Эр жигиттин башы канжыгада

Мелис ТУРГАНБАЕВ,
ИИМдин 1-орун басары, милициянын полковниги:
"Кылмышкер жердин алдына эле кирип кетпесе, жер үстүнөн кармалат"
- Акмат Бакиев кармалганча ИИМ тармагын интернетте отургандар жакшы эле көөлөдү. "Күч структураларынын алсыздыгы, чабалдыгы" дешип. Кудайын карабай кутурган Бакиевчилерди кармоо оңойго турбаганын билебиз. Сиз да кененирээк маалымат бере аласызбы?
- Май айынын 11-14-19унда баш аламандыктар болуп кетпедиби. Бакиевдерди ошол кезде эле кармап койсо болот болчу. Ошол кезде түштүктө Акмат, Санжар ээн жердин бөрүсүндөй эле желип-жортуп жүргөн. Санжар Бакиев кармалгандан кийин кайсы банктан, кантип акча алып таратып бергенин айтты го. Ал кезде эл айтып турган. Эл эмнеге алдамак эле, көргөн билгендердин арасынан кээ бири "ушул жерде турат, кармап койгулачы" деп айтып келишсе да, кандайдыр бир себептер менен кармалган эмес. Мен түшүнбөдүм, ал кезде неге кармалбаганын. Ал окуя өтүп кетти. Андан кийин Жалал-Абадда жүрүп элди коркутуп, элди кайра экиге бөлүп, "бударажить" этип жүргөн. Санжары деле, Акматы деле. Жалал-Абадга 13-июлда улут арасында кагылышуу болгондон кийин бардым. Ага чейин Бакиевдерди кармоо боюнча операцияны уюштуруу үчүн Ошко барган элем да. 10-июнда түнү бою Ош милициясы менен биргелешип, таң аткычакты эки элди кагыштырбоого болгон күчүбүздү жумшадык. Милициялар жарат алды. Ал жерден 850 кызды жатакананын ичинен сууруп чыгып, куткарып кеттик эч кимге тийгиздирбей. Жалал-Абадды үч күндүн ичинде жакшынакай тартипке келтирдик. Бир да ок атпай, сүйлөшүүлөрдүн негизинде жол тосууларды ачтык. Эл куралдарды өзүлөрү тапшыра башташты. Өзбектери дагы, кыргыздары дагы. Ошол жерден РИИБдерден, аскер бөлүктөрүнөн алып кеткен курал-жарак, брондолгон техниканын баарын эки- үч күндүн ичинде кайтардык. Жанагы өлгөн кишилердин бүгүнкү күндө 67синин сөөгү табылып отурат. Ошолордун ичинде оор кылмыштардын көбүн ачтык. Кыргызын да, өзбегин да карабай кармап алып келип, оор кылмыштарга себепкер болсо мыйзам түрүндө камадык. Эки элди бириктирүү, жараштыруу иш-чараларын жүргүздүк. Элдин 5 миңдеп, 10 миңдеп чогулган убактары болду. Элдин алдына чыгып сүйлөп, жараштырып, бирге тамагын берип куранын окуттук. Ошол кезде деле элдин ичинде олку-солку нерселер болуп турду. Себеби, Санжар баш болгон булардын чоң таасири Жалал-Абад жергесине тийди. Менин барган негизги максатым биринчи күндөн баштап "Бакиевдерди кармап, элдин көксөөсүн суутуп, Жалал-Абадды, Ошту, дегеле Кыргызстанды туруктуулукка алпаралы" деген ниет менен барганбыз. Биринчиден Санжарын издей баштадык, ал жаш балдарды топтоп алып, тиякка-биякка барып көп нерселерди уюштуруп, баш аламандыкка чакырып жүргөн. Оперативдик өзүбүздүн жашыруун иштерибиздин негизинде Санжар Бакиевди кармадык. Түштүк жергесинде уюшулган кылмышкерлерге күрөш үчүн өзүнчө башкаруу түзүлгөн болчу. Анын начальниги Алмаз Эргешбаев менен биргелешип-иштедик, ал жерде өзүм балдарды тандагам. Мен мурда көрүп-билип жүргөн, 2007-жылы ГУБОПто иштегенде Рысбек Акматбаевдин киллерлерин "ликвидировать" эткен жакшы балдар бар болчу. Ошолордон топ түзүп, биргелешип иштешүүнүн негизинде кармадык. Ошондо дагы "өзүңдү-өзүң гезитке "пиарит" этип жатасың" деп, жаман көрүштү мени. Кээ бирлери Жалал-Абаддагы жасаган иштериме ичи тарлык кылып, ушул жерден дагы саясат кылып ийишти. Андан сырткары Санжарды кармаганда көп күчтөрдүн баары кетти бизден. Ошондуктан биринчи Санжарды, анан Акматты кармадык.
- Акматты билгенсиздер да ушул жерде жүргөнүн?
- Акмат деле Жалал-Абад тегерегинде жүргөн. Бирок, Санжарга караганда алыс жерлерде жашынып, уюшуусу күчтүүрөөк болчу.
Акматты аңдып, барбаган жерге бардык, акыры кармалды. Жеңи-Жок көчөсүндөгү этаж үйгө келгенине үч күндөй болгон экен. Бир эле убакта башка үйлөрүнө дагы өзүбүздүн кызматкерлерди буктурмага койгонбуз. Мындай жүргөндөрүн көрүп эле аттык. Брондолгон эшик экен, эшигин талкалап кирип, тапанча менен айбат кылганына карабай кармадык. Спецназ албай эле, балдардан ыкчам топ түзүп, өзүм жүрдүм.
- Баяман Эркинбаевдин эжеси маалымат чыгарды го, "менин жээндерим жардам берди" деп. Бири "Турганбаев кармады"десе, бири ... Айтор, коомчулукка түшүнүксүз болуп калды окшойт...
- Баяман Эркинбаевдин жээндери кошулганын биринчи жолу угуп жатам. Ал ошол жерде күбө болгон бала болчу, ошондуктан мактанса керек. Менин балдарым териштирсе, ал "эжем жөн эле жазып койду" деп мойнуна алыптыр. Мага балдар ошентип жеткиришти. Эң күлкүлүүсү ыкчам топ канча күн Акматтын артынан түшүп, түн уйкудан калып, өмүрүн тобокелге салып жүрсө, кайдан-жайдан чыга калып эле Баяман Эркинбаевдин жээни кармап ийсин десең.
- Бир маалыматта Акмат Бакиевге бийлик жардам берип, дарылап, улам маалымат ташып турган деп айтылат. Акмат Бакиев биринчи мойнуна эмне алды?
- Кайсы жерде баш аламандыкка катышса бардыгын мойнуна алды. Улуттар арасындагы чырга катышкандыгын дагы танбады. Чоң атасынын үйү өрттөлгөнүнө ичи күйгөнүн айтып, ыйлап жооп берди. "Акчаң деле бар, эмнеге кетип калган жоксуң?" деген сурообузга "мен эмнеге кетем, бул жактан эч качан биз кетпейбиз, биз аягына чейин турабыз" дейт. Бул өзү сыркоолоп жүргөн киши экен жанагынча качып тоолордо жүрсө... Доктурлар, укук коргоо органдарынан адамдар жардам бериптир, анын баары такталууда. Ушу жерден бир жагдайды эске алалы, булар укум-тукумунан бери тууган, куда болуп тамырлашып, бийликтин көп бутактарына кирип кеткен. Анын баарын билип, изилдегенге көп убакыт керек. Ал боюнча атайы топтогу балдар иштеп атышат.
- Каныбек менен жана башка агалары менен байланышып турат бекен?
- Төрт күн мурун Каныбек Жалал-Абадка жашыруун келип, Акматты чет өлкөгө алып кетейин дептир. Акмат ага көнбөптүр. Бирок, бүгүнкү күндө Жаныш дагы жөн жатпай "активдүүлүгүн" көргөзүп, интернет аркылуу айбат кылып атканын угуп атсаңар керек.
- Интернеттеги кабарларда Жаныш "менин агамды кармагандардын, маалымат бергендердин ар биринин башына 150 миң доллар" деп чыгууда. Ушул нерсенин канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Элдин алдында жанагынча элди кырып, кыргынга түздөн-түз байланышы болгондон кийин, кыргызда айтып коет да "кан кое бербейт" деп. Анан буларды биз кармабасак ким кармайт? Кармаш керек да. Кармап эл алдында мыйзам чегинде жоопко тартыш керек. Отуруп алып "агамды кармаган мени кармагандарга акча саям" дегени үчүн да жооп берет.Жаныштан түк коркпойбуз. Корксок, андан иштебейт элек, кармабайт элек буларды. Бүгүнкү күндө биздин милиция мына ушул 7-апрелден кийин, "элдик милиция" бололу, элди коргойлук деп көйгөйлүү маселелердин үстүндө иштейли дедик. Президент баштап баары айтып атат, "саясатка кийлигиштирбегиле" деп. Министрибиз Акмат Бакиевди кармаардан бир күн мурун келип, Ош, Жалал-Абад облусундагы тартип коргоочулардын өздүк курамы менен жыйын өткөрүп, "эч кийлигишпегиле, коомдо тартип бузгандарды, кылмышкерлерди кармагыла, эч кандай саясатка катышпайсыңар" деп айтты. Милициялардын көңүлү көтөрүлүп иштеп атканы да ушундан. Биз," эл үчүн кызмат кылат экенбиз" деп.
- Ар бир бакиевдин башына сыйлык сайылбады беле. Коомчулукта "ошол акчаны кармаган балдар албай, ИИМдин ичинде чоңдор өзүлөрү бөлүп алыптыр" деген сөздөр күчөп жатат. Ошого түшүндүрмө берсеңиз?
- Мурункусунда Санжар Бакиев кармалганда 20 миң доллар беришкен. Эргешбаев өзү алып, аткарган кызматына жараша баары тең бөлүшүшкөн. Андан кийин жанагы Акмат Бакиевди кармоо боюнча 50 миң доллар өкмөттөн ыйгарышкан. Бул боюнча дагы өз колдору менен алышып, тиешелүү адамдар алды. Андан сырткары Санжар, Акмат Бакиевдерди кармоо үчүн күн-түн иштеген опер топко ИИМ өз сыйлыктарын тапшырды.
- Сиз алган жоксузбу?
- Эмгегиме жараша мага дагы акча беришти. Коллектив баары отуруп, калыстыкта бөлүштү. Ким кандай иштегенге жараша. Ал акчаны мен эркин күрөш федерациясынын кем-карчына жумшадым.
- Жаныш Бакиевди кармоо боюнча кандай ойлоруңуз бар да, "атайын опер топ түзүп, Бадахшанга барат экен" деген сөздөр жүрүп атат.
- Эми аны убакыт көрсөтөт. Көп иштер менен иштеп жатабыз. Кылмышкер жердин алдына эле кирип кетпесе, жер үстүнөн кармалат. Эл алдында, мыйзам алдында жооп берет. Оштогу окуя башталгандан бери ошол жерде жүрдүм. Акмат Бакиевди бул жакка "этапировать" этип алып келгенде келдим. Үч-төрт күнгө келдим эле, эми кайрадан кетем. Дагы бир иштерди жасайбыз. Бүгүнкү күндө менин деле душмандарым көп, жанагы Жаныш Бакиев сыяктуу, мына, Акмат Бакиев деген.
- Коомчулукта "Мелис Турганбаевди Жалал-Абадга жибербей эле Бишкекке алып келип, криминал менен күрөштүрсө болмок" деген пикир бар. Криминалды качан колго аласыңар?
- Криминал менен өмүр бою эле күрөшүп келгем. Мындан эч качан качпайбыз. Азыр криминал менен күрөшө турган кызматкерлер жумушка келишти. Мурда кылмышкерлер менен күрөшүп келген жигиттер келди. Бүгүнкү күндө республика боюнча уюшулган кылмышкерлерге карата кырдаал аябай жакшы. Себеби, көбүн кармап отургузуп жатышат. Түштүктө, Бишкекте шаардын балдары дагы жакшы иштеп жатышат. Мунун баары акырындап ордуна келет. Кылмышкерлер менен күрөшүү боюнча сунушталган мыйзам Жогорку Кеңештен өтүп, биз бир жарым жыл аракет кылганбыз. Бакиевге барганда кандайдыр бир себептен вето коюлуп, кайра келген. Аны министрилик таап, изилдеп жатат. Ошол мыйзамды көрсөтүп, процедуралары бар законду кабыл алып алсак, мен ойлойм кылмыштар жарым жылдын ичинде төмөндөйт. Ал мыйзамда аябай жакшы жазылган. Кабыл алынса, жакшы түрткү болот, кызматкерлер бүгүнкү күндө сынып калбай дагы "күрөшөбүз, кармайбыз" деп жалтануулары жок. Кайра баары биригип, "иштейбиз" деп жатышат. Министрдин талабы да ошол, уюшулган кылмышкер деген болбош керек. Жакынкы келе жаткан парламенттик шайлоого криминал катышып, кийлигишпейт деп ойлойм.
Маадабай ЭШКОЖО