mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Эрге келет бир кезек

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ,
"Ата Мекен" партиясынын лидери:
"Ишибиз оңолуп кетсе, Орто Азия кыргыздардын артынан ээрчийт"
Өлкө саясатынын өзөгүнө бир доо кеткен соң, андан арылуу азап экен. Коогалаңдарды басып өтүп, эми "октябрды" көздөй агып баратабыз. Эл үмүт артып келген уулдарынын бири Өмүрбек мырзага жолдой жүргөн сурообузду кайра салдык...

- Сизди социнтернационалисттердин багыттамасы боюнча Конституцияны иштеп чыкты дешүүдө. Ушул пикир туурабы, дегиңкиси ал уюмдун дүйнөдө канча мүчөсү бар?
- Социнтернационал эң эски партиялар аралык уюм. Бүгүн 140 өлкөдөн 180ге жакыны бул уюмга мүчө. Алгач жумушчулар партияларынын союзу болуп түзүлүп, кийинчерээк элдик типтеги социалисттик багыттагы уюм болду. Бүгүнкү күндө жүзү, маңызы өзгөргөн. Советтик коммунистердикине караганда ийкемдүү. Ар бир өлкөнүн, региондун шартына, тарыхына жараша өзгөргөн, бирок, маңызы боюнча социалдык адилетүүлүктү жактаган, алсыздар үчүн көбүрөөк кам көргөн система болуп кала берет. Социнтерндин биздин Конституцияны иштеп чыкканга эч кандай таасири болгон жок. Биздин Конституция акыркы жыйырма жылда Кыргызстандагы демократия, адам укугу, адилеттүүлүк үчүн болгон күрөштөн келип чыккан Конституция. 1993-2005-2010-жылдары элдик бийликти мүмкүн болушунча көп камсыз кылган саясий теманы сунуштап, эл күрөшүп жүрүп, жүрүп мына ушул жыйынтыкка келдик. Оппоненттер "бул Башмыйзамды Америка, Европа таңуулады" деп айтышууда. Жок, бул накта өзүбүздүн керектөөбүздөн, муктаждыгыбыздан келип чыккан, кыргыз элинин мүнөзүнө, тарыхына төп келген, акыркы жыйырма жылдыктан сабак алган, кыргыздын, кыргызстандыктардын мүнөзүнүн оң-сол жактарын, КМШ өлкөлөрүнүндө болуп жаткан окуяларды эске алып жазылган Башмыйзам. Жарандарга өз кызыкчылыгын коргогонго көбүрөк мүмкүнчүлүк берген Башмыйзам. Ар бир жаран укугу үчүн кандай күрөшсө ошого жараша болот. Кыргыздар "туулганына эмес, турарына сүйүн" дейт, бул Конституцияны бутуна тургузуп, түптөп кетүү ар бир кыргыз жаранынан, айрыкча саясатчылардан көз каранды.
- Ушул Конституциянын автору катары башынан күйүп келе жатасыз. Азыр саясий эксперттер "парламенттик да, президенттик да эмес" деп талдашууда. Сиз буга чейин парламенттик-республикалык болот деп жарыялап келгенсиз, кандай негизден улам ушундай талдоо айтылууда?
- Ар ким ар кандай баа бергенге толук укуктуу. Бүгүнкү мамлекет, укук, мыйзам деген түшүнүк Европадан чыккан бүгүнкү заманбап түшүнүктөр. Европада өтө авторитеттүү Венециялык комиссия бар. Ошол комиссия биздин Конституцияны талдады. Албетте идеалдуу Конституция жок, бирок, мурдагыларга караганда бул Конституция биз үчүн кыйла өйдө турат. Орто Азия үчүн прогресивдүү, болуп көрбөгөндөй демократиялык проект. Бул проект парламенттик башкаруу формасын сунуштайт деп жогорудагы айткан Венециялык комиссия тыянак чыгарды. Мен кыргыздын карапайым, сырттан окуп бүткөн юристимин. Кыргызстандын окумуштуулары менен да талашкым келбейт. Бирок, Венециялык комиссиянын, дүйнөдөгү кадыр-барктуу юристтердин пикирин эске алганыбыз оң. Президенттик башкаруу деле ар бир өлкөдө өзүнчө калыптанып, өзүнчө көрүнөт. Парламенттик башкаруу дагы өлкөдөн өлкөгө, континенттен континентке адамдардын кулк-мүнөзүнө, тарыхына, маданиятына геосаясий кырдаалга жараша ар кандай формада болот. Калыпка куюп койгондой эле бири-бирине окшош болбойт. Биздин саясат таануучулар "бул парламенттик өлкө эмес, Европада башкача" деп айтканы мени кубандырат. Демек, менин оппоненттеримдин "калыпка куйгандай кылды" деген айыптоосуна жооп болот. Биздики Европага да, Азияга да окшобогон кыргыздын бүгүнкү кырдаалын эске алган, биздин муктаждыктарды чечүүгө көмөктөшө турган Конституция деп айтам.
- Көпчүлүк жарандар шайлоо таза жана тынч өтүшүнөн шек санап, кооптонгон жагдайлар бар. Шайлоо коопсуздугун алдын-алуу аракеттери каралганбы?
- Мекендештерге кайрылгым келет. Кыргыздар "амандык жамандыкты жеңет" дешет. Тынчтык, саясий стабилдүүлүк Кыргызстандын ийгилигинин негизги башаты. Аны кимдер бузгусу келип жатат? Бул баарыбызга эле айдан ачык көрүнүп турат. Жаңжал чыгат, адамдар жабырланышы,тынччылыгыбыз бузулушу мүмкүн деп кабатырланып жатасыңар. Аны кимдер жасайт? Жообун билесиңер. Ушул кезге чейинки болгон башаламандыктардын, адамдардын өмүрүн кыйган кагылышуулардын артында кимдер тураары да баарыбызга белгилүү. Ошол отту өчүрбөстөн үйлөп тутантып, ошондон пайдаланып, саясий упай топтогусу келгендер белгилүү. Алардын максаты Кыргызстандын саясатын анын келечеги үчүн багыттоо эмес, эптеп бийлик дасторконунун четине отуруп калуу. Парламенттен орун таап, саясий өмүрүн узартуу. Ошол жеке саясатына жетүү үчүн алар Кыргызстанды түндүк-түштүк деп экиге бөлдү. Түштүктү ичкилик, ичкилик эместер жана өзбектер деп, үчкө бөлдү. Эгер булардын логикасы менен кетсек, эртең калган кыргыздарды колот-колотко, уруу-урууга, көчө-көчөгө бөлгөнгө даяр. Алардын негизги максаты жана каражаты ушул. Биз түзгөн саясий система жарандарга таянат. Ар бир жаран жоопкер болуусу керек. Шайлоодогу өз чечими өлкөнүн саясатына таасир эте турганын билиши керек. Тууганчылык, регион аралык, улут аралык карама-каршылыктардан ачууга, ызасына алдырып добуш бербестен жалпы өлкөнүн кызыкчылыгын ойлоп, өлкөнүн дүйнөдөгү ордун эске алып, добуш бериши керек. Чатак чыгаруучуларды мекендештер колдобосо, алардын күчү болбойт. Чатакты артында аз да болсо таянычы бар адамдар чыгарат. Биз Конституция менен Орто Азияга өрнөк түздүк. Кыргыздардын иши оңолуп кетсе, Орто Азия Кыргызстандын артынан ээрчийт деп дүйнө карап турат. Кыргызстан Орто Азиядагы социалдык жана саясий реформалардын, келечектеги экономикалык өнүгүүнүн лидери болуп калышы мүмкүн. Муну жактырбагандар, көрө албагандар сөзсүз болот. Нефтибиз, газыбыз болбосо дагы адамдык ресурс менен, эркиндикти сүйүү, адам укугун аздектөө жагынан биздин коом алдыга жылууда. Каршылаштарыбыз "биз күзүндө бийликке келебиз, эски Конституцияны ордуна ордуна коебуз, коңшуларыбызда кандай болсо, так ошолордой саясий кырдаал түзүшүбүз керек" деп, алардын алдына кулдук ургандар кыйкырууда, Кыргызстандын келечегин садага чабуу саясатын жүргүзүп жатат. Биз да коңшуларды сыйлайбыз, алар да бизди сыйлайт, референдумдун жыйынтыгын, шайланган президентибизди биринчи болуп биздин коңшулар тааныды.
- Тирешүү улуна берет экен. Сиздер оппозиция кезде деле ушундай нааразычылыктар болуп келген. Азыр деле сиздерге карама-каршы жаат пайда болду. Ушу кайчы пикирлерди чатакка жеткирбей чечсе болобу?
- Биз сунуш кылган саясий система талаштарды, конфликттерди тааныйт. Ал коомдо тынымсыз болот. Талаш болсо дагы парламенттин катарында, маданий деңгээлде талашып, элдин добушу менен адилеттүү шайлоолор чечүү жолун сунуштайт. Биздин саясий системада оппозициянын саясий, моралдык, финансылык жагдайы корголот, ыңгайлуу шартта жашайт. Күчтүү оппозиция болушу шарт. Бул да ардактуу орун. Бүгүнкү оппозиция эртеңки бийлик. Ат алмаштыруу мезгили келгенде өлкө оппозицияга отурушу керек. Бийликте түбөлүк эмеспиз. Биз ушул системаны киргиздик.
- Кызык нерсе болуп жатат да… сиздер катары менен чоң-чоң эки бийликти кетирдиңиздер. Эми кайра ошол эки бийликтин тутамы оппозиция болуп атат. Сиз айткандай алар кайра эртең бийликке келди дейли. Алар баягы өздөрүнүн Конституциясын жазып алса, кандай болот?
- Оппозиция келсин, бирок өткөндү эңсеп эмес. "Кызыл камчы диктатураны орнотом" дегендер "Конституцияны өзгөртөм" деп бийликке келсе, эл мүмкүндүк бербейт деп ишенем.
- Жанагы, жашаган жеринен добуш берүү жөнүндө айтсаңыз?
- "Советтик каттоо" деген институтту жоготушубуз керек. Заманбап жаңы технологияга өтүшүбүз керек. Бишкекте, шаар айланасында он миң деген жарандар каттоосу жок жашайт. Алдына он беш жыл болсо артына беш-алты жыл болду. Өлкөнүн тагдыры аныкталып жаткан учурда алардын шайлоого катышууга укугу бар. Аларда кыргыз атуулдугун тастыктаган паспорту бар. Жашаган жерин тастыктаган күбөлүгү болсо ал тизмеге кирип добуш бергенге болот. Бул өзгөртүүнү 37 партиянын өкүлдөрү катышкан жыйналышта талкуулап, баары колдоп берген. Андан бери бир ай өттү, азыр БШК, өкмөт ушул жобонун аткарылышы боюнча эч кандай чара көргөн жок. Туура-туура эмес деп талашпастан биздин өлкөнүн "кожоюну" карапайым жарандын шайлоо укугун камсыз кылып берсе болмок. Жоболорду иштеп чыгышы керек эле. Айрымдар "андай болсо фальсификация болуп кетет" дешүүдө. Мисалы, Баткендикти Бишкекте каттап койсо ага Баткенде да, Бишкекте да добуш берип коет дейт. Ал өзү Бишкекте болсо, Баткенден ким добуш берет ага? БШК Баткенде жок адамга добуш бердирбеши, фальсификацияга жол бербеши керек да. Бул жерде биринчи класстын баласынын логикасы жок.
- Биздеги партиялардын кескин көбөйгөнүнө эмне себеп деп ойлойсуз жана алардын көптүгү өлкө саясатынын тең салмактуулугуна кандай таасир этет?
- Көпчүлүк өнүккөн демократиялуу өлкөлөрдө үч-төрт партия артыкчылык кылат. Мисалы, Америкада 300 партия бар, бирок, басымдуу калк эки эле партияны билет. Бизде да эки-үч шайлоодон кийин саналуу партиялар үстөмдүк кылып калат. Бүгүнкү күндө чоң амбициясы, кичинекей акчасы бар адамдын баары партия түзүп "ат салышам" деп жүрөт. Бул табигый нерсе. Баары өз бактысын сынагысы келет. Бул көрүнүштү жаман дегим келбейт.
- Айрым партия лидерлери, партиясынын катарына акчалуулардын каражатына кызыгып, мүчөлүккө кошконун ачык эле айтышууда. Сиз да "Ата Мекен" партиясына акчалууларды топтой баштадыңызбы?
- Тизмебиздин 80 пайызы "Ата Мекендин" эски мүчөлөрү. Партиялык тизмеде мүчө эмес адамдар дагы бар. Бул мыйзамда көргөзүлгөн. Аттуу-баштуу, таанымал адамдар партияда болбосо дагы, бул партиянын тизмесине кирип калуусу толук ыктымал. Биздин партиялык тизме партиядагылар жана партияда эместердин союзу. Партия өзүнүн шайлоо компаниясын өзү каржылайт. Бизде регионалдык, аялдар, улуттук, жаштар квотасы бар. Ар кандай себептер менен партия катарына кошула албай, бирок, жан тартып, колдоо көрсөтүп жүргөн адамдарды катарыбызга коштук.
- Апрелде курман болгон жигиттерди тез-тез ойлоп турасызбы?
- Мен күнүгө көптөгөн жолугушууларды өткөрөм, алардын арасында ошол кандуу коогалаңдын курмандыктарынын жакындарын да кабыл алам. 7-апрелде накта элдик көтөрүлүш болгон. 7-августта "Ата Мекен" социалистик партиясынын сегизинчи курултайы болот. Ошондо сөзүмдүн негизги бөлүгү ошол окуянын катышуучуларына арналат.
- Роза Исаковна сиз жазган Конституцияны кармап ант берди. Ошондон аз мурдараак "төшү түктүү жер, төбөсү бийик көк урсун" деп улуттук маанайда ант берген. Ушул эки анттын кайсынысы кыргызга жакыныраак?
- Эч ким мажбурлабай, чын дилден берген ант бул - адам өзүнө-өзү алган жүк. Мыйзамда көргөзүлүп, ант берген бул башкача жүк. Роза Отунбаева Конституцияга колун коюп, "мен бул Конституциядан тайбайм, ар бир сабын, нормасын так аткарам, коргойм, сактайм" деди. Эми анын жанындагы жигиттер "буйрук менен мыйзамдарды өзгөртсөңүз болот" деп түрткүлөп жатышат. Акаев менен Бакиев кылгандан дагы ашкан жолго түртүп атат. Аны БШК төрагасынан баштап, НПО лидерлери сунуштоодо. Алар керек болсо, шайлоо боюнча да жаңы кодексти кабыл алып койгонго үндөп жатышат. Мынакей, мыйзамды сыйлоо деңгээлибиз.
- Отунбаева эми ошол кадамга барабы?
- Анын бийик акылы бар. Ишеним менен өлкөнү тапшырып кеттик. Андай кадамга барбайт.
Азамат КЫЯЗОВ








кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
а ­е¦Є.НҐй«