mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Саясат салат

Батага бардыңарбы?
"КыргызГазды" кыйратам" деп барып, Өзбекстандан 140 доллардан алчу көгүлтүр отту 220 долларга көтөргөн, ал ак кызматы үчүн Бакиев министр кылып, "ал кызмат сага татыбайт" деп премьер-министрликке чейин көтөргөн. Кийин кайрадан Максимдин акчаларын адалдаганга Өнүктүрүү фондуна келип, борбордун чок ортосундагы эски "Адмирал" ресторанынын аркасы менен өлкөнүн баардык чоңдору менен жакын ымалаш болгон Игорь Чудинов башка өлкөгө батпасын билип, Кыргызстанга кайтып келсе, У. Ө. "убактылуу" камап койгон. Алардын кимисинин оозуна чучук сала койгонун ким билсин, абактан алеки саатта суурулуп чыгып, үйүндө жылкы союп "аксарбашыл" түлөө өткөрдү. "Жакын арада бул жигит биздин ордубузду талашпаса экен" деп муфтияттагылардын жүрөгү болкулдап жатканын эшиттик.


Нариманка жана "аппагым"
Оозун жапса да тиши көрүнгөн, бирок ордо калаанын көркүн чыгарып, башка мэрлерге үлгү катары иштесе болоорун көрсөтүп, бирок ошого жараша Бакиевди "атакелеп", баласын дос деп, Кыргыз Темир жолун чууга бөлөп, андан кийин мэр болгондо Бишкектеги көзгө көрүнгөн жерлерди каалагандай пулдап, "Нариманка" деген кошмо аттуу кымбат баадагы үйлөрдү курдуруп, оңбогондой акчага туйтунган Нариман Түлеев чоң муштумдар партиясынын катарын толуктап, алдыдагы шайлоодо бешинчи тизме менен баратат. Биздин Убактылуу өкмөт ийне жоготкондой аны издеп жүрүштү эле, барып ошол партиянын эшигин каккылап коюшса. Айтмакчы аякта экс-министр Нурлан Сулайманов деген "аппагым" бар деп жүрүшөт. Эми алар анча болду "акчасы көп эле" деп, катарына Максим Бакиевди, атасы менен апасынын кылыгына кымындай уялбаган Айдар, Бермет Акаеваларды кошуп алышса тууру болчудай.


Шакыйы кармады
Кесиби тарыхчы, билимди Россиянын бир айылынан алган, Абдыганы Эркебаевдин аркасы менен адам болгон, кылган иши журналистика, кайыны казак, мүнөзү орой, саясатта Акаевди жамандап жүрүп көзгө көрүнгөн, тилинен чаң чыкканы менен колунан….
Ошол Адахан Мадумаров кызматсыз калып, кийин бийлик алмашканы шакыйы кармаса эле "гезиттер менен соттошом" деген өнөр таап алды. Бизге да ошондой "соттошсокпу" деген "сураныч" менен кат жөнөтүптүр. "Кыз боозуп, энесин коркутат" болуп, кылган ишине алакчыланган жигиттик сапатка жатпаса керек. Биз Каркыраны, ага төрт пансионатты кошуп, кайындарына бергенине, жаңгак үстөлгө отурам деп "жаңгактай чагылып" түшкөнүнө анчалык ооз ачпадык эле, эми минтип... Андай кыйын экен Адахан мырза алгач Каркыраны сатканы үчүн кыргыз элинен кечирим сурасын, андан кийин "эркектигимди далилдейм" деп далдыраганы үчүн аялдардын алдына барып курун мойнуна салсын. Дагы, оу, дагы айта берсек гезит бети түткүдөй эмес. Бирок, "Форум" , "Учур" гезиттери бир учурда "билген жериңе бар" деди эле, биз да ошолордун катарын толуктап коелу.


Колуңдан коко келсе…
Максим Бакиев Убактылуу өкмөт үчүн "М. Горький" болуп, чекесине чыккан чыйкандан да жаман богок болууда. "Англияга учуп барып, кадимки Борис Березовский жашаган жерге жакын конуп, анын колтугуна кирип кетишинде бир мандем бар" деп жер тепкиледик эле, анын сыры акырындап ачыла баштады. Биринчи "ачылышы" эле Максим Бакиев жалаң чечен террористтерин, эл аралык аферисттерди актаган адвокаттык компанияны миллиондогон долларга жалдап, өзүнө актооч кылып алды. Ал адвокаттык компания учурунда Россияга Борис Березовскийди да Англия өлкөсүнөн экстрадация кылдырганга мүмкүнчүлүк бербей койгон. "Эми эр болсоңор мага тийишип көргүлө" деп тумандуу Альбиондо Мурат Суталинов байкесинин колун Кыргызстанга карай сунуп жүрөт дейт.






кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
а ­е¦Є.НҐй«