mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Жарк эткен үмүт

Карганбек САМАКОВ, "Ата Мекен" социалисттик партиясынын төрагасынын орун басары,
Кыргыз Республикасынын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси:

"Жан дүйнөбүздү тазалоо зарыл"

- Карганбек Сыдыкович, Нарынга тынбай каттаган саясатчылардын бири катары, кесибиңиздин да жолчу экендигин эске алуу менен кептин башын Бишкек-Нарын-Торугарт жолу менен баштасак. Ушул жол качан оңолот?
- Сиз айтып жаткан жол чынында эле начарлап кеткен. Айрыкча, Долон ашуусунан Торугартка чейинки жолдо жүрүү кыйын болуп бараткан. Быйыл мына ушул жолду оңдоо иштери башталып жатат. Бул чынында оңой жумуш эмес. Көп түйшүктү талап кылганын белгилеп коюшубуз керек. Аталган жолдун курулушу эң чоң долбоорлордун бири болуп калат.
Мен, депутат катары да, жөн эле атуул катары да акыркы бир нече жылдан бери сураштырып-териштирип келген маселелердин бири ушул. Жол башталгандан бери эки-үч жолу барып келдим. Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Токмок шаарынын тушундагы бөлүгүндө иш кызуу жүрүп жатыптыр. Бишкектен Кочкорго чейинки жолду кытайлыктар жасап жатат. Кытайдын "Эксимбанкы" 200 млн. доллар каражат бөлгөн. Жолдун долбоору боюнча Боом капчыгайынын ичинде олуттуу иштер аткарылат. Эки катар жол кеңейтилип, бараткан машиналар каршы келаткан машиналарга тоскоол болбогондой төрт катар жол салынат. Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Кочкордон Кызыл Белге чейинки участогун оңдоо иштери боюнча маселелер толук чечиле элек. Мурдагы алдын-ала сүйлөшүүлөр боюнча аталган участокту Арабдардын координациялык фондусу (Араб Эмираттары, Кувейт, Ислам өнүктүрүү банкы жана башкалар) каржыламай болгон. Өлкөдөгү кырдаалдын чукул өзгөрүп кеткени бул маселени бир аз кечеңдетип койду. Эми буйруса бардыгы ордуна келип, калыптанып калдык. Арабдардын фонду менен болгон иштер да чечилет. Сүйлөшүүлөр бышып калган.
Өзүм жолчу болгондуктан Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда да көп жылдар бою жол курулушунда иштегем. Ал учур менен азыркы учурду салыштырып болбойт. Эгерде ушул жол толугу менен калыбына келтирилип калса нарындыктар үчүн эле эмес бүтүндөй Кыргызстан үчүн чоң пайда алып келет. Улуу Кытайга, андан ары ачык деңизге чыга турган транзиттик жол болот. Анда биз Казакстан менен да тең ата сүйлөшкөнгө жарап калабыз.
- Эми кепти саясатка оодарсак, "Ата Мекенге" кошулганыңызга канча болду? Эмне иштер менен алектенип жатасыз?
- "Ата Мекен" партиясына 2006-жылы төраганын орун басары кылып шайлашкан. Ошол эле маалда тышкы саясат бөлүмү боюнча иштердү жүргүзүүнү тапшырышкан. Ошол күндөн тартып колдон келген аракетибизди жасап жатабыз. Биздин партия менен идеясы үндөш дүйнөлүк социалисттик нуктагы партиялар менен карым-катнашыбыз бекемделип калды. Кыргызстанга инвестиция алып келүү деген да багытыбыз бар. Бул жагынан иштерибиз өтө оор болду. Инвестиция десе эле баса калып, "менин пайызым канча?" деген, заман болбодубу. Ошонун айынан алдыга коюлган максаттардын көбү бюрократиялык схеманын тоскоолдугуна учурап, ишке ашпай калганын ачык эле айтып коюушубуз керек. Бизде "шапке" бериш керек деп чет элдиктерге айталбайт экенбиз. Же ишибиз жылбайт. Кыскасы иневстиция тартуу жагынан кыйналыштар көп эле болду.
- Кырдаал демекчи, учурда карапайым эл Убактылуу өкмөткө ишеним артпай, айрым күчтөрдүн "үчүнчү революция болот" деп айтып жүргөнүнө кооптонуп аткандай. Буга кандай ойдосуз?
- Үчүнчү революция деген сөз мурда май талкандын үстүндө жүрүп эле анысынан ажырап калгандардын сөздөрү го. Революция болуш үчүн себеп болушу керек да. Мурдагы бийлик элдин ырыскысына кол сала баштады эле 7-апрелде эл өзү кууп чыкты. Качкан бийлик 20 миллиарддан ашык бюджеттик тартыштыкты калтырып кетти. Абал азыр чынында оор, бирок, революция кылганга негиз жок. Элдин мүдөөсү аткарылып жатат. Электр энергиясынын тарифи, жүздүк байланыштын тарифи ордуна келди, сатылып кеткен объекттер кайтарылды дегендей.
Азыр элге эң негизгиси ынтымак аба менен суудай керек болуп турат. Аны Кыргызстандын эли жакшы билет. Конституцияны кабыл алдык. Эми парламенттик шайлоолорду таза өткөрүп алышыбыз керек. Буйруса Кыргызстан Борбордук Азияда биринчи жолу парламенттик башкарууга жол ачканы турат. Алдыдагы эки-үч жылда экономикалык, социалдык, саясий маселелерди өз нугуна сала ала турган болсок, анда биз Кыргызстандын дүркүрөп өнө турган көчөтүн отургузган болот элек.
- Люстрация мыйзамын киргизгенге пикириңиз кандай?
- Бул эң туура. Тактап айтканда, бул тазалануу да. Бардык жерде тазалануу болушу керек. Элдин элегинен өтүп, эки жолу Жогорку Кеңешке депутат болгом. Албетте, шайлоо округдарынын биринен шайланып келгендин да кызыгы бар. Жеке өзүң барып, шайлоочуларыңа отчет бересиң. Эми партиялык тизме боюнча болгондо бүткүл партияң менен элдин таразасына түшөсүң. Жаңы тартипте иш алып барышыбыз керек. Тазалануу сөзсүз болуп, элдин кыжырдануусун пайда кылбоо абзел.Тигил же, бул бийликте жүрүп, ошол жердин ашын жеп, Ак үйдү сагаалап көнүп калгандардын көбү бүгүн деле "кайсыл жерден устукан тийип калар экен" деген таризде жүрүшөт. Андыктан жеке эле кызматта эмес, жан-дүйнөбүздү да тазалоо зарыл болуп турган чак.
- Парламенттик шайлоого "Ата Мекен" партиясынан ат салышасыз да?
- 2007-жылкы шайлоодо "Ата Мекен" Нарын облусу боюнча 81 пайыз добуш алган. Нарын облусунун координатору болуп штаб жетектегем. Жалпы Кыргызстан боюнча 60 пайыз добуш менен "Ата Мекен" уткан. Партиялаштарым мени партиялык тизменин эң алдыңкы катарларына жылдырып коюшту. Бул партиянын ишеними. Мен депутаттык мандатты мансап катары көрбөйм. Эл алдындагы, өлкө алдындагы жоопкерчилик деп сезем. Демек, кудай буйруп эл ишеним көрсөтсө аткара турган иштер өтө арбын. Өзүм айрыкча тышкы саясатта жеке салымымды кошсом деген пландарым бар. Себеби эл аралык алкакта катташкан мамилелеш адамдарым көп. Мына ошолордун көпчүлүгү жеке инвестиция алып келүүгө кудурети жеткен адамдар. Жеке мамиледен тышкары мыйзамдык негизде чет элдик инвесторлорго чыныгы жол ачылышы керек. Жеке чөнтөккө эмес мамлекеттин чөнтөгүнө түшө шарттарды камсыз кылышыбыз учур талабы.
Бурул МУСАБЕКОВА




  Бөдөнөнү да касапчы сойсун

Жоомарт Оторбаев,
"Ата-Мекен" партиясынын мүчөсү:
"Капитал эң жакшы жерге агат"
Өлкөбүздөгү көп партиялардын алдыңкы сабында келаткан "Ата Мекен" партиясынын катарында белгилүү экономист-саясатчы Жоомарт Оторбаев бар. Жоомарт мырзага капыл-тапыл суроо салдык…
- Жоомарт мырза, партия мүчөсү катары шайлоонун өтүшүнө карата кандай пикирдесиз?
- Үйбүлөдө же ишканада бюджет жакшы болсо, бардык нерсе мыкты болот, туурабы? Азыр бүтүндөй мамлекетибизде эң чоң маселе ушул болуп жатат. Биз эми эл аралык стандарттагы фальсификациясыз, түз шайлоо өткөрүшүбүз керек. ОБСЕ критерийлерин, Россиялык көзөмөлчүлөрдүн пикирлерин көңүлгө алып, алардыкы сыяктуу таза шайлоо өткөрсөк жакшы болмок. Шайлоо алдында ар кандай оюндар, кара пиарлар болгону мыйзам ченемдүү нерсе. Антсе да биздин эл азыр бардык нерсеге түшүнүп, шайлоо жаатында сабаттуу болуп калганына ишенем.
- Экономикалык абалыбыз өзгөрүүлөргө багыт алабы?
- Эл аралык банктар берген тендерлер менен сырттан инвестиция тартышыбыз керек. Жаңы келген тышкы инвестициялык булактарга ыңгайлуу климат түзүп, колдоого алышыбыз абзел. Алар Кыргызстан ичиндеги ири бир ишкананы сатып алып өздөрүнүн технологиясын, менеджментин алып келип өнүккөн мамлекеттин тажрыйбасын үлгү кылып иш алып барса, алга жылуу тездейт эле.
- Биздеги саясаттын туруксуздугу инвесторлордун кызыкчылыгын кайтарып, терс таасир этпейби?
- Азыркы биздин кырдаал кандай "баатыр" инвестор болбосун, аны чочутпай койбойт. Кыргызстандын ичинде тынчтык өкүм сүрүп, эл ичи бейпил турмуш кечиргендей абалга жетишибиз керек. Албетте, инвестордун келишимдик негиздеги кызыкчылыгы болот. Демек, кандай гана кырдаал болбосун аларга ийкемдүү шарт жасаганыбыз оң.
- Ири ишканалар, завод-фабрикалар баштапкы мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калганы белгилүү. Экономикалык абалыбыздын жолго коюлушун рынок жагдайы көтөрө алабы?
- Биздин мамлекетибизде заводдук рынок аябай кичинекей. Сексен пайызы сервис, жалаң гана төлөмдөр менен жүрөбүз. Негизинен алсак, рыноктук заводдор эки гана мамлекетте, Кытай жана Индияда бар. Кыргызстан Борбор Азиядагы соода өнүктүрүүгө эң ыңгайлуу мамлекет болуп атат. Мисалы: Түркиядан товар түз бизге келип, анан Казакстан, Россия өңдүү башка мамлекеттерге тарап атат. Бизде мүмкүнчүлүк толтура, соода иштери менен гана чектелбестен Сингапур сымал курулуш борборлорун түзсө болот. Ал жерде өндүрүш жок болсо да, соода менен эң өнүккөн өлкөлөрдүн катарында туруп атат. Швейцарияны караңыз, илимий жаатын өстүрүп, локалдуу өндүрүш жасап өсүү үстүндө. Биз ошол моделдердин баарын алып келишибиз керек.
- Сизди эларалык маанидеги экономисттер менен байланышта деп билебиз. Алардан бизге карата конкреттүү ой-сунуштарын уга алдыңызбы?
- Туура, андай экономисттердин кеңешин угабыз. Биз азыр өнүктүрүү процессти баштап жатабыз. Мындан ары эки приоритет менен кетебиз. Жакшы инвестициялык климат жасаган мамлекет деп ийгиликтүү инвестиция тарта билген мамлекетти айтаар элем. Капитал эң жакшы жерге агат. Биз ошол мүмкүнчүлүктү тартышыбыз керек. Зор инвесторлор Кытай, Россияга эмес бизге келсин, биз ошого мүмкүнчүлүк түзөлү. Алар биздин курулуш, кен байлык өңдүү тармактарыбызда иштей бериши керек. Андай шарттар болсо ошончо жумушчу орун пайда болот, жумушсуздук кыскарат. Ошондуктан, жеңилдик берүү механизмдерин тездетпесек болбойт. Ишкерлерге ар тараптуу жеңилдиктер коюлуп, аларды ишке кийирүү керек. Биз сыртка кетип жаткан мыкты агымдарды кайрып, кыргызстанга алып келишибиз башкы максат болуусу шарт. Ошондо биздин эл башка мамлекеттен иш издебей, өз мекенинде татыктуу жашоо кечирет. Андан бюджет көбөйөт, демек пенсия, жөлөк пул да көбөйөт. Бул алга жылуу эмеспи.
- Сизди "Ата Мекен" чакырдыбы же сиз "Ата Мекенди" тандадыңызбы?
- Мени "Ата Мекен" чакырды. Өзүмө деле бул партиянын буга чейинки баскан жолу, мындан аркы кадамдары кандайдыр бекем ишеним арттырып келген.
Азамт КЫЯЗОВ







кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
а ­е¦Є.НҐй«