Жумуртка чакмай

Ээ, калайык, калың журт!
Жакшылыкка жарчы болор "Айат пресс" гезитиң, жана бир жөрөлгө баштап отурат. Демейдеги уюштура жүрүүчү конкурстун дагы бири. Бул сапар, сынак-жарышты улуттун кызыкчылыгына арнадык. Мынабу, Бишкектин чок борборуна орнотулган "жумуртка баскан аял" атка конгон канаты бар, колуна түндүк тутамдаган "Эркиндик" монументин Ала-Тоо аянтынан алып салуу жөнүндө жазбаган гезит калган жок. Анын ичинде биз да көп кайрылдык. Жыйынтык нөл. Келгиле эми, "нөл" деп отура бербей, аракетибизди уланталы!


- Эгерде улуттун намысына кайдыгер эмес болсоңуз
- "Эркегиң кырылып, түндүгүңдү аялың көтөрүп калсын" деген душмандын каргышына каршы тургуңуз келсе
- Улуттук символдор кыргыздын нарк-насилине айкалышып туруусун кааласаңыз
Береги купонду кесип алып, толтуруп, биздин редакцияга тапшыргыла. Кимде-ким эң көп купон тапшырып, өз салымын кошсо, жеңүүчү аталат да, баш байге - телевизорго ээ болот! Бул акция-сынактын жыйынтыгы "Эркиндик" монументи ордунан алынган күнү чыгат.
Эмесе, чыныгы улутман
экениңди далилде, окурман!
( Эскертүү: Купондор гезит номерине карата чектелбейт жана ар жуманын дүйшөмбү, шейшемби күндөрү кабыл алынат.
Байланыш телефону:
32-33-14




PDF формат