Шерлок Холмс
Өгүнчөрөк кезектеги
гезитибизди басууга даярдап болуп, Эрнис, Жылдыз үчөөбүз "кетели" деп сыртка чыксак, бир терезебиз аңырайып ачык турат. Карасак, Дүйшөн байкенин (Дүйшөн Керим) кабинетинин терезеси. Кабинетин сыртынан кулпулап катуу бекитиптир да терезесин кенен ачып кете бериптир. Редакциябыз болсо жер менен жер болгон бир эле кабат. Түбүнөн тынбай эл өтөт. Өткөндөрдүн арасында масы бар, морадеру бар дегендей. Терезеден кирип, аны ичинен бекитип, анан ары каалгасынын түбүнө үстөл коюп, анын үстүнө "Вечерка" деген гезитти жаап, анын үстүнө чыгып
туруп, кытайдын пластик тосмосу менен бөлүнгөн кабинетти аша секирип коридорго түшүп, (жакшыле түшүндүрдүмбү?) кетип калдык.


Эртеси Дүйшөн байке келет. Кыңылдап ырдай үн салып, кабинетин ачат. Ачса, алиги үстөл... үстүндө батинке изи "балчайган" гезит... Дүйшөн байке жакасын кармай "тык" токтойт. Ыры да токтойт. "Ики-и, суволуш..." дейт да, арытадан эки кабарчы кызды чакырып келип, "көрдүңөрбү, менин кабинетиме ууру кирип жайлап кетиптир" дейт. Ошентип таңкы дүрбөлөң башталат. Аңгыча Төлөгөн келип, "кирсе, кароолчу балдар эле кирди, компьютерден кино көрүшөт экен буларың" деп, "төлгө" тартып жиберет. Айтор, Дүйшөн мырза ал кабинеттеги шектүү издерди ченеп-бычып, "уурдалган буюмдардын" эсебин чыгарып, "отпечатка" ээси мына-мына табыла жаздап, күжү-күжү күчөп калганда Жылдыз келет. Тигилер тиги "кылмышты" угузуп, тосушат. Үшкүрүнгөн Жылдыз: "Ой, Дүйшөн байке, эшигиңизди бекитерден мурун терезеңизди бекитип кетпейсизби, кечээ кечинде жаба албай "мучения" болдук" дейт. Ошондо Дүйшөкебиз: "Тү-үй ата, аны кайдан билейин, мен Шерлок Холмс болуп атпаймынбы биякта" деп, санын чаап "тарс" каткырыптыр...
Азыр ар бир алтынчы кыргыз Шерлок Холмс. Жалаң божомол-дөдөмөл, из искешмейлер менен алпурушуп жашоодобуз. Айрыкча апрель ыңкылабынан кийин жамгырдан кийинки сөөлжандай көбөйдү Шерлок Холмстор. Убактылуу өкмөттөгү Шерлок Холмстор "Бакиевди алеки саатта кармап, акасын окутабыз" дешип, шымалана киришип башташканын кезегинде үмтөтүп карап турдук. Ал үмүт азыр үлбүрөп үзүлгөнү калды. Мурунку бийликтин акырынан жем жеп чардашып, "утурумдуктардын" убагында жем баштыгын сүйрөп, ар кайсы партияны сагалаган Шерлок Холмстор кайрадан "кресло чаңын сүртөт элек" деп удургуп жүрүшөт. Аларды партиясы бар Шерлок Холмстор жүздөп-миңдеп долларларын санап алып, тизмесине тизүүдө. Укук коргоочу Доктор Ватсондор кимисинин укугун коргоону билбей баштары айланып калды. Себеби, жакынынан, үй-жайынан, кызматынан, бийлигинен, укугунан, абийиринен айрылгандардын саны кескин өстү. Бул демек, болочоктогу массалык митинг-акциялардын үрөнү себилди деген сөз.
Дагы бир жер-тыңшаар Шерлок Холмс айтат: "Азыркы президентиңердин баласы мурункуңардын Максими менен чогуу жүрүптүр, аны Англиянын бир гезити басып чыгыптыр" деп. "Ата Журттун" жаңы "оппозиционер" Шерлок Холмстору болсо, "октябрда очойгон чатак чыгат, бу бийлигиңдин да тиши күбүлөт" деп манжаларын ачып-жумуп, аргументтерин санап отурат. Ар жолку революциялардын "главный" Шерлок Холмсу тигинтип вице-премьер-министрлик менен шугулданып кетти. Алиги көп адамдын канына забын болгон качкындарды кармап, жазалоону эми ким мойунуна алат? Деги буга чейинки кармалгандардын тагдыры кантип атат? Кимисинин канчалык күнөөсү аныкталды? Бардыгы бүдөмүк. Экономист Доктор Ватсондун оозунан "арзандайт" деген деген сөз капысынан да чыкпай калды. Кыл чайнап эле кымбаттап баратабыз. Бензин менен солярканын баасына кылжыйтып мойунубузду сунуп бердик. Газдын кымбаттоосуна чыдайбыз, чыдабаганда кайда барат элек. Эми азык-түлүк маселесине кезек келди. Ун кымбаттай баштады. Адатта, биздеги кымбаттай баштаган нерсенин чеги болбойт. Ун баасы эмки жылдын эгини бышканча канча сомдун башын чапчыйт белгисиз.
Айтор, бийликтеги саясатчы Шерлок Холмстор "лупасына" илинген чындыктын учун чыгарбай, элдик таза адам сыяпатында ар кимиси өзүнчө "маневр" жасоодо. Кайсы партиянын капчыгын кайсы булак менен агып келген миллиондор толтурууда, бу дагы эрте жазда ачыкка чыкчу бүгүнкүнүн табышмагы. Тиги Убактылуу өкмөттүн "өз колунан" качып кеткен "Шерлоктун" артынан эмне таптык? Тагыраагы, кимдер туйтунду да, кимдер утулду?! Элестетип көрсөңөр, азыркы өлкө бийлиги жогорудагы Дүйшөн байкебиздин жоругун куюп койгондой кайталоодо. Терезесин аңырайта ачып коюп, каалгасын катуу бекитет да, Шерлок Холмско айланып, күпүлдөгөнү күпүлдөгөн...
Азамат КЫЯЗОВ





Издесең ийне табылат
Убагында этеги эки, жеңи жети болуп, чамгарактап жылкынын чүйгүнүн жеп, арактын кымбатын ичип турганда ал кездин улуу урматтуусу Курманбек Салиевич Токмоктогу атайын корукка барып алып кыргоол атчу. Жандоочтору бир короо артист, жакын достору, кызмат "кылчу" жаш селки жана арак куйганга бир-эки министрге кошулуп, Чүйдүн губернатору жүрчү. Эми анын бири жок. 7-апрелде элге карата мергенчилик кыла коем деп, мекенинен куулуп, азыр Батьканын өлкөсүнөн баш паанек алып, Минскинин токойлорунда мылтыгын көтөрүп алып чочко атып жүрөт. Жакында Жаныш, Адыл, Каныбек, Марат жана жаш жубайы Закиржанды жандап жүрүшөт дейт. "Чөптү кордосоң көзгө зыян" деген ушу эмеспи.


Булуттун астында деле жашоо бар
Убактылуу өкмөт Курманбек Бакиевди кармай албаганы менен "зато" Аскар Акаевдин колтийбестигин алганга жарады. Беш жыл илгери качкан ажонун маселеси эми чечилди. Жаңы качканыныкы эмики беш жылдыкта чечилет. "Канаты сынган" Акаев "Азаттыкка" азыркы өкмөттүн декрети туура эмес экендигин кайта-кайта "чырылдап" түшүндүрдү. Кызык да, өмүр бою ушу "кол тийбестик" менен жан сактайм дегендин канчалык кажети бар? Элин сүйгөн эл багар да ушинтип элин азапка салып коюп, (кыйратып багып салгансып) болбогон кол тийбестик үчүн… Кыргызга кыянаттык кылгандарды кол тийбестигин эле алып тим болбой, кокосун жулуп алыш керек. Коррупцияга карапайым элди шорлото малып атканда ойлонуш керек болчу "кол тийбестикти", тиги эл сүйөр!