mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Жоону сайса эр сайды, аты калды Манаска беле?

Токтогул АБДЫЕВ, белгилүү адвокат:
"Таманым тешилгенче элди кыдырып жүргөндө, ошол Атамбаев, Бекназаров -
деген "Машаяктар" кайда жүрүштү эле?"
Акыркы убактарда гезит беттерине бир кезде 1-президент Акаевдин, андан соң Атамбаевдин жан сакчысы болгон белгилүү Эркин Мамбеталиев тууралуу макалалар жарык көрүлө баштагандан баштап, биздин редакциянын эшигин тешкендер менен телефон чалып, кулак мээбизди алып жегендер көбөйдү. "Иштин чоо -жайын билип туруп, анан кийинки сандарыбызда айталы" деп, кайрылган окурмандарыбыздын алдында сөз бердик эле. Ошого байланыштуу, чуулгандуу "Мамбеталиевдин" иши, Полковник Алиев менен депутат Сурабалдиевдин өлүмү тууралуу жаңы маалымат чогултканы араңдан зорго Эркинбек Мамбеталиевдин адвокатын таптык. Адвокат Токтогул Абдыев орто жашап калган, бир топ каардуу киши экен. Демейде адвокаттар өзүнүн иши тууралуу тим эле саймедиреп беришчү эле, бул кишинин сүйлөгүсү келбегенинен "маек курбасаңыз болбойт, биздин окурмандар суранып жатты эле" деп, зорго сөзгө тарттык. (Ачуусу келгенинин себебин маектин аягында түшүндүк).


- Токтогул Жаанбаевич, айтсаңыз, баарыбызга белгилүү болгон, "киллер" атка конгон "Мамбеталиевдин" иши кайрадан каралып атабы? Биздин билишибизче эчак ишти жаап, "өмүр бою абакта отурат"- деген өкүм чыкты эле го?
- Эми, карындашым сөздүн ачыгы мен сизге көп нерсени азырынча ачык айтып жибере албайм. Анткени изилдөө иштери жаңы далилдердин пайда болушуна байланыштуу кайра каралып жатат.
- Мүмкүн болушунча айтсаңыз деле болот.
- Эми баягы өзүңүз айткандай баарына белгилүү болгон Жогорку Соттун өкүмү менен, биз берген далилдердин бардыгын четке кагып, түрмөгө кеспеди беле… Эки эпизод боюнча толгон далилдердин бирин да соттор карап коюшкан эмес.
- Ошол эки эпизодго токтоло кетсеңиз
- Биринчи эпизод "ИИМ полковниги Ч.Алиевди өлтүрдү" деген, ошондой эле "капыстан өтүп бараткан Савельев жаракат алды" дегени болгон, экинчиси "Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Сурабалдиевди өлтүрдү". Ошондой эле, "анын айдоочусу Бегалы Айтматовдун өмүрүнө коркунуч туудурган" деген эле. Канчалаган объективдүү далилдердин негизине көңүл бурбастан, үстүнөн берилген буйрук менен бул төрт күнөөнү тең Мамбеталиевдин мойнуна илип туруп, өмүр бою абакта отурганга аргасыз кылышкан. Анан эмне кылмак элек? "Уурусу күч болсо - ээси доого жыгылат экен да". Биз башка жолдорду издей баштадык, аргабыз да калган эмес. Бул иште каралган далилдерден бөлөк да кошумча далилдерин издейли дедик.
Ал аңгыча 2009-жылдын президенттик шайлоосу кирип келди, балким жаңы президенттен ырайым болобу деген үмүт да пайда болду. Анткени президент өзүнө упай топтоо үчүн көптөгөн иштерди жасайт эмеспи, мисалы, амнистия, же чатак, татаал иштердин кайра карап чыгуусуна макул болот дегендей.
Бирок биздин үмүтүбүздү таш капты. Эч жыйынтык чыкпады. Баягы эле футболдо бир оюнчудан экинчи оюнчуга топту тээп, канчалык көп, тез-тез тебилсе оюн ошончолук кызуу болот эмеспи, күйөрмандар күүлөп турганда топ бийик учкандай, жакшы эле тепки жедик. Бирок дарбазага кире албай жаттык. Башкы прокуратурадан баштап, акыйкатчылардын эшигине чейин тебилдик.
Дегеле жылыш болчудай эмес, айлабыз кетти, анан Ысык-Көлдүн 5 миңге жакын элинен кол чогултуп, айылдык, райондук кеңештин депутаттары баш болуп, аксакалдары төш болуп, ошол учурдагы Башкы Прокурор Э.Сатыбалдиевге кайрылдык.
- Кайсы убактарда кайрылып атасыздар?
- 2009-жылдын октябрь, ноябрь, декабрь анан 2010-жылдын январы эле. Биз барбаган эшик, жазбаган кагаз калган жок. Жогорку Соттун токтому чыккандан кийин, ага иштин кайра каралуу мүмкүнчүлүгү нөл дешти. Мамбеталиевдин туугандары менен биз тынбай, мурунку сотто каралбаган көптөгөн күбөлөрдү таптык, алар укмуштуу чындыктарды айтышты, бирок ачык сотко келип күбө болгондон баш тартышты. Анткени бирөөлөр өз башынан корксо, кээ бирлери үй-бүлөсүнүн, туугандарынын коопсуздугунан тынчсызданышты. Ачык эле айтып, баса беришти. Биздин үмүт аздан үзүлө баштады…
Анан мен жалгыз эле Мамбеталиевдин ишин карабайм да, башка да иштерим бар. Ошонун бири чуулгандуу Айжаркын Суранчиеванын (этикалык талаптарга ылайык. Каза болгон бул айымдын аты-жөнү өзгөртүлдү) өлүмү тууралуу эле. Мен Таласта ал иш боюнча катышып жаткам, 5 зөөкүр бул бечараны 2 күн зордуктагандын кесепетинен Айжаркын каза болгон. Анан бир күнү эле процесс бүткөндөн кийин отурсак эле, Сатыбалдиеванын туугандары менден "биздикинен бөлөк дагы кандай чуулгандуу иштерди карап атасыз?" деп сурап калганынан, "5-6 иштин ичинде Мамбеталиевдин да иши менде, Сурабалдиевдин айдоочусу Бегалы Айтматов деген жигит Кызыл-Адырдан экен, ошону таба албай жүрөм" дегем. Болгону ошол. Анан Бишкекке келгениме 2-3 эле күн болгон, Суранчиеванын агасы Чынгыз 40-43 чамасындагы кишини ээрчитип келип, "байке, бул сиз издеп жүргөн Сурабалдиевдин айдоочусу Бегалы Айтматов" десе болобу. Менин "аллам" оозуман түшүп эле, сел болуп туруп калыптырмын. Ой, көктөн издегеним жерден табылгандай эле болду, эмнесин айтайын…
Анан эле "деги иш кандай болду эле айтчы, Мамбеталиевдин күнөөсү чынбы?" десем, тигиним жинденип, өзүнчө буркан-шаркан болсо болобу. Мен андан ары сүйлөшпөдүм. Баягы машаяк адвокат болсоң да, жактаган кишиңди беш колуңдай билсең да, тырмактын агындай болсо да ар дайым күмөн болот бизде. Чынында мен Мамбеталиевдин ишин карап чыкканымда "анын күнөөсү жок турбайбы" деген ойдо калган элем, ал оюмдан Айтматов кайра күмөн санатып койду. Мен сыртымдан эчтеке айтпаганым менен ичимден, "Эркин мени менен акырына чейин ачык болгон эмес турбайбы" деп, жаман болуп калдым. Бир чети жиним да келди. Бул жолукканымды Мамбеталиевдин туугандарына да, өзүнө да айткан жокмун.
- Айтматов менен жолукканда кайсы убак эле?
- Кыш мезгили эле.
- Ушул жылдынбы?
- Ооба, январь же февраль айы эле. Анан эмне деп ойлойсуңар, деги кыргыздын ар бир сөзү жөн айтылбайт го, "Ак ийилет, бирок сынбайт" демекчи, бир күнү эле үйдө отурсам, эшик такылдайт, чыксам, ким экен дебейсиңерби тиги Б.Айтматов. Менин таң калганымды айтпа. "Эмне болуп кетти, тынччылыкпы?" десем эле.
- Байке, мен сиз менен сүйлөшөйүн дедим эле- дейт,
- Ии, эмне жөнүндө?- десем
- "Мени уятым уктатпай атат. Мамбеталиевдин күнөөсү жок. Өткөндө сиз менен жолугуп кеткенден кийин жаман болуп, аргасыз, келип биротоло чындыкты айтайын эле"- деп, дагы бир жолу менин оозумду ачырса болобу. Сүйлөшкөндөн кийин көп нерсенин бети ачылбадыбы.
Көрсө, иштин жайы мындайча болуптур. Баягы атышуудан кийин бул жигит оор жаракат алат, жарты жылча дарыланат. Анан концерт башталат. СНБга чакыртышат сурак жүргүзгөнгө. Келсе Рыспек Акматбаев менен бирге жакындарынын бардыгынын сүрөттөрүн көрсөтүшөт, эч кимисин тааныбайт. Балким ошол учурда сүрөттөрдүн арасында анык "киллердин" сүрөтү болбосо керек. Анын ичинде Эркиндин да сүрөтү бар болот. Аны да тааныбайт. Булардын эч кимиси Сурабалдиевди өлтүргөндө болбогондугун айтат.
Анан Сурабалдиевдин каза болгонунан бир жарым жыл өтөт. Кайра Айтматовду суракка ГСУга чакырышат. Бул кезде Мамбеталиев абакта эле. Анан коркутуу башталат: "Сурабалдиевди аткан Мамбеталиев деп айтасың, бул азыр камакта, биз аны чыгарбайбыз. Сен аны такыр көрбөйсүң. Болбосо сенин өзүңдү камайбыз да, ит абийириңди төгөбүз, үй-бүлөңдү ойлосоң. Дагы бир вариант, Мамбеталиевди бошотобуз да, "сени көрсөтмө берип атат" деп айтып коебуз. Анда Мамбеталиев чыгаары менен сени биринчи жок кылат" деп, туш тарабынан кысымга алышат. "Мамбеталиевге каршы көрсөтмө сага идеалдуу, сен аны күнөөлүү десең, биз аны өмүр бою абактан чыккыс кылып тыгабыз. Сен болсо тынч өмүр сүрө бересиң"- дешет. Бул жерге бир эле жолу эмес бир нече жолу чакыртышат (ГСУга), анан айласы кеткен Айтматов Жукеев деген тергөөчүнүн дапдаяр кылып койгон кагаздарына кол коюп берет. Ага таану протоколун көрсөтүп кол койдурушат, анан сурактын протоколуна кол койдурушат да, Мамбеталиевдин сүрөтүн көрсөтүшөт. Бардыгы бүткөндөн кийин: "Бар, эми тынч жашай бер, сенин тынчыңды эми эч ким албайт"- деп чыгарып жиберишет. Айласы алты жеринен кеткен бечара Б.Айтматов дендароо болуп үйүнө кетет.
Бирок, "кыңыр иш - кырк жылда билинет" дегендей, бир нече күн өткөндөн кийин уяты уктатпай кайра баягы тергөөчүгө өзү келет да: "мен баягы көрсөтмөлөрдү жазган эмесмин, коюлган бардык көрсөтмөлөрдөн баш тартам" деп арыз жазат.
Дагы бир апта өткөндөн кийин Бегалы кайра тергөөчү Жукеевге барып: "Баягы жазган арызым кайда?"- деп сурайт. Жукеев кайпактап, калп эле кагаздарды карамыш болуп: "Жоголуп кетиптир, кайра жазып койчу" деп араң ооз учунан бош айтат. Б.Айтматов экинчи жолу Мамбеталиевдин күнөөсү жоктугу тууралуу арызын жазат. Бирок кийин ал арызды Мамбеталиевдин ишин караганда көргөнүбүз жок. Анан 2008-жылы процесс башталганда, кайра чакыртып, кайра коркутуп-үркүтүү башталат.
- Ачык эле шантаж болгон экен да?
- Ооба, ачык эле бул жигитти шантаж кылышыптыр. Мына ушул көрсөтмөдөн кийин, мен башка толгон-токой мурун бир да жерде жок далилдерди даярдап, чогулта баштадым. Дагы бир кызык далил, ИИМдин ГУУРнун бир кызматкери Алиевдин өлүмү тууралуу документтердин ачык эле фальсификация болгондугу тууралуу айтып берди. Биз бирок, өмүр бою абакта отурганга берилген өкүмү Сурабалдиев үчүн болгондуктан, көбүрөөк ошол иш тууралуу материал чогулта баштадык. Башкы Прокурор Турсункуловго кайрылдык, "мына жаңы, мурун болбогон далилдердин негизинде кайра тергөө жүргүзгөнгө уруксат бериңиздер" деп, бул ишти башка тергөөчү кароосун да талап кыла баштадык Президенттен баштап, акыйкатчыларга чейин кайра дөңгөлөк айлана баштады… Бирок аягында күнүгө ак үй, көк үйдүн эшигин жыртып, кыйкырык-өкүрүк менен, далилдерди бетке кармап: "Ой, Мамбеталиевдин күнөөсү жок, мынакей далилдер"- деп атып, акыры макулдугун алдык. Мен бул жерден баса белгилей кетейин, "Бакиевдин аппараты" бул ишти кайра объективдүү изилдеп чыгышына макулдугун беришкен. Мага официалдуу түрдө ак үйдөн кат келди.
- Тагыраак болсок кайсыл убакта алып жатасыз ал катты?
- Мына ушул жылдын мартынын аягында.
(Уландысы кийинки санда)
Айнура САМСАКУНОВА








кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"





??.??