КАНДУУ ЖОЛ
Кадырман окурман, кыргыздар башынан кечирген акыркы беш жылдыкта экономикабыз эңшерилип, байлыгыбыз кемигени менен кылмыштуулук гүлдөп өсүп, өлүм-житим эпсиз көбөйгөнүн билебиз. Атайылап адам өмүрүн кыйуу ачыктан-ачык аңызга айланды. Натыйжада "Кандуу жол" аттуу китеп капилет жаралып, калк ичин аралап кетти. Анда Медет Садыркулов баш болгон Кыргызстандын саясатына таасири күч көрүнүктүү ишмер адамдардын жалданма киши өлтүргүчтөрдүн кантип курмандыгы болгону жана кимдер жалдап кан күсөгөнү кеңири баяндалган. Биз ушундан тарта каралуу "Кандуу жол" китебин барактап, сандан-санга узатабыз. Эмесе, жакаңызды кармап, үзбөй окуй бериңиз.


Руслан кафеден сыртка чыкканда эшиктин оозунда Жип машинеси турган. Машиненин жанында турган спорт кийимчен жигит колу менен жаңсап арткы эшикти көрсөттү. Жакендин аты аталган соң Руслан эч нерседен бейкапар эле Жиптин жанына басып барды. Тиги жигит арткы эшикти ачты. Ичинде бирөө отурат. Караңгыда жакшы таанылбайт.
Салам алейкум, Руслан. Машиненин ичинде отурган киши салам айтып колун сунду.
Салам. - Руслан Жиптин ичин карай эңкейип колун сунду.
Ичинде отурган киши Русландын колун кармары менен өзүн карай булкуп тартты, ошол эле учурда артында турган жигит анын сол колун артына кайрый кармап түрткөн боюнча машиненин ичине кирип эшикти жапты. Бул окуя көз ачып-жумгуча эле болду. Жип ордунан жылып чоң жолго чыгып жүрүп кетти. Эки колу аркасына байланып, башына мүшөк кийгизилген Руслан ошо бойдон дайынсыз жок болду.
Садырбеков подвалда эки колу кишенделип отуруп Русланды эстеди, өзүн деле ошол эле тагдыр күтүп турат го деген ой анын жүрөгүн мыжыкты.
13-март, күнгө жума.
Түнкү саат үчтөн,
он эки мүнөт өттү.
Тепкич ылдый келе жаткан кишилердин топур-топур дабыштары чыгып калды. Каалга ачылды. МЧС башын көтөрүп ал жакты карады. Босогонун ары жагынан аскер камуфляж форма кийген, баштарында маскачан кишилердин караандары көрүндү. Алар бөлмөгө кирбей аны карап унчукпай турушат, бирдеме күткөндөй түрлөрү бар. Аңгыча жогору жактан дагы буттардын дабышы чыгып, тепкичтен ылдый келе жатышканы угулду. Жиптен согулган кара топуну көзүнө баса кийген эки жигит бир пластик стол, эки пластик стул көтөрүп келип койушту да, кайра чыгып кетишти. Каалга ачык, аркы маскачан кишилер дагы эле турушат, киришкен жок, унчукпай турушат. МЧС чыдабай кетти, ордунан турду да бир-эки кадам подвалдын эшигин карай басып:
Эмне турасыңар, чакырбайсыңарбы старшийиңерди, эмне талап койуп жатасыңар, каалаганыңар эмне, айткыла, - деди.
Келишет, шашпа, отур ордуңа, - деп буйрук бере айтты тургандардын бирөө. Ал жанагы машиненин алдыңкы орундугунда отуруп келген киши экенин МЧС үнүнөн тааныды. Бул жерде деле ал киши чоң болуп жаткандан кийин булардын кожоюну дагы келе элек экен деп боолголоду, булар аткаруучулар да, команда күтүп турушса керек деп ойлоду да, кайра артка барып орундукка отурду.
Кишилерди уурдоо, барымтага алуу, анан алар үчүн акы талап кылуу, машинелердин куушканы, куралчан атышуу, полициялардын атайын штурмалоо операциясы менен туткундарды бошотуу сыяктуу нерселерди видеодон эле көрчү эмес беле. Эми минтип өзү кинодогудай болуп подвалда барымтада отурат. Ким эмне максат менен туткундап отурганын эмдигиче билбейт.
Жогору жактан төмөн карай түшүп келе жаткан кишинин дабышы угулду. Босогодон өтпөй турган кишилер жандана түшүштү да, жол бошото башташты. Келе жаткан киши түз эле бөлмөгө кирди, ал да камуфуляж аскер формачан экен, анын башында кара маска, эки көз, ооз менен мурундун таноосу гана ачык, артынан беркилер киришти, эки маскачан келип МЧСтин жынына ийининен кармап туруп калышты.
Баштай берелиби? - деп бирөө жаңы келген киши жакты карады. Үнүнөн караганда машиненин алдыңкы орундугунда отуруп келген киши. Ал болсо унчукпай колун жаңсады, кыязы баштагыла деди окшойт. Тигиниси МЧСтин тике маңдайына келип:
- Медер Чомоевич, сиз акылдуу кишисиз, Президентибиз сизге өтө чоң ишеним артып келгенин да билебиз. Сизге бир нече суроо бар, так- так жооп бериң, өзүңүзгө жакшы, тезинен кутуласыз, - деп айтты да, жооп күткөнсүп унчукпай калды.
МЧС келген кишилерге көз чаптырып карап, сырт келбетинен бирөө жарымын таанууга аракет кылып жатты. Аскер форма бардыгын эле окшош кылып койгон, бири-биринен айырмасы жок.
Мен түшүнгөн жокмун, мага дооматыңар болсо коркпой эле бетиңерди ачып эле койбойсуңарбы, мен жалгыз элемин, колум кишенделүү отурам, а силер бешөөң турасың. Мен жооп бергенге, сүйлөшкөнгө даярмын. Бирок ким менен сүйлөшөм? - МЧС оозун жыйып алгыча оң жагында турган киши кайрыла берип тумшукка койуп жиберди да:
Мени менен сүйлөшөсүз, эгерде түзүк жооп бербесеңиз, - деп ызырынып алды. Маңдайдагы киши колун көтөрүп аны токтоткон болду да:
- Медер Чомоевич, жана айтпадымбы, сиз акылдуу кишисиз деп. Абалды байкап турусуз да, сизге конкреттүү суроо: бүгүн Алматыда ким менен жолуктуңуз, аты-жөнүн, кимдин кишиси?
МЧС кишенделген колдору менен канап кеткен мурду менен үстүңкү ээрдин сүрүп жатып:
- Бул ишиңер үчүн жооп берип каласыңар, балдар - деди.
Оң жагында турган киши кайра дагы кайрыла калып тумшукка колдун сырты менен уруп жиберди. Бул саам эч нерсе деп айткан жок. Маңдайда турганы болсо аны карап башын билинер-билинбес ийкеди. Кебетеси туура кылдың деди окшойт. Ал буйрук алган немедей эңкейе калып ичке муштады. МЧСтин деми кыстыгып өзөрө түштү. Эсин жоготкон жок.
Медер Чомоевич, түз суроого түз эле жооп берсеңиз, өзүңүздү да бизди да кыйнабай.
Маңдайда турган киши бир кадам алдыга басты да, эңкейип МЧСтин бетине үңүлүп карап калды. Берилген суроодон улам МЧС болуп жаткан окуя криминалдардын иши эмес экенин, абалы өтө эле оор экенин, Алматы маселелси козголуп жаткандан кийин аны бул жерден оңой менен тирүү чыгарышпай турганын түшүндү. Башкысы, бул иштин артында Президенттин генерал иниси турганы анык болду. Ушуну ойлор менен башына бир нерсе тык дей түштү - жанагы акыркы болуп келген киши Жакен да, бою да, турпаты да окшош болуп турат. Башын көтөрүп карады, чынында ошол эле, турганы ошонун өзү. МЧС чыйрала түштү:
- Жакен, жашынбай эле койбойсуңбу, эмне тааныбайт деп ойлоп жатасыңбы, ач бетиңди, эгер бетиң бар болсо, эмне коркосуң?
Ушул маалга чейин тагдыр таразасы кандай оой турганы бүдөмүк болуп турган болсо, МЧС өзүнүн акыркы сөздөрү менен өзүнө өзү өкүм чыгарып салган өңдөндү. Анткени анын маңдайында эңкейип турган кишинин артыраак жагында жагында чынында эле Президенттин Жансакчылар кызматынын начальниги, генерал Жакен Самиевич турган эле.
(Уландысы кийинки санда)