Шырылдаң

Расул "бала багууда"
Расул Маматкулов өзүнүн чыгармачылыгын экинчи планга таштап, кызы Айгеримди элге алып чыкканы жалпыга маалым. Эми уулун сахнага даярдап жатат. Учурда уулуна ырларды жаздырып, келбетинин үстүнөн иштеп, костюмдарды тиктирүү менен алек.

Айчүрөк "аппагын" көрсөтөт
Кыргыз эстрадасынын примадоннасы, КРнын эмгек сиңирген артистти Айчүрөк Иманалиева "Аппагым" аттуу ырына клип тарттырууда. Буйурса ырчы жаңы эмгегин жакын арада ыр сүйүүчүлөрүнүн назарына салмакчы. Андан сырткары күз айларында жаңы идея, жаңы программа менен жеке концертин берүүгө даярдык көрүүдө.

Юранын "юрмаласы"
КРнын эмгек сиңирген артистти, "Досум Үсөн" тобунун жетекчиси Юрий Бобков кыргыз ырчыларынын башын чогултуп, "Ырдайлы кыргыз ырларын" фестивалын өткөрүүгө кызуу даярданууда. Фестиваль ушул айдын аягында, Каракол шаарында өтөт.


Гүлнара күлкү күтөт
Шайыр мүнөздүү, мукам үндүү ырчы айым Гүлнара Тойгонбаева жай аптабында беш ирет көлгө барып эс алган соң Нарын жергесине барып, теңир тоолуктарга ыр тартуулап келди. Эми парламенттик шайлоонун алдында партиялар менен иштешкенге кызуу даярданып аткан кези. "Өлкөдө тынчтык орноп, элдин маанайы жакшырганда, карапайым калктын жүзүнө күлкү келгенде жеке концертимди берем" дейт ырчы.


Асел саясатка салым кошот
КРнын эмгек сиңирген артисти Асель Турдалиева саясатка аралашууга оюу жок. Көптөгөн партиялардан сунуш түшүп, депутат болуусун өтүнүшсө да, ырчы айым саясатка аралашуудан баш тартты. Бирок шайлоо учурунда кайсы бир партияга иштеп берерин ачык айтканы менен, партиянын атын сыр бойдон калтырды.

Айдин Шер ырдап, тергейт
Жаш ырчы Айдин Шер ырчылыкты экинчи планга калтырып, тергөөчүлүк кызматка орношту. Учурда Ысык-Ата райондук прокуратурасында тергөөчүлүктүн сырлары менен таанышып аткан кербези. Программисттик кесиптен юридикалык факультетке которулуп, келечекте мыкты тергөөчү болууну көздөөдө. Бирок ырчылыкты таштабайт.


Айко деген атты жаттайбыз
"Айчүрөк" эстрада театрында тарбияланып келаткан жаш ырчы Айко жаңы ырларына клиптерди тарттырып, музыка күйөрмандарынын назарына салды. Ал эми күйөрмандарына октябрь айында тушоо кесүү концертин тартуу кылат. Азыркы тапта жаңы ырларды жаздырып, концертке даярдыктар көрүлүүдө.

Айгерим Алма-Атага кетеби?
Айгерим Расул кызы тасмага тартылып эле тим болбой, жаңы клиптерди тарттырып, жаңы ырларды жаздырды. Жакында эле Астана, Караганда шаарларына гастролдоп келген ырчы кыз, эми Алма-Атага сапар тартканы турат. Ал жактагы кыргыздар менен казак боордошторубузга концерт тартуулап келмекчи. Айтмакчы, Айгерим тартылган тасма учурда монтаждалууда. Ушул жылдын аягына чейин кино сүйүүчүлөрүнө тартууланат.

Бурул МУСАБЕКОВА




  Акция

Англис тили аркылуу ааламга чык!
Акция, акция, бир гана ирээт!
Гезитибиздин өткөн сандарына жарыяланган "Англис тилин сырттан окуу курсу" боюнча материалдар окурмандардын зор кызыгуусуна ээ болуп, тил үйрөнүүгө ынтызарлардын катары кыска мөөнөттө эле биз болжогон чектен алда канча ашып кетти. Ушундан улам кыргыз жаштарына жана да мамлекетке аба менен суудай пайдалуу ишибизди мындан ары да уланта бермекчибиз.
Ошентип, англис тилин сырттан окуу борбору "Айат" гезити менен бирге келишимдик негизде мектеп окуучуларына, абитуриент, студенттерге, жалпы калк үчүн англис тилин сырттан окутуу курсун ачат.
Курс кыргыз тилинде, республикада алгач жарык көргөн Шайлообек Назаралиевдин "Англис тили 7 айда. Өз алдынча үйрөнүүчүлөр үчүн" окуу китебинин негизинде окутулат.
Окуу мөөнөтү 7 ай, бул аралыкта: жети СД диск, бир китеп,
7 текшерүү тапшырмасы почта аркылуу жөнөтүлөт.
Курсту аяктагандарга сертификат берилип, чет өлкөлөргө чыгып кантип окуп, иштөөнүн, арбын маяна табуунун жол-жобосу үйрөтүлөт. Окуу акысы айына400 сом .
Лицензия № 1400 МОиН .

Каалоочулар төмөнкү анкетаны
25-августка чейин редакцияга жөнөтүңүз­дөр.
Манас көч. 115. Же анкетаны
СМС аркылуу 0773286470 номерине жиберсеңиз болот.
Электрондук дарек: musabekova.b@mail.ru

АНКЕТА
Аты-жөнү
Иштеген, окуган жери
Туулган жылы, жери
Адреси, байланыш телефону