mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Белгилүүнүн белинде
Акактай тишин кашкайта күлүп, жайдары отурган. Билегиндеги ичке билерикти кармалап коюп, жасалма кирпиктерин улам-улам ирмегилеп. Пивону түтүктөн соруп ичип, көз кыйыгынан улам-улам терезе туштагы кымбат баалуу жапон машинесин карайт...

(Башы өткөн санда)
Таңкы чайда, чий боорсок менен жаңы каймак жеп отурган тиги ырчылардын алдына кирип келип эле, тим эле эзелки досторунча баарынын беттеринен өөп, кандай эс алгандарын сурап деле жан алы калбайт. Көптөн бери мындай жылуу мамилени көрбөгөн ырчылардын эбегейи эзилип, бүгүнтөн баштап баягы ит көргөн жашоолору аздап болсо да унут калаарын ойлошуп, акимге атасынан бетер эрээркеп "эми эмне кылалы?" деген суроо баарынын көзүндө турат. Кайбар аким бул жерде кайдыгер турчубу, эми элеки кайратынан жанбай "бак-бак сүйлөп", "биздин районго чынын айтканда көптөн бери эл шайырлары келе элек. Баягы куудулдар айткандай, кичине болсо да рухубузду, духубузду көтөрүп кеткиле. Ачка калтырбастырмын, акимияттан атайын эсебинде, ар кандай кырдаалга, анан силерге окшогон кыраандарга деген каражат бар.Кудай жаратылыш кырсыгынан аздырып, тоздурбаса эле ал акчанын айласын эптеп табаарбыз. Мен силердин камыңарды ойлоп түнү менен райондун активдерин, айыл өкмөттөрүн чогултуп чогулуш кылдым. Ошондуктан азыр убакыт, анан каражат жагына байланыштуу ар бир айыл өкмөтүнө бирден ырчы барып кичине элдин көңүлүн көтөрүп берсеңер. Мен активдердин чогулушунда "артисттерди майдалабай эле баары чогулуп концерт берсин" десем, алар менин айтканыма ынанышпай, "баары бир келсе убакыттан уттурабыз, ал эми бирден келишсе аларды, коноктогонго да гонорарын төлөгөнгө да жеңилдик болот" деп болбой койушту. Атаңдын көрү, акимдин сөзү активдерге өтпөй калат деген эмне деген жакшылык. Илгери чокуга чаап башкарып, айтканыбызды эки кылбай аткарсак, азыр болсо демократия биздин айылда да укмуш өнүгүп, бирдеме дейин десең эле, арыздарын көтөрүп ак үйдүн алдына барат, же отуз кырк ажаан аялды астына салып алып "кет эле кет" деп кыйкырат" деп тиги аким "байкуш" абалын аябай түшүндүрөт. Жылуу сөз кимди гана ийилтпейт. Акимди "аягандар" дароо макул болушуп, бир жагынан чөнтөк толот экен дешип, экинчи жагынан талаалап жүрө берген байкуштар убакытты созбой концерт номерлерин кыскартып, тезирээк үйлөрүнө кетүүнү каалашат. Баарынын бир ооздон макул болгондоруна "жым" дей түшкөн аким дасторконго тез бата кылып, азыр гезит теледен өтө эле акылдуу сүйлөгөн, мурда өтө чоң кызматта иштеген бирөөгө тийип, жер баспай калган ырчыны комузуна кошуп, машинесине салат да, "силер түшкө чейин туруп тургула, мен өзүм келип ар бир айыл өкмөткө өз машинем менен жеткирем. Мен азыр бул кызды баланча айылга табыштап келейин" деп шарт "волгасынын" артына отурат да учуп жөнөшөт.
Эртеден бери эритип сүйлөгөн сөзүнө муйуп отурган тиги ырчы айым, жана эле акимдин көз карашы башкача экенин ички туюму менен туйуп, "кудай буюрса колго түшөөрсүң, менин "алакандай жерим" алыскы райондун акимин эле эмес, далай бизнесмен, министрдин башын айланткан" деп ичинен өзүнүн "карышкырларына" маашыр.
Айылдан чыгып, машине токойго жеткенде аким шоопуруна көз кысып, "токто" дейт. Мындайды бир эмес, бир нече жолу башынан өткөргөн тиги шоопуру да үн сөзү жок эшикке чыгат. Колго түшкөн коенду жөн эле кое бермек беле, кучактаса ырчы айым ага ыктайт имиш, өпсө өбүшөт, эмчегинен кармаса кыңкыстайт, алаасына колун салса жалбарат...
Андан аркысы белгилүү да. Аркы айыл өкмөтүнө жеткенче жолдо катар тиги ырчыны эки жолу "тоңкойтуп" ишин бүтүрөт да, айыл башчысына "эми эмне кылсаң өзүң бил, бирок чөнтөгүн толтур. Анан эл көзүнө көрсөтпө. Мен сени, сен мени көргөн жоксуң" дейт да, кайра бери жакта калган "үйүргө" безет.
(Уландысы кийинки санда)
Талантбек Кайыпбеков





Чыныгы сезим баарына чыдайт
Кылымдан кылым, жашаган сүйүү. Эскирбейт, унутулбайт, жүрөктү эзет, жүлүндү сыздатат. Дүйнөң аңтар-теңтер түшүп, ааламды сел алып атса да сүйүү көңүлүңдү бурап, көкүрөгүңдү кытыгылап турат го, чиркин! Керемети мына ушундай. Далайды тамтаңдатып, акылдан адаштырып, азап чектирген сүйүү. Бири-бирине жетпей жүргөндөр канча, анан өзүн-өзү алаксытып сүйүүсүн ак баракка жазат же бирөөгө айтат. Келгиле, андан көрө сүйүктүү "Айат" гезитиңер менен ортоктош, сырдаш, муңдаш болуп, кымбатчылыкка, жетишпеген турмушка, көзгө көрүнүп-көрүнбөгөн тоскоолдуктарга карабай, жан-дүйнөңдү азыктандырып, майрамга бөлөнгөн сүйүү тууралуу ой бөлүшөлү. Жүрөктөгү сүйүүңө, кымбат адамыңа арналган чакан аңгемеңди жазып, "Айаттын" "Эх, сүйүү, сенин көзүң жок" рубрикасына жибер. Кат жазгыла, кабарлашкыла!
Каттар жөнөтүү үчүн электрондук дарек: musabekova.b@mail.ru


Студенттик күндөр кандай сонун, кандай таттуу, кандай ырахаттуу күндөр десем жаңылышпасмын. Эң кереметтүүсү "сүйүү" сезимине кабылуу. Мен жолдошум менен бешинчи курста тааныштым. Ал менден төрт жаш улуу. Мүнөзү токтоо, уяң, адамды жактырган, жактырбаганын билбейсиң. Буга чейин көп эле балдар менен тааныштым суйлөштүм. Беш кыз жатаканада чогуу жашайбыз. Студенттик күндөрдүн эң таттуусу, мына ошол жерде өтөт. Ачка - ток, жашоо үчүн күрөш ошо жерден башталат. Мен таанышкан жигит жатаканага келип жүрдү. Келет... Чыгам. Көп сүйлөбөйт. Демейде бакылдап сүйлөгөн жаным, ал келгенде апкарып, оозума талкан сугунам. Терезени кайра-кайра карап, кеч киргенде күтө баштайм. Мага келип сүйүүсүн айтчудай сезилет. Сүйүү тууралуу бир сөз айтып койсочу? Көп сүйлөбөйт, жактырган жактырбаганын билбейсиң. Жигит сүйүүсүн билдирбеген соң, кыз намысы жол бербей, мен да өз сезимимди айта албадым. Айтор ошентип жүрүп окууну аяктадым. Адаттагыдай бүтүрүү кечеси болду, куттуктап келди. Студенттер жай-жайларына тарашты. Мен да шаарда калууну чечтим. Мектепте мугалим болуп иштей баштадым. Жатаканадан көчүп кеткенден бери баягы жигиттен дайын жок. Бири-бирибизден адашып калдык.
Убакыт учкан куш экен, арадан бир жыл өттү. Күндөгүдөй мектепке бардым, курбу кызым мени менен иштейт. Баягы жоголуп кеткен жигит издеп келгенин айтты.
Сүйүнгөнүмөнбү, таң калганыманбы сүйлөй албай, укмаксан болуп көпкө отурдум. Курбу кызым да кайра - кайталап айталбады. Жумуштарымды бүтүрүп, үйгө келдим.
Ичимен кудуңдап сүйүнүп, жолуккум келди. "Жолуксам кандай болот, сүйлөйт бекен, кандай болуп калды экен, кантип жолугам?" айтор, учу кыйры жок суроолор жүрөгүмдү эзип жатты. Таңдын атмайы да кылымга тете болду. Мектепке барсам астыман тосуп чыкчудай сезилет. Күндөгүдөн эрте жумушка бардым. Менин сүйгөнүмөн дайын жок. Чыдамым жетпей курбу кызыман өзүм сурадым.
- Сен жолуктуңбу?
- Ооба.
- Мени сурадыбы?
- Жок.
Мындай жоопту күтпөгөн жаным көпкө чейин өзүмө келе албай, көзүм жашка толду. Ахыбалымды байкаган курбум чыдабай, сени сурамак түгүл "бир жылдан бери издеп жүрүптүр" деген жоопту алгандан кийин эс алдым. Көзүмөн аккан мончок-мончок жашты аарчып, экөөбүз көпкө сырдаштык. Убакыт өтүп биз жолугушчу күн келди. Бир жыл көрүшпөй сагынышканбызбы бир ай жолугуп, баш кошуп алдык. Турмуштун ачуу-таттуу күндөрү өтүп жатты. "Беш кол тең эмес" тура, кудай тилегимди берип, жолдошум абдан жакшы чыкты.Эки уулдуу болдук. Бирок, кайын журттан мага кудай айтпаптыр. Айтайын дегеним үй-бүлөөдө эң негизгиси аял менен эрдин ортосунда ишеним сүйүү күчтүү болсо, кыйынчылыктарды жеңүү жеңилге турат. Ошентип, мен бир келген сүйүүмдү колуман келишинче аздектеп сактап калууну, үй-бүлөөлүк очогумду өчүрбөй тутантып кетүүгө болгон күч аракетимди жумшап келем. Бул менин махабатым, менин сүйүүм. Алия.




Айлакер
Айым 2
ТОБОЛ ӨРӨМКАН
Сериал

"Айлакер айым-2" сериалы уламдан-улам ого бетер бүйүр кызыктырат. Заринанын баласы кимден, Канат Темирбекович экөөнүн тагдыры кандай болот, Салыйка жалдаган детектив кызга кол салабы, төрөт залдан уулун уурдаткан Зарина кандай кадамдарга барат жана Заринаны апасынын оор тагдыры ж.б. ж.б. жөнүндө билип, сериалдын кызыгына баткыңыз келсе, анда "Айат" гезитинин бир да санын калтырбай окуңуз.

(Башталышы өткөн санда)
Титиреген дасторкон, көз жоосун алган арактын түрү турса да кыздын санаасы түгөнбөйт. Курсагындагы баласын ойлойт. Акыркы күндөрү арак да көп ичилип, секс да түгөнбөй, жакшы да эс ала элек. Доктур болсо унутта калды. "Биринчи баламды эптеп жакшы төрөп алсам экен, муну жоготсом өлдүм, көзүр картам ушу бала да. Бала менен Канат Темирбековичти аркандап отурбаймбы. Кантем? Балким Сапарга да "боюмда бар, атасы сенсиң" деп айтсамбы. Жок, кое турайын, убагы келгенде айтам" деген чечимге келди да алдында турган аракты шып алып жиберди. Бирткеден соң денеси жибип, сүйлөгүсү келип, күлкүсү чыгып, үй ичин жаңырта ырдады. Сапар ачылган оозун жаба албай убара. Заринанын ырдаганын укпаптыр. Улам кызыган сайын кашты серпип, көз кысып, секетпайларды биринен сала бирин куюлуштуруп ырдап аткан кызды ого бетер сүйүп калды. Ар бир ырдын ортосунда Зарина Сапардын мойнуна колун оролтуп, тизесине отура калып бети-башын аймалайт. Эркекке мындан артык бакыттын кереги барбы? Ичинен көлкүлдөп эрип, үнү коңгуроодой назик, кылыгы кырк миң сан периштени колдон чыгарбоону чечти.
Зарина жарым сааттан ашык тынбай ырдады. Ичке кирген 100 грамм ал ансайын демине дем, күчүнө күч кошуп, эми бир укмуш. Арака ала-гүү Сапар да кумарланган эркин тыя албады. Кызды басып жыгылды. "Арак менен арзуу акылдан адаштырат" деген чын бейм, Заринаны энеден туума чечиндирип, чолоо жерин калтырбай аймалап өпкүлөдү. Жан жерин аялуу аймалады. Тим эле өмүрдүн акыркы минуттарын жашап аткансып, экинчи жолу аял койнуна жатпай тургансып, сугалактанып, колдон келсе жеп ийейин деп, төшөктө түркүн оюн көргөздү. Үй бүлөлүү, жашы өтүп калган эркектен мындайды күтпөгөн кыз да кумар кучагында балкыды. Өзүн бактылуу сезип, төшөктө туйлап, онтоп, бирде тоого чыгып, бирде жерге түшүп, шалкылдап тердеп, сыйкыр керемет дүйнөгө арбалганын айт. Көп эле эркектин койнун жылытты эле, мындай тири шумдукту биринчи көрүшү.
- Алтыным, берекем, эми сени колдон чыгарбайм. "Командировкадан" бараарым, менен аялыма ачыгын айтам. Макул болсо сага нике кыйдырып башыңды ачам. Бир-бириң менен жетелешип оокат кыласыңар, тырыңдаса ажырашам.
- Жинди болбочу, кантип ошондой болсун? Мени менен жетелешмек тургай көргөн жерден башымды жулуп алаар. Сиз да кызыксыз, андан көрү мен сизге тийемби, ушуну сурабайсызбы? Ата-энем эмне дейт, жалгыз кызыбыз бирөөнүн экинчи аялы болду деп сүйүнмөк беле. Ага өлүп баратса да жол беришпейт.
- Тийесиң, тийбей кайда бармак элең. Билем, мен сага жагам, жакпасам жанымда жатпайт элең да. Коркпо, өмүр бою сени кор кылбайм, алаканыма салбасам да башкасынын баарын жасайм. Бул үй кичинекей десең, шаардын чок ортосунан особняк алып берем. Ага кудуретим жетет.
- Эркектер кызыксыңар, эртең жолуңардан менден жаш, сулуу бирөө чыкса ага деле ушинтип төгүлүп-чачыла бересиңерби?
- Жок, мактанбай эле коеюн, сага чейин далай жаш кыздар алдымда бийлеген, керек болсо "сүйдүм-күйдүм" деп артымдан жинди боло чуркап, алды үйүмө чейин барып, аялыма да концерт коюп кетишкен. Бирок, сен башкачасың, сен башкасың. Айтор жүрөгүмдөн кетпей туруп алдың билбейм, азезилсиңби, шайтансыңбы, жипсиз байладың. Иши кылса сени алмайын жаным тынбайт. Артыңан калбайм, керек болсо илибойу менен дуэлге чыгам.
- Кой, анчалык катуу кетпеңиз. Мен бирөөнүн жылуу уясын бузуп, бала-чакасынын каргышына калгым келбейт.
Зарина ичинен ушинтип айтып алып, кайра улутунуп жиберди. Канчадан бери эле "мени Канат Темирбекович алат болду бекен?" деп үмүтүн үзбөй, ак эткенден так этип эле келе жатпайбы. А анысы болсо катынынан коркуп, бүжүрөп, балдарын кыя албай, же жыргатып эр боло албай үйүндө жүрөт. Ичинен "сооп силерге, убагында мага окшогон далай кыздын убалына калгандырсыңар, эми силерди мен ойнотуп койсом эч нерсе болбойт" деп текеберленип турду. Аңгыча телефону шы-гырады. Караса Канат Темирбекович. Жүрөгү шуу деди. Түндүн бир маалында үйгө жетип келгенби деген да ойго жетеленип, айтор чекесинен кара тер кетти. Атайын албады, бирок депутат кайра-кайра чала бергенинен айласы жок, Сапарга "апам издеп атат" деп шылтоолоп, ваннаны көздөй чуркады.
(Уландысы кийинки санда)











кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
а ­е¦Є.НҐй«