Ош апаатын аралап...
"Эр кайраты бир күндүк, эл кайраты миң күндүк" демекчи, июндагы кандуу коогалаң Ош, Жалал-Абаддагы бир топ адамдын тагдырына балта чапты. Андыктан жакындарынан ажырап, кырчындай уул-кыздарын издеп, каңырыгы түтөп турган, элдин абалын миң уккандан, бир көрүп келүү үчүн жоон топ журналисттер түштүккө аттандык. Жол азабын тартып, сапарыбыз арып, Ошко да жеттик. Мөмө жемиши төгүлүп, гүл аңкыган үч ай мурунку кооз шаардын, көркүн ачкан заңгыраган имараттар, үйлөрдүн түндүгү түшүп, күлгө айланып, урап турганы жүрөктү эзди. Эртеси Ош, Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясынын жетекчиси Ж.Сатыбалдиев, Эмгек, миграция министри А.Рыскуловалар маалымат жыйын өткөрүп, аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат беришти. Жыйында Жантөрө мырза Ош, Жалал-Абаддагы жабыркагандардын бардыгы такталып, анын үстүнөн комиссия иштеп атканын, жабыр таркандарга 200 миң сомдук кредит 20 жылдык мөөнөткө берилерин, о.э. май, июнь айларында жабыр тарткан үйбүлөлөр үчүн 1-2-3-бөлмөлүү 75 батир курула баштаганын, 64 батир дагы курула турганын, Араван цемент заводунан 500 тонна цемент алуу үчүн келишим түзүлгөнүн айтты. Вице-премьер- министр Ө.Абдуллаеванын басма сөз катчысы 7000 адам арыз менен кайрылганын, 6000 өспүрүм балага психологиялык жактан да, материалдык жактан да, ЮНИСЕФ тарабынан жардамдар берилгенин белгиледи. А.Рыскулова жумушсуз адамдардын иш менен камсыз болуп атканы боюнча маалымат берди. Ошол маалда Ош шаарынын мэриясынын жанына М.Мырзакматовдун кызматтан кетишине каршы чыккан адамдардын саны арбып, шаар ураан-сүрөөнгө, ызы-чууга бөлөндү. Элдин сүрү күч болуп, тартип сактоо кызматкерлери болбосо, ичте отургандарыбызды селдей каптап, тебелеп кетчүдөй болуп атты.
Жыйын аяктаар менен эл пикирин билүү максаттында сүңгүп кирип, четте турган Зууракан эженин өзбек туугандарга нааразы болуп, "Булар, болбогон жерден кыздарыбызды зордоп, эл арасына согуштун отун чачышты. Эми балдарыбыздан коркуп жатабыз. Эртең мектеп башталса, кантип барып, келишет. Ушул нерсеге өтө кыжалатпыс". Көптөр балдарын "мектепке жибербейбиз" дешүүдө. Азыр Кудай жалгап, ыйык орозо күндөрү тынч. Өткөн коогалаңды эми гана унутуп, иштей баштаганда Мелисти кызматтан алып салганына нааразы болдук. Иштей турган, элге жаккан адамга тийишпей эле коюшса. Бул элден бир тыйын албайт, эл үчүн иштей турган бала" деген оюн билдирди. Күндүн ысыгына карабай борбордук аянтка пикетчиктер көбөйүп, "Мырзакматов Бишкекте экен. Самолетко отуруптур, бир саатта келип калат" деген элдин сөзүнөн бир саат өтүп, өтпөй, "шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" болуп, Мырзакматов, Бекназаров экөө элди жарып кирип келди. Мелис мырза элине ыраазычылыгын билдирип, кызматта калганын жар салганда, "ураалаган" эл үнү аянтты жарды. Калың эл заматта тарап кеткенине таң калдык. Коопсуздук жаралып кетишинен күмөн санаган журналисттер кийинки пландарыбыз менен ишке кириштик.
Оштогу балдар ооруканасына барып, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен республика боюнча 23-27-августта шал оорусуна каршы улуттук эмдөө күндөрү жөнүндө маалыматтарды элге жеткирүүгө кылган аракеттери менен тааныштык. Жаңы окуу жылына түштүк региону кандай даярдыкта экени боюнча КР Билим берүү министрлигинин мектепке чейинки, мектептен тышкаркы башкармалыгынын башчысы Д.Кудайбергенова "Ош, Жалал-Абаддагы 1022 мектепти ЮНИСЕФ керектүү методикалык жабдыктар менен камсыздады. ЮНИСЕФ менен КР Билим берүү министрлиги бул аймактагы мектеп окуучуларынын коопсуздугун сактоо үчүн мектепке алып келип, кайра алып кеткенге автобустарды даярдап жатат. Түштүктөгү мектептер окуу жылына даяр. Июнь окуясында Шарк айылындагы өзбек орто мектеби менен Ош шаарындагы Хамза мектеби жабыркаган. Учурда ЮНИСЕФ аркылуу Шарк айылындагы окуучулар үчүн утурумдук мектеп катары 10 чатыр курулду. 8 окутуучу класс, бирөөсү мугалимдердин усулканасы, бири 1-4-класстар үчүн ашкана болот. Жалпы 800 бала окуйт. Ал эми Хамза мектебинин жанында тегиз аянт жок болгондуктан ал жерге кайра мектеп курулбайт. 50 метр аралыкта кыргыз, орус мектептери бар, аларга балдарын окутууну каалабай жатышат. Андыктан 100-150-200 метр аралыктагы өзбек мектептерине жайгаштырып жатабыз деп кабарлады. Сапарды улап 70 пайыз өзбек улуту жашаган Оштун Араванына барып, райондун акими Пайзулла Мырзабарамов менен баарлаштык. Бул райондогу 55 мектептин 23 кыргыз, 30 өзбек, бирөөсү орус мектеп экен. 54 мектеп окуу жылына даярдалып Керме-Тоо айылындагы Т.Сатылганов атындагы мектептин курулушу 23 млн. сомдук инвесторлордун каражаты толук келбей калганына байланыштуу бул окуу жылына даяр болбоптур. "13 млн. сом болгондо, бул мектеп ишке кирмек. Өзбек мектептеринин директорлоруна жолукканда "бирден кыргыз класстарын ачкыла" деп жатам" дейт аким мырза. Ошту түрө кыдырып, 75 батирлүү үйдүн курулушуна да келип токтодук. ОсОО Аль-Манар фирмасынын инженери Арынбек Жээнбеков "Ишти 1 жума мурун баштап, эки сменде иштеп атабыз. Жаңы техника менен 5 кабаттуу, 9 баллга чейинки жер титирөөгө туруштук бере турган мындай үй, биринчи жолу түштүк регионунда курулуп атат. 4 айлык мөөнөттө бүтөт. Учурда 12-13 млн. сомдук иш аткарылды. Сметалык баасы 65 млн. сом. Курулуш материалдары, эмгек акылар, соцфондду, салыктары баары ушул сумманын ичинде. Курулушта 54 киши иштөөдө" деп маалымат берди. Жалалабаддагы өрттөлгөн үйлөрдүн таштандыларын чыгарган 150 жумушсуз адамга "ПРООНдун" колдоосу менен "АКДЭТ" долбоору тарабынан күнүнө 400 сомдук эмгек акы төлөнүп атканы туурасында, алардын иштөө тартиби менен Ош, Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясынын Жалал-Абад областы боюнча эксперти Талантбек Исмаилов тааныштырды. Эки күндүк иш сапарыбызда жогорудагы маалыматтар менен гана чектелбестен, карапайым адамдардын да, арыз-муңдарын угуп, иштин көбүнөн ыйык Сулайман тоосуна да чыга албай, оор тагдырларга туш болгон энелердин, эжелердин көз жашын көрүп, жүрөгүбүздү оорутуп кайттык.
Эки элдин тирешүүсүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кыргыз жигиттеринин ата-энелери менен байланышуу учурунда көзгө басар, жалгыз уулунун башы жок, жансыз денесин тапкан Дилбар эненин, жумушка узатып, балдарынын атасын түбөлүккө жоготкон Кайнирса айымдын, 1500 өзбектин арасында тебеленип, көзү чукулуп, манжалары кесилип, өрттөлүп каза тапкан милициянын майору М.Сулаймановдун, секелек кызын жоготкон Жээнбайдын, күйөөсүн дайынсыз жоготуп, "өлсө өлүгүн деле тапсам" деп сыздаган Гүлнаранын тагдыры менен, 20 жыл маңдай тери менен там салып, жаңы гана босогосун аттаганда ак сарайы күлгө айланган Сүйүндүн армандуу маегин кийинки сандарда окуй аласыздар.
Жазгүл КАРБОСОВА




Президенту Кыргызской Республики
ОТУНБАЕВОЙ Розе Исаковне!
От родителей детского сада №88 г. Бишкек ОАО "Айгуль"
УВАЖАЕМАЯ Роза Исаковна!
Просим Вас разобраться в следующей ситуации:
Наши дети посещали детский сад №88 от ОАО "Айгуль", находящийся по адресу г. Бишкек, ул. Гоголя, 127А. За содержание детей платили 4500 сом в месяц. 11.08.2010 года состоялось собрание, на котором нам сообщили, что детский сад передан в аренду частному лицу и оплата с 1.09.2010 будет составлять 5500-6000 сом в месяц. Кроме того, полностью меняется коллектив в составе 27 человек (в том числе сотрудники предпенсионного возраста), которых мы считаем профессионалами своего дела и к которому за все это время очень привыкли дети.
В связи с тем, что не все родители могут оплачивать увеличенную сумму (у многих родителей данный детский сад посещают несколько детей) мы вынуждены искать другие детские учреждения. Но это сделать практически невозможно, так как:
1. До начала учебного года осталось менее 20 дней, определить ребенка в детский сад за столь короткое время очень сложно, учитывая, что многие родители работают, дома мы их оставить тоже можем
2. Аналогов данного детского сада для населения среднего класса очень мало, детские учреждения либо частные с оплатой 7-10 тыс. сом, либо государственные - где нет мест.
Администрация ОАО "Айгуль" преследуя личные меркантильные интересы одного частного лица, одним взмахом руки поставив подпись под договором аренды разрушило целый детский сад, который посещали 120 детей, трудился дружный, профессиональный, сплоченный, отзывчивый коллектив. В результате остались на улице не только коллектив, но и дети населения среднего класса, которые получали отличное обслуживание и уход за своими детьми за приемлемые деньги.
Хотим отметить, что в детском саду №88 соблюдались все принципы и задачи дошкольного образования - проводится программа подготовки к школе, разностороннее развитие детей (лепка, рисование, музыка, танцы, обучение кыргызскому и английским языкам и т.д.)
Детский сад №88 от ОАО "Айгуль" работает не в полном обүеме, так как часть здания длительное время сдавалось в аренду ЗАО МКК "Финка Кыргызстан". Более одного года это помещение пустует. Не смотря на наличие свободной площади администрация ОАО "Айгуль" приняло решения о передачи в аренду не пустующее помещение, а действующий детский сад. Таким образом ,нарушается Закон КР от 29 июня 2009 года N 198 "О дошкольном образовании" гл.1 ст. 4 "Задачи дошкольного образования", ст.3 "Принципы государственной политики в области дошкольного образования", Гл. 7 "Ответственность в сфере дошкольного образования" ст. 25 п.2
Также ранее мы обращались с письмами Вице-мэру г. Бишкек Усубакуновой А.И., Прокурору г. Бишкек Абылову К., Министру Гос. Имущества КР Абдылдаеву Ш.И., Министру Образования и Науки КР Садыкову К.Ж. но без результатно.
Убедительно просим Вас разобраться и оказать содействие в решении данной ситуации. Очень надеемся на справедливое решение возникшей проблемы.
С уважением, родители и коллектив детского сада №88. В письме подписались 44 человека.