кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
п»ї
  Жумуртка чакмай

Ээ, калайык, калың журт!
Жакшылыкка жарчы болор "Айат пресс" гезитиң, жана бир жөрөлгө баштап отурат. Демейдеги уюштура жүрүүчү конкурстун дагы бири. Бул сапар, сынак-жарышты улуттун кызыкчылыгына арнадык. Мынабу, Бишкектин чок борборуна орнотулган "жумуртка баскан аял" атка конгон канаты бар, колуна түндүк тутамдаган "Эркиндик" монументин Ала-Тоо аянтынан алып салуу жөнүндө жазбаган гезит калган жок. Анын ичинде биз да көп кайрылдык. Жыйынтык нөл. Келгиле эми, "нөл" деп отура бербей, аракетибизди уланталы!


- Эгерде улуттун намысына кайдыгер эмес болсоңуз
- "Эркегиң кырылып, түндүгүңдү аялың көтөрүп калсын" деген душмандын каргышына каршы тургуңуз келсе
- Улуттук символдор кыргыздын нарк-насилине айкалышып туруусун кааласаңыз
Береги купонду кесип алып, толтуруп, биздин редакцияга тапшыргыла. Кимде-ким эң көп купон тапшырып, бул "жумуртка баскан аялдын" ордуна кандай эстелик туруш керек экенин сунуштап, алардын эскизин купон менен кошо редакцияга жеткирсе болот. Бул конкурска өз салымын кошкондор тандоо жыйынтыгында жеңүүчү аталат да, баш байге - телевизорго ээ болот! Бул акция-сынактын жыйынтыгы "Эркиндик" монументи ордунан алынган күнү чыгат.
Эмесе, чыныгы улутман
экениңди далилде, окурман!




PDF формат









??.??