mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Токко урунуп, касиет
даарыган Карыбек ажы
Бир тууган инимдин ушул баласын көргөн сайын жүрөгүм ооруйт. Жардам берейин десем же колумдан эч нерсе келбейт.
Жо-ок, кеп акча-тыйында эмес, кеп ошо баланын дартына 21 жашка чыкканча догдурдан да, бүбү-бакшыдан да даба табылганында болду. Туулгандан жигит болгончо көрбөгөн азабы калган жок, көзү-башынан баштап бүт денесинде тырмактын агындай соо жер калбай кычышып, күнү-түнү тынчтык бербей нервин жеп, колу менен, колунун дарманы түгөнсө тарак менен, ал сынып калса андан да катуу нерсе менен тытынып-тырманып келди, кургурум!
Ал дартты бүгүнкү медицинада "нейродерматит" деп коет экен. Ушул дарттын катарына кирген псориаз, экзема, дерматит, красная волчанка, демотекес, клең, ассимилит (сөөк кулгунасы) сыяктуу тери ооруларына да салттуу медицина кыйратып жардам бере албай келатканын башынан, кечирген адамдар эң сонун билет.
Бирок "кудайды көзү менен көрбөсөң да акылың менен тааны" дегендей жогоруда мен атап кеткен, эми табылбастай көрүнгөн дарттын бир дарыгердин колунан таптаза сакайып, экинчи кайталангыс жагына ооп кетип жатканын көргөндө жакамды кармадым... Совет доорундагы темирдей идеологиянын мектебинен өтүп, "кудай жок, компартия кана бар" дегенден так кесе арыла албай жүргөн жаным алгач ишенген жокмун. Табыптан табып издеп жүрүп (догдурдан түңүлгөндө) акыры ошол - Албанов Карыбек ажыга урунган апам менен инимди аядым.
Көрсө, биз жашап жаткан эле ааламда керемет деген болот экен. Эки айдын ичинде кадыресе сакайып калган баланы көрүп, көргөн көзүмө ишенбей Карыбек ажыны издеп барып аңгемелешип отурдум.
... Окуучу кезде көңүлүнүн көбү спортко бурулуп кеткен Карыбек орто мектепти орто деген баалар менен аяктап, көп катары турмушун улантат. Ошентип күчкө толуп турган 31 жаш курагында токко урунуп, 3 күн эс-учун билбей реанимацияда жатат, "клиникалык өлүм" деген ошо болсо керек, өлүм менен өмүр кармашып жаткан маалда түш көргөнсүйт. Бир ак сакал адам келип, чоң куран китеп берет да, "оку" деп буйрат. Окуп чыгат, бирок эмнени окуганын түшүнө албайт. Ушундай эс-мас абалдан үч күндөн кийин чыккан Карыбек кудайдын кудурети менен жарыкчылыкка кайрылып келет. Өмүрүндө ыклас кылбаган курандын артынан түшүп, ошол илимди үйрөтө турган агымдарды издей баштайт. Кара-Кол шаарынан мурунку казыяты Өмүрзак уулу Абдулвахап "биринчи мугалими" болсо, Амират уулу Абдумаликти ушул ыйык жолдо көп нерсеге көзүн ачкан устатым деп билет.
Анын үстүнө "тегин жерден өрт чыкпайт" - дегендей өзүнүн таятасы Мырзабай да касыйда окуган , касиети артык инсан болгон экен. Мына ошол таятасы Карыбек ажынын көзүнө көрүнүп, дарыларды жасоонун сырларын ачып берип турганын да табып жашырган жок.
"Эң биринчи пациентим өзүмдүн айылдашым, Жон-Булактык Бекен кызы Айгүл эле. Өзү 24 жаштагы медсестра, экзема деген дарттан азап чегип, эмне кана кылбаган, кайда кана барбаганын, өзүнөн - өзү мага ишенип, эңсеп келгенин айтканда, "ушул оорулуу кыздын акыркы үмүтүн актай көр, жардам бер" - деп Аллага жалынып жибердим. Кудурети күчтүү кудайдын жардамы менен айыгып кетти, бүгүн да бар. Канча жыл мурун экзема менен ооруганын унутуп да калган чыгар. Ылайым унутсун" - дегенде элдик дарыгердин тээ тереңде жаткан бир кубанычы жылт дей түштү.
Дарыларын 33 чөптүн түрүн кошуп жасарын билдим. Ошонун 3 түр чөбүн Тибеттен алдырса, калган 30 түрүн Ала-Тоонун коюн-колтугунан чогултуп алат.
Тери ооруларынын көбү жугуштуу, бирок ошого карабай Карыбек ажы ар бир оорулунун жаратына дарыны өз колу менен жабат, резина кол кап да кийбейт. "Өз колум менен жаппасам, ал дарт жөнүкпөйт" - дейт.
(Россиянын Харьков шаарынан келген Олег Макешин:)
"Мен псориаз менен 10 жыл оорудум. Бүт денемдеги жарат күчөп отуруп, акыры крокодилдин терисин каптап койгондой болчу. Европадагы мен деген клиникаларды кыдырып чыктым, канча акчам талаага кетти, же айыккан жокмун. Кыргызстандан барган бир аскер адамынан маалымат алып, жан айласы үчүн Карыбек ажыны издеп келдим. Караңызчы, үч айда таптаза айыктырды, мен жомок айткан жокмун, бул укмуш!" - деп мурунку сүрөттөрүн алдыма таштап койду. Олегдин ооруган кездеги сүрөттөрүн көргөндө кана бүгүнкү бактылуу мүнөттөрүн түшүнөсүң.
А тургай ислам динин кабыл алыптыр. Бул дүйнөгө кайра жаралгандай болуп отурганына ишенип, кубанып да жаттым. Санай берсем мындай мисалдар өтө көп.
"Бир өлүмдөн башканын баарына шыпаа табылат" - деп куранда жазылган дейт Карыбек ажы-дарыгер.
Ар бир оорулуу иш алдыда Аллага ишенип, таза ой менен келиши;
Спирт ичимдиктерин ичпеши;
Катуу мүнөз тамакка көнүүсү;
Атайын арналып окулган дубаларга ниет коюусу парз.
Андан сырткары оорулунун эркинин күчтүүлүгү, акыл-туюмунун тереңдиги, сакайуу үчүн өзүнүн аракети чоң роль ойнойт.
Асманданбы-жерденби, сууданбы-чөптөнбү ... айтор жанталаштырган пенде дартына даба табылып турса, бул керемет эмей эмне?! Арыбаңыз Карыбек ажы - элдик дарыгер!
P. S.: Албанов Карыбек ажынын өзүнүн сайты ачылды, маалымат алып, баарлашууну каалагандар үчүн
islamnurata@aji-psoriaz.com
www.aji-psoriaz.com
Жеңиш АВАЗ




Аденома айлаңды кетирдиби?
Урматтуу редакция, төмөндөгү суроолорума сиздерди атайын адистерден жооп алып берет деген терең ишеничте кайрылып отурам. Жашым 55те, акыркы 6 айдан бери түнкүсүн ажатканага чуркаган өнөкөт таптым. Бул кайсы илдеттин белгиси болду экен? Жыныс бездин чоңоюшу эмеспи?

ЖОЛДОШ, Ысык-Көл обл.
Токтобек ТЕРМЕЧИКОВ, Улуттук госпиталдын 2-урология бөлүмүнүн жогорку категориядагы врачы:
"Бул оору жаш
өткөндө пайда болот"
- Эркектин жыныс безинин чоңоюшу бул аденома деп аталат. Аталган без ар бир эркекте болот. Улам жаш өткөн сайын ал без катып, аденома деген катуу безге айланат. Көбүнчө 50 жаштан жогорку курактагыларда көбүрөөк байкалат. 60 жаштагыларда 60, 70 жашка чыккандарда 70 пайыз аденома бези менен жабыркап кайрылышат. Жогорудагы окурман айткандай түндөсү уктап жатканда эркектин жыныс бези шишип, бат-бат ажатканага чуркатканы бул алгачкы белгиси. Кээде ал түгүл заара толук чыкпайт. Себеби, заара чыккан каналды ал без тосуп калат. Мындай белгилерди байкабаган эркек заарасы толугу менен токтоп калганда анан бизге келет. Бул 3-баскычтагы өтүшкөн түрү. Мына ошол адамды операция жолу менен дарылайбыз. Азыркы убакта айылдарда мурункудай адистештирилген врачтар жок. Дагы бир себеби, кыргыздын менталитетинде эркектердин көбү уялып, убагында дарыгерлерге кайрылбай жүрө беришет да, күчөгөндө келишет. Бул жыныс безинин пайдалуу жагы жаш кездеги үй-бүлөдөгү жыныстык карым катнашка жана балалуу болууга жардамы тийет. Жаш өтүп эркектин жыныстык катнашта күч кубаты кете баштаганда эркектин гормондору да азайып, катуу безге айланат. Жаш өткөндө пайда боло турган ооруу. Без чоңойгондо адам ыйынса, табарсыктагы заара бөйрөктү көздөй тээп, бөйрөктүн иштешин начарлатып, жүрөккө ж.б организмдерге терс таасирин тийгизет. Ошол учурда ал адамга дароо операция жасоого болбойт. Алгач бөтөлкөгө трубка менен заарасын чыгарып,бир же бир жарым айга үйлөрүнө жиберип, кийин анализи жакшы чыккан соң операция жасайбыз. Эгер кайрылган адамдын анализдери, бөйрөгүнүн иштеши жакшы болсо, анда дароо эле операция жасалып, 11-12 күн дарыланып анан ооруканадан чыгат. "Картайганда операция болбоюн" деп ден соолугун алдына ала сактай билген инсандар үчүн да, азыркы убакта толгон дары-дармектер бар.
Сатымкулов Маркул, 79 жашта:
"Картайганда
дарыланып жатам"
- Мен Токтогул районунан заарам чыкпай кан ушатып калганда келгем. Аденома безин алдырып операция болгонума бир жума болду. Токтобек Термечиков деген жигит операция жасады. Кудайга шүгүр, жакшы болуп калдым. Ушул жашка келгени бир да жолу ооруканага жаткан эмес элем. Картайганда дарыланып жатам. Эң негизгиси врачтарга ыраазы болуп отурам.
Жазгүл КАРБОСОВА








кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"





??.??