mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Бузулган заман кишилери

Мен итти тиштедим
Бир ирээт көчөдөн Жаныбек Жанызак байкеге жолугуп калып, жол боюнда бир топко кобураштык. Айтат, "бүгүн биздин журналистика аябай майдаланып көчөө деңгээлине түшүп жалган сенсация кубалап калды. Сен мисалы "мени ит тиштеди" десең эч жаңылык эмес, бирок "мен итти тиштеп алдым" деп жазсаң, бул укмуш сенсация" деп адатынча каткырып кетип калды.

Ойлоп көрсөм, бул сенсация деле эмес , дүйнөлүк ачылышка тете болчу жаңылык окшойт. Алым байке Токтомушев айтмакчы, Жаныбек агабыз бир нерсеге көзү жетип, акылы менен пештегенден кийин гана сүйлөп же майнап чыга турган ишти кылат эмеспи.
Ал эми Жакебизден башкабыз көзүбүз жеткен-жетпегенине карабай эле ой-тоону сүйлөп, колубуздан кокон тыйын келбесе да "кыйратабыз", дей беребиз. Өзгөчө бүгүн шайлоо алдындагы партиялар. Өлкөнүн юстиция министрлиги каттоодон өткөргөн партиялардын саны 136дан ашты деп маалымат таратты эле, алардын арасынан бүгүнкү күнү 56сы гана шайлоого катыша алам деп Борбордук Шайлоо Комиссиясына арызын жолдоду. Эми анын ичинен канчасы мааранын аягына чейин жетет али белгисиз. Анткени, булардын арасында өзүнүн үй-бүлөсүнөн башка мүчөсү жок араа төрөлгөн партиялар деле бутка чалынып жүргөнү жашыруун эмес. Кээсинин каражаты жок болсо, айрымдарында электораттык ресурс жетишсиз. Ошондуктан мүмкүнчүлүгү көбүрөөк партиялардын эшигин жыртып, "себетин" көтөрүп жүрүшөт. "Жума намазга ниетиң болсо, бейшембиде даарат ал" демекчи шайлоо түшүнө кирген айрым саясат фанаттары өздөрүнүн мүмкүнчүлүгүнө карабай партия түзө беришип, Кыргызстанды бул багытта "Гиннеске" киргидей эле кылышты. Мындай көрүнүш учурда чала жан абалындагы мамлекетибиздин эртеңки бүтүндүгүнө доо кетирээри ачыкталып калды. Анын бир мисалы катары айрым аймактагы тирешүүлөр азыртан башталып, курч өңүткө айланып баратканы жашыруун эмес. Маселен, майда саясатчыларды айтпаганда да Чүй өрөөнүнүн Батыш Чыгышын эки убактылуу өкмөт мүчөлөрү бөлүп алгандай таасир калтырса, борборду дагы бир "дөңгөч" басып, "башка улуттардын электоратты менде" деп убактылуу тилин тишине катып отурат. Аянты чоң болгон менен жашаган элинин саны түштүктүн чоң районунун элине жетпеген, Нарында болсо элди тоолуктарча эле "улак тартышка" алып алышты.
Шаарда чоңойгон, элинин керек болсо жамандык жакшылыгына катышпагандары да барып алып "мен силердин кулунуңармын, менден өткөн жана ушул партиядан башка эч ким жок" деп орозонун маалында ар бир эшикке "жарамазан" айтып жүрүшөт. Башкасын айтпайын, азыр бир эле Кочкор районунда, алакандай бир аймак жаат-жаатка бөлүнүп, эртең бири-бирине бет карашкыс мамиле алдында турушканы, азыр эч кимге жашыруун эмес. Ал эми акылына эмес муштумуна таянган түштүк партиялары биригүүнү сүйлөшүп, түндүк лидерлери башында турган партияларды "аймактык 0,5 пайыздык тосмодон өткөрбөйбүз" деп азыртадан эле билек түрө киришкендери алдыдагы шайлоо канчалык деңгээлде опурталдуу болоорун айгинелеп тургансыйт. Мындай коркунучтуу жагдайды убактылуу өкмөт жөнгө салалбасынан бир гана кичинекей мисалы катарында Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовду тизгиндей албай койгонунан эле баамдасак болот. Бул "чоң муштумдардын" мындай кадамга барып жатышы Нарын, Ысык-Көл, Талас облусунан 0,5 пайыздык тосмодон өтүп кетишине эл эмес өздөрү күмөн. Демек, алдыдагы шайлоону жокко чыгартып же болбосо ультиматум жолу менен бийликтин тең жарымын "устуканга" алуу идеясы турганын жашырып болбойт. "Мурда эле жинди элең, ит капканы кутурдуң" дегендей бул мезгилге чейин саясатчылар арасында араздашуу күчөп келсе, эми ал ачыкка чыгып, республикалык - мыйзамдык деңгээлге көтөрүлмөй болду.
Андан да жаманы шайлоо алдындагы кара пиар күч алып, элди саясаттан таптакыр ирээнжиткени турушат. Анткени, жогоруда айткандай, биринин үстүнөн бири жөнөкөй жугунду куюуу "модасы" калып, азыр Жаныбек Жанызак айтмакчы "Мен итти тиштедим" деген "сенсациялуу жугундулар" диск, фото сүрөт, макала болуп даярдалып, жер төлөлөрдө таратылуу маалын күтүп турат. Бул маалыматтык согуш баардык саясий партияларга тиешелүү. Бир сөз менен айтканда баардык партиялар "итти тиштешет".
Төлөгөн СУЛАЙМАНОВ




  Бузулган заман кишилери

Адилеттүү соттор адилетсиз кетирилип жатабы?
Ушул жөнөкөй суроону азыркы күндө кандайдыр жагынан соттор менен иши болгон Кыргызстандын ар бир жараны бере алат. Чынында эле ошондойбу, чынында эле Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү өз ыйгарым укуктарынан аша чаап, "адилеттүү" сотторду жеке таламдары үчүн жок кылып, садагага чаап жатабы? Бул маселени кылдат карап көрсөк, ачыгын айтканда ошондой болгон сыяктуу. Себеби, ушунча жыл иштеп жана элдин "ишенимине" арзып, кадыр-барк күткөн соттор бир заматтын ортосунда бардык нерсесинен кол жууп олтуруп калып олтурушат. Ошондуктан алар ар кандай инстанцияларга чейин айгай салып, өздөрүнүн сүттөн ак экендигин далилдөөгө аракет кылып жатышат. Алар бардык ишти кара кылды как жаргандай адилет чечишкендигин, мыйзамга гана баш ийип, аны гана туу туткандыктарын айтып безеленүүдө. Андан тышкары аларды ээлеген кызмат орундарынан кетирүүнүн өзүнчө жол-жобосу бар экендигин, алар кол тийгис жана көз карандысыз экендигин далил тартышат. Албетте, алардын айткандарында чындыктын карааны бар. Баш Мыйзам боюнча алар кол тийгис жана көз карандысыз, ошондой эле алардын ишине эч ким, ал түгүл Президент да кийлигише албай тургандыгы белгилүү. Маселенин бардыгы дал ушул жерде жатпайбы. Эч ким кийлигише албайт дегенге шылтоо кылуу менен алар өз билгениндей чечим чыгарып, акты кара, караны ак кылып жатса, эмне кыласың? Ага толгон-токой мисалдар бар. Аларга кийинчерээк токтолоюн.
Дүйнөдө адилеттиктин, калыстыктын белгиси катары алынган фемиданын көзү таңылуу. Ошону туура эмес кылышкан деген ойдомун. Азыркы соттор көзү таңылбаса деле, көзүн жуумп туруп эле, лотерея билетин суурган сыяктуу өзүнө жаккан чечимди сууруп чыгат, албетте куру бекер эмес.
Менин да бир топ теңтуш сот досторум бар. Аларга "элдин каарына жаман калып жатасыңар, эсиңерге келип адилеттүү болбойсуңарбы" деген сунуштасам, "Кызыксың, досум, мыйзамда "же" деп турса, жейсиң да. Биз өз эркибиз менен жасап жатыптырбызбы, мыйзамды жолдоп жатабыз" дейт. Кандайча десем. "Мына мыйзамды кара "беш же жети жыл" деп турат. "Же" деп жатпайбы, ошондуктан жеп жатабыз деп ырсаят. Буга эмне дейбиз? Болбосо, бир да иш жөн бүтпөйт, бардыгы эле көзүн кызартып кардардын колун тиктеп олтурат.
Андан тышкары, соттор өздөрүнүн көз карандысыздыгын унутуп калышып, бийликтин кулу же куралы болуп алышкан. Мисалы, бир чоң келет да сотко "бул ишти мындай кара, тигиндей чечим кыл" деп өзүнүн кызмат ордунун күчүн салат. Сот "жок, мен мыйзамга гана баш ийем" дегендин ордуна, "куп болот таксыр, Жогорку Кеңештен өтүп жатканда көз саласыз да" деп ачык эле соодага барат. "Бармак басты, көз кысты" деген ушул. Кээ бир атасын тааныбай калган министр, вицелер бар, алар жаш судьяларды түбүңө жетем деп ачык айтып эле коркутат. Кыскасы судьялардын бардыгы эле коен жүрөк болуп калышкан. Болбосо, аларга ким тийише алат да, алардын чечимин ким буза алат? Убагында чоңдордун заказын, карапайым элдин акчасын жеп-жутат да, түштөн кийин, мен ак элем, Бекназаров өзүм билемдик менен тагдырыбызга балта чаап жатат, Президентибиз гаранттыгына тура албайт жатат, деп мусаапыр болуп калышат.
Мурда эч кандай сот ишмердиги менен иши жок бир тааныш, азыр ошол тарапта иштеп калып, мурдагы эки Президенттин тушунда соттордун чыгарган адилетсиз чечимдерин, алардын үстүнөн болгон даттанууларды окуп алып төбө чачым тик туруп жатат дейт. Көрсө, сыртынан билинбеген менен былыктын баары ошол жерде экен дейт. Албетте, соттордун бардыгы эле кара өзгөй, кара ниет эмес, адилеттикти туу туткан судьялар басымдуулук кылат. Алардын биринчи инстанцияда туура чыгарган чечимдерин жогорку инстанциядагы судьялар "аке-жакенин" аркасы менен жокко чыгарып же таптакыр адилетсиз чечим чыгарган учурлар бар. Же болбосо, бирөөлөрдүн кийлигишүүсү менен узак мезгил бою чечилбей келген маселеси 7-апрелден кийин дароо чечилип жатпайбы. Мисалы, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Сары-Талаа айылынын тургуну Айдаралиев Мадиярбек Рысбаевичтин жер талаш боюнча маселеси Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан каралбай создуктурулуп келген, көрсө ага Финансы полициясынын ана башы Муйбиллаев деген неме кийлигишиптир. Эми ал кетери менен сот адилеттүүлүгү орноп, маселе оң жагынан чечилип олтурат. Мындай мисалдар көп. Караңызчы, окурман, канча кишинин күч-кубаты, алтындай убактысы, каражаты кетти. Сот адилет болсо бир отурум менен чечип койбойт беле!
Жакында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен иштен алынгандардын арасында дал ушундай кыңыр иштерге аралашкандар бар. Аларга актоо жок.
Кыргызстан кылдын учунда турган ушундай катаал учурда Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Президентинин чыгарган чечимдери туура деп ойлойм. Себеби, арыз республикада революциялык кырдаал өкүм сүрүп турат. Сизге белгилүү болгондой, урматтуу окурман, революция учурунда мындан катаал чечимдер да кабыл алынып, керек болсо атууга чейин барган учурлар болгон. Андан Кудай сактасын, дегинкисин айтканда соттор да карапайым адам катары мыйзам алдында бирдей экендигин, алар да туура эмес кылган иши үчүн жооп бере тургандыгын эл көрсүн, түшүнсүн. Андан тышкары кийинки сотторго бул аз да болсо таалим болсун. Карапайым калк жөн жеринен чыркырабасын. Болбосо, тоок уурдаган менен төө уурдаган бирдей жаза алып, же параны күчү менен эч жазасыз калган кырдаал биздин жаңыланып жаткан өлкөгө жарашпайт.

Эрмек КОЙЧУБАЕВ




кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"





??.??