Кутман курак кут болсун!
Президентибиз Роза Отунбаева 60 жашка толду. "Мыш" менен коңшу өлкө башчылары, орус президенти Дмитрий Медведевдер куттуктап, жакшы каалоо-тилектерин айтышты. Биз да ал тилектерге кошулабыз. Өлкө өткөөл мезгилде кыргыз аялзаты кандай кайраттуу, намысы бийик, көрөгөч көсөм, билими менен бүт дүйнөнү суктандыра турган касиетке ээ экенин далилдеп койдуңуз. Ал эми өкмөттөгү "жентельмендерге" эскертип, "мага туулган күнүмө гүл көтөрүп убара болбой, ошол акчага мектептерге китеп алып берип койгулачы" деп сурандыңыз эле, гүл көтөрүп көнүп калгандар китеп дүкөн кайда экенин унутуп коюшкан окшойт, бир да мектепке сиздин атыңыздан китеп алып барышпаптыр. Ошон үчүн биздин чиновниктер "нака жентельмен" да. Бирок бир милиция телефон чалып, "Роза апчебиз Чолпон-Атада үч күндөн бери 60 жылдыгын белгилеп жатат. Тамчы аэропортунда жаанда курсак ачып, көк муштум болуп, анын жеке самолетун кайтарып олтурабыз. Кийин 61 жаш курагын тоскону келгенде машине менен эле келсинчи, же машинеге бензин көп кетеби?" деп бизден сурап коет. Кызык, "биз ал кишинин тейлөөчүсү болбогондон кийин билбейбиз" деп ийин куушурдук.






PDF формат