mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Жолборс жоодон коркпойт

Лирикасыз чегинүү
(Уландысы. Башталышы3-бетте)
Бир ирет Болот экөөбүз өлкө кырдаалын талкуулай кетип, мен Бакиев бийлигин оңдоого да, козгоого да болбой калды дегем. "Эй, Алыке, тарых өтө тайгалак экендигин жакшы билесиз. Оодарылса, төгүлбөйт деген нерселер төгүлмөк түгүл, соолуп калышы ыктымал. Мисалы, СССРди кулайт деп ким ойлоду эле, Бакиевдин бийлиги бүтөрүнө деле аз калды" деген. Анда ооруп жүрдү эле, денсоолугун сураганы баргам. Анын чындынына күбө болдук. К.Бакиевдин куйрук түйүп, башка өлкөгө кире качышына ким дүрмөт болду, ким от алдырды? Таластыктар, 2005-жылы көтөрүлүш отуна алоолонуп май куйган түштүк эли, айрыкча жалалабаттыктар болсо, бусаам таластыктар. Туура, жалпы элдин Бакиев бийлигине кыжыры кайнап, ашып-ташып бараткан. Айрыкча Бакиев баласына Кыргызстандын бүт байлыгын ээлетип, электр тармактарын бөлүп-жарып өздөрүнө текейден арзан сатып, андан түшкөн пайдага көзү тойбой, аны 2 эсеге, жылуулукту 10 эсеге кымбаттатып, өкмөттүн Данияр Үсөнөв деген дардаңкүү башчысынын колу менен карапайым калктын ансыз да жука жонунан кайыш тилдире баштаганда…
Аны байкаган оппозиция республика булуң-бурчунан 5-6 миң адам чогултуп, ачык асман алдында курултай өткөрдү. Курултайда эмоционалдуу айтылса да, президент Бакиевге коюлган талап эң эле жөнөкөй болчу: республиканын стратегиялык ишканаларын талап-тонооону, текейден арзан сатып-соодалоону токтот; карапайым калктын жонунан тирүүлөй кайыш тилбе; мамлекетти башкарууну өз үй-бүлөңө бербе ж.б. Он күндүн ичинде чечимиңди билгиз, болбосо жалпы элди мыйзам негизинде каршылык көрсөтүүгө чакырабыз. Бакиев жана анын батальону анын чымын конгондой көргөн жок. Кыязы алар баш көтөрө, 2007-жылдын апрелиндегидей эле күч менен айдап отко салабыз деген ойдо болду сыяктанат. Тескерисинче, К.Бакиев да курултай деген ат менен мамлекеттин миллиондогон сом каражатын чачып, туш-туштан 750 киши чогултуп, филармонияга канчалаган аскер менен курчатып камап, "ушул көздөгөн максатыңдан, алган багытыңдан жазба" деп бата алып жиберди.
Оппозиция да айтканын аткарууга аракет жасоого өттү. "Ата Мекен" партиясынын лидерлеринин айтымында, Болот Таласка барып, "элдик курултай өткөрөм" деп чыгыптыр. Ал да жөндүү Манас тоонун этегиндеги Таластын кулуну. Таластыктар аны парламенттин бир эмес, эки чакырылышына депутат шайлаган. Акаев бийлиги ага атаандаш кылып, республиканын менменсинген алдуубайларын жумшап, арам, адал деп ылгабай, бут тосконуна карабай. Атүгүл, кол салдырууга чейин барып, кылмыш изин издеп, кыйла убара болгон.
Анын Таласта кадыры канчалык экендигин өз көзүм менен көрүп, күбө болгон жайым бар - ал башка сөз. Ал дагы Талас элине көп иш жасады. Бирин эле алалы. Бир кезде "төөбурчак" деген маселе кыргыз кыйырын дүңгүрөтпөдүбү. Кыргыз бийлиги менен тамырлашып, туташып, өзүнчө эле мафияга айланган түрк-иран "Робин" фирмасы ал жакка башка кардар-ишканаларды киргизбей, таластыктарды айдаган буурчагын текейден арзан сатууга аргасыз кылган. Алар менен Болот канча жыл кыл чайнашып кармашты? Акыры жеңип берди. Төөбурчак эккен калк каалаган кардарына жакшы баада өткөрүп турмушун тыңдап алууга жетишти. Кумтөр, Үзөңгү- Куушту мындай кой, Талас алтын кендерин жаттарга арзан саттырбоого, табиятын таза сактоого канча күч, канча нерв коротту. Болот мырза Талас эле эмес, жалпы кыргыз үчүн орток мүдөө көздөгөн, улуттук аң-сезим ташыган ишмер экендигин эчким танбас.
Ошентип, "атамекенчилер" аябай асылып, "Боке, айланайын, Таласка сен барбай эле кой, бийлик сөзсүз провокация уюштурат, кол салып, камоодон кайра тартпайт, кан басымың мынча болсо, кант деңгээли тигинче болсо, инсульт, инфаркттан кечээле чыксаң, өлүп каласың" десек, көгөрүп болбой койду дейт, "өлсөң, ансыз деле өлөсүң" дегендей кылып…
Андан наркысы белгилүү. Болот Шерниязовдун элдин чакан тобу менен кошо бийлик ээлери прокатура, милийсасы, кыскасы, куралданган күч органдары болуп тосуп алып, башы-көзүн таңып, колуна кишен салып, кайра Бишкекке алып жөнөйт. Айткандай кан басымы катуу көтөрүлүп, кант оорусу күчөп, баягы оорусу козголуп кеткенби, көргөндөр айтат, туруп туруп эле жыгылып кетти деп. Ошондой оорусуна карабай бийлик жөөкөрлөрү машинеге тыгып келип, ооруканага эмес, атактуу "үч тамганын" карцерине тыгып атпайбы. Кийин сурасам айтты, ченеп көрдүм, туурасы менин арышым менен алты карыш экен дейт.
Көргөндөрдүн айтымында, Болот Шерниязовду суракка алып баратканда абал курчуй баштаган, анын камалганы, уламадан уланып, сурамадан суралып дегендей бүт Таласка тарап, эл кыжырданып, козголуп кирген. Обладминистрация алдына миңдей киши чогулуп, митинг өткөрүп, губернатордун чыгышын талап кылган. Ал адатынча бакылдап тыям дегенде, митингчилер барымтага алуу аракетин баштаган. Спецназ аны коргойм деп элди аябай уруп-согуп, ага милийсалар аралашып, "аткылап, таратам" деп, таш менен урмай, мекемелерди талкаламай өңдүү жапайы бунтка бийлик өзү аргасыз кылды.
Кырдаалды борбордон туруп алып, өкмөт башы Данияр Үсөнов, Башпрокурор Нурлан Турсункулов ого бетер кайрап, бүлөп, курчутуп атты. Айрыкча Д.Үсөнов телевизордон саат сайын чыгып, "бийликти күч менен басып алабыз" деген Болот Шерниязов баш болгон экстремисттер кармалды. Таласта абал турукташты. Күнөөлүүлөр мыйзам боюнча катуу жазаланат" деп күпүлдөп турду. Жалган маалымат каны кайнап турган калктын жааалын ого бетер арттырды. Эртеси министр Молдомуса Конгантиев кошумча аскер күчүн түшүрүп, кандуу "кылыч" көтөрүп барышы элди чектен чыгарып жиберди.
Кыскасы, Болот Шерниязовдун камалышы элдин каарынын коңгуроосу эле, аны коомчулук укту, бийлик уккан жок. Анысы аз келгенсип, оппозиция лидерлерин Бишкекче бирден кармап камашты. Бакиев бийлигинин мындай сабаттуу, зөөкүр, зордукчул саясаты минтип 7-апрелдеги "кандуу жекшембиге" айланып, анын жыты алигиче кетелек.
Байкап атасызбы, Ата Мекен, Акыйкаттык, Чындык, Теңдик деп Болот мырза өмүрүн сайып кое жаздады. Бул биринчи жолу эмес. Акыркысы да эмес деп ишенем. П.Чаадаевдин бир кыраа байкоосу бар: "Ата Мекенди сүйүү - баатырларды жаратат, чындыкты cүйүү - акылмандарды, адамзат камкорчусун төрөйт" деп ал. Муну Болот Шерге багыштасак да куп жарашат.
Алым ТОКТОМУШЕВ




  Жаштар жарышы

Жоомарт САПАРБАЕВ
"Ата Мекен" социалистик партиясынын жаштар канатынын лидери:
"Жашпыз" деп олтурп албастан,
жоопкерчиликти алышыбыз керек"
- Жоомарт, "Ата Мекен" партиясынын жаштар канаты бүгүнкү күндө эмне менен алек?
- "Ата Мекен" партиясынын, жаштар канатынын" биринчи максаты бул 7-8-августа өтө турган съезд жана алдыдагы шайлоо компаниясы. Ошондуктан азыр съездге да, шайлоого да олуттуу даярдык көрүүдөбүз. Ал эми өлкөбүздөгү азыркы абалды ала турган болсок, ушул эле жаштар канаты, башка да уюмдар мындан да оор кырдаалды башыбыздан өткөргөнбүз. Ошондуктан кандай кырдаал болбосун күрөшүүгө даярбыз.
- Өлкөдө кандуу окуялар, коогалаңдар болуп кетпедиби. Дегеле ушундай кыйын кырдаалга жаштар кандай баа берип атасыңар? Силерде өлкөнү стабилдештирүүгө, экономиканы өстүрүүгө сунуштар барбы?
- Биринчиден, биз мамлекеттик болгон мыйзамдуулукту жана мыйзам балансын, мамлекеттик күчтөр арасында карым-катнаштарды түзүп алышыбыз керек. Алдыдагы парламенттик шайлоону таза жана ачык-айкын өткөрүп алсак, башка мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын бизге болгон ишеними өсөт. Экинчиден саясий жана коомдук абал стабилдешет. Себеби, өзүңөр билесиңер, референдумдун алдында ар кандай күчтөр, ошол эле азыркы парламенттик ат салышууга катышууга даярданып аткан кээ бир партиялардын лидерлери "референдум өтпөйт, референдумдан кийин дагы каргашалуу окуялар болуп, кан төгүлүп кетүүсү ыктымал" деп элдин үрөйүн учуруп, коркутуп атышкан. Бирок, референдум өткөн соң ал тынчсыздандыруулардын баарысы жокко эсе болду. Кыргыз жерине акырындап болсо да тынчтык орноп, кырдаал оң жолго кетип атат. Эгер биз парламенттик шайлоону таза жана айкын өткөрүп алсак, парламенттик шайлоодон кийин деле кудай буйурса өлкөбүздүн саясий майданында жана коомдо стабилдештирүү процесси күч алат деп ойлойм. Ал эми биздин саясий жана экономикалык абалды айта турган болсок, биринчиден Кыргызстанда болгон, саясатта болгон саясий маданиятты өнүктүрүп, өстүрүп алсак, Бакиевдин убагындагыдай болбой, оппозицияда болуп калсак же башка бирөөлөр оппозицияда болсо алар менен конструктивдүү түрдө мамиле түзгөнгө аракет кылуубуз зарыл. анткени алар менен жана эл менен түзгөн мамилебиз биздин келечегибиз деп койсок болот. Эгер бул мамилени туура түзүп алсак, анда саясий, социалдык процесстер да туура өтөт. Экономикалык жактан абал чынында өтө начарлап кетти. Ошондуктан кызуу иштеп, экономиканы көтөрүүгө аракет кылуу зарыл.
- Учурда карапайым эл арасында Убактылуу өкмөткө нааразычылыктар күч алып, Өткөөл мезгилдин президенти Бакиевдин катачылыгын кайталап, өзүнүн санаалаштарын кызматтан алып атышат деп митинг, пикеттерди өткөрүшүүдө. Сенин Убактылуу өкмөттүн ишине бааң кандай?
- Роза Отунбаева Бакиев эмес. Бакиевдин келген жолу башка, Роза Исаковнаныкы башка. Ошондой эле Бакиевдин статусу башка болчу, азыр Роза Отунбаеванын статусу башка. Экинчиден өзүнүн жанындагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн эч ким кетирген жок. Мисалы, Алмаз Шаршенович, Өмүрбек Чиркешович, Темир Аргенбаевич өз ыктыяры менен арызын жазып кетишти. Анткени башында келгенде эле ушундай сүйлөшүүлөр болгон. Берген сөздөрүн кармашты. Ал эми техникалык өкмөткө кимди алып келди, албетте мен дагы кээ бир жерлерине каршы көз караштамын, бирок техникалык өкмөт деген убактылуу нерсе. Парламенттик шайлоодон кийин баарысы өзгөрөт деген ойдомун.
- "Баары өз ыктыяры менен кетти" дедиң, бирок Топчубек Тургуналиевди кызматтан алып койгону үчүн анын жактоочулары митинг уюштуруп атканына кандай ойдосуң?
- Эми Топчубек Тургуналиевдиби же башканыбы кызматтан кетирип салганы тууралуу эч нерсе айта албайм. Жогоруда үч инсандын ысымын атап кеттим, алар өздөрү сөз беришкен, өздөрү кетишти. Ал эми бирөөлөрдү кызматтан алып, ар кандай саясий оюндарды жүргүзүп атканын эч кандай баа бере албайм.
- Эгер жаштар арасынан парламентке депутат болуп калсаң өлкөнүн келчеги үчүн кандай маселерди көтөрмөксүң?
- Жаштар парламентке өтсө, адистигине жана кызыкчылыктарына карата ар тараптуу экономикалык, социалдык, эл аралык ж.б. маселелер менен иштеши мүмкүн. Баардыгы ошол Жогорку Кеңешке келген жаш депутаттардын мүмкүнчүлүгүнөн жана дээринен болот. Жаш деп эле бир кууш маселени берип койбостон, ар тараптуу, олуттуу маселелерди чечүүгө аракет кылуу зарыл.
- Дегеле Убактылуу өкмөткө же аларга каршы чыгып аткан күчтөргө ишенерин билбей, эки аранжы ойдо жашап жаткан кыргыз жаштарын эмнеге үндөмөксүң?
- Бир гана нерсени айтып кетет элем. Эртеңки тарых бүгүн жасалат. "Жашмын" деп эле жоопкерчиликтен баш тартпай, бизден кийинки келе турган муундарга да жоопкерчиликти алып, алардын камын ойлоого даяр болушубуз керек.
Бурул МУСАБЕКОВА








кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"





??.??