Ар кимде бар ар кыял

Бычактын мизинде жүрүп
Былтыр жайда Темир мырза өз алдынча президенттикке ат салышууга чыкканда да оппозицияны бөлүп-жаруу үчүн Бакиевдердин тапшырмасы менен башын канжыгага сайып күрөшкө аттангандарды бир-бирине жамандап, кара пиар менен алектенишкен. Эл арасын дүрбөтүп, жалган ушак таратышкан. Бирок арам ойлуулардын Сариев менен Атамбаевди экиге бөлүү компаниясы анчейин ишке ашпай, иш жагдайын түшүнгөн эл уулдары биригип кеткен эле. Бүгүн да ошондой симптом кайталанды. Эрте тургандын баары Сариевди жамандап, ыксыз каралап, бычактын мизинде жүргөн жигиттерди бир-бири менен чабыштыруу аракети күчтөй. Бирок Темикең акылдуу жан эмеспи, мындай кара пиарларга көңүл бурбай, иш менен алек. Ал эми "Ак Шумкар" партиясынын катарын болсо Корчубек аганын кызы Роза Акназарова толуктады.


Ома да чыкты 50гө
Коомчулукта Катани атыккан, достору Ома деп эркелеткен Өмүрбек Суваналиев да кыр ашты. Кыр ашканы ушул 31-июлда эр ортону 50 жашка чыгат. Эр жигит үчүн эң мыкты курак. Өткөн-кеткенин таразалап, жакшы-жаманды ылгап, өз абийиринин алдында отчет берер мезгил. Азыр "күздө болчу шайлоого күчтүү партиялар барышы керек" деп Көл жээгинде эс алып жаткан учуру. А Бишкекте Оманы ар ким ар кайсы партияга кудалай берип, куруп бүткөнү калышты. Угушубузда 50 жылдык тоюн күтүрөгөн күздө өткөрмөкчү. Биз да туулган күнүн утурлап, куттук айтып турубуз.


Алмамбетти алкагандар көп
Мамлекеттик каттоо кызматынын чоңу Алмамбет Шыкмаматов билекти түрүп, шымалана иштеп жаткан кезеңи. Бакиев бийлигинин да мамлекеттик каттоого жасаган бардагынын баш-аягын чубап, эл эсебинен эсиргендерди эсине келтирүүдө. Угушубузда Алмамбет мырза чоң азаматтык иш жасап атыр. Каргашалуу окуяда Ош, Жалал-Абад шаарында жабыр тарткандарга бекер паспорт, нике, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана кыймылсыз мүлккө болгон документтерди бекер берүү боюнча жол-жобосун даярдап, өкмөттүн токтомунун долбоорун токуп атыптыр. Бирок "бекерден пайдаланып калалы" деп Ош, Жалал-Абаддагы каргашага тиешеси жоктор эшик кагып, Алмамбет мырзанын айласын кетире көрбөгүлө, айланайындар...


Бизде коррупция менен баңгилик таптакыр жок!
Бакиевдин өкмөтү баңгизатын көзөмөлдөө агентствосун атайылап жойгон. Себеби баңги трафигин Бакиевдин аке-үкөлөрү көзөмөлдөп, миллиондогон акчалар алардын чөнтөгүн ысытып, көңүлдөрүн шайма-шай кылып турган эле. Анысы менен "бизде баңгилик жок" деп мактангысы келген. Бирок кеп түрүндө башка эле да. Баңгизатынын аркасы менен Жаныш Бакиев Бадахшан тоолорунда көчүгүн жашырып жүрү. Эми Роза Отунбаеванын өкмөтү коррупцияны алдын-алуу агенттигин жоюуга белсенди. Демек бизде коррупция жок дегендикпи? Ичип-жеп тоюнгандын баарын техникалык өкмөткө тыгып, ал аз келгенсип, "аңкоолор менен жалкоолор уурдабайттын" автору Турсунбек Чыңгышевди кең Россиянын борборуна кыргыздардын атынан ишенимдүү адам кылып дайындагандан кийин коррупция жөнүндө кеп кылгандын өзү коркунучтуудай...


Кан узатпайт...
Эл арасында уу-дуу кеп көп. Саясатчылар да президент айым шайлоо мөөнөтүн атайылап создуктуруп атканына түшүнбөй туру. Роза эжебиз шайлоо мөөнөтүн атагыча элди канга боегон Бакиевчилерди жандап, колуна суу куйуп жүргөн айрым адамдардын шашылыш түзүлө калган партияларына шанс берүүдө. Анын үстүнө "калк айтса калп айтпайт" демекчи президентибиз акылдуулук кылып, "парламенттик шайлоого 2007-жылга чейин түзүлгөн гана партиялар гана катыша алат" деп чечим чыгарса өтө сонун иш жасамак. Болбосо бир күндүк, бир айлык партияларды түзө калган кошоматчы, ууру саясатчылар эсибизди эки кылмай болду. Алар элди бөлүп-жарып, айкырып, катынча ажаандангандан бөлөк пайдалуу иш жасай элек.


Кадырбеков "Ата Мекен" менен кош айтышабы?
Айла-амалы жагынан алдына киши салбаган саясатчы И.Кадырбеков "Ата Мекен" партиясынын камчысын чабымыш болуп, Ө.Текебаевдин этегине эрмешип жүргөнүн билбегендер аз.
Жакындан бери И.Кадырбеков карачечекей баласынын наамына "СССР" деген эскини эңсеген аталыштагы партияны каттоодон өткөрүптүр деген каңшаар тарады. Эмне максат менен мындай кылып жатканын бир өзү, бир кудай эле билбесе жан билбейт. Саясий оюндардын сазайын берген И.Кадырбековдун аласалдырмайларын алдын албаса бармагыңды тиштеп каларың турган иш.
Айтылган ушактарга караганда жаңы партиясынын ишин биссимилла деп Нарындан баштаган имиш. Анын мурдатан келаткан соратниги, Нарындагы команда башчысы Кенже Сатыбалдиева "СССР" деп ырдай баштаган имиш. Эмнеси болсо бирдин ичинен чыкмайы бар Кадырбеков акырындык менен барып жарыла турган бомба даярдап жаткан окшойт.

Адил Тойгонбаевдин орун басары ойгонду
Байызбеков Уланбек Алчинбекович Акаев убагында Адил Тойгонбаевдин ишенимдүү адамы катары мамлекеттик алкоинспекциянын директору болгон. Ошол убакта алко инспекция мамлекеттики болсо да, Уланбек мырза Тойгонбаевдин ишаратысыз бир да маселени чеччү эмес. Жаңыдан ачыла турган заводдордун лицензиясын алуу үчүн бизнесмендер 6 айлап, бир жылдап зарыга күтүшчү. Себеби Улан Байызбеков Тойгонбаевдин кишисин ээрчитип барып, заводун көрүп, алчусун алмайын "лицензия оозуңардан отуз эки жолу айлансын" дечү. Уланбек мырза арак заводдорду муундурган бүт Кыргызстандын күйөө баласы атыккан Адил Тойгонбаев ойлоп тапкан схеманы башкарып, патокадан жасалган спирт, ж.б. афералардын башында турган. Патоканы 40-60 доллардан алып келип, анысын ар бир арак заводго 150 доллардан таңууулап сатып, орто жолдон далай пайдага туйтунган. Кожоюну Адил экөө ОсОО "Адаск" деген фирма аркылуу акчаларды адалдап (отмывание) турган. Айтмакчы, союз убагында Кыргызстандын арак тармагын тейлеген үч заводду (Ош, Бишкек арак заводу, "Шампанвинкомбинат") банкроттук абалга жеткире талкалагандардын башында турган дал ушул Уланбек мырза эле да. Бүгүнкү күнгө чейин "Шампанвинкомбинат" иштебей турганы кабыргабызды кайыштырбай койбойт.
Жердиги Таластын Киров районунан. Бир чети Адил күйөө баласын айтып аңыраңдаса, Майрам апчесине жармашып шаңыраңдап жүргөн. 2005-жылкы революцияда Тойгонбаев менен кошо артын карабай качкан. Эми Бермет карындашын ээрчип, горизонтто пайда болду. Муну Бермет ээрчитип келдиби же өзү келдиби белгисиз, май-талкандан үмтөтүп, Роза апчесинин эшигин сагалап жүргөнүн көргөндөр жакасын кармап, анан бизге кабарлады. Көрсө ал 5 жылдык оор уйкудан ойгонуптур. Шиберден кайткан го сыягы. Же кыргыздан талап-тоноп кеткен акчасы түгөнгөнбү, түшүнбөдүк.