mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Саясат салат

Сынык тепши
"Өгүз өлбөсүн, араба сынбасын" деген сөздү ар бир кыргыз баласы жакшы билет. Билип эле тим калбай ал сөздү ар кимге ыроолойт. Биз дагы ушул сөздү бүгүнкү күндөгү техникалык өкмөттүн башчысы Амангелди Муралиевге арнасак туура болгудай. 1998-жылдагы Россиянын дефолту бизге да өз таасирин бергенде ал кездеги ажо Акаев сүйүктүү аспиранты Кубанычбек Жумалиевди премьер-министрликтен алып, ордуна ушул кишини алып келген. Сөз чынында бир жарым жылдан ашык эмгеги менен өлкөнүн макро экономикасын бир калыпта кармап, экономикалык катуу каргашадан сактап калган. Учурдагы өлкө башчысы ошол эмгегин эске алдыбы айтор техникалык өкмөттүн башчысы кылып, бирок колу-буту байланган чиновникке айлантып койду эле, сыртынан сыр бербей иштемиш болгону менен өгүз өлбөсүн, араба сынбасын, көзүм көрбөсө... деп көз айнегин утур оңдоп отурат. Бирок сынык тепшини бүтөө боюнча андай деле оюу жок өңдөнөт.


Рефлекс
Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Зарылбек Рысалиевдин айтымында, ишкер Валерий Хонго кол салган үч адам белгилүү болуп, аларды кармоо иш аракеттери көрүлө башталды. Бизде ушундай бир адат бар. Баланча кылмышкер экен кармайбыз деп алдын-ала жарыялайт да, качан алар көздөн кайым болгондон кийин "качып кетиптир" деп алаканын шак коюп отуруп калышат. Бул бизде өнөкөт илдет.


Фонтамас
Көз таңмай оюнду өлө жакшы көргөн, жаш кезинен эл менен жашынмак ойноп жүрчү нарколог Жеңишбек Назаралиев адатынча шайлоо алдында ач айкырык салбай, бул ирээт негедир тынч. Анткени келген бейтаптарын толук кандуу даарылай албай бир келгени, бир нече келип жатат. Буга орусиялык шоумен Ксения Собчак менен Грузиянын "мыйзамдагы уурусун" мисал келтирсек болот. Бирок элдин башын наркотиксиз эле реклама менен өзүнө каратып алган бул "Мотуевдин досу" азыр акчанын азгырыгына азгырылып, дагы бир наркологиялык клиниканы Россиянын Новосибирск шаарына куруп жатат. Заман бузулганда бул кишинин күнү тууп жатканын карасаңыз..


МАИчилердин майрамы токтойбу?
Бакиевдердин жек жааты болуп, алардын фамилиясын алып жүргөн Аваз аттуусу Токтогул районуна кире бериштеги Чычкан постунан мыйзамсыз миллиондорду тегереткени ачыкка чыкты. Ал эле эмес өкүл баласы Эмил Мамажанов кыска убакыттын ичинде Чычканга атасынын атынан "Маккамбай Ата" деген кафе салдырып, кабат үйдү бүтүргөн. Ал эми агасы Талант Мамажанов Аваз Бакиевдин жардамы менен Сузак районундагы постто күн сайын ары-бери өткөн машинелерге ала таягын көтөрүп турат. Айтмакчы Аваз Бакиев качканы бул ага-ини МАИчилер Жалал-Абад ИИБсинин кадрлар бөлүмүнүн башчысы, илгерки самагон барон айылдашы Айтмамат Мавлянкуловду "крыша" кылып алышкан. Анысы губернатор менен дос имиш. Айтор ИИМдеги мындай бардак качан токтойт белгисиз.


Миллиондор Каптагаевдеби?
Бүгүн борбор калаада Балыкчыда бүгүп жаткан Урмат Барктабасов жети жылкы союп, 7-апрелде курман болгон балдардын арбагына багыштап куран окутуп, андан соң жүз (!) казан толо аш кылып, элге таратып, келгендердин карды тоюп, көңүлү жайлангандан кийин жалданган желдеттери, крим чөйрөнүн өкүлдөрү менен президент отурган Жогорку Кеңештин имаратына кирип барып, Роза Исаковнаны жеңден жетелеп чыгып коюп, анын ордуна өзү отуруп алат экен деген каңшаар калааны аралап кетти. Мунун артында Урматтан миллиондогон жашыл акчаларды алып койгон жердиги көлдүк, учурда президенттик администрация башчысы Эмил Каптагаев турат экен деп узун кулактар чуу түшүп жүрөт.






кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
а ­е¦Є.НҐй«