mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

КАНДУУ ЖОЛ
(Башталышы өткөн санда)
(Детектив аңгеме)
Кадырман окурман, кыргыздар башынан кечирген акыркы беш жылдыкта экономикабыз эңшерилип, байлыгыбыз кемигени менен кылмыштуулук гүлдөп өсүп, өлүм-житим эпсиз көбөйгөнүн билебиз. Атайылап адам өмүрүн кыйуу ачыктан-ачык аңызга айланды. Натыйжада "Кандуу жол" аттуу китеп капилет жаралып, калк ичин аралап кетти. Анда Медет Садыркулов баш болгон Кыргызстандын саясатына таасири күч көрүнүктүү ишмер адамдардын жалданма киши өлтүргүчтөрдүн кантип курмандыгы болгону жана кимдер жалдап кан күсөгөнү кеңири баяндалган. Биз ушундан тарта каралуу "Кандуу жол" китебин барактап, сандан-санга узатабыз. Эмесе, жакаңызды кармап, үзбөй окуй бериңиз.

- Медер, сен билесиң, мен сенден коркпойм.
Арт жагынан бул үн чыкканда маңдайда турган киши каптал жакка чыга берди да, алдыга басып келе жаткан маскачан кишини карап туруп калды. МЧС ордунан турууга аракет кылды эле эки жагындагылар ийиндеринен басып токтотуп коюшту. Генерал Жакен Самиевич МЧСтин маңдайына келип, эки-үч кадамдай жетпей токтоп калды да маскасын чечти: Биз азыр кетебиз. Ал жанатан бери суроо берип жаткан кишини жаңсап көрсөттү. "Экөөбүз кетебиз, а сени менен бул балдар өздөрүнүн тили менен сүйлөшөт, жооп бербегениңди көрөм, сенден бышыксынгандар да сынып беришкен, менин сага кеңешим, бардыгын толук ачканың өзүңө эле жакшы, оюн бүттү, аны түшүнүп турсаң керек"
- Оюн эми башталып жатат, Жакен, мен деле сенден корккон эмесмин, коркпойм дагы. Көп болсо өлтүрүп коесуңар, аны менен маселе чечилбейт да. Эртең мени да сурап алуучулар бар, алардын алдында жооп берип кала турганыңды да ойлон.
- Ойлонгондо эмне, сен өзүңдү эр ойлоп жатасыңбы, сени кыйын кылган биз болчубуз, сага бийлик бердик, мүмкүнчүлүк бердик, азыр кимсиң сен, эчким эмессиң. Генерал сол колуна маскасын оң колу менен ороп жатып тиштенгенсиген түр менен ушуну айтты да, жанында турган кишиге " жүрү" дегендей кол шилтеп, эшикти карай жөнөдү. Кетип бара жатып беркилерге кайрылып: Бир аз иштегиле, балдар, - деп айтты.
13-март, күнгө жума.
Түнкү саат, үчтөн жыйырма мүнөт өттү.
Экөө чыгып кеткенден кийин калган төртөө тең сырткы курткаларын чечишип, ички жука форманын жеңдерин түрүүгө киришти. Маскаларын чечишкен жок. Алардын сырткы түрүнөн кандайдыр бир жырткычтыктын илеби келип тургандай болду. МЧС аларга кайрылып:
- Балдар, эмне кылып жатканыңарды ойлонгула, эртең жооп берүүчү учур да келип калат - деди.
Жанатан бери аны ургулап жаткан киши турган ордунда бутун артка шилтеп көкүрөккө тээп жиберди. МЧС отурган орундугу менен кошо учуп түштү, башы дубалга тийди. Эсин жоготкон жок, эти ооруганын да сезген жок. Колдору кишенделүү болгондуктан, чыканактап турууга мүмкүн болбоду. Бир капталына оодарылып кош колдоп жер таянып, тизелеп атып турду да тигилерди тике карап:
- Силерге эмне керек болуп жатканын түшүнгөн жокмун, силерге ушунун эмне кереги бар? - деди.
- Айтты го, уктуңуз да, эмне керек экендигин, биздин милдет сизди сүйлөтүш - орто бойлуу толмочунан келгени жакындап келди да, жакадан алып, өзүнө тартып туруп сүзүп жиберди. МЧСтин көзүнөн от чагылышып кетти, мурду сынып кетти окшойт, карч деген үн угулду кулагына, мурдунан төш ылдый кан жая берди, башы айланып кетти.
- Чечип салчы наручникти, биз менен мушташмак беле. Ачкыч сендеби, орундукту тургузуп койчу, келе бери. МЧСтин жакасынан кармап теңселтип жыкпай турган киши бир колун бошотуп, арт жакка сунуп ачкыч алды, анан аны сүйөп орундукка отургузду, кишенди чечти да бурчка ыргытып койду.
Андан кийин туура беш мүнөткө жакын убакыт төртөө колдорунун да, буттарынын да кычуусун кандырды, бир жери сынат же үзүлүп кетет деп аяшкан жок, кадимки спорт залдагы кум салынган мүшөктү тепкилеп жаткандай тепкилешти. Кыязы анын тагдыры, бул сурак бүткөндөн кийин тирүү калбасы дайын иш окшойт. Уруп, тээп жаткан кыймылдары да шайдоот, бул биринчи жолку тапшырма эмес экендиги да көрүнүп турат, атайын даярдалган башкесерлер өңдүү кебетелери. МЧС эсине келгенде цемент полдо жаткан, жердин баары кан, чыйрыгып калганбы же тепкинин уусубу, бүт денесин калтырак басып турат, ээги ээгине тийбейт, оозу толтура бир нерселер, аракет кылып түкүрдү эле эки-үч тиши уюган кан менен кошо чыкты, эриндери калбайып күрмөөгө келбейт, эки көзү тең шишик менен кан аралаш жабылып калган, арасынан шоолалап кичине бирдеме көрүнгөнсүйт. Башын көтөрүүгө аракет кылды эле:
- Ой, мунуң өлбөй эле тирилип кетти, куйчу суудан, - деген үн чыкты.
Дароо эле башына, жонуна муздак суу шар куюлду, денесинин калтырагы ого бетер күчөдү, бирок, эсине толук келе түштү, эки колуна таянып өөйдө турууга аракет кылды. Экөө эки колтуктан алышып, орундукка отургузуп коюшту.
- Бар, шефти чакыр, кайра жыгыла электе сурап алсын.
МЧС көзүн жумуп, башын бир аз артка кылып чалкалагандай отурат. Ой тизмегинде Президент, анын бир туугандары менен балдары чубалды. Бул иш алар тараптан жасалып жатканы айдан ачык болбодубу, Жакендин өзү келип ушул жерде турушу, алар үчүн бул иш өтө маанилүү экендигин айгинелеп жатат. Эки-үч күнгө озунуп кетишти. Эртеңки иштер башталып кеткенде булардын алы жетмек эмес, өзүнө да жакын жолой алышпайт болчу. Бардыгын ойлонуп, эсептеп жатып, "ушул саам жолдон алдырып жиберем" деп ойлогон жок эле.
(Уландысы кийинки санда)




  Сандан санга

АЙЛАКЕР АЙЫМ
"Аялдын амалы кырк эшекке жүк" дейт кыргыздар. Анын сыңары азыркы заманда айлакер айымдар каалаган эркегин торго түшүрүп, керек болсо ыйык эсептелген үй-бүлөлүк очогун бузуп, өз жыргалы, өз бактысы, айтор өзү үчүн күрөшкөндөр жок эмес. Ал тургай модага айланды. Айлакер айымдардын кылтагына биздин заманда жашап аткан бизнесмен, министр, депутат ж.б. мырзалар түшүп, тагдырдын миң түркүн сыноосуна тушугуп, бирде ыйлап, бирде күлүп, бирде кумардын туу чокусун багынтып, айтор, турмуш дөңгөлөгү чимирик. Мен дагы мына ушундай тагдырдын жазмышына моюн сунган бир кезде райондук аппаратта иштеп, анан депутат, анан министр, анан ... болуп тагдыр тегирменинде айланган мырзанын, эң негизгиси ашкан айлакер, сулуу, бирок аягы суюк Заринанын турмуш-тагдырына саресеп салмакчымын. Бирге үңүлөлү... Кызыктар али алдыда...


(Башталышы өткөн санда)
- Аа, билем, просто ойлорума башка нерселер түшүп кетти. Ооба, абышкам кой десем болбой, карыганда романтик болду. Күн кур эмес белек-бечкек. "Жаш кезде кыйналып жашаганыбыздын компенсациясыбы?" деп тамашалап калам. Канатка азыр алтын эмне болуп калыптыр, күндө бирди алперсе да аздык кылат эмеспи?-деп кара күчкө каткырып күлдү. Бирок ичи эңшерилип, күлкүсү жалган болуп атканына ыйлагысы келип кетти. "Кайсы алтын? Кимге алперди? Кудай уруп жашыруун үйлөнүп алганбы? Анысы төрөгөн жок бекен? Чын эле колдон чыгардымбы?" деген сансыз ойлор мээсин тепчип жиберди. Чыны кармаган колдору калтырап кетти. Маңдайында турган классташын жек көрүп кетти. "Баарын билип алып, мени табалап атабы? Кантсем, мындан кантип кутулсам, каап чайга чакырбай эле койбой" деп ичинен өзүн жектеп атты. Алмакан болсо сүйлөп атат, сүйлөп атат. Бирин укса, бирин укпады чуулдаган кулагы. Бир топто эсине келди окшойт "кой, Алмакан, мен таң эрте келгем, кетишим керек. Телефонумду жазып ал, кабарлаш. Үйгө кел, кенен отуруп сүйлөшөлү, шашпай" деп калдастап турганга шашты. Алмакан жана эле дүйнөсү түгөл, шайма-шай отурган классташы Салыйканын мынча тез өзгөргөнүнө түшүнбөй, бир эсе таң калса, бир эсе "ии, сөйрүк, былчыйган чочко, теңине албай калган тура. Байлыгыңа байпагым" деп мурдун чүйрүдү.
Салыйка массаж, скрабга, бетин тазалатканга, кашын оңдоп-түздөткөнгө жазылып койгон эле, баарына "шашылыш жумуш чыгып калды" деп айтып, кечирим сурап, чала жуунуп кеткиче шашты.
Үйгө келээрин келип алып, жаны жай алсачы. "Ким?" деген суроо жан-дүйнөсүн тепчип туруп алды. "Кантип билет, ким айтат, кандай кылат?". Жоопсуз суроолор. Бир кылым жашап ийгенсип карый түшкөнсүдү. "Ачык эле алтын алып, дүкөн кыдырып жүрсө, анда мунуку чын эле олуттуу. Ойсокесин бүгүн алтынга чөмүлтсө эртең, эртең... Балким Алмакан калп эле мени сынадыбы? Атайы бузукулук кылып атабы? Балким көрө албайт? Айтор ар кайсыны ойлоду. Сырын айтып алайын десе ишене турган эч кимиси жок. Баары эле жойпуланып кошоматтанган менен сыртка чыкса эле душман. "Эми эмне кылам?". Канча саат ойлонгонун ким билсин, убакытты да карабаптыр. Курсагы курулдап ачып, фитнесске барчу убагы болуп калыптыр. "Неси болсо да арыктаганды токтотпойун" деп мерчемдүү тамагын жеп, спорттук кийимин кийип сыртка жөнөдү. Лифтте баратып, өзүнүн тапкычтыгына сүйүнүп кетти. Күйөөсүнүн айдоочусунун тамырын тартып, акча, тыйын берип жакындатып, маалымат алып туруу.
Зарина Акындар менен коштошкон соң эки-үч сыйра чыштай кийинип алууну көздөп, "Караванга" кирген. Кашайып Канат Темирбековичи чалып "анда мен үйгө кете берейин, эртең келем" дебедиби. Бир чети жакшы болду, Акын менен сүйлөшкөн соң маанайы чөгө түшкөн. Анысын байкатып алса жаман. Фигурасына жараштырып ак, көк, кызыл костюм алды, юбкелери менен. Баалары да жакшы. Эми өзүн караш керек да, бекер акча турганда не? "Каравандан" чыгып, көчө бойлой жөө келатып, бир имараттагы кулактандырууну окуду. Компьютер, англис курстары жөнүндө. Шыр эле кирип жазылды. Мектепте жакшы окуган да англис тамгаларын аз да болсо тааныйт. Жумасына 4 күн сабак. Үйгө кечирээк келип, жумуртка кууруп жеп жатып алды.
Эртеси кычырап алып келди сабакка. +зүн бир башкача сезип, канаты болсо учкусу келет десең. Тез эле таанылгыстай өзгөрөөрү үч уктаса түшүнө кирген эмес. Айылдагы инисине чалса, "үйдүн дубалы көтөрүлүп калды" деп кубанып эжесине алкышы миң. Компьютер менен англис тилине удаа-удаа жазылган, эки саат убакыт кетет. Сабактан чыгып, китеп дүкөнүнөн англис китептерин алды. Мына эми алаксый турган иши, алдыга койгон максаты бар. Эмдиги жылы окууга тапшырат. Качанкы ишке ашпай калган ой-тилектерине жетет. Зарина Канат Темирбековичке жолукканы күнүгө "кудай ушуну кут кылса, эч ким көз артпаса экен" деп ичинен миң мертебе кудайга жалынганын унутпайт. Үйгө келип, казанга эт салды, бүгүн Канатына бешбармак жасап берүүнү чечти. Байкаса жүрөгү бир башкача согуп, күн сайын депутатка арбалып, сүйүп бараткандай. Баягы пайдаланып, пайдаланып таштап кетем деген ойу туманга сиңгендей жок. Тескерисинче, өз бактысы үчүн жандалбастап күрөшүүнү чечти. Ага тоскоолдук кылгандар Акын менен курбусу Айнура. Экөөнөн эптеп кутулуу керек. Бирок кантип? Ошо кантип деген ой эми Заринанын күнү-түнү мээсин жечү болду.
(Уландысы кийинки санда)




кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
а ­е¦Є.НҐй«