mainkaptal

КИТЕПТЕР

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Жолборс жоодон коркпойт

Лирикасыз чегинүү
Абалы партиялар тууралуу азыноолак сөз. Он-жыйырма кишинин башын кошуп, "партия түздүк" деп бакылдагандар эгемендик жылдарында эң көп болду. Айрыкча кызматтан кеткен аткаминерлер саясый процесстин таштандысында калбагандыгын тастыктоо үчүнбү, же аракеттеги бийликке сес көрсөтүү максатындабы, айтор партия ачып, бирин-экин коомдук кыймылга тийди-качты катышып, кээде билдирүү, үндөөлөргө кошула кол коюп, бийлик кызмат берип койсо, партиясы түгүл, анын атын унутуп салган "лидерлер" арбын. Алардын атын атап отурбайлы, коомчулук беш колдой билет. Албетте, анын башка да себептери бар, биринчиден, социалдык базасы жок, географиялык чөйрөcү чектелүү, партия негизинен башчысынын жердештери, ага-тууган, дос-тамырлары, ашып кетсе жакшы тааныштарынан куралган. Андан ашкере маанилүүсү: партияларда элге тартуулап, таңуулап, артынан ээрчите турган максат, бардыгына тең идеялогиянын жоктугу болду сыяктанат. Төбөсү көрүнүп, эл жаңыдан ишеним арта баштаган партия лидерлери кээде өздөрү айткан "калайыкка кас режим" ээлери менен соодалашып, коомдук системаны бет алган курсту эмес, бийлик башындагыларды алмаштырып койсо, Кыргызстанга май көл, сүт көл орнойт маанисинде ишенимге жетеленген учур да болду. Азыр деле айрым аттуу-баштуу саясатчыларыбыз республикага кандайдыр бир көсөм жетекчини көксөп отурат. Жалпы аракет эмес, жалгыз ошол өлкөнү белчеден баткан кризис сазынан алып чыкчудай. Албетте, андай көсөм керек, бирок ал асмандан түшпөйт, коомдук кыймылдын, күрөштүн өзүнөн жаралат. Ал көп жагынан элдин эркин тандоо укугуна б.а., атаандаштыктын адилет, калыс жүрүшүнө, шайлоолордун ак, таза өтүшүнө байланыштуу болот. Жаңы бийлик андай процедураны көздүн карегиндей убада кылууда, бирок канчалык, кандай аткарылат - мезгил көрсөтөт.
Республикадагы көп партиялардын ичинен ошондой ой-максат багып, аң-сезим ташып, аны бийликке сатпай, кызматка алмашпай, кыскасы беттегенин бербей күрөшүп, калыптанган партия "Ата Мекен" болду сыяктанат. Албетте, ал деле жогорудай партиялардын жолун басып өттү, бирок ал жергиликтүү даражадан жалпы элдик, мамлекеттик мааниге өткөнүн 2007-жылдагы парламент, шайлоосу тастыктаган, өлкөдө бүгүн өтүп аткан кескин өзгөрүүлөрдө ойногон ролу көргөзүп атыр. Эсеби маселең, 2007-жылдагы шайлоодо мамлекеттик-административдик ресурстар аларга каршы катуу иштегенине карабастан, жеңишке жетишкенин, бирок ал жеңишти президент Бакиев өз партиясы "Ак жолго" зордук менен тартып бергенин достору да, кастары да, калыстары да моюнга алды. Анын акыры эмне менен аяктаганы белгилүү. Бирок, бир нерсени моюнга алыш керек. Демократиясы өнүккөн өлкөлөрдө кандай экендигин билбейм, бизде партиянын программасы жок же конструктивдүү эмес деп көп айтышып, көп жазылат. А карапайым калктын аны менен иши да жок. Алар партия лидерлеринин абийир, ар-намыс, тазалык, тайманбастык , адилетчилдик, чынчылдык, принципиалдуулук өңдүү адамдык, инсандык сапаттарына карап баалайт, колдойт. Менимче, "Ата Мекен" партиясынын эл арасындагы кадыр-баркы ошондой лидерлердин бардыгына байланыштуу.
Эл каарынын коңгуроосу
"Жолборс жоодон коркпойт" деген кеп бар. Кайсы элдики экенин билбейм. Кечээ жакында партиялаштарынын Болот Шер (Шерниязов) жөнүндө айтканын угуп, ушул учкул сөз эсиме түштү. Чанда бир адамдарга кезигүүчү жолборстукундай касиет, күч Болотто бар десем, аша чаппайм. "Атына заты жарашат" деп айтылып да, жазылып да жүрөт. Кийинки жылдары оору менен алпурушуп, кайнаган саясатка көп аралашпай калгансыган. "Атамекен" партиясынын лидерлеринин бири катары алыстан акыл айтып, кеңеш берип дегендей. Анан кантмек? Канынын басымы канчалык, канты канчалык экенин уксаң, төбө чачың тик турат. Эсиңиздеби, президент Бакиев "Ак жолду" айдактап, ата-бабабыз ардактап жердеп, Көкөтөйдүн ашы өткөн Каркыраны Казакстанга кармата берди. Анда парламент төрагасы азыр чампалап "Бүтүн Кыргызстан" деген партия түзө салып, "мен cуудан таза, сүттөн акмын, мага добуш бергиле" деп эл аралап, элден кагуу жей баштаган Адахам Мадумаров болчу. Ал башында турган "акжолчулар" менен Бакиев бийлигинин экинчи партиясына айланган коммунисттер ратификациялаган б.а., Казакстанга Каркыранын кайрылгыс болуп өтүшүн мыйзамдаштырган. Ошондо кайран ата-бабабыздын алтын башы, каны, жаны, кубаныч, кайгысы калганы жерибизди коргоп алалы, ал экинчи колго тийбейт элге түшүндүрөлү, каршылык жасасын, канткени менен Каркыраны оболу көлдүктөр жайлайт эмеспи, көлдөн баштайлы деп, Ө.Текебаев, Болот Шерниязов, А.Бекназаров баш болгон оппозициячылар тобу жыйын куралы десе, бийлик алагүү кылып агыткан аяктын "обончу" катындары ташка алып, жумуртка менен уруп киргенде, эл эки тарап болуп кагыша кетпесин деп беркилер качып, Болот көгөрүп туруп бергенин гезиттер жазып, "Азаттык" айтып чыкты. Ажаан катындар аны алка жакадан алып, жакшы эле "бомбалашса" керек. Кийин Өмүрбек Чиркешович эскергени бар: Болот алатополоңдун ортосунда бир кыйла отуруп, машинесине араң жетти. Көрсө, кан басымы көтөрүлүп, жарылып кете жаздаптыр, доктурга араң дегенде жеткирдик деп.
Андан кийин эки ирет инсульт болуп, инфаркт алды. Доктурлар таптакыр тыюу салганына карабай, саясый ишмердигин токтотпой койду. Кечээ жакында кайрале Өмүрбек Чиркешович күлкүгө чалып айтып берди: өткөн жылдын аягында Швециянын жумушчу партиясы биздин партиянын эки лидерин съездине чакырган экен. "Болот экөөбүз барып келдик. Болот инсульттан кийин тили жакшы бурулбай сүйлөй албайт, мен белим ооруп, кайкалап түз басалбайм. Ошентип бири дудук, бири бүкүр-эки бакыр дегендей эле таасир калтырдык өңдөнөт".
Булар эмнеден улам эске түшүп атат? Президент Бакиев 2007-жылдын апрель айындагы Ф.Кулов баштаган миңдеген адамдардын бийлик саясатына каршы радикалдуу демонстрациясын күч менен уруп-сабап, атып, камап, тараткандан кийин көздүн май, көкүрөгүн дат басып, эл менен эсептешпей калды. Коомчулукту "итсиңби, кушсуңбу" деген жок. Көпчүлүктүн бийликтен да, оппозициядан да көңүлү кала түштү. Массалык нааразылык билдирип, каршылык көрсөтүү эч натыйжа бербейт экен деп калды. Оппозиция да ичтен ирип кирди. Мен да түңүлгөм. Президент Бакиев өз бийлигин сактоо үчүн элине ок атып, кан төгүүдөн, Түндүк менен Түштүктү тирештирүүдөн кайра тартпай калды деп жазган. Айткандай болду, бир айырмасы, өзбек менен кыргызды кырылыштырды.
(Уландысы 7-бетте)




  Нарындан жазган салам кат!

Бакиев жугундукорлорун мен эмес, эл каргоодо...
Жылдыз кандайсын? Сен мени жакшы тааныйсын. Аз калды,жакында коросун, бекер кылдын, озун казган орго озун тушосун,калемин курч, тилин заар болгон менен журогун калыс болгон жок. Сен ар дайым ызы-чуу менен адам тагдырларына ойноп мышыкка оюн, чычканга олум болуп жатканын сезсен да сенин таш журогун жылыбай, тилиндин уусу далайларды чакты... А сен ошол "оорудан" рахат менен акча таптын... Ылайым буйрубасын... Ошол капчык сенин тешчу жеринди тепчип, сен каралаган тируу жандардын убалы уктатпасын! Аз калды, жакында коросун, туясын, сезесин, окуносун, окунгондо да кандай укум-тукум тууган уругун менен окуносун! Ар нерсенин чеги болот, ошол чек сен учун жакында....

Менин электрондук почтомо ушундай кат келиптир. Айабай жүрөгүм "түшүп", үйдөн "чыкпай", "жашынып", көлөкөмдөн "коркуп" жатам. Түгөттүкү десе, кат жазган адам адабият-маданияттан саал сабаты бар адам көрүнөт. Философиялык ой да жүгүртүп ийгенге үлгүрүптүр. Кыязы чыгармачыл адам же чымыны бар... "Бул катты ким жазышы мүмкүн?" дегендерге менде жооп даяр, себеби чыгармачыл чөйрөдө, саясатта мага тишин кайраган бир нече адам бар экенин билем. Мен алардын аты-жөнүн тизмектеп туруп, укук коргоочулардын колуна карматтым.
Эми бул "коркутуп-үркүтүүнү" ким жазса да, өз тагдырына нааразы боло, өз ызасы ичинде кайнап, тагдырынын тайкылыгын менден көрүптүр. Мен аларды кошоматчы бол же ар кимден акча сура, бирөөнүн жашоосуна көз арт, көрө алба, жамандык изде, айлаң кетсе ар кимдин көчүгүн жалап, ода жазгыла деген эмесмин. Ооба, жазганына караганда ал уйкудан ойгонгондо эле акчадан оозаныптыр, демек жашоодо карызы көп, акчадан каржалып, абдан айласы кетип турган адам. Ошондуктан менин капчыгымды да эсептегенге үлгүрүптүр. "Молодец!", кыйын экенсиң, болбосо сен айткандай мен Бакиевдин жалаң жугундукорлорун сындай бергениме ыраазы болгон карапайым эл акча көтөрүп келе берип, аларды кай жакка коротоорумду билбей, айлам кетип отурган чак эле. Акча тим эле кабинетиме батпай кетти. Мүмкүн ачык эле мага келбейсиңби, сага да карызга берем. Жок, мени мактап ода жазсаң, мүмкүн ал акчаны кечип деле коем. Баягыдай жагалданып, жалган менен, кошомат менен жашоо-турмушун оңдогон Бакиев жана бакиевчилер сыяктуу байкелериң жок экенине арданыпсың. Болушунча кара таштын үстүнө отуруп каргапсың. Баягы тоодой жүрөгү бар, бетке айтканды сүйгөн, калп менен кошоматты жек көргөн, намысы бар кыргыз "бөөдө каргыштан өлбөйт, ыгы жок алкыштан тирилбейт" деп мыкты айткан. А сен айта албайсың, анткени сенде намыс да, ар да жок. Коен жүрөк экениң да көрүнүп турат, мага кат жолдоп атып да, коңулдан чыккандан жүрөгүң өлүптүр. Жалган почтону жамыныпсың. Бирок азыр биздин укук коргоочулардын укуругу узун экенин унутупсуң. Ал үчүн Бакиев байкеңе рахмат де. Ал "оппозицияны аңдыйм, бийлигимди күчөтөм, керек болсо ар биринин төшөгүн аңтарам" деген кыска акылы менен Америйкадан 20 млн. долларга акыркы үлгүдөгү техникаларды алып келген. Жалган почтодон эмес, жер түбүнө жатып жазсаң чачыңдан тартып, көккө чыгып жазсаң бутуңдан тартып, таап чыгышат. Мына ушундай жармач акылың менен өзүң кылтакка илинип турусуң. Балким, жакында мыйзам алдында жооп бересиң...
"Ызы-чуу менен адам тагдырына ойноп" деп нааразы болупсуң, мен өмүрү бел бекчейтип, көз чекчейтип ак эмгеги менен колун жоорутуп, кетмен чаап картөшкө айдаган, буудай эгип, арпа сепкен дыйканды, же балдарга билим берген ак жүрөк мугалимди, ичип-жеп, кошомат айтканды билбеген карапайым адамды каралаган эмесмин. Мен сага окшогон бийликтин жугундукорлорун, кыргыздын ырысын ичип-жеген абийири жокторду, жата калып көчүк жалагандарды, элди кул катары көргөндөрдү, адам тагдырын оюнчук кылып, каалаганын калчаган баш кесерлерди, аксымдарды, кечөө эле бакиевдерди колдоп жүрүп, бүгүн эл тарабына жойлоп, оппозиционер болуп чыга келген кузгундарды, абийир-намысы жокторду, дүйнөдө акчадан да улуу адамгерчилик бар экенин билбеген аңкоо-келесоолорду сындагам жана сындай бермекчимин! Демек алардын каргышы мага түк өтпөйт. Себеби аларды азыр мүлдө кыргыз каргап туру. Зарлап, боздоп, ыйлап, жүрөгү канап, көкүрөгү күйүп, жүлүнү сыздап каргап туру. Балким каргалгандардын ичинде сен да барсың... Түшүнсөң ушу, давай анда жолукканча! Себеби ал күн алыс эмес!
Жылдыз МУСАБЕКОВА




кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
а ­е¦Є.НҐй«