүрүү долбоорлорунун алкагында алгач жаңыча иштөөнүн жол-жобосу гана көрсөтүлүп берет, кийинкисин жергиликтүү эл, өзү улантып кетиши керек...
- Ооба, 1998-жылдан баштап Талас областынын айылдарында бийликти жергиликтүү калкка жакындаштыруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдарынын ролун жогорулатуу багытында иш алып бардык. Алгач жер-жерлерде жамааттык уюмдарды түзүп, алар аркылуу эң орчундуу деп эсептелген социалдык проблемаларды аныктап алып, гранттык долбоорлорду ишке ашыра баштадык. Жыйынтыгында пилоттук деп тандалып алынган айылдарда бала бакча, мектептердин, маданият үйлөрүнүн ишин жакшыртып, таза суу линияларын, жолдорду оңдоп, инфраструктураны бекемдөөгө жетиштик. Андан кийинки жылдары жергиликтүү кенештердин ролун көтөрүүнүн, айылдагы өз алдынча башкаруу уюмдары менен жергиликтүү депутаттардын ортосундагы бирдиктүү иш алып баруунун үстүндө аракеттендик. Эгерде буга чейин айыл өкмөттөрүнүн бюджети жогорудан каржыланып, каралып келген болсо, бул программанын натыйжасында азыр бюджет өзүлөрүндө каралып, жергиликтүү салыктардан түшкөн каражат ошол жерде калат. Албетте, айыл жергесинде бир топ маселелер дагы деле калып жатат...
- Соңку жылдары жергиликтүү бийлик органдарын түзүүдө элдин пикири эске алынбай калды деген ойлор айтылууда...
- Ооба, акыркы 4 жылдын аралыгында айыл өкмөттөрүндө жогорудан ылдый түшкөн командалык метод пайда болгону байкалды. Мурда айыл өкмөттөрүн эл өзү тандаса, эми райондук бийлик тарабынан сунушталып, бекитилиши кандайдыр бир деңгээлде айыл элинин көйгөйлөрүн чечүүгө болгон аракеттерге карама-каршы келет. Ошондуктан, элдин нааразычылыкка чыгуусуна ушул элдик бийликке алып баруучу кадам чектелип, элеттин көйгөйү менен эсептешүү жокко чыгарылгандыктан электр энергияга болгон төлөм баа жогорулап, айыл чарба продукциясынын баасы кескин төмөндөп, социалдык проблемалар күндөн-күнгө көбөйүп, коомдо негативдүү абал курчуп кетиш себеп болду деп ойлойм. Дыйкандардын проблемасы унуткарылды. Мамлекет аларга көңүл бурбай, элдин үнү бийликке жетпей калды. Ошол себептен азыркы коомдо, мамлекетте болуп жаткан процесстерде административдик башкарууну жаңыча баштоо зарылчылыгы пайда болуп турат.
- Айыл шартында бийликти жаңыча уюштуруу, элди башкарууга тартуу багытындагы иштер менен катар билим берүү системасына колдоо көрсөтүү боюнча эл аралык долбоордо да иштеп, тажрыйбага ээ болуптурсуз. Талас областы үчүн "Айылдык билим берүү" программасынын жардамы кандай болду?
- Бул долбоор Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат. Мен анын Талас , Манас райондору, Талас шаары боюнча координатору болуп иштедим. Областтагы 114 мектептин баарын компьютерлештирдик, алардын 70 пайызында атайын компьютердик класстарды ачтык. Ошону менен катар инфрастуктурасын жакшыртууга басым жасап, жылуулук системаларын оңдоп, чакан ремонт маселелерин чечип бердик. Ошол эле учурда эл аралык "Балдарды коргоо" федерациясынын адиси кызматын аркалап "Айылдык билим берүү долбоорунун" алкагында мектептерде ата-энелер, мугалимдер катарында болгон мектеп командаларын түзүп чыгып, мектептерде "Окутууну жакшыртуу" планынын жаңы системасын иштеп чыктык. Аларга тренингдик окууларды уюштурдук.
- Ал эми мектепке барбай жүргөн балдар проблемасы областта кандайча чечилип жатат?
- Бул өтө орчундуу, көп тараптуу маселе. "Балдарды коргоо" федерациясы 2008- жылы үй-бүлөлүк шарты оор болгондуктан мектепке бара албай жүрүшкөн жүздөн ашык окуучуга жакындан жардам берип, окуу куралдарын, кышкы кийим кечегин баштан аяк алып берип, мектепке барууларына шарт түздүк. Албетте, бул бир гана берилген жардам болуп калды. Бирок, калктын жалпы социалдык абалын жакшыртпасак бул проблеманы жоюу мүмкүн эмес. Ата-энелер үй-бүлөсүнүн күнүмдүк тиричилиги менен алек болушуп, эртеден кечке талаада жүрүүгө мажбур. Мектеп менен мурдагыдай байланыш жок. Ал эми мугалимдерибиз өзүлөрү мамлекеттин жардамына муктаж болуп турганда, алардан талап кылуу да мүмкүн эмес. Мугалимдердин айлыгын үч эсеге көтөрүү зарылдыгы небак бышып жетилген. Билим берүү тармагына мамлекеттик деңгээлдеги камкордук көрсөтүлүп, атайын Концепция иштелип чыгышы керек.
- Демек, айыл турмушун оңдош үчүн биринчи кезекте эмне зарыл?
- Өзүңүз билгендей, Талас жергесинде калк негизинен мал багып, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү менен алектенишет. Бирок, алган түшүмүн сатуудан түшкөн пайдасы күнүмдүк оокат кылганга гана жетет. Элет жерин көтөрүү боюнча кандайдыр бир системалуу өнүгүү жок. Дыйкандар өндүргөн продукция эч качан мамлекет тарабынан камкордукка алынып, аны сатып алууну уюштуруу болгон жок. Демек, дыйкан өндүргөн продукциясын акча зарыл учурда, арзан баага карматып жиберүүгө мажбур болот. Ал эми жерди иштетиш үчүн техникага, үрөн, күйүүчү май, бензин сатып алууга кеткен чыгымдарынын көлөмү канча дейсиз? Жылына дыйкандарга кредит катары жем салды болуп берилип келген үрөн, күйүүчү май аларга өз убагында жетпейт. Демек, жаңы түзүлүүчү өкмөт өзүнүн ишин жогорку маселелерди чечүү үчүн багытталган атайын кыска жана узак убакыттык программаны иштеп чыгуу менен башташы керек.
- Мындай абалдан чыгуунун жолдору барбы, кандай дейсиз?
- Албетте, бар. Өлкөдөгү саясый партияларыбыздын бири бул боюнча абдан так, реалдуу ишке ашырууга боло турган программасын сунуштап жатат. Ошондуктан мен дагы анын катарына мүчө болуп кирип, колумдан келген салымымды кошууга аракеттенүүдөмүн. Биздин партия айыл чарба кредиттеринин үстөк пайызынын эң төмөн деңгээлде болушунун жана лизинг системасынын дыйкандарга пайдалуу шартта иштөөсүнүн жолдорун жакшы билгени мени кубандырат. Электр энергиясынын төлөм баасын жакшыртуу сунушу да элди кайдыгер калтырбайт деп ойлойм. Негизинен программанын өзөгү кыргыз мамлекетинин өнүгүүсү үчүн зарыл деп эсептелген беш максаттуу блоктон турат. Шайлоо алдында үгүт иштери расмий жарыяланганда биз бул боюнча эл арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз жана көпчүлүктүн колдоосун жарата алаарыбызга көзүм жетет.
- Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз.
- Жубайым кесиби боюнча мугалим, азыр жеке ишкер. Беш балабыз бар. Улуу балам Бишкекте Кыргыз улуттук банкында иштейт. Улуу кызым Германияда окуусун аспирантурада улантып жатат. Андан кийинки уулдарымдын бири жогорку билимдүү, жеке ишкер, бири "Манас" университеттинде студент. Кичүү кызыбыз мектепте окуйт. Аларды тарбиялоодо биздин үйдө ата-бабаларыбыздан бери карманып келаткан ак пейилдик, жөнөкөйлүк, принциптүүлүк сыяктуу сапаттарды калыптандырууга аракет кылам.
- Коомдук иштер менен алектен учуруңуз барбы?
- Бир канча жолу айылдык Кеңешке депутат болуп шайлангам. Талас райондук Кеңешинин эки жолку чакырылышынын депутатымын. Азыркы учурда "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук тартипти сактоо" боюнча туруктуу комиссияны жетектейм.
Бурул МУСАБЕКОВА





Урматтуу Президент айым Р.Отунбаева,
Урматтуу Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү
боюнча борбордук комиссиянын төрагасы А.Сариев,
Урматтуу саясый партиялардын жетекчилери,
Урматтуу коомдук уюмдардын өкүлдөрү,
Урматтуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү
Кайрылуу
"Республика" саясый партиясы 2010-жылдын октябрь айында боло турган шайлоолордун ачык жана таза өтүшү үчүн улуттук тажрыйбада пайдаланган да, эл аралык деңгээлде таанылган да пайдалуу шайлоо технологияларын колдонуу зарыл деп эсептейт.
Бардык эле шайлоолордо добуш берүү күнү бир эле шайлоочу бир канча участоктон барып добуш берген "айлампа" же болбосо "үй-бүлөлүк добуш берүү" сыяктуу "ыплас технологияларды" пайдалануу коркунучу болот. Мындай технологиялардын колдонулушуна жол бербөө максатында дүйнөдө өздүк документке штамп коюу, добуш бергенден кийин тиешелүү белги коюулуучу шайлоочунун карточкасы же шайлоочунун бармагын маркировкалоо сыяктуу ыкмалар пайдаланылат.
Кыргызстандагы соңку жылдардагы шайлоо кампаниялары көрсөткөндөй, түссүз (көрүнбөгөн) боек менен маркировкалоо ыкмасы шайлоону массалык добуш берүүдөн сактап кала албайт. Мындан тышкары, түссүз (шайлоочунун бармагынан тез эле өчүрүлүүчү) боёктун сапаты жана ишенимдүүлүгү шайлоочуларда да, жана ыплас технологияларга жол бербөөгө милдеттүү болгон шайлоо комиссияларынын өзүндө да арсар пикирди пайда кылууда.
Мына ошондуктан, алдыдагы шайлоого байланыштуу түзүлүп жаткан жөнөкөй эмес кырдаалды эске алуу менен биздин партия шайлоонун таза жана ачык өтүүсүнө шарт түзө турган чаралардын бири катары добуш берүүгө келген шайлоочунун бармагын түстүү, көрүнө турган боёк менен маркировкалоону сунуш кылат.
Албетте, жалгыз гана шайлоочуларды маркировкалоо технологиясы шайлоону ыплас ыкмалардан сактап калуунун кепилдиги боло албайт. Ошондой болсо дагы, ал түз көзөмөл кыла алуучу ыкма катары шайлоонун ачык өтүшүнүн кепилдиги боло алат.
Шайлоо компаниясынын мөөнөтүн эске алып, "Республика" партиясы Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына бул маселе боюнча тиешелүү токтом кабыл алууну сунуштайт.
Ошондой эле биз башка саясый партияларды жана коомдук уюмдарды бул демилгеге кошулуп, уюштуруу маселелерин чечүүгө көмөктөшүүгө чакырабыз. "Республика" партиясынын Саясый кеңеши.









кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
а ­е¦Є.НҐй«