mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Ийгилик формуласы ишенимде

Бакыт ТӨРӨБАЕВ,

"Республика" партиясынын мүчөсү:

Досье: Төрөбаев Бакыт Эргешович 1973-жыл. 5-апрель.
Кыргыз Республикасынын мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри.
Тууган жери: Жалал-Абад облусу, Сузак району. Жалал-Абад шаары.
Улуту: кыргыз.
2008-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарындагы ченемдик-укуктук базаны жакшыртууга жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча маселелерди чечүүгө кошкон салымы үчүн "Ардак" төш белгиси менен сыйланган.


"Мамлекет чоң тандоонун алдында турат"
Кыргызстандын экономикасы бүгүн өтө оор кризисте. Бул туурасында биздин белгилүү экономисттер ачык эле айтышууда. "Республика" партиясы жакында өзүнүн антикризистик программасын жалпы элге жарыялады. Алар, программа антикризистик иш-чаралар менен бирге узак мөөнөттүү долбоорлордун негизинде жаңы, алда канча эффективдүү экономиканы курууга багытталгандыгын баса белгилөө менен "биз өлкөнүн экономикалык моделин башкаларга караганда башкачараак элестетебиз" дешет.

- Бакыт Эргешович, акыркы мезгилдерде калк арасында "Республика" партиясынын пландары туурасында көптөгөн жакшы пикирлер айтыла калып жүрөт. Айтсаңыз, мунун себеби эмнеде?
- Эң ириде мен "Республика" партиясынын башка партиялардан айырмачылыгы катары айрым партиялардын, топтордун, уруу, урук же кландардын кызыкчылыгын эмес, көп улуттуу мамлекетибиздин биримдигин сактап калуу максатын кармангандыгын көрсөтө кетким келет. Ооба, биз бүгүн мамлекетти кантип туңгуюктан чыгарып кетүү туурасында программа иштеп чыккандыгыбыз менен сыймыктанабыз. Биз болбогон куру убадалар менен элдин башын айландыргыбыз келбейт. Биздин программа өңчөй сан жана конкреттүү иш аракеттерге негизделген, ошондой эле биз бюджеттин киреше бөлүгүн кантип чогултуп, кантип аны туура пайдалануу керек экендигин да билебиз.
Башкалардан өзгөчөлөнүп биз кризиске каршы программаны сунуштап жатабыз. Өткөөл мезгилде жакшынакай иштеп жаткан заводдор бир-эки айдын ичинде рентабелдүү эмес деп табылып майдаланып бөлүнүп салынды. Өлгөндүн үстүнө көмгөн дегендей, кайдан-жайдан белгисиз ар кандай чет элдик ПЕСАК сыяктуу программалар пайда болду. Алардын иштөөсүнө чоң каражаттар сарпталган. Энергетика тармагында да стратегиялык максаты жок иштөөнүн негизинде жалпы система терең кризиске учурады. Зор мүмкүнчүлүтөрү туруп өлкөбүз энергетикалык кризиске кабылуусу чиновниктердин кенебестигинен, уурулугунан, жоопкерчиликтин жоктугунан жана сууну туура эмес пайдалануудан болду деп эсептейм. Кыргызстандын даагы бир чоң күчтүү локомотиви боло турган тармак - бул тоо-кен тармагы. Кумтөр, Солтон-Сары, Каракол, Ничке-Акжол, Шахимардан, Көк-Суу, Кичи-Сандык, айта берсе дагы көп. Баса белгилеп кетчү нерсе, кендин көптүгүндө эмес, аны үнөмдүү пайдаланып, түшкөн акча-каражат агымын элдин кызыкчылыгына буруу. "Айдаркен сымап комбинатынын" мүмкүнчүлүгү Орто Азияда эле эмес, дүйнө жүзүндө сымап өндүрүү боюнча алдыңкы орунда турат. Аны да ПЕСАК деген программа жок кылууга аракет жасаган, бул нерсе азыр дагы жүрүп жатат. Ар кандай шылтоолор менен комбинатыбызды майдалап бөлүп банкротко учуратмак же болбосо "перепрофилирование" деген шылтоо менен стратегиялык мааниге ээ комбинатты эч кимге кереги жок кастрюль чыгартып коюу максаты коюлган. Биз кандай болбосун, бул комбинаты сактап калабыз.
Программа өз кезегинде энергетика, жаратылыш байлыктары, айыл чарбасы жана башка ушул өңдүү көптөгөн багыттардан турат. Биз фермерлерди жылдык үстөгү 7 пайыздан ашпаган 300-500 млн. өлчөмүндөгү кредит менен камсыз кылалы деген ойдобуз. Өзүңүздөр жакшы билгендей эле мындай шарттар менен камсыз кылабыз деп эч ким кепилдик бербейт. Биз болсо, муну кантип ишке ашырса болорун күн мурунтан эле ойлонуп чыгып койгонбуз. Дыйкан өзү алган түшүмү сөзсүз сатыларынан эч убакта күмөн санабашы керек. Андан тышкары биз фермерлердин продукциясын сатып алуу системасын киргизебиз. Мындан сырткары, биз өз сырьебуздун эсебинен бүткүл түштүк регионун газдаштырууну да ойлонуудабыз. Гидроэнергетикалык күч кубатты натыйжалуу пайдалануу жана тез арада сугат иштериндеги көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча да өзүнчө долбоорлорубуз бар. Жыйынтыктап айтканда, биз, программаны жүзөгө ашыруу менен экономикалык жактан кубаттуу мамлекетти түзүүдө өз ишин мыкты билген адамдардан турган ар бир команда сыяктуу эле болгон мүмкүнчүлүктү жумшап, көйгөйлүү маселелерди терең анализдеп чыктык.
- Айтмакчы, команда туурасында эмне дээр элеңиз? Анын мүчөлөрү жөн гана жүргөн адамдардан куралбаса керек?
- Туура айтасыз, 7-апрелдеги окуялардан кийин биз барыбыз өлкөнүн саясий турмушундагы көптөгөн окуялардын күбөсү болдук. Мына ушундай кырдаалда мен өз өлкөмдүн жараны катары, болуп жаткан нерселерге канткенде жөн гана байкоочу катарында баа берип, карап турмакмын? Айрым адамдар менен кеңешкен соң биз күчүбүздү бир жерге топтоп, өлкөнүн экономикасын көтөрүу максатында өз партиябызды түзөлү деп чечтик. Партиянын негизин кайсы тармакта болбосун мыкты ийгиликтерди жаратып келишкен жаштар түзгөндүгү мени абдан кубандырат. Биздин ар бирибиз Кыргызстандын келечеги үчүн өз күчүбүздү жумшоого даярбыз. Биз, бул-Өмүрбек Бабанов, Канатбек Исаев, Алтынай Өмүрбекова, Алтынбек Сулайманов жана башка өз ишин мыкты билген көптөгөн жаштар.
Бүгүнкү күнү партиянын мүчөсү болсом дегендердин катары арбын. Алар үчүн эшигибиз ар дайым ачык. Биз экономиканы кантип көтөрүү керек экендиги туурасында конкреттүү мисалдарды сунуштап жатабыз. Социалдык коргоо, пенсия, жөлөк пул боюнча көйгөйлүү маселелер биз иштеп чыккан социалдык программада өзүнчө иштелип чыккан.
- Бакыт Эргешович, биздин көптөгөн замандаштар сизди чынын айтканда бүгүн элдин кыжырын кайната турган мурдагы "Ак жол" партиясынан шайланган депутат катарында да билишет. ..
- Ооба, мен өз учурунда "Ак жол" партиясынын мүчөсү элем. Чын-чынына келгенде "Ак жол" партиясы түзүлүп жаткан учурда өлкөдө, мейли бийлик, мейли коомчулук үчүн экономикалык оор кырдаал түзүлгөн болчу. Өзүңүздөргө жакшы маалым болгондой ич ара тирешүүлөр мамлекетти туңгуюкка алып барат. Мына ушуга байланыштуу өткөн парламенттик шайлоонун алдында ар кыл саясий күчтөр "Ак жол" партиясына бириккен эле. Башкача айтканда, биз ошол учурда өлкөдөгү экономикалык оор кырдаалды жеңип чыгышыбыз керек болчу. Тилекке каршы, мына ошол тирешүүлөрдүн аягы эмне менен бүткөнүн барыбыз жакшы билебиз. Учурда мамлекет чоң тандоонун алдында турат. Ар бирибиз бизге жакшы жашоо зарыл экендигин абдан жакшы түшүнөбүз. Апрель жана июнь айларындагы кандуу окуялардан кийин ар бир саясатчы Кыргызстандын бүтүндүгү туурасында ойлонуусу зарыл. Жеке өзүм туурасында айтсам, мейли, менин позициям башка бирөөгө жагабы же жакпайбы, бирок мен мына ушундай оор кырдаалда мамлекетке эч кандай салым кошпой карап отуруп алуудан алысмын. Азыркы тапта ал иш-аракеттерди партиянын курамында туруп гана жүзөгө ашырууга мүмкүн. Ошол себептүү мен башкаларга салыштырмалуу өздүк социалдык-экономикалык программасы жана борбордошкон позициясы бар "Республика" партиясынын курамындамын. Бул "үч куралы" жок туруп, мамлекеттин стабилдүүлүгү туурасында айтып кереги жокко деп ойлойм.
- Маегибиздин башында сиз "Республика" партиясынын экономикалык программасынын өзгөчөлүгү туурасында айттыңыз. Деги эле мына ушул пландардын бардыгын жүзөгө ашыруу үчүн канча убакыт талап кылынат?
- Мунун өзү да биз үчүн абдан маанилүү. Башкача айтканда, биздин пландар негизги беш баскычка бөлүнгөн. Айтмакчы, алар биздин партиянын эмблемасында да чагылдырылган. Мисалы, андагы беш жебе өлкөнүн өнүгүүсүнө карата болгон беш кадамды билдирет. Мунун өзү мейли электорат, мейли карапайым эл үчүн биздин убадалардын бардыгынын орундалышын көзөмөлдүккө алууга жардам берет.
- Сиз карапайым элдин ишеничине кире алам деп ишенсизби?
- Биз азыртадан эле карапайым элдин колдоосун сезүүдөбүз. Тагыраак айтканда, бизге күн сайын ар кайсы региондордон өз ой-тилектерин билдирген көптөгөн телефон чалуулар болууда. Штабга келип, кеңеш берип жаткандар да арбын. Алар үчүн партиянын курамында кандайдыр бир ийгиликтерге жетишкен адамдар тургандыгы негизги фактор болууда. Ал эми мурда "Ак жол" партиясынын мүчөсү болуп келген биздин мүчөлөрдүн элден корко тургандай эч күнөөлөрү жок.
- Бакыт Эргешович, саясатта жигердүү эмгектениш үчүн кандайдыр бир нерсени курмандыкка чалуу керек эмеспи. Мисалы, көп убакыт коомдук ишке арналып, үй-бүлөгө азыраак көңүл бурулуп дегендей…
- Кудайга шүгүр, таптакыр көңүл бурулбай калды дегенден алысмын. Ал эми убакыт туурасында айтсам, ооба ал нерсе чыны менен эле жетишпейт. Мен мурда балдарымдын үй тапшырмасына жардам берип келген болсом, Жогорку Кеңешке депутат болгондон кийин мындай мүмкүнчүлүк дээрлик болбой калган. Азыр деле убакытым абдан тар. Балдарымдын математика боюнча үй тапшырмаларын телефон аркылуу чечүүгө туура келген учурлар да жок эмес. Ал эми бир аз убакыт боло калса, албетте аны үй бүлөмө арнайм. Мындан сырткары, биз үй бүлөбүз менен футбол ойногонду жакшы көрөбүз. Үч баланын атасымын. Аялым- Асель бухгалтер болуп иштейт. Кыскасы, мен үй бүлөм менен абдан сыймыктанам.
- Сиздин атаңыз республикага белгилүү энергетик эмеспи. Атаңыздан кеп-кеңеш сураган күндөр көп эле болобу?
- Албетте. Атам Жогорку Кеңештин төрт жолку депутаты. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген жана СССРдин мыкты энергетиги. Бүткүл өмүрүн энергетика маселелерине арнаган адам. Ал тургай азыр да, ардактуу эс алууда отуруп алып, өлкөнүн келечеги туурасында ойлонуп, бул тармактагы олуттуу маселелерге тынсызданып келет. Учурунда алар бардыгын нөлдөн башташкан да. Эми ошол нерсе таптакыр кулап калышын каалабайт.
Айнура ИСМАИЛОВА














кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"





??.??