Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсо ээ?

Талантбек УЗАКБАЕВ,
айыл чарба экс-министри:
"Мал өндүрүүнү эң биринчи орунга койсок"
Тили жаңы чыккан баладан 90-100 гө чыккан карыларыбызга чейин эле "саясат, саясат" деп жатып мамлекетибиздеги өтө маанилүү, көйгөйлүү маселелер унутулуп калгандай. Өнөр жайыбыз жакшы өнүкпөгөндөн кийин Кыргызстандын эң негизги тармагы болгон айыл чарбасы да мамлекет тарабынан жакшы колдоого алынбай, өнүкпөй келет. Ушул маселелер тууралуу ветеринария илимдеринин кандидаты, айыл чарбасынын мыкты адиси, экс-министр Узакбаев Талантбек Макишевич менен маектештик.


- Талантбек Макишевич, өлкөбүздүн экономикасын негизинен агрардык сектор түзөрүн эске алсак, айыл чарбасын өнүктүрүүнүн кандай жолдорун көрүп турасыз? Анын ичинде мал чарбасынын орду кандай?
- Айыл чарбасы бүгүн өтө оор акыбалды башынан өткөзүп жатат, анткени Советтер Союзу кулагандан бери айыл чарбасында жүргүзүлгөн реформанын аркасы менен жердин, малдын баары менчикке айланып кетти. Жайыттар деградация болуп, агротехникалык ыкмаларды жакшы колдонбогондуктан, айдоо жерлеринин баары арыктап, жакшы түшүм бербейт. Кыргыз эли байыртадан мал киндиктүү эл болот эмеспи, азыр төрт түлүк малыбыздын саны жылдан-жылга көбөйүп бара жатат. Мал чарба продукцияларын экспорттоо эң башкы маселелелердин бири. Эгерде экспорт болбосо мал чарбасы өнүкпөй токтоп калышы да мүмкүн. Мал чарбасынын өнүгүшү коңшу Казакстан мамлекети менен да тыгыз байланышта болуп жатат, 7-апрелдеги коогалаңдуу окуялардан кийин Казакстан чек арасын жаап койгондуктан, биздин продукциялар, мал чарба азыктары эч жакка өтпөй туруп калды.
- Сөзүңүзгө аралжы, азыр базарга барсак эт тартыштыгы байкалууда, сатуучулардан сурасак, "Казакстанга кетип жатат" дешет, азыр канча эт продукциясы сыртка чыгууда?
- Азыр эт продукциясы Казакстангабы, башка өлкөлөргөбү бир да килограмм официалдуу түрдө сатылган жери жок. Себеби бизде эпизоотикалык акыбалыбыз өтө оор болгондугуна байланыштуу 2007-жылдан бери Россия, Казакстан, Өзбекстандын мамлекеттик ветеринардык кызматтары биздин мамлекеттен мал чарба азык-түлүктөрүн алууга тыюу салышкан. Ушул күнгө чейин ветеринардык тараптан чек ара маселелери чечиле элек. Азыр өзүңүз билесиз, Казакстан, Россия, Белорусия бирдиктүү бажы территориясын түзүшпөдүбү. Бүгүнкү күндө бизге Россиянын, Казакстандын ветеринардык кызматтарынан "сүт өндүрүүчү, эт өндүрүүчү ишканалардын баарын каттаткыла, ошолордун баары экспорттоо комиссиясынан өтсүн, ошондон кийин гана биз экспорттоого уруксаат беребиз" деген каттар келип жатат. Муну өткөрүш үчүн бизде жогорку технологияда иштеген сүт заводдору, эт комбинаттары керек. Бул өлкөлөрдүн азыр чыгарган бирдиктүү бажы закондору ишке ашкандан кийин биздин мамлекеттин чек арасынан булардын чек арасына эт, сүт азыктарын киргизүү такыр мүмкүн болбой калат. Бул болсо кыргыз мамлекетинде мал чарбасы такыр өнүкпөй калат деген менен барабар. Мен өзүм ветеринардык кызматты жетектеп жүргөн кезимде Кыргызстандын мал чарба продукцияларын экспорттоо үчүн бизде бүткүл дүйнөлүк аккредитациядан өткөн ветеринардык, санитардык лаборатория керек деп Акаевдин да, Бакиевдин да учурунда ушул маселени көп көтөргөм. Бул лабораторияны куруп беришкен жок, бул лабораторияны куруш мамлекеттин бирден-бир милдети, бул лабораториясыз бир да килограмм этти мүмкүн 2011- жылдан кийин эч жакка чыгара албай калабыз.
Ветеринардык кызматка мамлекет тарабынан таптакыр көнүл бурулбагандыгынан бизде жылдан-жылга эпизоотикалык акыбалыбыз абдан оордоп бара жатат. Алты ай сайын, жети ай сайын жетекчилердин алмашканы, жыл сайын эксперимент кылып эле биздин структураны талкалап, ветеринардык адистер менен кеңешпей туруп, жогору жактан эле өзүлөрү чечип бир кошушат, кайра бөлүшөт. Ветеринардык кызматсыз мал чарба азык-түлүктөрүн сатууга эч бир мүмкүнчүлүк жок, ветеринардык кызматтын маанилүүлүгүн биздин өкмөт биринчи түшүнүш керек. 2006-жылы биздин ветеринардык департаменттин демилгеси менен, бүткүл дүйнөлүк эпизоотикалык бюронун жардамы менен ветеринарияны өнүктүрүүнүн стратегиялык планын иштеп чыкканбыз. Бул план өкмөттүн токтому менен бекитилген. Ошол план боюнча Дүйнөлүк Банк 2010-жылдан баштап 7,5 млн. евро менен бизди каржылай баштамак. Бизде болсо жылда бирден жетекчи алмашып, ошол жетекчилер стратегиялык пландын түп нускасын, маанисин түшүнбөгөндүктөн, Дүйнөлүк Банктын талаптарын жакшы аткарбай, каржылоо ушул күнгө чейин ишке ашпай келет. Биздин ушул стратегиялык планды ишке ашырмайын ветеринардык кызматтын өзүн-өзү оңдоп кетүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Буга чейин да 2005-жылы куш тумоосун алдын алуу боюнча Улуттук программа иштеп чыгып, 9 дүйнөлүк банктан 3.6 млн. АКШ долларын 105 мамлекеттин ичинен биринчи биз алганбыз. Бүгүн ветеринария кызматы ошол каражат менен анча-мынча болсо да өзүнүн кем-карчын чечип келет. Дегеним, мамлекет капчыгы жука болгондон кийин азыркы жетекчилер ушундай долбоорлорду иштеп чыгып, дүйнөлүк финансы уюмдарынан ар түрдүү гранттарды табышса да болмок.
- Айыл чарбасында малды паспортизациялоо тууралуу эмне айтасыз, ал бизге керекпи, өз кезегинде бул да абдан сынга алынбады беле?
- Мал жандыктарынын баарын паспортизациялоо негизи туура эле айтылган, сиз айткандай бул көп сынга учурап кетти. Муну адистер элге жеткиликтүү, толук түшүндүрүшү керек эле. Паспортизациялоо деген эмне? Илгертен кыргызда малга эн салуу деген болгон, азыр болсо дүйнөлүк практикада ар бир малдын өзүнүн идентификациялык номери болуш керек. Бул ветеринардык кызматты жүргүзүүгө абдан чоң өбөлгө түзөт. Мисалы, уй бир музоону тууду дейли, ошол музоо туулгандан акыркы күнүнө чейин биздин көзөмөлдө болуш керек. Бул- малдын ден соолугун сактоо менен адамдардын ден соолугун сактоо дегенге жатат. Биздин учурда кандай болуп жатат? Биз СНГ өлкөлөрүнүн ичинде бруцеллез оорусу боюнча биринчи орунда турабыз. Бул баш аламан, учету жок малдын миграциясынан болуп жатат. Бизде эч бир учет жок, мисал үчүн Нарында бүгүнкү күндө 400 бруцеллез менен ооруган кара мал турса, ошол малдын кыймылын, каякка кеткенин биз билбей калып жатабыз. Кээси базарда сатылып кетип жатат, бруцеллез азыр ветеринардык проблемадан социалдык проблемага айланып бара жатпайбы. Ошон үчүн малды идентификациялоо, паспорттоо деген эң туура нерсе. Ар бир малдын санагы мамлекеттик борбордоштурулган компьютердик базада болуш керек. Мал азыктарын чет өлкөгө чыгара турган болсок, "бул мал качан туулду эле, кандай болду эле, качан союлду эле?" деп, чет мамлекеттин ветверинардык кызматтары сурайт. Эгерде "мал баланчасында туулган, мынчасында момундай вакцинация болгон" деген маалыматтар болбосо, биздин мал азыктарыбызды эч ким албайт да, эч ким өткөрбөйт. "Биздин малдын эти таза, даамдуу" дейбиз, абдан туура, бирок ошол даамдуу эттин коопсуздук маселесине жооп бере албай жатабыз.
- Жайыттар маселеси кандай бүгүн, эгер биз таза эт продукцисын дүйнөлүк рынокко чыгарсак, анда жерибиздин көбүн тоют өстүрүүгө пайдалансак да болот да?
- Мал чарбасын өнүктүрүүдө жайыттарды туура пайдалануу эң биринчи маселелердин бири. Кийин "алыскы жайыттарды малчыларга эки жылга эле бекитип бергенге уруксат, үй салганга да чектөө коюлат" деген мыйзам чыккан. Мен ошол мыйзамга түп тамырынан бери каршымын. Малчы 40 градус суукта сарай, үй салып алып жашабаса, малын кантип багат? Малчы ошол жерге кадимкидей эле отурукташып жашашы керек. Жайытты ошол малчыга "иштеп, бутуна туруп ал" деп 10-15 жылга бекитип берүү керек. Алыскы жайыттарга бара турган жолдун баары бузулуп, көпүрөлөрдун баары сынып бүткөн.
- Сиз чындыгында абдан актуалдуу, азыркы кездеги бирден-бир маанилүү маселени көтөрүп жатасыз, бирок ошол ойлоруңузду ишке ашыруу үчүн бир партияга ыктап, бийлик үчүн ат салышайын деген оюңуз барбы, чындыгында бизде өз ишин мыкты билген кадрлар аз болуп жатпайбы?
- Биринчиден, мен саясаттан алыс болуп, кесибим боюнча "айыл чарбасын, ветеринария кызматын көтөрүүгө чоң салымымды кошсом" деп көп аракет жасадым. Бирок ошол аракеттеримди Кыргызстандын эң жогорку бийлигиндеги адамдарга айтсам да, түшүндүрсөм да ишке ашпай келет. Ошондуктан мен азыр ушул ойлорумду ишке ашыруу үчүн, мал менен жан баккан элиме жардам бериш үчүн келечектеги шайлоого барууну туура деп чечтим. Мен көп партиялардын программаларын окуп, таанышып чыгып "Ар намыс" партиясын тандап алдым. Бул партиянын жалпы Кыргызстандын экономикасын көтөрүү, ички жана тышкы саясат боюнча, эң негизги мени ынандырганы айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча программалары мага абдан жакты.
- "Ф. Кулов Россияга эле акыркы убактарда байма-бай каттап калды" деп бүт ММКлар жазып, айтып атышат го, мунун сырын билесизби?
- Мунун эмнеси жаман? Бул эң жакшы деп айтат элем, анткени биз Россия, Казакстан ж.б. коншу мамалекеттер менен ымала түзүп, ошолордун жардамын көрүп, жанагы мен айтып кеткендей, өзүбүздө өндүрүлгөн продукцияны ошол жактарга сатпасак, анан ким менен ымала түзөбүз? Россия, Казакстан, Өзбекстандар менен кайсы лидер азыр иштеше алат тышкы саясатта?
Россия биздин өтө чоң тарыхый өнөктөштөрүбүздүн бири, ошон үчүн айыл чарбасын өнүктүрүүдө Россия, Казакстан менен жакшы ымала түзүүдөн башка жол жок. Биздин продукцияны андан ары алып барып сатыштын өзү эле кыйын болот азыркы күндө. Өзүбүздө өндүрүлгөн буудай, арпаларыбызды өзүбүздүн эле рыногубузда пайдаланып жатпайбызбы, баасы да өтө арзан, дыйкандарыбыз чыгымын актай албай жатышат. Биз дүйнөлүк рынокту өздөштүрүп, дагы башка нерселерди айдаганды үйрөнүшүбүз керек. Мисал үчүн Таласта жалаң эле буурчак айдашат, буурчакты монокультура болуп Таласка гана айдап жатып, жердин кунары да кетип калды. Бул продукция дүйнөлүк базарда өтүп жаткандан кийин аны республиканын башка аймактарына да алып келип айдап, ал эми буудайдын баасы коңшу Казакстан менен Россияда абдан арзан болгондуктан ошол жактардан сатып алсак да болот. Жана сиз "жерлерибизди тоют катары да пайдалансак" дебедиңизби, туура, тоют катары пайдалансак да болот, азыр 1 кг буудайдын баасы 5 сом, ал эми 1 кг чөптүн басы 10 сом болуп жатпайбы. Ошон үчүн Кыргызстан мал өндүрүүнү эң биричи орунга коюш керек. Ал үчүн дагы да кайталайм, ветеринарияны биричи бутуна тургузушубуз керек. Мен өзүм дүйнөлүк эпизоотологиялык форумдарга көп катыштым. Андай форумдарга өнүккөн мамлекеттердин премьер-министрлери, айыл чарба министрлери көп келип катышышат экен. А биздин жетекчилер болсо "эмнеге бардыңыз, эмне маселени чечтиңер?" деп кызыгып да сурап коюшпаганы, ветеринарияга көңүл бурулбагандын бирден-бир далили. Ветеринария-бул эпизоотикалык эле эмес, мамлекеттик коопсуздук деп билишибиз керек. Биздин малчыларга, фермерлерге жакшы шарттарды түзүп берип иштетсек, айыл чарба кызматкерлери жакшы айлык акыларды алышса (бул бардык эле тармактарга тиешелүү), жанагыдай нааразылыктар болот беле? Мамлекет элге жакшы мамиле кылса, элдин мүдөө талаптарын аткарса, элдин курсагы ток болсо ким көтөрүлөт эле? Ошон үчүн эң биринчи айыл чарбасын көтөрүп, андан кийин тоо кен, туризмдерди жана башка тармактарды коюш керек.
- Убактылуу өкмөткө, анын мүчөлөрүнүн жасаган иштерине кандай баа бересиз?
- 7-апрелде, андан бери өлкөбүздө кайгылуу көп окуялар болуп кетти. Убактылуу өкмөт ушундай кыйын мезгилде бийликке келишип, көп иштерди аткарышты, кетирген каталары да көп болду, ошого карабай биз бул өкмөттү колдодук, андан башка жолду биз көрө алган жокпуз. Абдан кыйналышты, ушунчалык чыдап иштеп бергендерине мен чын ыраазычылыгымды билдиргим келет, бирок булар кетирген каталарды келечектеги өкмөт кетирбесе деп ойлойм. Кыргызстандын келечеги-бул жогорку профессионалдуу кадрлар, чыныгы кыргыз деп күйгөн элдик патриоттор.
Келечектеги кадрларыбызга да таптакыр көнүл бурулбайт, ветеринарияда орточо жашыбыз 45-60 болуп калды. Бизден кийинки жаштар ветеринардык кызматка эч бир кызыгып келген жери жок. Ветеринардык кызмат дүйнө жүзүндө өтө чоң бааланган, өтө чоң айлык акы төлөнгөн кызмат болуп эсептелет. Бизде болсо тескерисинче, эң аз айлык акы төлөнөт, жаш адистер такыр ветеринария тармагына иштөө үчүн келбей калышты. "Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун" дегендей, накта өзүнүн ишин билген профессионалдар келмейинче Кыргызстандын келечеги жок деп эсептейм.
Үсөнбек БЕЙШЕМБИЕВ