mainkaptal

КИТЕПТЕР

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Жан сырымды айткан жок элем

Асылбек ӨЗҮБЕКОВ,
КРнын эмгек сиңирген артисти,
"Ата Мекен"
партиясынын мүчөсү:

"Эртеңки күндөн үмүт чоң"
- Асылбек мырза, сизди "чоң саясатка кадам таштап, "Ата Мекен" партиясы менен парламентке ат салышат экен" деген кептер айтылууда. Депутат болоюн деп атасызбы?
- Саясатка аралашпайын десең дагы, сага саясат өзү келип аралашат. Элдик адам болуп, эл арасында жүргөндөн кийин, ошол коомдо, чогуу жашап аткан соң көйгөй маселелер толтура. Жашоо-тирликте элди аралап жүргөндөн кийин, жергебизде эмне болуп атат, бийликтен кандай кемчилик кетип атат, элдин жашоосу кандай экенин көз алдыбыздан өткөрүп турабыз. 30 жылдын ичинде Кыргызстанды түрө кыдырдым десем жаңылышпайм. Кыргызстанда мен барбаган айыл, шаар калган жок. Карапайым адамдар, дыйкандар менен талаада, тоодо да жолугушуп, ошолордун ички дүйнөсүн, жашоо-турмушун көзүң менен көрөсүң. Теңсиздиктерге, элдин жашоосунун ушунчалык төмөн болуп атканына жаным кейип, ыза болуп, ички туюмум менен бийликтин жасап аткан туура эмес иштерине каршы болчумун. Ошондуктан көп жыл мурун эле каалоом менен "Ата Мекен" саясий партиясына мүчөлүгүнө өткөм. Көпчүлүк эл деле билет, мен негизинен оппозициянын катарында жүрдүм десем жаңылышпайм. Себеби, ошол убактарда эле бийликтин туура эмес жасап аткан иштерине каршы элдердин үнүн колуман келишинче жеткизгенге аракет кылып, эл чогулган жерде, оппозиция уюштурган чоң жыйындарда өзүмдүн коллективим "Тунгуч" театры менен бирге аппаратураны коюп, келген элге жакшынакай маанай тартуулап, ошолорду жакшы ыр менен, сөз менен болсо да алаксытып, жакшы багытта аралаштым. Менден көбү сурап калат, "эмне үчүн катуу аракет кылып чыккан жоксуң?" дейт. Ооба, маңдайыбызга өнөр адамы болуп жазылып калган соң өтө эле кыйкырып, бир беткей багытта ачуу сөздөр менен чыкканга болбоду. Анткени, бийлик тарапта жүргөн адамдардын да жүрөгү бар, угуусу , кабыл алуусу бар сыяктуу эле бийликке каршы тургандардын да жүрөгү, кабыл алуусу, угуусу болот. Анан "жок, силер бийлик тараптасыңар, силерге ырдабайбыз, силер начарсыңар" дегенге болбоду. Ошондуктан биз орто позицияны алып, эки жактан тирешип турган адамдарды жакындаштырганга, бириктиргенге колубуздан келген аракетибизди кылып, калыстык сөзүбүз менен гана ортодо турдук. Ошентсе да "Тунгуч" театры, Мурат, Эгемберди үчөөбүз бир позицияны кармап, атуулдук позициябыздан тайган жокпуз. Бир калыпта бир позицияны кармап келгенибиз менен элдин алдында жүзүбүз жарык.
- Оппозицияда жүргөндө бийлик тараптан кысымдар болду беле?
- Бийлик тарап мени анчейин жактыра берчү эмес. Мамлекеттик концерттерге катыштырбай, салтанаттарга жолотпой турушчу. Алар менен кандай жакшы болуп, той-топурда же көчөдө кучакташып учурашканыбыз менен мени башкача көз караш менен карап турушар эле. Көлдүн 70 жылдыгына ылдый жактагылары "ава, келиңиз" деп чакырышты эле, губернатор Кыдык Исаев "көлдүк болмоктон балекет болсун, ал "Ата Мекенде" деп чийдирип таштаган. Ага деле капа болбойм. Анан эми көрдүңөр апрелден бери канча нерсе өзгөрдү, эмне деген шумдук окуяларды баштан кечирдик. Бир гана астыдагы үмүтүм, эртеңки күнгө ишенич бар. Себеби ушундай азапты башынан өткөргөн, калыссыздык, алдамчылык, жеп-ичкендердин баарын көрүп, ошолорго каршы турган, эл үчүн чыркыраган, "кыргыз" деп күйгөн адамдар келди. Демек, бүгүн азапты баштан кечирген бийликтеги адамдар эртеңки күнү эл үчүн жанын үрөп иштейт. Өткөн күндөргө кайрылбас үчүн жакшы нерселерди жасайт го деген ой бар. Биз да өзүбүздүн позициябызды өзгөртпөстөн, колубуздан келген жардамыбызды беребиз. Негизи эртеңки күндөн үмүт чоң. Жакшылыкка акырындык менен, сабырдуулук кылып жетишибиз керек. Азыр ызы-чуу кылып, нааразы болгондорду угуп атам. Бирок, баары дароо эле чечилип калбайт. Көйгөйлүү маселелер толуп атат. Аларды акырындык менен чечсек, буйурса күз айларында баарысы калыбына келет деген ойдомун.
- Акыркы 15 жылдагы маданияттын абалы абдан оорлогону жалпыга маалым. Кыргыз маданиятын өнүктүрүү үчүн эмне кылуу керек?
- Акыркы 15 жылда маданиятыбыз төртүнчү, бешинчи планда калып калбадыбы. Мамлекет тарабынан маданият жөнүндө ойлонулбагандан кийин өз казаныбызда өзүбүз кайнап эле, оокатыбызды кылып калдык. Маданиятты өнүктүрүүдө көп көйгөйлөр бар. Менин кубанганым убактылуу болсо да Садык Шер-Нияздын маданият тармагын жетектеп келгени болду. Бул жигитти көп жылдан бери билем. Садыкта уюштуруучулук жөндөм абдан күчтүү, таланты, мүмкүнчүлүгү, жөндөмү, акылы жетет. Тегерегинде өзү сыяктуу жакшы уюштуручулар болсо маданият тармагын сүрөп кетет деп ишенем. Маданияттын өнүгө турган күнү астыда.
- Жеке чыгармачылыгыңыз тууралуу айтсаңыз, акыркы кездерде концерт бербей, сахнадан алыстап кеттиңиз…
- Сөздүн ачыгын айтсам, чыгармачылыкты ойлогондой мүмкүнчүлүк болгон жок. Телегейиң тегиз, өзүңдүн, көрүүчүлөрүңдүн маанайы жакшы болуп, элдин чөнтөгү калың болуп турса мына ошондо концерттерди берсең болот. Ошондо элге концерт берип, чыгармачылыкты жандандырсаң кандай жакшы! Эл да, өзүң да ачка болуп турсаң каяктагы концерт? Чынында кара курсактын айынан ар кимибиз ар жакта өз оокатыбызды кылып жүрөбүз.
Бурул МУСАБЕКОВА




  Шоу төр

Эгенберди ЧАЛАБАЕВ,
"Тунгуч" театрынын
режиссеру, актер:

"Киного түшүп кал" деп каргаса..."
- Эген мырза, "Тунгуч" театры элге көптөгөн концерттерди тартуулап турчу, акыркы мезгилдерде көрүнбөй кеттиңер, буга эмне себеп болду?
- "Тунгуч" театрынын түзгөндөрдөн негизги төрт дөңгөлөк болгон Асылбек Өзүбеков, Мурат Мамбетов, Каныбек Баатыров, төртөөбүз болчубуз да. Кийинки кездерде театрдын жетекчиси Садыр байке, Жамал эже менен ыркыбыз келишпей, биз бөлүнүп, "Тунгуч музыкалык театры" деп түзүп алганбыз. Эки жыл болду чоң гастролго чыкпай калдык. Анткени Мурат кино жаатына кетип, чыга албай калды. Мен институтта сабак берип калдым. Маданиятты өстүрөбүз деген менен жаш кадрлар жок болсо кантип өстүрөбүз? Ошондуктан жарытпаган акчасына карабай, институтта сабак берип жүрөм. Өткөн жылы теле берүүдө атайын долбоор менен "Тунгучтун" артисттери "Күлкүлятор" берүүсүн тартканбыз. Ошондуктан "театр такыр тынчып калды" дегенге кошулбайм. Кудай буюрса шайлоолор өтүп кетсе, өлкөдө тынчтык орносо ишибизди баштайбыз. Ага тыйыныбыз, материалыбыз жетиштүү.
- Киного тартылып жүрөсүз, тасма талаасындагы кыйынчылыктардан айтып бербейсизби?
- Кинонун кыйноосун актер катары айтсам, алгач киного фото пробага чакырат. Ошол күндөн тартып эле мээңде "өтүп кетсем экен" деген үмүт, кыял пайда болот. Биринчи фото пробадан өтүп алсаң, кийинки кино пробага чакырат. Ага да 5-6 киши атаандашың болгондуктан, "алардын арасынан жеңип чыксам кандай бактылуу болот элем" дейсиң. Тасмага түшүү там салгандай эле түйшүк. Кыргызда "там салып кал" деп каргайт го, артисттерди "өмүр бою киного түшүп кал" деп каргаса гана... Тасма талаасындагы түйшөлүп, туура эмес болуп калган эпизоддорго капаланып, жан-дүйнөң кыйналган орчундуу учурлардын баарын фильм элге тартууланып, бет ачаары болгондо унуткарып коесуң.
- Учурда карапайым калк кимге ишенээрин билбей, эки анжы болуп тургандай, элге эмне деп кайрылат элеңиз?
- Элге айтаарым, ар бир адам өзүнүн ички дүйнөсүнүн үнү угуусу абзел. Күнүмдүк көр тирликтеги көйгөй маселерге алаксыбай, эртеңки күндөгү бийик максаттарга умтулганга аракет кылышса дейм. Ошол келечек үчүн өзүңдүн атуулдук көз карашыңды өзгөртпөй, бекем турушса. Алдыда шайлоолор келатат. Ар кайсы партия ар кандай ыкма менен парламентке келгенге аракет кылып атышпайбы. Айрымдары күчүнө эмес, акчага таянышууда. Айтаарым, эл акчага азгырылбасын деген гана тилек. Канча партия болсо да, баарысынын программалары менен таанышып, алардын мурдагы жүрүм-турумдарына караш керек. Кечеги бийликтин тушунда иштеген жигиттерге алданса кыйын болуп калат. Кыргыз элим бардар турмушта жашаарын каалайм.
P.S: "Ата Мекен" социалистик партиясынын съездинин ачылыш аземине арналган концертин Эгенберди Чалабаев уюштурууда. Концертке А. Өзүбеков, С. Каримов, Ы. Осмонкулов, Г. Тойгонбаева, А. Турдалиева, Г. Суранчиева, Ж. Бобкова, Омар, З. Арыкбаев, Нена, А. Садырова, К. Чокоев, У. Усенов, С. Искеналиев, Алекс, М. Атабеков катышмакчы.
Айнура ИСМАИЛОВА







кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
а ­е¦Є.НҐй«