mainkaptal

КИТЕПТЕР

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Ар тараптуу өнүгүү негизги багыт болсо

Темир САРИЕВ,
"Ак Шумкар" партиясынын лидери:
"ата-бабаларынын арбактары жаткан жерди таштап кеткен адам - руханий баалуулуктарын жоготот"
Шайлоо кампаниясы жарыялана элек, бирок өлкөдө ар кыл партиялардын үгүтчүлөрү кеңири тарады. Кезектеги "жаркын келечектин" жар салуучулары республикадагы өзгөчө кырдаал парламенттик шайлоолордун күнүн белгилөөгө мүмкүндүк бербей тургандыгына карабастан, күздөгү ат салышууга активдүү даярданып жатышат. Ошентсе да, "Ар бирибизге бирден партия" лозунгу астында жаңы түзүмдөрдү каттоо үчүн убакыт да бар. Жалпы талапкерлердин фонунда туруктуу лидерлик позицияда тургандыгы менен "Акшумкар" партиясы өзгөчөлөнүп турат. Бүгүнкү сөз кезеги партиянын лидери Темир Сариевге берилет.

- Темир Аргембаевич, Сиз кандай деп ойлойсуз, Кыргызстанга көп сандаган партиянын кереги барбы? "0,5% барьердин жардамы менен партиялардын бир бөлүгү өз мүмкүнчүлүктөрүн жасалма жол менен чектеп жатышат" деп айткандардын сөзү канчалык деңгээлде чындыкка жакын же ал туура эмес айтылганбы?
- Парламентке аттанган партия өзүнчө чөйрөгө эмес, Кыргызстандын элинин кызыкчылыгын коргоого жана республиканын бардык аймактарында иштөөгө тийиш. Андай болбосо, биз регионалдык карама-каршылыктарды жаратабыз, ал эми бизде өз элибизди бөлүүгө укугубуз жок. Эгер партия парламентке бара жатса, ал райондук маанидеги эмес, мамлекеттик маанидеги маселелерди чечүүгө тийиш. Тиешелүүлүгүнө жараша мындай партия республикалык деңгээлдеги колдоого ээ болот. Ошол себептен, 0,5 пайызды бийликтин каршылык көрсөтүүсү катары эмес, өлкө жашоочуларын белгилүү бир партиянын максаттуулугуна ынандыруу зарылдыгы катары кабыл алуу зарыл.
Ошону менен саясий карама-каршылыктарды жаңы толкундоолордун катализаторуна айлантууга жол бербөө бардык партиялар үчүн маанилүү милдет. Референдум өттү, ага ким кандай мамиле кылбасын, бүткүл элдик добуш берүү элдин биригүүсүнүн, элдин туруктуулукка жана өз ара түшүнүшүүгө жалпы умтулуусунун символу болуп калды. Эми биз бул биримдикти шайлоо кампаниясынын учурунда жана парламентте да сактап калууга тийишпиз. Кеп партиялардын санында эмес, кеп саясий лидерлердин түшүнүгүндө, биздин коомчулуктун саясий маданиятында.
- Кыргызстанга ОБСЕ полицейлерин киргизүүгө кандай карайсыз? Бул "косоводогу сценарийге" алып келет деген ойду колдойсузбу?
- Мен өз элиме ишенем. Кыргызстан кең пейил, ал туруктуулукка, толеранттык мамилелерге келүүгө мүмкүндүк берерине ишенем. Сиздер билгендей, бүгүнкү күнү формалдуу түрдө гана өз мамлекетине талапкер болууга укугу бар 300дөн ашык эл катталган. 1991-жылы таанылбаган элдердин уюму түзүлгөн, анын катарына саны 150 миллиондон ашык адамды түзгөн 90дон ашык эл кирген. Ал эми бизде - беш миллион калк - мамлекет жана мамлекеттүүлүк бар, биз андан айрылууга эч кандай укугубуз жок.
Ооба, бүгүнкү күнү "косово сценарийи", өлкөнү афгандаштыруу жана башкалар жөнүндө сөз кылышууда. Бирок бул иш айрым саясатчылар алардын өлкөбүзгө киришин сурап жаткан полицейлерден же башка аскер күчтөрүнөн көз каранды эмес. Бизди кандай келечек күтөт, Кыргызстан кандай жолду тандап алат, аны биз өзүбүз гана күздөгү шайлоолордо чечебиз.
Ошондой эле биз тышкы жардам боюнча да - адеп өз кызыкчылыгыбызды тактап алып аяр мамиле кылышыбыз зарыл. Маселен, эгер биз афгандаштырууну каалабасак, гуманитардык жардам түшүнүгүнө азык-түлүк алууну эле эмес, өнөр жай, айыл чарбасын өнүктүрүүнү да киргизишибиз керек.
- Мен билгенден кризистен чыгаруу боюнча сиздин планыңыз региондук саясаттын чоң блогун карайт. Өлкө бүлгүнгө учураган азыркыдай саясий кырдаалда региондорду күчтөндүрүү эарылчылыгы канчалык, ушунун өзү Кыргызстандын кыйрашына алып келбейби?
- Биздин кризиске каршы стратегиябыз кечээ же бүгүн шайлоолордун алдында жаралган жок. Өзүңөр билгендей, "Акшумкар" партиясы мурдагы бийликке көптөн бери оппозицияда болгон. Бул мезгилдин ичинде партияда Кыргызстандын кайра жаралуусун каалаган пикирлеш адамдар чогулган эле. Бул плакаттар үчүн эле ураан эмес, реалдуу экономикалык стратегия болуп саналат. Өзүм кесибим боюнча экономист болгондон кийин кандай экономикалык кадамдар зарыл экендигин популизми жок айта алам.
Биздин республика акыркы жылдары кургуйга түшкөнүн эске алып, биз ошол кезде өзүбүздүн экономикалык программабызды иштеп чыкканбыз. Ошол себептен башкаруу системасын алмашуусуна жетиштик. Эл өзүнүн өнүгүү жолун көрсүн дедик. "Акшумкар" партиясы региондордун өз алдынчалуулугун күчөтүүнү колдойт. Бүгүн биз мамлекеттик үстөмдүктөн арылып, бизнесмендерге көбүрөөк мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Бергенде да региондук бизнесмендерге. Мейли бул чакан же орто бизнес болсун, мына ушундай жол менен өндүрүш көтөрүлүп, азыркы айыл чарба комплекстери калыптанмакчы. Ошону менен региондор ортосундагы бири-бирине болгон көз карандылык күчөй бермек. Ошентип өлкөнү экономикалык ыңгай менен бөлүү нөлгө такайт. Соода өнөктөшүңөн эмне үчүн бөлүнмөк элең? Ар кандай саясий аргумент өз үй-бүлөңдүн турмуш деңгээлин көтөрүүнүн алдында алсыздык кылат.
- Бүгүнкү күндө туруктуулук социалдык-экономикалык кайра түзүүлөрдүн зарылчылыгы менен байланыштырылат. Ошол эле түштүктү калыбына келтирүү зор салымдарды талап кылат. Сиздин партияңыз өлкөнү кандайча кайра жаратар эле?
- Мен дайыма мына муну баса белгилеп келе жатам. Эгерде бизнести көмүскөдөн чыгарууга шарт түзсөк, анда бизде маанилүү реформаларды жүргүзгөнгө ички ресурстарыбыз жетишет. Буга эл аралык колдоону кошсок - бул реалдуу резерв. Албетте, каржылык жардам жөнүндө айтуу үчүн биринчи өз кызыкчылыктарды тактап алуу керек. Бизге максатты - сунуш кылынып жаткан бардык реформалардан кийин эмнени алгыбыз келгендигин тактап алуубуз кажет. Бирок, "жогорулайт, жакшырат" деген жалпы сөздөр болбосун. Кыргызстанга реалдуулук керек: эң аз пенсия - 200 доллар, эң аз айлык - 400 доллар. Жашоого керектүү минимум мамлекет төлөп берип жаткан социалдык төлөмдөрдөн жогору болбоого тийиш.
Ошону менен бирге эле, сунушталган адистешүүгө карабастан, "Акшумкар" аймактарда социалдык айырмачылыктарды жоюу боюнча программаны жүзөгө ашырууну баштоо зарыл деп эсептейт. Бул үчүн бирдей социалдык шарттар керек. Жашаган аймагына карабастан, ар бир жаран сапаттуу медициналык жардам, билим алууга укуктуу. Татыктуу жашоону борбордо гана эмес, региондордогу шаарларда да камсыз кылууга тийишпиз. Мына ошондуктан биздин антикризистик стратегиянын кеңири бөлүгү майда шаарларды жана айылдарды өнүктүрүүгө багытталган.
Өз туулган жери менен сыймыктана албаган, ата-бабаларынын арбактары жаткан жерди таштап кеткен адам - нравалык туруктуулугун жана руханий баалуулуктарын жоготот. Демек, мамлекеттин жана элдин маданий негизи талкаланат.
- Бүгүнкү күндө көптөгөн партиялар "жаңы жумушчу орундарды түзүп, эмгек мигранттарын мекенибизге кайтарабыз" деп жатышат. Бул маселенин чечилишин сиз кандайча көрө аласыз?
- Албетте, азыр калктын эмгек мигранттары жана жумушсуздар болуп экиге бөлүнүп калышы өтө өкүнүчтүү. Биз бул абалды өзгөртүү үчүн болгон күчүбүздү жумшообуз зарыл. Анын үстүнө бул көйгөй жылдан-жылга татаалдашып барат. Өзүңүздөр байкап көрүңүздөр, республикабыздын экономикасы өнүксө, бул жерде үй-бүлөсү калгандар кайра кайтып келиши мүмкүн. Ал эми чет элге барып отурукташып, үй-жай күтүп, өз келечегин ошол өлкө менен байланыштырып койгон жаштарыбыз кайра кайтып келет деп айтуу кыйын. Натыйжада жаштары ар кайсы жакка тарап кеткен, карып бара жаткан коомго ээ болуп олтурабыз. Учурда эң башкы көйгөйлөрдүн бири ушул болуп турат.
Ошону менен бирге эле, чечим дагы бир тараптуу болбошу керек. Жумушчу орундары тууралуу сөз кылуудан мурда, сапаттуу кесиптик билим берүү зарыл. Бүгүн өндүрүштү жана айыл-чарбасын кайра жандандыруу тууралуу көп сөз болуп келет, бирок ошол кайра ачылган заводдорго жана колхоз-совхоздорго келе турган адистердин жаш курагы 45-50 жашты түзөт.
Бизде азыр экологдордун жана юристтердин мууну бар, бирок айыл-чарба кызматкерлеринин жана токарлардын мууну жок. Акыркы жылдары баалуулуктар өзгөрдү. Демек, бүгүнкү биздин милдет - эмгекке, эмгек адамына болгон сый мамилени кайра кайтаруу.
Республикабызда көп эле жолу жаштарды жана жаш үй-бүлөлөрдү колдоо программаларын ишке ашырууга аракет кылып көрүштү. Бирок бардык маселе чечилбеген бойдон кала берди. Ошондуктан "Акшумкар" партиясынын социалдык жана жаштар саясаты ушул маселелерди чечүүгө багытталган. Жаштарыбыз өз туулган жери менен сыймыктанып, ал жерден кетүү тууралуу ойлонбой тургандай болуусу зарыл.
- Экономикалык маселелерди чечүү үчүн Кыргызстанга эл аралык жардам керек дедиңиз. Ал эми сырткы фактор тууралуу сөз болгондо, биз Россия, АКШ жана Кытай сыяктуу үч державанын бирин тандайбыз. Ошондуктан бүгүнкү күндө көптөгөн партиялар Россияны тандай тургандыктарын билдиришүүдө, албетте бул көпчүлүк тарабынан колдоо таба тургандыгы белгилүү. Мындай жагдайда сиздин партия кандай пикирди карманууда?
- Кыргызда "бир адамдын затын билгиче, миң адамдын атын бил" деген макал бар. Албетте, шайлоочулардын добушу үчүн көп нерселерди айтууга болот, бирок бизге чет өлкөлөр менен өнөктөштүк мамиле зарыл. Биздин партиянын негизги багыты - ар тараптуу багытта өнүктүрүү. Бул сырткы саясатка гана эмес, ички саясатка да тиешелүү. Жарандар үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн көп багыттуулугу бакубат мамлекеттин негизи болушу керек.
Маадабай ЭШКОЖО









кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
а ­е¦Є.НҐй«