Сырдакана

Фатима СУЛТАНОВА, ырчы:
"Мектеп ачып, сабак берүү тилегим күч"
Төрт жылдан бери Россияда эмгектенип, кыргыз ырларын Орусиядагы туугандарыбызга жеткирип келаткан ырчы айым Фатима Султанова бүгүн биздин төрдө. Фатима айым менен Россия жергесиндеги жашоо-турмуш, жеке иши жана чыгармачылыгы тууралуу маектештик.


- Фатима, Россия жергесинде жашоо кандай экен, ал жакта эмне менен алексиз?
- Россиянын Екатеринбург шаарына үй-бүлөбүз менен кеткенибизге төрт жылга жакындап калды. Бул жакта "эл көрүп калса эмне дейт" деп кысынып, дайыма жасанып жүрсөм, Россияда эркин жүрөм. Кээде көчөгө үй кийими менен деле чыгып кетем. Өзүм дегеле эркиндикти жакшы көргөн адаммын. Ал жакта деле чыгармачылык менен алектенип, кафеде ырдайм. Жаңы барганда мен иштеген кафеге тамада болуп татар киши келип, "кафеде эле ырдап жүрө бербей конкурстарга чыкпайсыңбы, үнүң жакшы экен, биз жардам беребиз" деп калды. Ал жакта жылына Россиянын эл артисти Михаил Тошендин чыгармачылыгына арналган фестиваль өтөт. Биз макулдашкандан бир ай өткөн соң ошол фестивалга бардым. Михаилдин төрөлгөн жери Екатеринбургдан бир аз алыс шаар. Эки күн даярданып эле фестивалга Екатеринбургдун атынан катышып, Лайма Вайкуленин ырын ырдадым. Кыркка жакын жалаң орус улутундагы таланттар катышкан фестивалда үчүнчү орунга ээ болуп, шаар мэринин атайын белегин алдым. Андан сырткары майрам күндөрү берилген концерттерде ырдап жүрөм. Алдыда музыканттар менен иштешүү планым бар. Музыканттар иштешерден мурда "материалдарың барбы?" деп сурашат, ошондуктан жакшы клиптерди тарттырсамбы деп атам. Буга чейин дегеле клип тарттырган эмесмин.
- Клипти орусча чыгармаларга тарттырасызбы же кыргыздын ырларын тандайсызбы?
- Ал жакта музыканттар материалды мындай эле карашат экен. Ошондуктан кыргыздын эле чыгармаларын алсамбы деген ойдомун. Азырынча кыргыздын элдик ыры "Ой, тобону" тандап атам.
- Чыгармачылыктан сырткары кандай иштер кызыктырууда?
- Чыгармачылык жактан өсүп, чоң ареналарга чыгууга мүмкүнчүлүк болуп атат, бирок ал жакка барганы жан-дүйнө илимине ыктап кеттим. Акыркы кезде адамдарды карасам баарысы эле туңгуюкка камалып атат. Ошол себептен адамдын жан-дүйнөсүн изилдегим келди. Себеби ар бир адам баласынын жашоосунун жообу бар экен да. Анан ушул нерселерди ойлонуп, адам өзүн таануу боюнча чеберчиликке жеткен тажрыйбалуу адамдар менен иштешип, ой бөлүшүп, ушул темага арналган китептерди окуйм. Келечекте да мен да ушундай чеберчиликке жетсем деген тилегим бар. Наталья Котерникова ушул темага арналган жакшы чыгармаларды жазып атат. Акыркы китеби "Рождение новой земли" деп аталат. Өзү арьфада мыкты ойногон музыкант. Дүйнөнүн булуң-бурчун кыдырып, адам өзүн таануу боюнча семинарларды өтөт экен. Буйурса ал айымдан сабак алууну максат кылып, октябрь айына жазылып койдум. Жан-дүйнөнү өстүрүп, аң-сезимди таануу боюнча сабак алсам деген тилегим күч. Мени байлык, бийлик эч кызыктырбайт. Мага түбөлүктүү нерсе керек.
- Жан-дүйнөнү таануу боюнча билим алсаңыз, ошол нерсеге ыктап, үйрөнгөн нерсеңизди башкаларга үйрөтүү оюңуз барбы?
- Келечекте мектеп ачып, өзүм үйрөнгөн нерсени башкаларга үйрөткүм келет. Биз алганды гана үйрөнүп, "берсе экен" деп көнүп алыптырбыз. Антпестен, тескерисинче бергенге үйрөнүшүбүз керек. Ошончолук бийик, жакшы нерселерди үйрнүп келсем, муктаж болгон башка адамдарга да ошону бергим келет. Эртең менен бетиңди жууган сымал, таң эрте жан-дүйнөңдү да тазалоо абзел.
- Эс алуу учурларын кандай өткөрөсүз?
- Өзүм менен өзүм болуп, телевизор, радио дегендин баарысын өчүрүп коюп кызыктуу китептерди окуп эс алам. Оюмду чачыратып кетчү нерселерге көңүл бурууну жаман көрөм.
- Сулуу келбетти сактоо үчүн диета кармап, спорт менен машыгасызбы?
- Албетте, "адамды биринчи ой, анан тамак жана жүрүм-турум булгайт" деп коет эмеспи. Анын сыңарындай тамактын да өзүнүн терс жактары бар. Денең оорлошуп, организмиңе зыяны тиет. Ошондуктан ашыкча тамак жегенден алысмын. Бала кезимен эле эт жебейм. Кайнак суу жана чөп чайларды ичкенди жакшы көрөм. Жеңил тамак-аштар менен азыктанам.
- Кыргызстанда канча убакыт жүрөсүз?
- Туулган жерге келген соң бир аз эс алам. Көгүлтүр көлүбүздүн кереметин көрүп, жүзүмдү чайкап кетпесем болбойт го дейм. Кийинчерээк күз мезгилинде келип, кыргыз элиме концерт берүү планым бар. Ал күндү кудай буйурсун дей туралы.
Бурул МУСАБЕКОВА

Кыздарга сүйүнчү!
Кумир менен чайлашуу!
Даниелдин аялуу сырына күбө болуңуз.
Эгер сиз ырчы, актер же саясатчы адамдар арасынан сыйлап, кумир тутуп жүрсөңүз "Айат пресс" гезитинин "Кумир менен чайлашуу" рубрикасына кайрылыңыз. Сиздер көрсөм, жолугуп кызыккан суроомо жооп алсам деп дегдеген тилегиңизге жетесиз. Биздин редакцияда жолугуп, чай үстүндө кенен баарлашыңыз. Кенен маалымат алуу үчүн телефондор: 323314, 0772 023100, 0772 755529.
Бул ирет ырчы Даниелдин суроолоруна туура жооп берип, жолугушууга мүмкүнчүлүк алган окурмандарыбыз Нурмира, Эркайым, Толкун жана Ширин , сиздерди жума күнү, 30-июлда саат 14:00 дө редакциябыздан күтөбүз. Кумириңер Даниель менен чай үстүндө сырдашып кетиңиздер!




  Күндөлүктөгү жалгыз саптар

Сезимге себеленген зар закымдар

Мен күнөөлүүмүн, бирок менин күнөөмдү сенин ишенимиң, сенин сүйүүң жууп кетээр... Кечир мени...
***
Күтөм сени, күтпөй кое албаймын. Айрылууну үмүт менен алдаймын. Сага келсе сүйүп, ыйлап, сагынып, эңсеп, кечирип туруп кайра кое бересиң. Унутпайын дейсиң, бирок унутулбайт. А бирок күтөсүң, күтүү... дагы күтүү. Сезимден акылды бийик коебуз, бул да болсо себеленип, тебеленип калбайлы дегенибиз. Ал жакшыбы, жаманбы? Албетте, жашооң үчүн жакшы, бирок... бирок ички дүйнө, сезим, жандүйнө үчүн өтө эле оор, кыйын. Кээде сезим өзү акылды көтөрө албай кетет экен.
***
Көр сезимдин, кур намыстын, кош көңүлдүн сөздөрү мени ур-токмокко алып тепкилеп, талап жатышканда да тим койдум, буулугуп ыйлай албай бууракандап. Ошол күндөрүмдөн акыркыны жоготтум. Табыш өтө кыйынга турарын билбесем керек...
Менин өмүрүм максаты жок, супсак, өң-түзсүз өтүп жаткандай сезилет. Айланамды карасам аңырайган боштук. "Али кеч эмес" деген менен ушул көөдөндүн көөдөй караңгылыгына жана турган жарык жок. Издедим...
***
Акыл эмес, сезим менен сүйүү... Ооба, чынында эле оор, абдан оор. Ал көбүнчө ишке ашпайт, ашса да сейрек жана жашооң кыйын болот. Жетсең азап, жетпесең эч унутулгус арман, өчпөс так. Акыл менен жашооңду курасың, а ичиң толо арман болбосо да, жүрөгүң аны эстеген сайын тызылдайт, эмне экенин өзүң да түшүнбөйсүң, а бирок жашай бересиң...
Ал адам сага эч жамандык, эч жакшылык да кылбайт, бирок жооп бербейт. А сен аны мейли болуп баары бир сүйөсүң, чексиз сагынасың, эмне экенин өзүң да түшүнбөйсүң, а бирок жашайсың, жашайсың аны сагына.
***
Көөдөндү аңгыраган боштук ээлеп, көңүлүм сени алмаштырды. Оор, "өткөн күндөрдү унутчу" деп сурангандын өзү эле оор. Сүйүп-сүйүп жетпей калган менен эч качан унутулбайт, кандай азап, ээ? Балким сен өзүң кайрылып келээрсиң, күтөм... Мен өзүмдүн аял экениме өкүндүм. Тагдырга таарынчу элем, таарынбай калдым. Сезимим сендиректетип ээрчитип баратса да, эркимди тыйдым. Эрк керек экен. Аз жерден бардыгынан, ыйлап-сыктап, эңсеп-күтүп, жыгылып-жылынып, ысып-үшүп тапкан зор бактыман ажырап кала жаздабадымбы. Анан эсиме келдим. Мезгил өзү өлчөп, таразалап, мезгил соттоор...
***
Өз бактың үчүн күрөшкүң келген жок, "анын да көңүлүн оорута албайм" дедиң, демек... Мейли, сенин каалооң өтө жогору, себеби сен эркексиң, эркектик эрдемсүүң ээ-жаа бербейт, ошентсе да бири-бирибизге жакын болгон менен, алыспыз. Мен сени күтөм, а эгер эркимден сырткары туткундалып кетсем мени күнөөлөбө, кектебе, анткени сен өзүң каалагансың.
***
Сенин акылың, сенин сулуулугуң, көптү билгениң, назик мүнөзүң мени аябай таң калтырат. Сени көргөндө чыныгы эркекти көргөндөй болом, бирок жасап сүйлөгөнүң, жасап күлгөнүң, жагынган жасакерлигиң, аялча кылтыңдаганың, өмүрү кетмен кармабаган, чор баспаган, жылмакай, кыздыкындай колдоруң, обу жок эле кубаттай бергениң мени ирээнжитип, жогорудагы таң калуумду жууп кетет.
***
Төгүлүп-төгүлбөй турат көз жашым. Жашырганда эмне, мага оор дале, көздө жаш, көкүрөктө муң... Туйсаң болду, туйсаң. Качандыр бир мага оор болгон сыяктуу мендеги түбү жок санаалар, оорум сага өтөрүнө ишенем. Бүгүлөмүн, ийилемин, тагдыр алдында алсыз... калчылдап. Кайрадан каратым жанып, абийир сотум өнүмдүү болуп, кайгы көрбөгөндөй жылмайып-күлүп каткырам. Себеби аял эрки күчтүү, чапкан сайын чыйралып, кыйын кырдаалда эркектей борпоңдугун көргөзүп, боздобой деле кое алат...