mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Айлакер айым 2
ТОБОЛ ӨРӨМКАН
Сериал
"Айлакер айым-2" сериалы уламдан-улам ого бетер бүйүр кызыктырат. Заринанын баласы кимден, Канат Темирбекович экөөнүн тагдыры кандай болот, Салыйка жалдаган детектив кызга кол салабы, төрөт залдан уулун уурдаткан Зарина кандай кадамдарга барат жана Заринаны апасынын оор тагдыры ж.б. ж.б. жөнүндө билип, сериалдын кызыгына баткыңыз келсе, анда "Айат пресс" гезитинин бир да санын калтырбай окуңуз.

(Башталышы өткөн санда)
- Койчу Салыйка, кекти душманга бериптир дейт. Ошо видикти эстебечи. Акча деген кимди азгырбайт, мен да келесоо болдум. Сендей аялга тиш салып, акылсыздык кылганымды билдим, сездим. Эми анын баарын унуталы. Видик жок, өзүм бар экениме сүйүнүп отурам, андан көрү кел. 4-оорукананын токсикология бөлүмүндөмүн.
- Токсикологияда неге жатасың?
- Ээ, сен сураба, мен айтпайын, күйүтүмдү жинди суу менен бастырам деп, аз жерден жинди болуп кете сактадым окшойт. Тез келип жардам бербесең менин өмүрүм саналуу. Дагы айтам өмүр бою кулуң болуп өтөйүн, айткан сөзүңөн чыкпайм. Иши кылса жанымды аман алып кал.
Салыйка унчукпай адрести жазып алды да, телефонду койду. "Барам" деп да айткан жок. Баятан Жумагүл менен сүйлөшүп атып, мээсине жакшы идея келген. "Эми муну пайдаланыш керек. Заринага каршы. Канаттын сойкусуна өзүм согуш жарыяласам болбойт. Анда эле Канат басып кетет. Ортого Жумагүлдү салайын, анан өзүм баарын көзөмөлдөп турам" деп, кыңылдай ырдай, машинасынын ачкычын ала, оорукананы көздөй шашылды. Салыйка ооруканага кирип келип, көргөн көзүнө ишенген жок. Карып баратса да келбети бар, сымбаттуу Жумагүлдөн кебете-кешпир калбаптыр. Жедеп арак ичип жата берип, организми тургай, бүт турпаты ууланганбы, бомж биякта калсын. Анан да аны палатанын кире беришине кир матрацтын үстүнө, жуула берип, өңү өчүп, саргарып, күндүн бети көрүнөйүн деп калган эски шейшепти салып туруп, "буга боло берет" дегенсип, күңүрт одеял жаап, жаткызып коюшуптур. Алгач "өлүп калганбы" деп теңтушунун жүзүн карагандан айбыгып, жүрөгү болк дей түштү. Кебетеси шишип-көөп таанылбайт. Боору да ооруп кетти. Салыйканы көргөн Жумагүл ордунан араң козголду. Кара күчкө жылмайды.
- Тааныбай турасыңбы? Көрсө адам кейпинен кетип калыш бат эле тура. Ушинтип калдым же иштеген ишим жок, же жакшы таанышым жок. Ата-энем карыган, алар эптеп 2 баламды багып атат. Аларга "аракка ууланып доктурда жатам" деп кантип айтам, жүрөктөрү жарылып кетер. Шаарда сенден бөлөк жакыным жок. Мени көрдүң, эми эптеп бирдеме кыл.
Салыйка тез арада оорукананын башкы врачына кирип, Канат Темирбековичтин атынан салам айтты эле, врач ордунан учуп кете сактады.
Айтор тез арада Жумагүлдү люкс палатага которушуп, дарынын кымбаты сайылып, заматта токсикология бөлүмүнүн ичи дүрбөлөңгө түшүп жатып калды.
Жумагүл кубангандан эреркеп, Салыйканы кучактап эчкирип ыйлап, кайра-кайра кечирим сурайт десең. Аппак, жаңы шейшепке үтүрөйгөн түрү менен жатканына кымырылып-кысынып атканын байкаган Салыйка оорукананын жанындагы базардан бир сыйра ич кийим, халат, тапичке, көйнөк-көнчөк, чайнек, идиш-аяк, кант, чай сатып келе койду. Анан палатанын ичин азык-түлүккө толтуруп, Жумагүлдүн колуна азын-оолак акча таштап, мончого бет алды. Салыйканын кетип баратканын байкаган Жумагүл:
- Бул жакшылыгыңды кантип актайм? Рахмат, миң мертебе, абышкаң менен тең кары. Мурда сага ичим күйүп, "күйөөсү таштап кетсе экен" деп кудайдан миң мертебе суранчумун. Ошол акылсыздыгымды кечир.
- Эртең келем, ага чейин оңолуп каласың. Тамакты көп ичпе, организмди аз-аздап көндүр. Эртең баарын шашпай сүйлөшөбүз. Ошо сенин каргышың ишке аштыбы, айтор Канат да кутуруп жүрөт, аны эртең кең-кесири сүйлөшүп, план түзүп берем. Давай, эс ал. Эми сени ооруканадагылар ханышадан кем карабаса мага кел...
Канат менен Зарина уйкудан кеч ойгонду. Жаш денени сагынып калганбы, уйкудан ойгонуп, ойгоно элек жатып депутат сүйгөнүн дагы бир ирет уйпалап алганга үлгүрдү. Ал ансайын кыз кылыгы кылып аңкыштаганын айт, бөлмө жаңыртып. Өз ишине маашырланган Канат Темирбекович душка жуунуп, таранып, курсагын тойгузуп "эртең келем" деген бойдон үйүнө сызды.
Зарина Канаты үйүнө барган соң телефонун өчүрүп, аны издебесин билип алган да. Үйүн чала-була иреттей салып эле, Сапарга телефон сокту. Негедир үйүнө отургусу келбей койду.
- Байке, кандайсыз? Мени сагынган жоксузбу?
Калдалаңдаган Сапар чыны абдан кубанып кетти. Заринага куса болуп, эңсеп, кусаланып турган эле да.
- Сагынганда да кандай сагындым, өлө да. Колдон келсе бир карыш жанымдан жылдыргым жок. Таң эрте качып кетипсиз, төшөктү сыйпалап эле таппай калдым. Бир топко чейин сенин жытыңды искеп, жаздык кучактап жатып, жумушка араң барбадымбы. Ачкычың деги бар, үйгө келе кал. Бүгүн да кучагымдан чыгарбайм сени...
(Уландысы кийинки санда)




  Эх, сүйүү, сенин көзүң жок

Сендей эч кимди сүйө албадым
Кылымдан кылым жашаган сүйүү. Эскирбейт, унутулбайт, жүрөктү эзет, жүлүндү сыздатат. Дүйнөң аңтар-теңтер түшүп, ааламды сел алып атса да сүйүү көңүлүңдү бурап, көкүрөгүңдү кытыгылап турат го, чиркин! Керемети мына ушундай. Далайды тамтаңдатып, акылдан адаштырып, азап чектирген сүйүү. Бири-бирине жетпей жүргөндөр канча, анан өзүн-өзү алаксытып сүйүүсүн ак баракка жазат же бирөөгө айтат. Келгиле, андан көрө сүйүктүү "Айат" гезитиңер менен ортоктош, сырдаш, муңдаш болуп, кымбатчылыкка, жетишпеген турмушка, көзгө көрүнүп-көрүнбөгөн тоскоолдуктарга карабай, жан дүйнөңдү азыктандырып, майрамга бөлөнгөн сүйүү тууралуу ой бөлүшөлү. Жүрөктөгү сүйүүңө, кымбат адамыңа арналган чакан аңгемеңди жазып, "Айаттын" "Эх, сүйүү, сенин көзүң жок" рубрикасына жибер. Кат жазгыла, кабарлашкыла!
Каттар жөнөтүү үчүн электрондук дарек: musabekova.b@mail.ru

Күтүү, кусалык, сагынычтар кыйнап бүткөнү качан? Күз жакындаган сайын сени эстеп, сагынычым артып барат. Билесиңби, күркүрөгөн күздө саргарган жалбырактарды тебелеп, нөшөрлөгөн жамгыр алдында бак аралап басканыбызды. Ошондо мага тунук сезимдериңди айтып, сүйөөрүңдү билгизгенсиң. Андагы "ак боз ат минген ханзаадаң болоюнчу" дегениң өзгөчө жаккан. Эки жылча кыз-жигит болуп, бактылуу күндөрдү башыбыздан кечирдик, бирок… Бирок сен жайкы эс алууда айылыңа кеткен бойдон кайрылбадың. Себебин кийин уктум. Ата-энеңдин макулдугу менен аяш атаңдын кызын алып, айылда жашап калыптырсың. А менчи, түтүнгө капталган шаарда жалгыз калгандай аңгырап, айланамда жан киши жоктой зар какшабадымбы. Үй-бүлө куруп, балалуу болгонуңду уксам да түк ишенбедим. Мага кайрылып келчүдөй, мурдагыдай "сүйөм" деп кучагыңа кысчудай сезиле бердиң. Жыл айланып, күз мезгили келгенде эле сары жалбырактарды тепселеп, бак аралап басам. Нөшөрлөнгөн жамгыр жааганда ар убак сени эстеп, буулугуп ыйлайм. Эки кыздын атасы болуп, алган жарынын жанында жүргөндө мени ойлоп, менчелик кусаланып, мени менен өткөргөн бактылуу күндөрүн эстеп атты болду бекен дейм. Кээде туруп эч жообу жок кетип калганыңды ойлоп, сени жек көрүп кетем. Ошондогу абалымды, ичимдеги азабымды түшүнгөн адам болбоду. Эсиңдеби, "сенден ажырасам күнүм бүтөт" деп көп айтчумун. Бирок, сенсиз деле таңдар атып, сенсиз деле күн батып, убакыт зымырык куштай зымырап уча берет турбайбы. Андан бери жети жыл өттү. Жүрөктүн түпкүрүндө жылт эткен сезимден башка эч нерсе калбагандай. Башымды жоготуп, сени сүйгөндөй эч кимге аруу сезим арнай албадым. Туугандарымдын, ата-энемдин "жашың өтүп баратат, турмушка чык" дегенинен улам айла жок, жаңы турмуш босогосун аттаганы турам. Алмаз мени сүйөт, түшүнөт, сыйлайт. А менчи? Аны сенчелик сүйөмбү, сыйлаймынбы, али күнчө билбейм. Жакында үлпөт тоюбуз болот. Мен аны бактылуу кыла алар бекенмин же сени өмүр бою сагынып, күтүп жашай беремби?...
Айжаркын, Ысык-Көл облусу




кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
а ­е¦Є.НҐй«