mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Шоола
Асыл жан
Асыл затты дат басалбайт, кир жугат,
Сүртүп койсоң кире түшөт өңүнө.
Асыл жанды жамандасаң ким угат,
Сыры маалым жалпы журттун көбүнө.
Асыл затты билбеген жан баалабайт,
Кантип аны колдонорду кай жакка.
Асыл жанды теги жоктор каалабайт,
Кесирленип, моюн сунбай нак акка.
Асыл заттын наркы кымбат болгону,
Ал жаркырап, өзгөчө нур чачканда.
Асыл жандын купулга бат толгону,
Ак иш кылып, дайым ажат ачканда.
Асыл заттар жаркырасын көрк берип,
Мейли кулак, мейли манжа, моюнда.
Асыл жандар-жамандыкты бүт жерип,
Бар жакшыны алып жүрсүн боюнда.

Жашай албайм
Эгер жашоо болсо чындап эки ирет?
Аны кимдер жаман көрүп жекирет.
Алгачкыда көп адашып, муш жесе
Кийинки өмүр аз каталык кетирет.
Абай болуп, акыл менен иш кылып,
Бакыт конуп, байлык жугуп кекирет.
Эгер жашоо кайталанса дагы да,
Ал адамдын сурап алган багы да.
Эки өмүрдөн сабак алып токтолуп,
Акыл тиши чыгып калган чагы да.
Анда инсан адашпастан түз жашар,
Анык болуп карасы да, агы да.
Канча жолу келсин өмүр кайрылып,
Жашай албайм, жарым сенден айрылып.
Сен жарыгым жашоома нур сепкен,
Күндүз күнүм, түндө айым жай жылып.
Мага окшогон ала көөдөн арсызды,
Баа беремин жүргөнүңө "бай" кылып.
Чындап эле келсе өмүр кайрадан,
Көктөм, жазы булбул-кушу сайраган.
Сүттөй аппак, суудай тунук сезимди,
Бүт бермекмин ак сүйүүнү кайнаган.
Анткени сен бул жашоонун көркүсүң,
Дем, күч берип мокогондо кайраган.
Келсе өмүр кайталанып чын сынап,
Жумшамакмын бар күчүмдү бүт чыңап.
Жаман мүнөз, жат жоруктан айрылып,
Жасамакмын ак мамиле сүт сымак.
Себеп таппай кер-мур айтыш, талашка
Көркүн ачмак жашоо орноп ынтымак.
Жабышканга түк айрылбай себеп бар,
Сен сыяктуу таппайм издеп, элеп жар.
Сансыз сапат, санагына кол жетпейт,
Сылык мүнөз, тазалыгың аппак кар.
Сага гана берип койгон өңдөнөт,
Сабыр, салмак, назиктикти берген наар.
Менден кетти, кийин тилиң узарды,
Кайдан билдим "иттик" мүнөз бузарды.
Көңүл калып, күлкү кетип каректен,
Көз көрүнө ай жамалың сузарды.
Анчалыкка барбайт белем ким билсин,
Аңдасам мен азап менен "кусарды".
Кеч болсо да берди ынсап жараткан,
Кайттым жолдон адашып мен бараткан.
Арак, чылым, "башкаларын" бүт коюп,
Токтоолукка өттүм ачуу тараткан.
Мүнөзүмдү сомдоп жонуп өзгөрттүм
Ыркты бузуп сени тетир караткан.
Эртең, кийин эми кайдан дебестен,
Өткөндү ойлоп, сарсаана көп жебестен,
Бул жашоодо бүт карыздан кутулуп,
Чыкса деймин бар кемчилик элестен.
Кол кармашып, табышкандай жаңы эле
Бирге ашсак "өмүр" -деген белестен.

Өзүңө
Күндө көрүп көзүм үйүр алдыбы?
Же жүрөгүм сени сүйүп калдыбы?
Жаз келгенде жаңы сезим ойгонуп,
Улгайганда куру азапка салдыбы?
Көргөн сайын көргүм келет эзилип,
Соккон жүрөк, алган демиң сезилип
Күлүп келип кучактайсың түшүмдө,
Жата калсам, тыныгууга көз илип.
Качкым келет кулак укпас алыска.
Өткөн күндү чакырамын калыска.
Бирок сезим бой бербестен жулунат,
Мендеги бар уятка, ар, намыска.
Толукшуган ак сүйүүну сездиңби?
Билип туруп, сыр алдырбай эздиңби?
Жактырбастан, "Арсыз киши экен"-деп,
Жаштыгыңдан, чанып менден бездиңби?
Же түшүнбой сарсаанага баттыңбы?
Мага окшоп ой ойлонуп жаттыңбы?
"Жаш келгенде жаман жорук жасайт"-деп,
Мерезденип, таштай болуп каттыңбы?
Же секетим сезип, билип баарысын,
Сынап көрүп бересиңби дарысын?
Сен караба келбетиме, жашыма,
Сүйүү барда жүрөк кайдан карысын.
Сүйсөң эгер, кадырыңа жетемин,
Сүйүнгөндөн мен жашарып кетемин.
Жашым улук, кебетем суз болсо да,
Жүрөгүм жаш он сегизге тетемин,
Коркпо менден, кулк мүнөзүм мамыктай,
Кучагыма кел жаркыным камыкпай.
Каршы эмесмин шашпай ойлоп чечкиниң,
Күтөм жаным жообуңду талыкпай.

Данакер
Сулуу эмес жутчудай көрө калып,
Өңсүз дебейм кетчүдөй өтө налып.
Айрылбайт ага көңүл бурган таанып,
Анткени жылдызы бар турган жанып.
Сулууну ичмек беле алган эзип,
Өңсүздөн буйрук болсо качпас безип.
Жылдызын ар инсандын билгин таба,
Сүйүүгө ошол бир эм, ошол даба.
Бир киши байкаганды, көрбөйт башка,
Ал сезим таандыктыр кары-жашка.
Болсо да баш кошкондор эки бөлөк,
Ортодо данакер бар, сүйүү жөлөк.

Сүйүү
Сүйгөн билет ак сүйүүнүн жалынын,
Жан дүйнөңдү салып койгон нугуна.
Даамын берип сезим деген балынын,
Түртүп салат түйшүк, санаа, бугуна.
Өзүңчө эргип, оюң калат байланып,
Башка нерсе кирбейт эске, кааласаң.
Алаксысаң кайра келет айланып,
Бакыт болуп эгер чындап бааласаң.
Кош карегиң көрбөй калат бөлөктү,
Жан дүйнөңдү бүт арнайсың аянбай.
Бош кезиңде издеп андан жөлөктү,
Жалдырайсың күч-кубатка таянбай.
Көрүшкөндө нур төгүлүп көзүңдөн,
Кучагыңа алгың келет бек кысып.
Адашасың айта албастан сөзүңдөн,
Жакындасаң безгек басып, тез ысып.
Сүйүү шундай талкек кылат адамды,
Жипсиз матап алсыратып алыңды.
Сүйүндүрөт алга сүрөйт кадамды,
Ого бетер күчөтүп жаш жалынды.
Жооп болсо сүйгөнүңдөн кубаныч,
Жараткандын сага кылган кеңдиги.
Какпай сени сөз айтканы жубаныч,
Андай учур сезимдердин теңдиги.
Жолотпосо арка салып, унчукпай,
Түбөлүккө кайгы-капа артканың.
Чын сүйүүнүн кучагында тунчукпай,
Жетимсиреп жалгыз-жапа жатканың.
Өмүр бою сарсаанага батасың,
Ичке катып жан билбеген сырыңды.
Кечирбестен бул турмуштун катасын,
Күңкүлдөйсүң айтып арман ырыңды.





кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
а ­е¦Є.НҐй«