Баатыр баяны

"Чөгөлөп жашаганча,
чындык үчүн жаның бер"
Баатыр намыс үчүн туулуп, намыс үчүн өлөт. 7-апрелде чыркыраган чындык, ар намыс үчүн кыргыздын кырчындай уулдары жарык дүйнө менен кош айтышып, төшүн окко тосушту. "Жаздыкта өлгөн жаман ат, жоодо өлгөн салтанат" демекчи, бул маркумдардын ысымы түбөлүккө өчпөйт. Бакыт менен кайгы үзөңгүлөш болуп, шейит кеткен баатырлар укугу тебеленип, азаттыкты эңсеген элге жарык нур көзүн ачты. Бирок, канчалаган үйбүлө боздоп, энелердин эмчеги зыркырап, сыздады. Ал тургай күн да ыйлап, көп үйбүлөнүн очогу бузулуп, коломтосу урады. Башына караан күн түшүп, жоготуунун кайгысын тартып, аза күтүп отургандардын убалы кимге? Адамга мал табылышы оңой, адам табылышы кыйын болгондуктан жоготкон адамдын ордун толуктоо колдон келбейт. "Элим, жерим" деп окко учкан маркумдун үйбүлөсүнүн азасын тең бөлүшүү үчүн сапар алып, канкор бийликтин алгачкы огу төшүнө кадалып, Ак үй алдында жан берген баатыр, "Учкун" жаңы конушунун тургуну Огомбаев Жылдызбектин үйүнүн босогосун аттап, жубайынын, бир тууган, коңшу-колоңдорунун оор үшкүрүп эстеген акыркы көз ирмемдердеги эскерүүлөрүнө күбө болдук. Ж.Огомбаев 1957-жылы Талас областынын Ак-Сай айылында туулган. Бир уул, эки кыздын атасы эле. Маркумдун сөөгү 9-апрелде Байтик айылына коюлган.
Сулайман ТЕМИРКАНОВ, коңшусу:
"Качпагыла, качпагыла!" дегенин угуп аттым"
- Жылдыз байке, 7-апрелде эле эмес, 29-мартта да "Пикетке чыгалы. Бакиевдин бийлигине каршы күрөшөлү" деп коңшуларды үгүттөгөн. 6-апрелде "Сулайман, Талас эли көтөрүлдү. Эми жеңишке жетебиз. Эртең паспортуңду салып ал" деп сүйүнчүлөдү. Жетиси саат 8де "паспортуңду алдыңбы? Экөөбүз же партияда болбосок, мүмкүн каттоо болот" деп 2-жолу эскертти. Саат 9да "Форумдун" алдына барсак, эл чогулуп, жарыш сөзгө чыгып атыптыр. Лидерлерден эч ким жок. Бир гана Т.Үмөталиева "Лидерлердин баарын түндө камашты" деген маалыматты айтты. "Ме, муну кармап турчу. Мен да сүйлөйүн" деп байке кол чатырын мага берди. Ошол маалда милициялар ок чыгарып, байкени, Үмөталиеваны дагы 6-7 кишини сүйрөп барып автобуска камашты. Бир аз өтпөй эле байке кайра жаныма келди. "Ой байке, кантип чыктыңар?" десем, "Жарып чыктык" деди. 1-топ элди курчап, кээ бир милициялар кийимин чечип, элге өтө баштады. Саат 10дордо МАИлер Алма-Ата көчөсүн Горкийден баштап жабышты. Милициялар элге каршылык көрсөтүп, кыжырга тийгенде, эл толкуп, Ак үйдү көздөй жөө агылды. Алдыда бараткан Жылдыз байке "Жаныбызды эл үчүн аябайбыз! Чөгөлөп жашаганча, тике жан ташта! Артка жол жок, алга! Булар азыр бизди атат!" деп милицияларды колу менен көрсөтүп кыйкырып атты. Үч чоң машина, желек көтөргөн балдар кыйкырып, ак үйгө жеттик. Бир машина Ак үйдүн дарбазасын сүзүп, ок жамгырдай жаап, эл ары-бери качты. "Качпагыла, качпагыла!" деген байкенин үнүн угуп аттым. Бирок, газдуу октон көзүм ачышып, байкеден адаштым. Ак үйдүн төбөсүнөн улам соксоңдоп спайперлер атып атты. Эл сулап, ок жаап атканда үйгө кетип калгам. Улуу курактагылар саналуу эле, көбү жаштар, колдорунда курал жок, ачка жүрүштү. Көз ачышканда, жууганга суу таппай, суу чөп менен аарчыдык. Кечинде байкенин күйөө баласы "атам окко учуптур, сиз кайдасыз?" деп чалды. Эки желекчен баланын ортосуна түшүп алып, боюу да узун, ак калпакты да кийип алып, кыйкырып бараткан байкени "Лидер" деп ойлошсо керек. Кийин теледен көрсөткөндө "Алга!!! Качпагыла!" деген үнү да жазылыптыр. 7-апрелде таң эрте Шакен байкенин үйүнө нан көтөрүп барып, "ачка болосуң, түшкү чайыңды кошо ичип ал" деген экен. "Форумга", баратып "Шакенди ала кетем деп унутуптурмун" деп орто жолдон кайрылып келип, аны алып кеттик. "Бу бийлик, бийликти жөн бербейт. Кан төгөт. Биз барышыбыз керек!" дечү, алдын-ала билген. Кошуна апа "ай Жылдыз, ак калпак да, кийип алыпсың, эми алдыда жүрбөй артта жүр" десе, "апа, мен чыкпасам алдыга, бу чыкпаса, анан ким чыгат? Эл үчүн чыгыш керек" деген. "Паспортуңарды алгыла" дегени анын кайраттуулугу, Бакиевдин бийлигинен коркпогону. Эртеңин ойлогон адам паспортун салып чыкмак эмес. "Кармалып калсам, артыман иш козгойт" деп корккон жок.
Замирбек ДАУЛЕТОВ, кесиптеши:
"Кан болуп, көк шиберде жатканын көрдүм"
- Жылдызды өтө жакшы билчүмүн. Кесиптешим, кесиби - гидротехник. Айыл чарба институтун бүткөн. ЖОЖду аяктап, Акталаа районунун суу чарбасында 5-6 баланы уюштуруп, жөнөкөй жумушчудан баштаган. Өз кызыкчылыгын ойлобостон, ал балдар менен чогуу иштеп, чогуу жатып, канал салган. Ишин мыкты билген, калп айтпаган, токтоо адис эле. Бул кырдаалды кандай оңдосо болоорун коңшу-колоң, жаштарга билдирүүнү ниеттенчү. Билимдүү, көп жерде иштеп, акылы даана, оюу бийик болгондуктан ичиндеги бугун чыгарып сүйлөйм дегендир, "өлөм" деп ойлобосо керек. "Швецариялык донорлор акча берет. Алардын жардамы менен Нарын, Талас эли, биогазды арзан орнотуп берсек. Ар бир үйдө 20-30дан мал бар. Алардын кыктарынан биогаз чыгарганга техникалар бар экен" деп жылуу Чүйдө жатып суук аймактарды ойлоп, бул боюнча кайдан тапканы белгисиз, кучак-кучак китеп таап алып, коңшуларына айта баштаган. Максаты ишке ашпады. 7-апрелде телевизорду тиктеп отуруп эң алгачкы маалыматтарда көк желек көтөргөн эки баланын жанында 1-катарда ак калпакчан Жылдызбектин кыйкырып баратканын көргөм. Кийин кан болуп көк шиберде жатканын көрдүм. Жаш эмес, 52 жашта болчу. Мен 59 жаштамын, бул кишидей эрдик жасай алмак эмесмин. Жаштар менен коркпой, эч куралы жок, курал-жаракчандарды көздөй тике чуркаган бул - эрдик. Атайын даярдыктагы жоокерлер да куралсыз минтип төшүн окко тоспойт. Булар жүрөгү таза баатырлар. Улуу Ата Мекендик согушта 28 панфиловчулардын колунда курал болгон. Окопко жатып, даярданып, командирди угуп согушкан. Аларга "СССРдин баатыры" деген наам берилген. Булар куралы, даярдыгы, лидери жок эле, кыргыз элинин эркиндиги үчүн шейит кетишкендиктен эки, үч жолку Кыргызстандын баатырлыгын берсе да, орду толбойт.
Сабира ТОКТАЛИЕВА, жубайы:
"Күрөң шымынан
тааныдым…"
- 6-апрелде "Буйруса, эртең жеңишке жетебиз. Ошондо беш бармак жейбиз" деп көтөрүп келген бир жилик эттен бир үзүм ооз тийбестен, муздак жерден орун алды. Жетиси "таң атканча уктай албай койдум. Нан алып келейинчи" деп алтыда туруп дүкөнгө кетти. Ал түнү мен да, уктай албай, бир нерселер артымдан кууп, кыйналып чыккам. Чай коюп, кечиккенинен карасам Шакендин эшигин такылдатып турат. Анан көп өптөй эле келди. Чай ичип отуруп, "Жылдыз, жашың 50дөн ашты, барбай эле койчу. Балдардын ысык чайын ичип, маңдайымда эле отурчу" десем, "Элим көтөрүлүп атса, кантип жатып алам. Мен чыкпасам ким чыгат?" деп койду. Саат 11лерде жүрөгүм опкоолжуп, тарсылдап атты. Ишим Совет, Бөкөмбаев көчөсүндө болгондуктан, октун үнүн уктум. 12ден баштап телефонуна чалсам, жооп жок. Уул-кыз, күйөө балам чалса да, аларга жооп бербептир. Түшкү 1.30дарда чалсам бир орус аял алып, "Исанов 103кө тез жардамга кел" деди. Жумуштан чыгып баратсам, кызым "Апа, атамды атып салышыптыр" деп чалды. Өзүмдү жоготуп, кулагым чуулдап, калтырап, титиреп, кайда баратканымды билбейм. Жаан жаап атат. Эл көп, суу болуп, денем өлүп, 4 саат бир көчөнү айланып жүрө бериптирмин. Улам кызым чалып "ордуңуздан жылбаңыз, жездем келип алып кетет" дейт. Бир убакта күйөө балам келип, өлүкканага бардык. Кирсек, 1-болуп түшүп, жалгыз эле жатыптыр. Күрөң шымынан тааныдым. Эки жагынан көтөрүшкөн окшойт, ичи ачык, жүрөк жагынан чыккан кан уюп, кийиминин сыртына чыгып, кийими канга чыланган, бетинин баары кан, оозу ачылып калыптыр. Көргөндө көзүм тунарып, жанымды коерго жер таппай калдым (Көз жашы мөлт-мөлт агып, оор үшкүрүп). Аян берилгенби белгисиз, 1 ай мурда эле "көтөрүлүш болот, эл азатыкка чыгат" деп жайдары болуп, жаркылдап, жайнап, "тууганым" деп баарын эле ээрчитип келип, эт асып берип, жакшы оюн айтып, башкача болуп калган. 18-мартта туулган күнүндө кыз-күйөө балдарын чакырып, ыраазы болгондой, акыл насаатын айткан. Көрсө, акыркы насааты турбайбы. Небересине да өтө ысык эле. Каза болгон күнү небереси сезгендей эмчек эмбей, ыйлап, колдон түшкөн жок. Таанып калган экен, чоң сүрөтүнө талпынып, жүрөктү эзип, бизди ыйлатып атат…
Бакен ОГОМБАЕВА, эжеси:
"элим, жерим" дечү"
- Биз 2 кыз, 2 эркек 4 бир тууганбыз. Жылдыз эркектин улуусу. Кичинесинен эле зээндүү болчу. Атадан эрте ажырап, Жылдыз 3 жашында калган. Таластагы №6-интернатта тарбияландык. 4-классымда апам "Жылдыз келечекте элдин керегине жараган уул болсун" деп 1-класска интернатка берген, чогуу билим алдык. Балдар арасында тың, уюштургуч жагы күчтүү эле. 8-классты аяктап, Политехникалык техникумга тапшырып, аны аяктаган соң, Айыл чарба институтуна тапшырган. Гидротехник адистигин алып, жаштыгына карабай алыскы Чаткал, Акталаада бир топ жыл эмгектенди. ЖОЖду аяктап барганда деректирликке бекитсе "Ой, мен ылдыйкы тепкичтен баштап билишим керек" деп 5-6 адам менен бригада түзүп иштеп, жетекчилик кызматтарга чейин жетти. Апабыз да, жаш эле өтүп кетип, интернаттан кийин Жаманкараев Жумагул чоң атабыз, Күкүш чоң апабыз тарбиялады. Иним ар дайым "элим, жерим" деп, эл менен бат тил табышчу. Бир туугандар арасында шайыр, үйбүлөсүнө камдуу ата эле. Балдарынын баарына билим берип, жаңы эле небере көргөндө, элдин жыргалчылыгы, эркиндиги үчүн өз өмүрүн кыйды.
Жазгүл КАРБОСОВА