Максат Кулуев, КМАД театрынын актеру:
"Кымыз ичкен кырдагы кыргыздаймын"
Артист Максат менен Соң-Көлдө кезиктим. Бозүй ичинде комузун толгоп, керегедей керилип, санат-термеден төгүп атыптыр. Үнү сөзүнүн маанисине куюлушуп, кымызга тойгон кызыл бет кыргыздардын жүрөгүн толкутуп атат тимеле. Кыргыз баласы микрофону жок эле бийик тоодо ырдаса, би-ир сонун ачылат экен, ов!..

- Максат, төкмөлүккө ыктаганыңды байкап жүрөм. Манас да айтасыңбы?
- Буйрук экен, Соң-Көлдөн жолугуп турабыз. Бул жерде Манаска кумарланган, кыргыз тукумдары баш кошуп турганы жакшы жөрөлгө. Бул да болсо кыргыз духу үчүн чоң ийгилик. Мен Манас айтуу үчүн эмес, Манас айтуучуларды коштоп, төгүп ырдоо үчүн Маданият министри Садык Шер Нияздын демилгеси менен келдим.
- Манасчылардын айткандары жактыбы?
- Ушундай чоң нерсеге кол салынып аткандан кийин көрүнүктүү манасчылар айтып турса керемет болмокпу деген ой келет. Уркаш, Сейдракман аксакалдарга катарлаша Рысбай, Замир, Улан, Дөөлөт аттуу тың чыкма жаш манасчылар дагы өнөрлөрүн төгүп турганда… Бул жерге көп эле тойлорго келип жүрчүбүз. Анда жети дубандан келген эл топурап, башка улуттан сонуркап карагандар көрүнүп, эл аралык мааниде өтчү эле. Бүгүн болсо тек Манас угуу катары өтүп жаткандай.
- Театр тармагыңарда абал кандай?
- Театр боюнча айтсам, ал жердин жыртыгы бүтөлө элек. Акындык чөйрөдө ар кимибиз өз арабабызды кылдыратып жүрөбүз. Партиялардын күнү келе жатпайбы, чакыруулар болуп жатат. Кайсы бир элге алымдуу партиянын "ырын ырдасамбы" деп ойлонуп турам. Себеби, кандай шайлоо болбосун талапкерлер маданият өкүлдөрү менен кызматташат. Өзгөчө эстрада тармагы негизги орунда. Акындар өз ордун билип, көп жерге барчу эмес. Азыр 7-апрелдеги окуялардан кийин жалаң Манас, комуз, акындардын ырын, айтышын угуу маанилүү болуп баштады.
- Төкмө-акындар партиянын саясат ырын ырдаса, "арзымат" болуп кетпейби?
- Ошондой жаманатты жагдайы да бар, чынында. Бирок, мындай кырдаалда акындын жеке даремети, чеберчилиги роль ойнойт. Акын болобу, ырчы болобу, партия добулбасын кагып элге жек көрүнгүсү келбейт. Биз элдин адамдары болгондуктан, жалпы партия аттууларды бир бүтүндүккө чакырабыз. Өнөрүбүздү ушундай өңүттөн көрсөтө алсак, жалпы эл алдында таза өнөрпоз бойдон кала беребиз. Митинг, анти-митингдерде көп ырчылар бир тарапка ырдаганын угуп, көрүп эле жүрөбүз. Бул нерсе ырчы-чоорчулардын өз аброюн түшүрөт. Жеңилген тарапка ырдаган ырчы куугунтук көргөнүнө күбө болгонбуз. Ырчылар акча үчүн чуркабай эле койсо. Бир жакшысы театрдын саясат менен иши жок.
- Жаңы маданият министри жаңыча бирдеме баштачудайбы?
- Ал министр эмес кезинде эч кимди карап отурбай эле "Айтыш" фондуна, киночуларга, "Манас" айтуучуларга эмгегин арнап келгени баарыбызга белгилүү эмеспи. Бул кишинин уюштуруучулук дарамети күчтүү, демек, бир далай маселелер пайдалуу жагына оойт деп ишенем.
- Жекече кандай пландарды "кайнатып" атасың?
- Улуттук телеканалда театр дүйнөсүнө арналган берүү ачуу алдында турам. Азамат Болгонбаев досум акындык, улуттук өнөрдү, мен театр кызматкерлерин өмүр-тагдырын баяндаган берүү кылсакпы деген ойдобуз.
- Төкмөлүк өнөрүңдү күчөтөсүңбү же чегине жеттиңби?
- Улуу Манас дастаны дагын удургугун төкмөлүк өнөрдөн келип жаралган эмеспи. Ырамандын ырчы уулу, Жайсаң ырчылар ушул өнөрдүн көзүн ачкан адамдар болгон. Бул нерселер акындык өнөр Манас доорунан нары эле бар экенин айтып турат. Демек Ала-Тоонун кырында баскан улуу ырчылар ошол кезден азыркыга калган керемет жаратылышты ошондо эле ырга салган. Улуу баяндарды, эчендеген кенже эпосторду жараткан - бул төкмөлүк өнөр. Төкмөлүккө кичинемден эле оогом. Мектеп жашынан эле батынып кол салып, учурда батыл киришип, ынтызарланып, дилгирленип турган чагым. Күчөйм го…
- Айтылуу төрт төкмөбүздүн үчөө ары карап кетти. Алардын ордун жоктотпой төгүп атканыңарга каниет кылабыз. Негедир, турпатың Эстекеге жакынырактай, ал кишинин жолойуна түшкөнгө кудретиң жетер бекен?
- Адамдык тилек, жаштык кыял сиз айткан нерселерге жетелебей койбойт. Бул менен купуя сезимиме уюган эртеңки үмүтүм, бүгүнкү аракетим. Бул асылдыктарга кадамымды таштагам. Ал нерсе мүнөздөн көз каранды экен. Ыкшоолук, жалкоолук шерик болуп жүрөт. Шаарда жашасам да "кымыз ичкен кырдагы кыргыздай" болуп басып жүрө бермейим бар. Бирок мен жетем! Аманчылык болсо...
Азамат КЫЯЗОВ




Айпери СЫДЫКОВА, ырчы:
"Чын жүрөктөн баары бир"
Өзүм
Шайыр мүнөзгө ээмин. Достор, туугандар арасында ар убак ачык маанай менен башкалардын да маанайын көтөргөнгө аракет кылам. Жөнү жок бирөөгө таарынып, капалана берүүнү жактырбайм.
Эркелик
Ата-энем ардактуу эс алуудагы адамдар. Жети бир тууганбыз. Эки эжем менен эки сиңдим Москвада жашашат. Үйдө кичүүсү болбосом дагы абдан эркемин. Бир туугандарым "ата-энесинин эрке кызы" деп тамашалап калышат.
Уйку
Чынын айтсам уйкуну аябай жакшы көрөм. Бош убактым боло калса эле уктаганга шашам. Эч ким тоскоол болбой, жакшы уктап алсам ишке да көңүлүм келип, жакшы нерселерди жасайм.
Спорт
Спорттун көп түрүнө кызыкканым менен, учурда спорт менен машыкпайм. Үйдө бий менен машыгып, денемди сергитип турам. Эми Ош шаары мурдагыдай калыбына келсе, спорт менен машыгууга аракет кылам деген ойдомун.
Китеп билим булагы
Көбүнчө детективдүү чыгармаларга басым жасайм. Бирок жигитим "пайдалуу китептерди окубайсыңбы" дегендиктен жашоо-турмушту тереңдеп үйрөтө турган маанилүү китептерге ыктап калдым.
Кооптонуу
Ошто жашагандыктан ал жактагы ызы-чуу аяктаса деле кандайдыр бир коркунуч сезимдер кала берет тура. Ушул себептен кыргыз жергемде тынчтык орносо экен деп тилеп олтурам. Өлкөдө абал курч болсо ар бир жаран тынчсызданбай койбойт эмеспи. Андыктан, алдыдагы парламенттик шайлоо тынч өтүп кетсе экен деген ойдомун.
Сүйүү
Сүйүүгө туруктуумун. Жакшы көргөн адамыма болгон таза сезимдериме аяр мамиле кылам. Буйурса күздө турмушка чыгууну пландап жатам. Жигитим чек ара кызматында иштейт. Өзү улуу лейтенант.
Сулуулук - бул ден соолук
Адам сулуу болуудан мурун көңүлү тынч, ден соолугу чың болуусу зарыл. "Сулуулук адамдын ден соолугунан көз каранды" деп ойлойм. Ошондуктан алгач саламаттыгыма, анан келбетиме көңүл бурам.
Ушак
Ушак сөздөргө аралашканды жаман көрөм. Эгер өзүм тууралуу кандайдыр бир имиш кептерди же ушактарды уксам, Тата Улан ырдаганды "чын жүрөктөн баары бир" деген мамиледемин.
Ашкананын чебери
Камыр жайганда бир аз кыйналганым болбосо, тамактарды түрлөп жасаганды жактырам. Мен жасаган тамактарга эч ким терс баа берген эмес.
Келечек
Кудай буйурса келечекте өзүмдү генералдын жубайы элестетем. Турмушта өз ордумду тапкан сүйүктүү, жароокер жар, мээримдүү эне болгум келет.
Бурул МУСАБЕКОВА