Жантөрө САТЫБАЛДИЕВ,
өкмөттүн вице-премьер министри:
"Кайгыдан байлык топтоо наадандык"
21- август күнү өкмөттүн вице-премьер- министри, Ош жана Жалал- Абадды кайра калыбына келтирүү боюнча түзүлгөн мамлекеттик дирекциянын төрагасы Жантөрө Сатыбалдиев редакцияга келип, окурмандар менен түз байланышта алардын кызыккан суроолоруна жооп берди. Назар салып коюңуздар.

Максатали Кошоков,
Кадамжай району, Пүлгөн айылы:
- Жантөрө аке, сиз Ош-Бишкек жолу курулуп жаткан мезгилде транспорт министри болуп туруп, бир топ акчаны максатсыз пайдаланган деген маалымат гезит беттерине чыгып жатат жана кийин Ош облусунун губернатору болуп турганда ал жакка барган "гуманитардык жардамдын 10 пайызы белгисиз" деп кызматтан түштүңүз эле. Бул боюнча кандай маалымат бере аласыз?
- Кыргызстан бүгүн маалыматтык заман талабында, фактыга же так маалыматка таянбай, бирөө айтты эле деген имиштер менен жашайт. Мен муну төмөндөгүдөй түшүндүрөт элем. Мына, мен ал министрликтен кеткениме он жылдан ашса да Түндүк менен Түштүктү бириктирип турган жападан жалгыз ушул Ош-Бишкек магистралынын курулушу, мен иштеп турган учурга туш келгенине тагдырыма ыраазымын.
Ошол эле учурда мен ал жолдун акчасын максатсыз пайдалана турган болсом, бүгүн минтип сиздердин араңыздарда отурбай, ордум башка жакта болот эле. Андан тышкары мен министр, кийин Ош шаарынын мэри болуп иштеп жүргөнүмдө дагы ошол бийликке өз позициямды так ачык айтып жүргөм. Акаев, Бакиев убагында керек болсо, азыр дагы мен өз позициямды ачык билдирип келем. Ал эми " Оштун губернатору болуп жүргөндө, гуманитардык жардамды максатсыз пайдаланды" деген да жалган. Анткени, ал убакта эсеп палатасы текшерип, менин ишимен эч кандай мыйзам бузуу тапкан эмес. Бул сөздү ачык айткан себебим мен актануу эмес, тактоо иретинде айтып отурам.

Элдияр Элчибек,
Тоң району, Кара-Талаа айылы:
- Ош жана Жалал-Абадды кайра калыбына келтирүүдө сиз жетектеген дирекциянын иши канчалык деңгээлде ачык айкын иш алып барат?
- Биз атайын иш- аракетибизди ачык-айкын алып барыш үчүн жана коррупцияга жол бербейбиз деген максатта атайын интернет-сайт ачканбыз. Биздин ошол сайтка кирип, дирекция түзүлгөн убактан баштап, мамлекеттик бюджеттен канча каражат которулган жана аны кайсы багытка жумшап жаткандыгыбыз боюнча толук маалыматтар көргөзүлгөн. Кызыксаңыз так цифраны ошол жактан аласыз. Андан башка үстүбүздөн Эл аралык байкоочулар кеңеши түзүлүп, анын жетекчиси катары өкмөттүн биринчи вице-премьер министри Амангелди Муралиев иш алып барып жатат. Ал Эл аралык байкоочулар кеңешине донор өлкөлөрдүн өкүлдөрү, бей өкмөт уюмдар, архитекторлор жана куруучулар союзунун өкүлдөрү кирип иштесе, Ошто коомдук кеңеш да түзүлүп биздин үстүбүздөн мониторинг жүргүзүү менен бирге көзөмөл кылат. Ошондуктан, биздин которулган акчалар максаттуу пайдаланылат деген менде чоң ишеним бар жана буга ишендире алам.
- Курулуш иштерине тендер кандай негизде жүрдү?
- Биринчи улуттук каналдан, ЭЛТРден ачык эле жарыя кылып, тендерге баардык курулуш ишканаларын чакырдык. Ошондой эле өзүбүздүн интернет сайттарда күйүүчү майларды жана башка каражаттарды сатып алууда тендер ачык өттү. Ал тендерлерге эл, теле-радио жана ошондой эле Оштон аккредитация алган журналисттердин баары катышты. Ушул жерден тактап кетким келет. Өткөрүлгөн тендерге биздин дирекциядан тышкары жергиликтүү бийликтен, финансы министрлигинен, мамлекеттик курулуш агенттигинен жана бей өкмөт уюмдар катышып, баары мыйзам чегинде иш жүргүзүштү. Эгерде дагы тендер өткөрө турган болсок, каалоочулардын баарына эшигибиз ачык. Биздин дарек: Ош шаары, Ленин көчөсү 318, эски мэриянын имараты.

Чыңгыз Байтереков,
Бишкек шаары:
- Ошто кайсы курулуш компаниялары иштеп жатат?
- Дирекция өкүлдөрү баштапкы баа менен 1 кв м 330 доллардан коюп, көп кабатуу үйлөрдү курууга тендер жарыяласак, биринчи эле тендерден 295 доллар деп, "Аль-Манар" курулуш компаниясы жеңип кетти. Кийинкиси болсо 64 батирлүү, бирок шарты кичине башкачараак көп кабаттуу үйдүн 1кв м 210 доллар болуп азыр иш кызуу жүрүүдө. Ал эми Бишкектен барган ишканалар жогорудагы эле батирлерди "1 кв м 530-540 доллардан курабыз" деп барышты. Эгерде борбордук компанияларга тартып койсок, анда эл ишенбөөчүлүккө барат эле. Мен буга чейин да айтып келгем жана дагы айтам. Кимдир бирөөлөрдүн кайгысынан байлык топтоо, бул-наадандык. Жеткен абийирсиздик. Андайларга наалат. Төбөбүздө кудай көрүп турат, мен кудайга ишенген кишимин. Мага эртеден бери республиканын ар кайсы аймактарынан чалып, министр учурумдагы Ош-Бишкек жолунун курулушу, Ош шаарынын мэри кызматындагы ишмердигим боюнча ар кандай суроолор келип жатат. Баарына Кудай тараза, эл күбө, Бишкек-Ош жолу иштеп жатат убакыт буга тараза. Эгерде мен таза иштебесем, ар кандай шектүү ишке аралашсам, анда мен азыр башка жерде отурат элем. Себеби, эки бийликтин учурунда тең менин ишмердүүлүгүмдү тиешелүү органдар көп жолу текшерип эч нерсе табышкан эмес, жана мен өзүмдүн жеке абийирим астында мыйзамсыз иш- аракеттерге жол бербейм. Ошол эле учурда эки бийликке тең иштеп турган учурумда алардын айрым иш аракетин сындап, каяша айтып калгем. Мени Акаевдин кадры дешет ал туура эмес, мен Усубалиевдин учурундагы Борбордук Комитеттин номенклатурасында болчумун.
- Азыркы бийликке да каяша айта аласызбы?
- Айта алам. Анткени, мен каяшаны негиздүү айтам. Бирок, жөн эле популизмденгендердин катарына кирбейм. Мына өткөндө эле азыркы бийликтин чоң эшелонундагы бир адам телефон чалып " Сен Бишкектен барган курулуш компанияларын киргизбей жатыптырсың" деп күнөөлөйт. Мен ал киши мүнөздөмө берген компаниянын эсебин айтып, суммасын көргөзүп бердим. Ошондо гана менин көз карашыма ал киши макул болду. Ал эми мени сындап, ар кандай пикирлерди айтып жаткан саясатчылар, журналисттер болсо, мен чет жерге эки жарым жылдан бери башка жумушка кетсем унутуп, мен жөнүндө бир сөз айтпай калышты эле, азыр эми кайра бийликке келсем, ойдо жок ушактарды чыгарып жатышат. Мен мындай ушактарга анчалык деле терикпейм, бирок чындыктын көзүн тоскон жаман көрүнүш. Эсиңиздерден чыкпаса Акаев бийлиги учурунда анын энергетика саясатына каршы чыккандардын алдыңкы сабында болчумун. Ошол учурда он төрт-он беш жигит чогулуп, энергетика саясаты боюнча активдүү топ түзүп, акыры алты айлаган тыкыр ишибиздин натыйжасында мамлекеттик казынага 1 миллиард, 200 млн. сом түшүргөнбүз. Ошонун негизинде Париж клубу 550 млн. доллар карызыбызды кечсе, натыйжасында иштеген биз эмес башка адамдар сыйлык алышкан. Бирок, менин сыймыктанганым, ошол мен жетектеген активдүү топтун курамындагы балдар азыр башкаруу органдарында кызмат өтөп жүрүшөт. Мисалы кээ бири министр, статс-секретарь ж.б.

Арслан Өмүров,
Чүй облусу, Кемин району:
- Жантөрө Жолдошевич Оштун мэри болуп жүргөндө кандай иш аткардыңыз?
- Мен мэрлик кызматта турганда тигини-муну кылдым деп айтыш туура эмес болуп калат го. Аны ошол жердин жашоочулары, шаардын активдери айтса болот. Бирок, суроо мынчалык берилгенден кийин жооп беришим керек. Көптөгөн суу түтүктөрүн чыгардык, тротуар, көчөлөрдү салдык, канализацияларды тазалап, бала-бакчаларды курдук. Жергиликтүү бюджетти төрт эсе көтөрүп ошонун эсебинен мектеп курдурдук. Өзгөчө баса белгилеп кетчү жагдай, бул-Ош шаарын өнүктүрүү мыйзамын иштеп чыгып, көптөгөн семинар-чогулуштарды өткөрүп, ошонун негизинде Оштун мыйзамын кабыл алганбыз. Ошол мыйзам али күнчө иштеп жатат. Ал эми борборубуз Бишкекте бүгүнкү күнгө чейин андай мыйзам жок. Андан тышкары экономикасын көтөргөнгө көп күч жумшадык. Мисалы, мен барып кабыл алганда Ош шааарынын бюджети 96 миллион сом болсо, кетип жатканда 300 миллион сом менен тапшырып кеттим. Салыштырып айтканда шаардын бюджети мен барганда Ош Мамлекеттик университетинин бюджети менен барабар болсо, аны мен аз убакыттын ичинде киреше бөлүгүнө 600 млн. сомго көтөрдүм. Ошондуктан, мен Ош шаарынын келечеги кеңири деп ойлойм.

Айнур Тажиева,
журналист, Бишкек шаары:
- Борборду Ошко көчүрүү идеясына кандай көз караштасыз?
- Ош эле эмес жалпы түштүк регионунда бүгүн абал оор жана чечиле элек көптөгөн көйгөйлөр бар. Биз ал проблеманы саясий компаниялар алдында же бүгүнкүдөй кырдаалда гана эстебестен, тынч убакта да ал аймакты көз жаздымга калтырбаш керек. Бул маселе Акаев учурунан баштап эле көтөрүлүп келе жатат. Эмне үчүн биз бул аймак менен тыгыз иштешибиз керек? Анткени, бүгүнкү күнү ал жерден чоң наркотрафик өтөт. Чек ара проблемасы курч бойдон калууда. Көп улуттуу эл жашаганы менен азыр ал жерде диний экстремизм күч алып жатышына мындан мурун болуп өткөн окуялар күбө. Эң негизгиси бул миграциянын күч алышы менен чек арадагы чектеш айылдар коңшу өлкөлөргө өтүп кетүү коркунучу бар. Бул маселени бир кишинин чечимине такабай, керек болсо элдик референдумга алып чыгышыбыз керек.
- Ош-Жалал-Абадды кайра калыбына келтирүүдө ишкерлерге кандай шарт түзөсүздөр?
- Мыйзамда көргөзүлгөн баардык шарттарды түзөбүз жана ар бир жаран келип түштүк аймагын калыбына келтирүү иштерине катышсаңыздар болот деп айтам. Ал жердеги жүргүзүлүп жаткан аракеттер баардыгы ачык айкын болот. Ага толук негиз бар.

Кенжегүл Бейшеналиева, Стоматолог Бишкек шаары:
- Аймактык реформа деп айтып келебиз, бул кандай болушу керек?
- Албетте реформа болуш керек. Кудай буюрса шайлоо тынч өтүп, парламент келип, мыйзамдуу өкмөт бекигенден кийин, менин оюмча биринчи административдик реформаны жасап, андан кийин гана аймактык түзүлүштү карашыбыз керек. Антпей туруп эки маселени бирге карайбыз дей турган болсок, анда чаң тополоңун чыгарып, баш аламандыкка жол берип койобуз. Мисалы илгеркидей кылып, Ош, Жалал-Абад, Баткенди бир облус кылып коелу деген маселе азыр туура эмес. Бул жерде, райондорду бириктирип коюуда эле канча көйгөйлөр жаралаарын түшүнүшүбүз керек. Мына акыркы окуялар эле бизге область деген керек экенин көргөзүп койду. Эмне үчүн саны аз болсо да Нарын область катары жашап жатат, же Таласты алалы. Анткени ал жерлер коңшу мамлекеттер менен чектеш жайгашып, чек араны аныктап турган аймак катары мамлекеттин бүтүндүгүн аныктап турат. Ошондуктан бүгүнкү кырдаалда бизге областтар керек деп ойлойм. Албетте бизге аймактык реформа керек, бирок азыр эмес. Ал келечектин иши.
Андан тышкары, бүгүнкү көйгөйдөн чыгыш үчүн өкмөт, күч органдары Ошко көчүп барса, ал жердеги абал тез жөнгө салынып, ички миграция токтоп, чек арадагы курч кырдаал тез арада жөнгө салынат эле. Бул турмуш зарылчылыгы деп ойлойм. Дагы бир маселе бар. Мен губернатор, депутат кезимде дагы "жергиликтүү өзүн-өзү башкарууга бийлик бериш керек, алардын колу бутун тушабайлы " деген маселени көп көрдүм. Баардык эле аймакка Бишкектин колу жете бербесин, экономикалык стабилдүүлүктү жана элдин бейкуттугун жергиликтүү бийликте жеткиликтүү укук болсо алар камсыздай алаарын акыркы болуп өткөн окуялар аныктады. Демек, бул маселе дагы күн тартибинде болушу керек.
- Парламенттик шайлоо боюнча эмнелерди айта аласыз?
- Азыр жаңы жазылган Конституция менен партиялык шайлоого баратабыз. Бирок менин оюмча бир мандаттуу округду киргишибиз зарыл болчу деп ойлойм. Анткени азыр келе турган депутаттар жалпы кызыкчылыкты ойлоп, аймактагы көйгөйлөр көз жаздымда калат. Бул жерде аймактык кызыкчылыктан партиялык кызыкчылык жогору болуп калуу коркунучу бар. Ошондуктан азыркы келе турган парламенттин тең жарымын бир мандаттуу округдан шайлай турган болсок, эл баарын өзү таразалап алат эле.

Төлөгөн СУЛАЙМАНОВ