mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Жакшы тилек, жарым ырыс

Алмазбек АТАМБАЕВ,
КСДП лидери:
"Аман болсун алакандай кыргыз жерим..."
Кыргызстанда саясый кырдаал дымуу абалында тургандай туюлат. Баары-калк да, саясый күчтөр да парламенттик жарыш качан жарыяланат деп кулак түрүп турган чагы. Ал ортодо депутаттык мандат дегенде ак эткенден так эткен эрендер менен партиялардын саны тынымсыз өсүүдө. Ал эми айрым шашмалары шайлоо ырасмий жарыялана электе эле эл-журтту түрө кыдырып, үгүт иштерин баштап жиберишти. Алды алтурсун калкынан кагуу жегенге да үлгүрдү. Азыркы кырдаал, алдыдагы саясый жарыш, ынтымак-ырашкерликтин аба менен суудай зарылдыгы өңдүү күндүн олуттуу маселелери тууралу Кыргызстан Социал-демократтык партиясынын жолбашчысы Алмазбек Атамбаев менен маектештик.

- Азыркы кырдаалды, ачык айтап коёюн, бир беткей баалоого болбойт. Элдин көпчүлүгү жайдын аптабына талыкшып, магдырап тургандай туюлат, - деп баштады маегин КСДП жолбашчысы. - Бирок ар бирибиздин жан-дүйнөбүздү апрелдеги жана июндагы оор жоготуулардан алган жара тынымсыз өйкөп турбайбы. Өзүбүздү да, өңгөнү да алдап эмне кылабыз, ал жара далайда барып айыгат. Азыр эл аралык донорлор, КМШ боюнча өнөктөштөрүбүз, калкыбыз туш-туштан колдоо көрсөтүп жатышат. Мунун баары жакшы дечи, бирок бул жараны сакайта турган бир гана даба бар - ал элибиздин сабырдуулугу, айкөлдүгү жана өз ара түтүмдүүлүгү. Аларсыз миллиарддаган акча да даба боло албайт. Буга кошумча алдыдагы шайлоо арты эмне болуп кетер экен деген сарсанаа басып турган кези. Азыркы абалыбызды кыскача ушундай сүрөттөсөк туура болор.
- Шайлоо демекчи, али жарыялана электе эле чуу түшүп баштадык окшойбуз. Партиялардын баары "тирилип", кээси өз ара биригип, айтор, катуу камданып жатышат. Айрымдары азыркы бийликтеги партиялар администрациялык ресурсту колдонуп жеңгени жатат десе, кээси шайлоо арты жарандык кагылыштарга апкелет деп да билдирип жиберишти. Сиз алдыдагы шайлоонун арты кандай бүтөт деп болжоп жатасыз?
- Шайлоо өтө айыгышкан абалда өтөрө бештен белгилүү болуп калды. Эң башкы себеби: эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу ачык жана акыйкат шайлоо өткөрүүгө шарт түздүк. Элде жана саясатчыларда көз будамайлабаган, накта жарыш болот турбайбы деген ишеним пайда болду. Ал эми администрациялык ресурс тууралу илгертен келаткан көндүм адаттан улам айтылып жатса керек. Же болбосо утарына көзү жетпегендер алдын-ала жарыялап жатышы да ыктымал.
Ал эми партиялардын жамырап пайда болгону бир чети калкыбыздын саясый жактан активдүүлүгүн күбөлөйт. Бирок парламентте болгону 120 гана орун бар, баарына жетпейт. Ошондуктан, жагдайды туура салмактаган партиялар күчтөрүн бириктирип башташты, менимче, бул - мыйзам ченемдүү процесс.
- Шайлоо расмий жарыялана электе эле бир катар партия лидерлери эл-жер кыдырып кетишти. Барган жерлеринде азыркы бийликти, башка атаандаш партиялардын башчыларын жамандап жатышат дешет, өздөрүнө таандык гезиттер аркылуу да бири-бирин "шыбамай" өнөкөтү уланууда... Эмитен ушундай болуп жатсак, шайлоо кызыган маалда эмне болор экенбиз?
- Социологияда да, философияда да кызылжаян канды көргөндөн кийин адам болобу, коом болобу, "селт" этип, өз жашоо-турмушуна бир сыйра сереп таштап, жаңыча көз менен карап калат деген түшүнүк боло турган. Мени күнү-түнү санаага бөлөп турган нерсе: апрель менен июндагы төгүлгөн кан баарыбызга сабак болор бекен деген ой. Бир карасам, баарыбыз - оңубуз да, солубуз да, тентегибиз да, жөнтөгүбүз да сабак албагандай туюлуп кетет, аттиң! Баарыбыз эсибизге келиш үчүн дагы эмне керек болду экен?
Ооба, биздин айрым тыңчыкма саясатчыларыбызды кубалап чыккан, ачуу сөздөр менен узаткан окуяларды уктум. Керек болсо өч душманын да айкөлдүк менен тосуп, жол-жобосу менен узатчу Манастын тукумдарына эмне болду? Өткөн-кеткен бийлик айласы кеткенде оппозицияга каршы ойлоп тапкан бул жосун эми демократтык жана адептүү коом курууга бет алып турганда бизге абийир алып келбейт, агайын-туугандар! Жакшы көрөбүзбү, жаман көрөбүзбү, журтуна төбөсү көрүнүп калган уул-кыздарыбызды кадырлап күтүп алууга чакырат элем. Барган жерибизде бири-бирибизди итерип эшиктен түртүп чыгарып отурсак, арты эмне кесепеттерге алып келерин мектеп окуучусу деле айталса керек.
Азыр саясатчыга баа берүүнүн эң эле цивилизациялуу амалы бар эмеспи, ал деген - шайлоо. Биз добушубуз аркылуу гана саясатчыларга мамилебизди билдиргенге көнүүгө тийишпиз. Биз Кыргызстанды же кыргыздарды Ооганстан же дагы Африка өлкөсү деп табалап тургандардын чырагына май тамызууга акыбыз жок. Абийирсиз жана алдым-жуттум бийликке жалтанбай каршы турарын, эркиндик үчүн кан-жанын аябасын даңазалаган кыргыз калкы демократиянын да мыкты өрнөгүн көрсөтүүгө тийиш. Ич ара тебишип-кажышып, бири-бирибизди жеп тынгыдай, биз өтө деле көп калк эмеспиз.
- Бардык партиялар жанданып жатканда КСДП менен анын жол башчысы унчукпайт го?..
- Азыр эле айткандай, мени азыр көбүрөк түйшөлткөн нерсе: бул тынччылык, ынтымак маселеси, бүлгүнгө учураган Ош менен Жалал-Абадды кантип суук кирип келе электе калыбына келтиребиз деген санаа. Биз - Кыргызстандын тагдырына жоопкер саясатчылар - ич ара ынтымак болгондо гана, түштүктө эрегишкен тараптарды элдештиргенде гана, кыргызбы, өзбегиби, кооптонуу сезиминен арыла баштаганда гана өнүгүүгө бет аларыбызды аңдоого тийишпиз.
"Кабар" маалымат агенттиги




  Сорттолгон менен соттолбойт

Эрмегибиз элита
Элита деп коебуз. Эл башындагылар дейбизби, ак сөөктөр дейбизби, айтор, "биринчи сорттогуларды" ушинтип эркелетебиз. Анан ал сорттогуларды да кайта-кайта сорттойбуз. Канчалык сорттогон сайын, ошончолук чийкиси менен чириги чыга берет, кычап. Карап көргүлө, сорттомой минтип эле кете берет...


Төлгөчүлөрдүн
төрагасы болобу?
Кочкорлук кыргыз. Жакшы жазмакер. Адамдарга атак-даңк эки жактан келет эмеспи, жакшы жана жаман тараптан. Чолпонбек байкебизге ошол экөөнүн как ортосунан келген да. Тээ илгери, "Кызыл көйнөкчөн келин" жөнүндө жазганда бүт республика бүлүккө түшкөн. Ысык-Көлдүн тескейинен шоопурлар жүрөгү түшүп жүрбөй калган. Атүгүл айыл-ападагылардын айрымы түнкүсүн эшикке чыга албай, табарсыгы түйүлүп таң тосуп жатчу. Ал кезде "Просто Мария" аттуу телесериал менен "Кызыл көйнөкчөн келин" деген эки эле "саясат" менен жашап калганбыз. Эгемендик эркелеткендердин бири ушу Чолпоке эле. Аскар ажо тушунда аңкир-мүңкүр, арбак-сарбак менен "алпурушуп", калемчи болду. Курманбек кожо элди кууруп турганда, кошо куурушуп, килемчи болду. Кууруганда да "архивке" жашынып алып, бүбү-бакшыларды үйүрүп, "черно-белый" дубаларын "сүф-фү-лөтүп" турду дейт. Мафия менен магияга ишенген кожо сууга акты эле, "галстукчан бакшылар" алды-артынан тал таппай, жама-ан сыйпалады дейт. Төлгөчүлөргө төрага болуш эле оңой дейсиңби…


Чийкичилди сагындык
Кыргызстан кызык элебиз деги. Чоңдорубузду кубалаган жагынан алдыбызга ат салбайбыз го. Акыркы чоң качууда Ысык-Көл губернатору Кыдыкбек Исаев катуу качты дешти. Көлдүктөрдүн көзүнө илээшпей сызыптыр. Колуна карга чычып турган жыргализмде 0001 IA номурлуу капкара "Жипке" кайкалай отуруп, көлдү тегерене "салык-отметка" чогултуп жүргөнүн кайраның караанын небак үзгөндөн кийин айтып атышпайбы. "Учурунда кайда жүрдүңөр эле?" дедим. Десем, "ал кезде бизди жеп коймок" дешет. Көрсө, Кыдыкеңди Максим деген ойронуң "бышырып жейм" дечү экен. Анан Кыдыке шилекейин "кылк" жутуп, "сабыр кыла туруңуз" деген бойдон калдактай чуркап, кичине тыйындуулардын баарын "чийкилей жечү" экен. Чийкичил эмес беле. Чийки жумуртка менен чаап иймейди да ошо баштаган. Ишенбесеңер Шерден сурагыла. "Көлөмүн көйкөлтүп, Исаев кайсы партиянын чаңынан чыгар экен" деп моюн созгондор бар. Качкандардын карааны партияларда жүрбөйбү. Көрүшкөнчө аман болсунчу.


Азамат Кыязов








кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"





??.??