mainkaptal

КИТЕПТЕР

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Жаштын кайраты бар

Асанбек ЖАКШЫЛЫКОВ:
"Менин жаныма батканы - коррупция"
Биздин маектеш Асанбек Жакшылыков Нарындык жылкычынын уулу, чоң турмушка айыл чарба адиси болом деп аттанып, кийин дипломаттык кызматтарда жүрүп, азыр "Республика" партиясы менен чон саясатка келсем" деген максаты бар. Испан тилинде түш жоруйт, миграция комитетинде иштеп жүргөндө мекендештерин Кореяга жөнөтөм деп англис тилин үйрөтүп да жүргөн жайы бар.

- Сиз испан тилин мыкты билет экенсиз, бул тилди кантип өздөштүрүп алдыңыз эле?
- Башкалар сыяктуу эле айылда иштеп, анан армияга чакырылып, кийин Айыл чарба институтунда окуп калдым. Ал жерде мыкты окугандыгым үчүн, Москвадагы Патрис Лумумба Эл достугу атындагы Университетке өтүп, "Айыл чарба илими боюнча магистр" жана "Испан тили боюнча котормочу" деген эки диплом алып чыктым. Артыкчылык диплому менен бүткөндүгүм үчүн, мени аспирантурага калтырышты. Магистратурада окуп жатканда Мадридде Королдун алдында Дипломатиялык Академияда окуу үчүн конкурска катышкан 802 кишиден жетөөбүз өттүк. Орто Азия жана Кавказ боюнча мен жалгыз окуп калдым, мага бул жерден испан тилин жакшы билгендигим жардамчы болду. Буга чейин биздин аймактан эч ким окубаптыр. Ал жерде Лиссабондо (Португалия) жана Миланда (Италия) эки айдан, негизинен Мадрид менен Барселонада окудук. Ал жерден жакшы, "5"ке окугандыгым үчүн аяктагандан кийин Королдун колунан диплом алдым. Кыргызстанга келгенден кийин ТИМде иштеп жүрүп, биринчи билимим айыл чарбасы боюнча болгондуктан, кайра Россияга барып Дипломатиялык Академияга барып окудум. Анан Москвада фирма ачып, ишкерлик менен 2 жылдай алектенип калдым.
- Ортодо кайра мамлекеттик кызматка кайтып келиптирсиз да?
- 1999-2001-жылы Миграция боюнча агентикке ишке чакырып, башкармалыктын жетекчилигине чейин иштедим. Сырткы миграция боюнча мыйзам долбоорунун иштелип чыгылышына катышып, бул боюнча мыйзамды иштеп чыккан авторлордун биримин. Иш боюнча көп жерлерге барып, миграция боюнча Россия, Польша, Украина, Прибалтика өлкөлөрү сыяктуу бир топ өлкөлөрдүн тажрыйбаларын үйрөнүп, көрүп келдик. Биз үчүн бул нерсенин баары жаңы көрүнүш болгондуктан, көп нерселерди киргизгенге аракет кылдык. Тышкы мигранттар, качкындардын статусу, кайтып келгендер боюнча башка өлкөлөрдүн статустарын окуп-үйрөнүп, бизге ылайыктап, өзүбүздүн комитеттин кызматкерлери менен түзүп чыктык.
Бул кызматтарда иштеп жүргөндө мамлекеттик иштерге көбүрөөк аралашып, билип калдым да. Мага биздин жаштарга болгон мамиле, дегеле, система жакпай калды. Жаш кадрлар менен эч кимдин иши жок. Окууну бүтүп келгенде жаштык дем, көптөгөн идея, пландар, күчтүү база менен келесиң, бизге окшогон жаштарга мындай болот деп ойлобойсуң да. Жогорудагы факторлордон сырткары, финансылык жактан кыйналгандан кийин, бизнеске өтүп кетип, кайра Россияга кетип калдым. Ал жактан Кыргызстандын жаратылышын башкаларга көрсөтүп, тааныштырыш үчүн эко-туризм боюнча "Арис" деп аталган биргелешкен ишкана ачтым. Кыргызстанга туристтер негизинен Ысык-Көлгө гана келишет. Менин максатым-биздин тоолорду, ажайып жерлерибизди, жайлоолорубузду башкаларга көрсөтүү эле.
- Коомдук уюмдарды да түзүп, иш алып барып келиптирсиз?
- Коомдук иш менен жүргөн адат калбайт экен. 2003-жылы Москвада 12 бала сүйлөшүп, "Кыргыз биримдиги" деп аталган коомдук уюмду каттоодон өткөрдүк. Уюмубуз мигранттарга, иштеп жүргөн биздин балдарга ар тараптуу көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн.
Биринчи президенттин жүргүзгөн саясатына каршы чыгып, 19-мартта Москвадагы кыргыз диаспорасынын атынан митинг уюштурган элек. Кийин ал киши 24-мартта бийликтен кетти...
Кайра келип Кыргызстанда "Хан-Теңир трэвэл" туристтик фирмасын ачып, азыр башкы директорумун. 2010-жылкы апрель окуяларында "Таза бийлик", "Эл бийлиги" деген уюмдарды түзүп, элдик дружиналарды уюштуруп, иштеп жүрдүк.
"Кабар" агенттигин жана бир канча "Народный" дүкөндөрүн 10 күнгө жакын кайтарып турдук. Кийин расмий күзөт кызматтарына аман-эсен өткөрүп бердик.
- "Республика" партиясына эмне максат менен келдиңиз?
- Партиянын лидерин студент кезден бери тааныйм. "Партия эмнеси менен айырмаланат" десем, "Жалаң жаштар. Бийликтеги коррупция, паракорлук, тууганчылык дегенди бузабыз, жаңы адамдар келет. Жети багытыбыз бар, ошонун негизинде өлкөнү оңдойлу"дегендери мага жакты. Ошон үчүн бул жакка келдим.
Бизде чече турган көйгөйлөр арбын. Албетте, мен Нарын өрөөнүнөн болгондуктан, облус үчүн көп нерселерди жасаш керектигин көрүп турам. Башкаларга салыштырмалуу региондун климаты катаал, жергиликтүү калк камкордукка көбүрөөк муктаж. Айыл чарбасын көтөрүү зарылдыгы турат. Эч кимге бергис, бир канча акчаларга сатылгыс жаратылышы бар. Региондогу туризм боюнча потенциалы жакшы, туризмди өнүктүрүп, майда туристтик борборлорду түзүп, анын эсебинен элдин социалдык абалын жакшыртса болот.
Суунун башында туруп, электр энергиясын өзүбүз өндүрүп туруп, эмнеге калк кымбат баада төлөшү керек деген ой түйшөлтөт. Албетте, мунун ичинде, дагы кайталай кетсем, Нарын өрөөнү үчүн өзүнчө жеңилдетилген тариф зарыл. Өзүнүн баасы болушу керек. Миграция тармагы боюнча иштеп, өз салымымды кошсом деген ниетим бар. Себеби, аздыр-көптүр бул тармакта иштеп, тажрыйбам бар. Эмгек мигранты болуп жүргөн жарандарыбыздын кызыкчылыгын, укугун коргогон, медициналык жактан тейлөөнү камсыз кылган өкмөт аралык келишимдерди түзүп, аларды чет жакка жөнөтүп туруунун жол-жоболорун иштеп чыкмакмын. Миграция комитетинде башкармалыкты жетектеп турганда Түштүк Корея менен тиешелүү келишимдерди түзүп, 5 000 кишини жөнөтүүнү пландаганбыз. Баарын майда-чүйдөсүнө чейин даярдап, англис тилинен өзүм үйрөтүп, сабактарды уюштуруп, бара турган өлкө туурасындагы кеңири маалымат берген иш-чараларады уюштурганбыз. Өкмөт аралык келишимди даярдоо да оңой иш эмес да. Кийин ал кандайдыр бир себептерден улам ишке ашпай калды.
Жакында эле Сочиден келдим, 2014-жылы олимпиада болот эмеспи, учурда ага киши күчү жетишпей жатат. Мисалы, утурумдук болсо дагы, кепилдиги менен мыйзамдуу түрдө ишке орноштурса болот. Албетте, ал үчүн иштеп турган рычагдар керек. Ал үчүн өкмөт биз колдош керек. Буюрса, шайлоодо биздин ойлогондой жыйынтыкка жетип калсак, мунун баары көңүлдөгү нерселер.
* Менин жаныма батканы - коррупция. Акча берип жумушка туруп, кайра аны чогултуп алуу деген айыккыс илдет болуп келе жатпайбы. Мен ушул партияга коррупцияга, паракорлукка каршы күрөшүү үчүн келдим.
* Биздин эң аксаганыбыз - кадр жагына көңүл бурбагандыгыбыз. Бирөө министрликке келип калса, таяке-жээнин, туугандарын ишке чакырат. Менин пикиримче, кадрлардын резервин түзүү зарыл. Аны мектептен, 5-класстан башташ керек. Бул Японияда, Сингапурда жолго түшүп калган система. Ал балдарды биздин күзгүбүз, биздин келечектеги кадрларыбыз деп өзүнчө окутушубуз керек.
* "Республиканын" мага дагы жаккан жери - элеттегилерди, дыйкандарды колдойбуз деген келечектүү программалары. Аларга кредит берип эле таштап койбой, "өстүргөн продукциясын кайра сатып алууга шарт түзөбүз" деп жатканы жакшы көрүнүш. Буга айылдагылардын көпчүлүгү ынтызар болуп турушат.
Айнура ИСМАИЛОВА




  Айат кербез

Көз жүгүртүп коёсузбу
Кызматынан чектетилген соттор өз укуктарын коргоп чыкмай болушту. Мындай маалыматты кызматсыз калган соттордун бири Низамидин Азимжанов билдирди.
"Электр станциялары" ишканасынын маалымат кызматынын билдирүүсүндө Токтогул суу сактагычында суунун өлчөмү 19 млрд. 81 млн. куб метрге жетти.
Ош шаарында жаштар уюмдары ЕККУнун полициялык кеңешчи тобунун келүүсүнө каршы чыгып, облустук адмнистрациясынын алдына боз үй тигүүгө аракет жасашты.
Кинорежиссер Актан Арым Кубаттын жаңы тартылган "Свет аке" көркөм тасмасы Швейцариянын Локарно шаарында өтүүчү эл аралык кино фестивальда көрсөтүлөт.
Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институту Ысык-Көлдө бүгүн, эртең "Укук коргоо журналистикасы" боюнча тренинг-семинар өткөрөт. Анда өлкөнүн баардык аймактарынан келген журналисттер менен укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрүнө ММКда укук коргоо темаларын чагылдыруунун жолдору окутулат.
Бир катар укук коргоо уюмдары баардык саясий күчтөргө кайрылуу жолдоп, Кыргызстандын бүтүндүгүн сактоого жана сепаратистик коркунучту токтотууга чакырышты.
Швейцариянын Винтертур шаарында өтүүчү эл аралык кино фестивалына кыргыздын кыска метраждуу тасмаларынан бешөө тандалып алынды. Бул тасмалар аталган фестивал да үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында көрсөтүлмөкчү.
"Жарандар коррупцияга каршы" укук коргоо борбору "Сенин окуяңды дүйнө билсин!" аттуу жарандык журналистика чөйрөсүндө конкурс жарыялады. Конкурска баардык журналисттер катыша алат.
Кыргызстанда акыркы айларда психикалык жактан жабыркаган адамдардын саны өсүүдө. Адистер мунун себебин өлкөдөгү апрель, июнь айларында болгон кандуу окуялар менен байланыштырышууда.
Кыргызстандын 2,5 миллиардга жакын тышкы карызы өлкө экономикасын сактап калууга бөлүнүп жаткан 1 миллиард 100 миллион доллар жардам акчанын эсебинен дагы көбөйгөнү турат. Бирок жардам акчанын канчасы жеңилдетилген шартта, канчасы кайтарымсыз берилери азырынча белгисиз.
КРнын акыйкатчысы Турсунбек Акун "Люстрация жөнүндө мыйзам долбоору коомчулуктун кээ бир катмарларынын укуктарын бузат" деп билдирди.
Кыргызстанда спорттун ар кандай түрүн өнүктүрүү керек. Мындай пикирди грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын президенти Арзыбек Кожошев айтты.
Кыргызстанда 2010-жылы жети айдын ичинде күйүүчү майдын көлөмү азайды. Себеби Россия тарап күйүүчү майдын баасын көтөргөн.








кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
а ­е¦Є.НҐй«