Сорттолгон менен соттолбойт

Эрмегибиз элита
Элита деп коебуз. Эл башындагылар дейбизби, ак сөөктөр дейбизби, айтор, "биринчи сорттогуларды" ушинтип эркелетебиз. Анан ал сорттогуларды да кайта-кайта сорттойбуз. Канчалык сорттогон сайын, ошончолук чийкиси менен чириги чыга берет, кычап. Карап көргүлө, сорттомой минтип эле кете берет...

Пушкин менен жанашып...
Лейлектин сулуу жигити Аскарбек Шадиев жаштыгында канча селкинин жүрөгүн элжиреткенин билбейбиз. Билгенибиз, экс-коллегасы Карпасов менен алгездин "борзый" мэри Борис Силаевдин баласына кошулуп, "Датка" аттуу күйүүчү май компаниясын ачып, аны Айдар Аскаровичке сатып, анысы "НК Альянска" айланып Өмүрбек Бабановдун колуна тийип, Бабанов "дальше..."
Бизнес жолу ушундай. Саясат жолуна үңүлсөк, Лейлектен - Көкүйгө, Көкүйдөн - "Алга Кыргызстан" партиясына, "Алга Кыргызстандан" - "Ак Жол" партиясына, "Ак Жолдон" - "Республика" партиясына... А "Республика" партиясы болсо Өмүрбек Бабановдуку. Ушу жерден, илгерки "май соодадан" анча-мынча кун калганбы-ы... деген күрөң ой "кылт" этет да, таңгөрү. Асике ал ортодо Баткен губернаторунун креслосун былчыйтты. Өтө "былчыйта коем" деп, классташынын "кароолуна" илинбей качканын айтып жүрүшөт. Мылтыктын сүрү жаман да. Экономист байкебиз орус адабиятын сүйөрүн Александр Пушкин менен көңүлдөшү Наталья Гончаровага коюлган эстелик алдында түшкөн сүрөтүнөн боолголодук.

Түбөлүк президенттер!
Бу тирүүлүктө түбөлүктүү нерсе жок деп билермандар айтып эле келетат. Жаңылышышат. Түбөлүктүү "президенттер" бар. Токтайым айым, буга токтоосуз макул. Себеби, эки-үч курдай президенттик шайлоого ат салышып, кыргыз тилден экзамен тапшырган. Эгер Үмөталиева президент болсо болуп калса, Отунбаевадан кем эмес башкармак. Амбиция мол да. Анүстүнө чыр чыккан жердин баарында жүрөт чырылдап. Каякта чуу чыкса, кайдан-жайдан пайда болуп, төшүн тоскону тоскон. Бейөкмөтчүлөрдүн кызматы ошол да, чатактан "жарма" жасап ичишет. Өлүп атканынын да, өлтүрүп атканынын да көңүлүн алып, жайлап турушат го, чиркин! Эми Токтайым эжекебиздин тормозу жакында кармабайт. Анткени, аял ажого альтернатива керекпи, керек. Алдыда саясий күчтөрдүн кырчылдашмайы болобу, болот. Демек, тормоздун кереги не?
Доктор Апас менен Президент Апаска караганда Кубанычбек Апас жакшы, жөөн жүрө берет. Президент Апас менен Кубанычбек Апаска караганда Доктор Апас мыкты, киши дарылайт. Кубанычбек Апас менен Доктор Апас караганда Президент Апас эң сонун, өмүрү президент болбойт.

Чотонов Шойгу болобу?
Апрелде Акүйдү өрттөп ийгенде эле Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов боло калган эле. Ошондон бери болуп, болуп келатып эми даана болду. Болсун дейли! Бул министрликтин түйшүгү арбып турган чак. Дүкөбүздүн кейпи азырынча министрдей деле көрүнө элек. Талаа командири катары бозала болуп эле жүрөт. Негизи бул кызматтын табияты ушундай болушу керек. Тигине, орустун Сергей Шойгусу "жер каймактагандан" бери МЧС баштап, кай жерде кооптуулук түзүлсө, ошо жерде, чаң болуп. А бизде министрлер бир ажонун тушунда алты алмашат. О-о, мындан Өзгөчө кырдаалдар министринин жыргалын Жаныш Рүстөнбеков көргөндүр. Камчыбек Ташиевди болсо "жеп ийди" деп ошол эле "колдогондору" кызматтан айдап жүрүшпөдү беле. Автомат, тапанчасын КТРден көрсөтүп өзү да жашоосунун мыктылыгын айткан жайы бар. Бакыт Төрөбаевдин иштеп-иштебегени билинбей калды. Не дейли, Дүйшөнкул Чотонов ушул эл жардам күтүп, үмүт арткан кызматка ак милдетин өтөсүн. Революция сайын кайнагасы Азимбек Бекназаров экөө Кара-Кулжа менен Аксыны көтөрүп чыгат. Мээнет менен жеткен кызматына кылган аракетин азырынча баалай туралы.

АЙтибай тынчтыктын символубу?
Бакиевдин "элитасына" Айтибай Тагаев килейген көлөкөсүн түшүргөн. Ал Жогорку Кеңешке спикер болгондо, баш чайкабаган киши калган эмес. Кызыл-Кыянын кумун Өзбекстанга сатып отуруп, сатып отуруп акыры парламентке отурган. Аны Бакиевдин "бөлөсү" деп чыгышты, "жээни" деп чыгышты... "Орусча билбейт" деп жеришти. Анткен менен мыйзамчыларды малга-жанга зыяны жок башкарды. Парламент залы толгон "Ак Жолчулардын" маңдайында помидордой кызарып отуруп берди. Анан революцияга илээшпей кутулду. Айтикебиздин жолунанбы, колунанбы, иши-кылса май-талкан тынч күндөрдө гана көзгө илинип, галстугун оңдоп-түзөйт. Тагаевдин кызыктуу тарыхый бурулуштарына спикер болгондогусу, окуучулук күндөрдө сабак билбей мугалиминен өлө токмок жебатып "болушум ушу болсом, не кылайын" деп агынан жарылганы, бийлик бутагында отурганда айыңдуу төшөк жаңыртканы катталар.

Тажикандын таразасы
Табышмактуу Тажикандын айыбы Бакиев качкан соң ачыкталды. Саясатка капилет келе калган Калимбетова каржы министри, соцфонд төрайымы, вице-премьерликке чейин имерди. Өлкө казнасын калчады. Элге эмне берди? Бакиевдин жээни экенин жашырмак турсун даңазалап, баягы Майрам Акаеванын образына кирип алып кутура баштаганда (бу кыргыз бийлигинде катын кутура баштаса эле бир балээ болот) эле тигинтип ыңкылап боло кетти. Бүттү, Тажикан Калимбетова деген ысымды эми бийликтен көрбөйбүз. Же көрөбүзбү? Ишенич жок, акчалуу да кетти... Саясаттагы аялзаттарыбыз экиге бөлүнөт. Бир тарабы ажаан "жумуртка чапкычтар", экинчиси "жылма жылдыздар" командасы. Эки тарап тең жайлагычтар. "Ак Жолчу" Акрамовду колтуктаттырып, Көкүйдүн көк корридорунда чайпала басканын Тажикан айым көз-кырынан элестетип коюп, казактын кең далаасында жаткандыр. Кантсе да элита таразасында Калимбетованын салмагы камгак болчу. Ага карабай тагасынын кашында тайраңдады, Тажикан.

Эмки ыңкылапта Туке каска киеби?
Саясатчылардын ичинде милийсадан эң көп таяк жеген Турсунбек Акун болушу керек. Бирөөнүн "укугун коргойм" деп жүрүп, өзүнүн укугун кордоп алат. Тилинен бөлөк зыяны жок. Өкмөткө иштеп жүрүп оппозицияга иштейт. Мисалы, баягы Бакиев менен болгон жолугушуусунда "хоп" деп коштошуп чыгып туруп эле "Азаттык" үналгысына "Курманбек Салиевич эгер Исмаил Исаков менден кечирим сураса, (Исаков камакта болчу) бошотом" деди деп "балп" эткизип салбады беле. Ошондо Исаковду Бакиев өзү атайы каматтырганын "өлүмүш" болуп туруп, элге биринчи жарыялап салган нак ушу Тукебиз болчу. Кайсы бирин айталы, илгерки "уурдалып кеткен" учурларын эсепке албаганда, Туке көп "тозокко" туруштук берди. Намазын түрмөдө окуду, милийсалар менен жулмалашып шымын айрытты, эки революцияда тең башына таш тийди. Укукту уруп ойнобогондорго укуксаат окута албай чырылдайт, чыркырата чабышат. Коррупцияда бар жогу белгисиз, партияда "точно" жок. Ачык айтканда Турсунбек Акундун чачын турмуш эмес, өткөн бийликтин милийсалары агартты. Отунбаеванын милийсалары деле токмоктойт болуш керек. Булар деле ошол тааныш кызыл шапкелер да…


(Уландысы бар)
Жумабай АБДАН