КАНДУУ ЖОЛ
Кадырман окурман, кыргыздар башынан кечирген акыркы беш жылдыкта экономикабыз эңшерилип, байлыгыбыз кемигени менен кылмыштуулук гүлдөп өсүп, өлүм-житим эпсиз көбөйгөнүн билебиз. Атайылап адам өмүрүн кыйуу ачыктан-ачык аңызга айланды. Натыйжада "Кандуу жол" атуу китеп капилет жаралып, калк ичин аралап кетти. Анда Медет Садыркулов баш болгон Кыргызстандын саясатына таасири күч көрүнүктүү ишмер адамдардын жалданма киши өлтүргүчтөрдүн кантип курмандыгы болгону жана кимдер жалдап кан күсөгөнү кеңири баяндалган. Биз ушундан тарта каралуу "Кандуу жол" китебин барактап, сандан-санга узатабыз. Эмесе, жакаңызды кармап, үзбөй окуй бериңиз.

Мына ушул окуяны эстеп жатып МЧС Президент Кибаевдин жеке сапаттарына нааразы болду, " ушундай кишилер кантип бийликке келип калат?" деп ойлоду. Катардагы эле техникалык институтту 13 жылда араң окуп бүткөн ортозаар билими бар инженердин мамлекет башына келип калышына кандай шарт бар эле? Мурдагы президент Какаевдин кошоматчыларды колдоо саясатынын кесепети өз башына тийди да. Акыры келип анын жанында мамлекетти башкара турган бир да белдүү жигит калбай, тегерегинде кошоматчылар, алдым-жуттум шылуундар, сыланкороз сайпаналар чогулушпады беле. Өзүн "каныша" сезип калган аялы бир жакка тартып, баласы Аймар экинчи жакка, кызы Маржан менен күйөө баласы Адик таптакыр тескери тартып жатып президентти аласалдырып аңга тыгып салышканы талашсыз чындык эле.
Азыр деле ошол көрүнүш. Элди, өлкөнү ойлогон эчким жок.
13-март, күнгө жума.
Түнкү саат үч болду.
Ак "Лексусту" жандап келе жаткан кара Жиптин бирөө жарым чакырымча алдыда, бирөө ошондой эле артта келе жатышат. Бишкекти айланма чоң жол менен кесилиштен өткөндөн кийин каршы-терши жүргөн автоунаа көп эле болуп калды, ошондуктан бул үч машине жалпы агымдан көп деле бөлүнгөн жок. Болгону жол ээндей калган жерлерде ылдамдыктары катуу, жүрүшү ыкчам. МЧСтин боолголоосунда машине эч жакка кайрылбай эле түптүз Алма-Ата көчөсү менен келе жатат. Бир аз оңго же солго кыйгачтаганы болбосо, чукул бурулуу болгон жок.
МЧСтин эсине Кибаевдин психологиялык портрети жөнүндө бир гезитке чыккан макала түштү. Ал макаланын автору Президент Кибаев ар кандай чукул суроого калп айтып жооп бере турганын байкаган, "бул көрүнүш кокусунан болуп жатабы же анын жеке кулк- мүнөзүнө тиешелүү нерсеби?" деген суроону иликтеген. Көрсө Кибаев кичинесинде көп балалуу үй-бүлөнүн улуу баласы катары атасынын катаал мүнөзүнүн курмандыгы болуптур. Атасы кичине эле жаздым кетсе катуу жазалай турган, балдардын улуусу катары жаза Кибаевке тийе турган, таякты көп жеген. Табигатынан бош мүнөздүү бала атасынын токмоктоосунан кутулуунун амалы катары калп айтууга өткөн, калпты өзүнө калканыч катары кабыл алган. Таяк жеп денесинин ооруганына караганда, көз ирмебей, дароо такалбай калп айтып жиберип, жазадан кутулуу анын психологиялык мүнөзүнө айланып калган. Анын психикасындагы мындай кемчилдик мурда көп байкалбаса, азыр Президент катары эл алдына чыкканда оркойуп көрүнүп калды, аны ал жаап-жашыра да албайт. Көрсө бала кездеги психологиялык комплекстер өмүр бою сакталып кала берет турбайбы. Жоопкерчиликтен калп айтып жиберип кутулуу же болбосо акырын жылып четке чыга берүү азыркы Президенттин өздүк жеке сапаттары экендигин коомчулук көп эле байкап жүрбөйбү. Мисалы, Көксуудагы кан төгүүдө премьер-министр катары түздөн түз катышы бар болуп туруп, ал жакка "Бороон" операциясын баштоого чечим чыгарып берип коюп, жазыксыз адамдар атылып өлтүрүлгөндүн эртеси дайынсыз жок болуп кетип жатпайбы. "Ооруп калдым" деген шылтоо менен он күндөн ашуун убакыт үйдөн чыкпай ың-жыңсыз жатып алган. Эл кырылып жатканда өлүп бара жатса дагы барышы керек эле да Көксууга Өкмөт башчысы катары, жашынып жатып албай. Кийинчерээк болсо "менин ал окуяга тиешем жок, ошол кан төгүүгө каршы болуп өз ыктыярым менен кызматтан кеткем" деп чыкты, кашкайтып туруп калп айтты. Документтерде анын өз колу турат да, аны кантип танат? Ошол кезде Коопсуздук кеңешинде көшөрө актанып, кызматтан кеткиси келбей, оорусуна шылтоо кылып жатканда мурдагы Президент Какаев зордуктап айдап салганын элдин баары эле телевизордон көргөн, аны кантип танат. Көксуу кандуу окуясына байланыштуу ооруп жашынып жата калганын унутуп калганбы, былтыр бир ай жок болуп Германияда дарыланып келгенде самолеттон түшүп жатып: "Мен канча жыл жашадым ушуга чейин бир да жолу ооруп калган эмесмин, ден соолук буканыкындай эле болчу. Биринчи жолу ооруп дарыландым" - деп айтпадыбы. Уккан эл анын ушу жолу калп айтып жатканын, же болбосо мындан жети жыл илгери Көксуудагы окуяга байланыштуу калп ооруганын биле албай, айран таң эле болуп калышты. Анан дагы мындан эки жыл мурда Рысбек миңдеген кишилери менен келип Ак Үйдүн алдына эки күн митинг кылып туруп калганда кабинетинен чыгып келип: "Бул жерде митинг болуп жатканын укпаптырмын", - деп калп айтпады беле. Бүтүндөй өлкөнү ызы-чуу кылып жаткан митингди кантип эле укпасын? Уккан, билген, көргөн, бирок коркуп чыкпай отурган. Ооба, корккон. Анткени, Рысбектин талабы боюнча сыртка чыгып митингдин катышуучулары менен сүйлөшө турган болсо эл аралык коомчулуктун пикири тескери болуп кетиши мүмкүн, ал эми чыкпай койсо Рысбекке кантип жооп берет, анын каарына калууга болбойт, ага карызы чачтан көп, айрыкча бийликте бекип калуу маселеси боюнча анын жардамын жакшы эле көргөн. Көксуу окуясынан кийин деле, Рысбектин митингисинен кийин деле, Кибаев коркконунан калп айтып жиберген. Ошондой эле кайсы бир жерде эл менен жолугушуу учурунда андан " Жункеев деген кишини тааныйсызбы?" деп сурашса ал дароо эле "андай кишини тааныбайм" деп жооп берген. Чынында дагы эмне болуп кетет деп калп айтып жиберген ал жолу дагы. Ал жерде отурган эл дуу дей түшкөн, президент да калп айтабы деп. Ошол Жункеев деген неме анын колу коюлуп, мөөрү басылган Президенттин Кеңешчиси деген документ алып, Президенттик администрациясынын гаражынын номуру тагылган машине минип жүргөн да. Аны элдин бары эле көргөн. Ошол жолугушууда да анын маңдайында залда отурган. Залда отургандар сөөмөй менен чукуп көрсөткөндө гана: "А-а, бул кишини тааныйм, Күсөн Кыдыкович тааныштырды эле, ошол кишинин сунушу менен алгам өзүмө кеңешчи кылып" - деп өзүнүн ал кездеги администрация башчысына шылтай койгон. Ал жерде отурган эл "ушу Жункеев сымал суу куйдуларды жаныңызга алып жүрсөңүз жакшы аттуу болбойсуз, сизди уят кылышат мындай кишилер" деп эскертишкен. Ушул сымал окуялардан улам Кибаевдин жоопкерчиликтен жаа бою качканы, бирдеме болсо ташбакадай башын тулкусуна ката койору, көз ирмебей туруп калп айтып жибермеси айрыкча көзгө дароо урунуп турат. Баягы 24-март күнү аянтта будуң-чаң башталганда качып барып манту жеп отуруп алганы анын нукура мүнөзүн ачык эле айгинелеп жатпайбы. Эгерде милиция көтөрүлүшчүлөрдү камай баштаса: "мен жок болчумун, билген эмесмин", - деп четке чыга берери анык эле болучу.
Психологдор анын ийиндерин ары- бери ыгы жок күйшөгөнүн, көздөрүн чанагы менен айлантып эки жакты караганын, тилин кескелдириктикиндей соймоңдотуп ээрдин жалаганын, колдорун олдоксон жаңсап, кайра- кайра бетин, чачын сылай бергенин ошол бала кезден калган психикалык травманын кесепети деп айтышат. Медициналык көз караш менен алганда ал оорукчан киши. Мына ушундай киши кандай шарттар менен мамлекеттик бийликтин башына келип калды?
МЧС мына ушул жагдайларды ойлоп келе жатты, өзүнүн абалын бир саамга эсинен чыгарып да жиберди.
(Уландысы кийинки санда)