mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Саясат салат

Партиялар парады, кетип, кетип барады
Шайлоо жакындаган сайын партиялардын баары кезектеги, кезексиз съезддерин өткөзүп бүтүштү. БШК "26-августка чейин съездиңерди өткөрүп, кандидаттарыңарды тактап бергиле" деген таклип койду эле, баары жарыша съезд менен алек болуп жатып калышты. КСДП, "Республика", "Ар-Намыс", "Замандаш", "Акыйкат", "Ата-Мекен" жана башка партиялар съезддерин өткөзүп, документтерин БШКга жөнөттү.


Баш милийса Туркияда
Өлкө жарым коопту абалда турганына карабай, ИИМ министри Кубатбек Байболов жооптуу кызматын экинчи орунга коюп, Туркияга барып келди. Мыйзамды өтө жакшы билип туруп, мындай кадамга барган Кубатбек Калыбековичтин бул кылыгына таңбыз.

Азикеде эмне "айып?"
Азимбек Бекназаров Ошко Мелис Мырзакматовду жандап бара калам деп экинчи борбордун элинен каттуу кагуу жеп кайтты. Обладминистрациянын алдында чогулган элдин астында сүйлөйм десе "сен ким элең?" дегендей колундагы микрофонун жулуп алышты. Айрымдар эл Азикени таш бараңга алып, керек болсо машинасын карай ок атышканын айтып жүрүшөт.

Камил СССРди каалайт
Көп жылдан бери Канадада жашап, саясаттан алыстай түшкөн журналист "киргиз", кадимки Касымаалы Баялиновдун небереси Камил мырза мекенине келип, азыр Ишенбай Кадырбековдун жанында башкы идеологу болуп, "СССР" партиясынын эшигин сагаалап жүрөт. Сыягы башка партиялар баш чайкап койсо керек. Анын үстүнө Ишеке Камилге жакын тууганы имиш…

Ушинтет анан…
Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүн бирине Минскиден Курманбек Бакиев телефон чалып, "Эгерде УКК СИЗОсундагы Ахмат инимдин бир тал чачы жерге түшсө таарынбагыла" деген талап койгон экен, азыр ал жерде Ахмат үкөсүнүн эркиндиги эле жок болсо, калганынын баары бар дейт. Муздаткыч, телевизор, ак шейшеп, түркүн түс даам… "Күндүзү кымыз, түнү кыз, күжүлдөгөн эр кыргыз болуп" атаңгөрү, чалкалап жатыр дейт, УККны каалагандай калчап. Аларды кармап келген жигиттердин кайран эмгеги…




Чүчкүрүктөн түштүбү?
Оштун мэри эмес, ханы болуп калган Мелис Мырзакматов "борбордук бийлик кабыл алган токтомдор Ошто иштебейт" деп балп эттирди. Анысы ырас окшойт, Коопсуздук Кызматынын экс-катчысы Алик Орозов "Мырзакматов бул жактан "айтканыңарды аткарам, айдаганыңарга көнөм" деп барып алып, Ошко барганда өзүнүн ОБОНдорун чогултуп, бийликке баш бербесин далилдеди" маанисинде маек бергенге үлгүрдү. "Ош биздики" деп касиеттүү жерди менчигине өткөрүп алган бул кайдагы кудайдын чүчкүрүгүнөн түшкөн неме?" деп таржымалына кызыксак, бизнестин битин сыгып, тегерегине криминалды топтогон, апрель окуяларынан кийин Бакиев жана Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө ортомчу болгон "азамат" экен. Сыягы "мэрлик кызматка өмүр бою олтурам" деп ойлоп атса керек.


  Адам сымалдар арааны

Бир үйбүлөнү кырып кетти
Кандуу окуялар көп катталган ушул жылдын өткөн аптасынын жума күнү, тагыраагы 20-августта канкор-зөөкүрлөрдүн тобу Бишкекте оор кылмыштын ордун толтурушту. Куралчан жан алгычтар Бишкектин Бах көчөсүндө жашап, эч кимге догун артпай, турмуш кечирип, ишкерлик менен алектенген Жолдошбек Керимкуловду, жубайы Жийде Казыкееваны, жалгыз уулу Адилетти жана кызы Элизаны, кыскасы, бүтүндөй бир үйбүлөнүн өмүрлөрүн кыйышты. Бишкектеги үйүнөн балдарын атып, кожоюн менен кожойкени аеосуз сабап өлтүрүп, изин жашырышкан канкорлор маркум Жолдошбектин тааныштары болгону айтылууда. Бул боюнча укук коргоо органдары тыкыр изилдөөдө, жакында кылмыш бети ачылат. Бул боюнча кенен, так маалыматты гезитибиздин кийинки санынан окуйсуздар. Маркумдардын сөөгү туулуп-өскөн жери Ат-Башы районунда жерге берилди. Кыргызда "кылмыш кырк жылда билинет" демекчи, бир үй-бүлөнү бир түндө атып өлтүргөн мыкаачыларды, кан кое бербеси анык. Алардын убалы да уктатпай, кусуру урсун!
"Аламүдүн" соода борборунун кызматкери Ажыбек агабызга бир тууган карындашы Жийденин, күйөөбаласы Жолдошбектин жана жээндери Адилет менен Элизанын бей ажал курман болгондугуна байланыштуу, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Карындашыңыздан, опол-тоодой күйөө балаңыздан айрылып, кан жутуп олтурасыздар. Ошентсе да боору бүтүн, башы эсен жан болбойт эмеспи, кайрат кылыңыз. Маркумдардын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Кылмышкерлер тез арада кармалып, жазасын алат деп ишенебиз. Кайраттаныңыз… Сизди жубатаарга сөз таппай, биздин да сай-сөөгүбүз сыздап турат.

Кесиптештери





Көз жүгүртүп коёсузбу
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Кытайга иш сапары башталды. Күндүн биринчи жарымында министр Кытайдын төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри жана Кытайдын банкты өнүктүрүү башкармалыгынын төрагасы менен жолугушту.
БШКдан билдиришкендей, кечээ шайлоого барчу партиялар курултайын өткөрүп бүттү. 30-августта партиялар депутаттыкка сунушталган талапкерлердин тизмесин кабыл алуулар жыйынтыкталат.
Европа биримдиги үч жыл аралыгында Кыргызстанга ар кыл долбоорлордун алкагында 130 миллион евро бөлүп бермей болду. Бул сумманын беш миллиону гуманитардык жардам катары берилмекчи.
Ош шаарынын Жогорку Увам көчөсүнүн тургундарынын билдиришинче, 400 чакты үй-бүлө июндагы коогалаңдан бери "көгүлтүр отсуз" олтурат. Жашоочулардын жергиликтүү жана жогорку бийликтерге кайрылуусунан майнап чыкпай жатат. Алар чыдамы түгөнгөндүктөн, борбордук аянтта нааразычылык акциясын баштоого камданышууда.
БШК алдыдагы парламенттик шайлоону чагылдыруу жана үгүт иштерине катышуу ниетин билдирген 175 ММКны аккредитациядан өткөрдү. Аккредацияга өтүү үчүн 178 маалымат кызматы кайрылган.
Дзюдо жана самбо боюнча эл аралык спорттун чебери, Кыргызстандын Улуттук дзюдо федерациясынын вице-президенти Таалайбек Масабиров Канаданын Монреаль шаарында өткөн спорт чеберлери арасындагы 12-чемпионатта биринчиликти жеңип алды. Кыргызстандык балбан 81 киллограммга чейинки салмакта күчүн сынаган.
Жазуучу Ашым Жакыпбековдун чыгармачылыгына арналган китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылды. Бул иш чараны Улуттук китепкана жазуучунун 75 жылдыгына арнап уюштурган. Салтанатка Ашым Жакыпбековдун жердештери келип, маркум жазуучуга куран окутушту.
Эл аралык кризис тобу деген уюм бүгүн Кыргызстандын түштүгүндөгү кырдаал боюнча баяндамасын жарыялады. "Кыргызстандагы талоондор" деген баяндамада июндагы улут аралык кагылыштын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам, чыныгы жана ар тараптуу чаралар көрүлбөсө, зордук-зомбулуктун жаңы айлампасынын кайталануу коркунучу бардыгы белгиленген.
Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Кыргызстанга берчү аскер-техникалык жардамынын кечеңдешин, кээ бир эксперттер Кыргызстандагы кырдаалга байланыштуу деп эсептешет. Айрымдары анын артында саясий көз караштар турат деген ойлорун айтышууда.








кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
а ­е¦Є.НҐй«