mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Алма дүйнө
Розанын китеби
"…Өз ара сурашкандан кийин ал мага дитин сала карады да акырын айтты;
- Көзүң Төрөкулдуку экен. Атаңа окшош турбайсыңбы… Эми өлсөм арманым жок. О дүйнөдөн Төкөмө жолуксам - жүзүм жарык… - деп энтигип калды.
Бир аз демин баскан соң аксакал аңгемесин улантты.
- Мен анда комсомолдо иштечүмүн. Менин агам Узакбай Таластын жогору жагындагы "Ак-Жар" колхозунун башкармалыгынын төрагасы болчу. Кичине баш көтөргөндүн баарына эле "эл душманы" деген жалааны жапкан учур болгон. Менин агама да кезек келип, аны кармап кетишти. Көп өтпөй мени да камашты.
- Сенин агаң өз мекенинин чыккынчысы. Кутумда ал кимдер менен болгон? Кандай зыянкеч иштер менен алектенген? Кандай үгүттөрдү жүргүзгөн? Кана, айт! - деп өмүрүмдө укпаган, түшкө кирбеген нерселерди айтышып, суракка алышып, тепкилеп сабашты. Мен да унчукпай көгөрдүм. Ошондо чыдамы кеткен тергөөчү жинденип мылтыгынын кундагы менен бетиме чапты. Канча тишим күбүлгөнү эсимде жок, эсим ооп куладым. Бир маалда камеранын бетон полунда жаткан жеримден эсиме келипмин. Көзүмдү ачсам, айланамда ур-тепкиден шишип көпкөн, сакал-муруту өскөн, ачкачылыктан чаалыккан алты-жети адам туруптур. Бурчта жалгыз темир керебет. Менин жанымда, узун бойлуу, ыйманы ысык киши тизелеп отуруп бетимдеги канды сүртүп жатыптыр. Анан ал;
- Турагой, тууган, менин ордума керебетке жат, - деди да мени жөлөп-таяп керебетке жаткырды. Көрсө, бул жалгыз темир керебетке бу жердеги туткундар кезек менен жатышып, эс алышат экен. Ошол күнү мени жаткырган кишинин кезеги жеткен экен. Аз да болсо бетон полдун сөөктөн өткөн муздагынан кутула түштүм. Байкаганым, бул жердегилердин баарынын кебетеси ушунчалык басынган, мүңкүрөгөн, бири-бирине сүйлөгөндөн корккон абалга жетиптир. Кийинки күнү биз бири-бирибиз менен жакшылап тааныштык. Ал, мен Төрөкул Айтматовмун деди. Менин Таластан экенимди билгенде сүйүнүп кетти. Бара-бара бир тууган ага-инидей болуп калдык. Биринчи эле күнү мени, "абайла, ар кимге сырыңды төгө бербе" деди. Бул жерде "жашыруун кулактар" бар экенин айтты. Менин эмне себептен түрмөгө түшүп калганымды билген соң мага өзүнүн кеңешин берди:
- Сен эч кандай кылмыш кылган жоксуң. Бул жерде агаңдын айынан гана жатасың. Ар нерсеге даяр тур, тергөөчүнүн сурагында жаңылып калба, эч кимди сатпа. Өзүңдү бекем карма. Сени баары бир бошотушат. Анын үстүнө сен өтө жаш экенсиң. Алар бизге жасаган оор зомбулуктарын али сага жасай элек…"
Ооба, бул кадимки Чыңгыздын биртууганы Роза Айтматованын "Тарыхтын актай барактары" китебиндеги бир үзүм. Андагы саясий кыргындын бир чындыгы. Биз ушул чындыкты танбайбыз да чанбайбыз. Анткени бул Кыргыздын, Чыңгыздын чындыгы. А Кыргыз менен Чыңгыздын чындыгын жокко чыгарууга эч кимдин акысы жок! Өзгөчө өзбек элинин! Дагы айтам, өзгөчө өзбек элинин! Конок улуттардын Кыргыз жеринде Кыргыздын канын төккөнгө акысы жок! Ансыз да тарых бойлой ата-бабаларыбыз жалаң тилибурулардын азабын тартып келди. Жетишет!
Жанагы Юлдуз Усманова дегендин чулдур ырына биздин Сыймык Бейшекеев эң сонун жооп узатты. Угуп алып жаным жай ала түштү. Кечирип койгула, кээде ушинтип каным кайнап кетет. Кыргызмын да…

Күзгү
Алма дарактын бооруна эки килейген мык менен кадалыптыр. Мөмөлөрү мөлтүрөгөн бактын жазыгы не десең. Күзгүгө үңүлдүм. Эки жеринен жарака кетиптир. Сыягы, "устаке" узанып атып, сындырган окшойт. "Сынык күзгүгө каранбайт" деген кыргыздын эрежесин эстедим. Эстесем да ушул "особый" күзгүнү бир карагым келди. Карадым. Карасам, тиги алма дарак минтип дирилдеп атпайбы: "Эй бети жок, кайсы жүзүңдү көрсөтөйүн? Менин жемишимди жеп атып, менин боорума мык каккан мээңдиби? Акчадан башканы көрбөгөн көзүңдүбү? Бийлик гана искеген мурдуңдубу? Түндүк-түштүк болуп сүзүшкөн чекеңдиби? Же калпты чындай айткан оозуңдубу?!"
Жүрөгүм титиреп, жаш алманын жанында шалдырап турдум. Күзгүдөй быркырап, сындым. Бир паста маңкурт болдум…

түркүк
Мынабу орус чоң-эне, тогуз кабаттуу үйдүн тазалыгын кармайт. Аз убакыт мурун подъезд улагасынан акча таап алыптыр. Таап алып тим болбой, ар бир каалганы каккылап, "вы случайно, не потеряли деньги?" деп, акчанын ээсин түтүн-түрө издеди. Табылбады кожоюн. 170 сом экен. Арабызда ушундай адамдар бар үчүн жер шары тең экиге бөлүнүп кетпей турат.
Кокустан... сен морадер эмес белең?!

Картөшкө
Бир куурум картөшкөнү жаңы эле казып, цемент жерге төгүшүптүр. Дүмбүл. Тээ, СССР доордун "ак коюунун үстүнө торгой жумурткалаган" мезгилинде картөшкө баасы канча болгонун билбейм, азыр күйүүчү майдын наркынан калышпай, асмандайт. Ошончолук баага сатып алып, бышырып жеген картөшкө организмге ошончолук пайда береби? Муну эсептеген киши жок. Анткен менен ансыз жашоо да мүмкүн эместей. Мүнөзү да бир кызык, карапайым дыйкандын эмгеги менен пайда болот, казылат, сатылат, аарчылат, бышат, эзилет, сакталат, өнөт, чирийт, сасыйт… Кудум биздин өкмөттөй.


Пенальти
Элеттиктердин арасында отурам. Футбол көрүп. Ысык-Ата районундагы айылдардын өз-ара мелдеши экен. Байгеси бир торпок. Көрөрман-күйөрмандар дуулдап атышат. "Жарым финал" дешти. Эки тарап тең же күчтүүбү же чабалбы, айтор, бири-бирине "гол" киргизе албай, өлө убара болушту. Футболдук аянттын орто жери чуңкурча, бир капталы дөңсөө экен ага карабай тепкилешти, топту. Бир дарбазасынын артындагы арыкта суу агып, ага улам "аут" кеткен топ улам түшөт. Аны дарбазачы көкөлөтө тебет, жерге түшүрбөй экинчи кара баш "былч" сүзөт. Демейде шарты бар "Спартак" стадионунда футбол көрүп отуруп, "гол" кирбесе тажап кетчү элем. Бу саам жолдун кырына, уйдун жампасы жаткан арыктын боюна отуруп алып тажабай-нетпей көрдүм. Жолдон трактор өтөт, комбайн өтөт, жабыла тура калабыз. Жолдун аркы кырында лимонад, чемичке, тамеки-самеки саткан келиндер да кайта-кайта тура калышат. Бир убакта оюн токтоп, күжү-күжү боло түшүп, элдин баары чыгыш тарапкы дарбазаны көздөй каптай жөнөштү. Мен да жөнөдүм. Көрсө, "пенальти" тебишмей болушуптур. Оюн тааланын ортосун тебелеп, эшекчени эшекчен, балалуусу балдарын жетелей дарбазаны курчоого алдык. Көрүп ал, анан, "пенальти" башталды. Бирөөсү жаза тепти эле, бери жакта бирөө аябай сөгүндү. Экинчиси топту киргизе тепти эле, калыс "мен ышкырганча тээп салдың" деп кызыл карточкасын көрсөттү. "Пенальтиге карточка көрсөтпөйт!" деди, бирөө. "Көрсөтөт!" деди, жанындагысы. Кийинки тепкени таза "гол" кийирди. Дарбазачы бозала болуп топуракка оонап, жер муштагылады.
Мага ушул футбол өтө жакты. Ишенесиңерби, элеттик кыргыз футболчу балдардын арасынан Пелени, Марадонаны, Рональдону, Бекхемди көрдүм. Дүйнөлүк футболду багындырган испандыктарды бир жеңсе, кыргыздар гана жеңет. Көрөсүңөр, келечектеги дүйнөлүк футболдун биринде биз жеңебиз!

Нюанс
Гүл көрдүм көп гүлдөргө окшобогон,
Гүлдөөсү жайдыр-кыштыр токтобогон.
Жыпары кымбат экен, кымбат экен,
Жыргалын жан жок экен жоктобогон.
Ошол гүл өмүр экен, өмүр экен,
Ошол гүл көп гүлдөргө окшобогон.
Суу ичтим көп суулардан башкачарак,
Суурулуп аккан шары аз катуурак.
Тамчысы кымбат экен, кымбат экен,
Тамшанып айткандар бар даңазалап.
Ошол суу өмүр экен, өмүр экен,
Ошол суу көп суулардан башкачарак.
Жол бастым көп жолдордон өзгөчөрөк,
Жок-бары жомок сыңар көркөмүрөк.
Чаңдары кымбат экен, кымбат экен,
Чарчабас чаар жоргосу өктөмүрөк.
Ошол жол өмүр экен, өмүр экен,
Ошол жол көп жолдордон өзгөчөрөк.
Он жылча илгери чымын коно калган кайсы бир күнү ушул саптар жазылыптыр. Кийин бирдеме болуп, гезитке илешип кеткен. Андан Нуркан Турсунбаев аттуу искусство чебери көрө сала обон жалгаптыр. "Келип ук, жакшы болду, Саламат ырдайт" деген, обончу байке. Көп убакыт өттү, барбадым, укпадым. Кайдыгерлигимдир. Балким, акыркы кездеги обондуу ырлар, ыр-обонго болгон табитимди биротоло талкалап салгандыр...









кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"





??.??