Өнөрү бардын өркөнү өсөөр

Аялзаттын асылы тууралуу баян
Жакында Караколдогу К. Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында республиканын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, эл агартуунун отличниги Асангүл Абдыгулованын калеминен жаралган "Бурулча" тарыхый романынын негизинде коюлган спектаклдин бет ачаары көрөрмандардын купулуна толду.

Бурулчанын селкинчек, бурбай тепчи келинчек,
Келин, кыздар чогулуп, керилип тепчи селкинчек
Эл оозунан түшпөй эзелтен бери ырдалып келген ушул керемет ыр кезинде бүтүндөй касиеттүү Көл өрөөнүндөгү ыксыз араздашууларды муназага келтирип, элди ынтымакка чакырып, журту үчүн эр азаматтай ак кызмат өтөгөн айтылуу Бурулча эне жөнүндө жана өмүрлүк теңи Нурдөөлөт баатыр экөөнүн махабатын баяндаган ыр.
"Бурулча, мен сага ыраазымын, кокус жаман айтпай жакшы жок дейт…" Эл башкарып, кыйыр билген Нурдөөлөт баатырдын бул айтканы Бурулчадай аялзатынын эмгегин, сүйүүсүн баалоо, кадырлоо эле. КРнын эмгек сиңирген артистти Давлетбек Нургазиев ролду жогорку чеберчиликте, жеткире аткарды.
- Актер жетишкендигине манчыркабай, ар күнү изденүүсү зарыл. мындай инсандын ролун аткаруу үчүн ошол доордун турмушу, окуялары тууралу жазылган, айтылгандарды кайрадан окуп, аңдоого туура келди.
Ал эми Бурулчанын ролун аткарган Шайыр Жоомартова көшөгө артынан толкундануу менен мындай деди:
- Ыйладым чындап эле, берилдим. Мына азыр да калтырап, ички монологдон дале чыга албай турам. Мен үчүн жоопкерчиликтуу оор роль жана эң сыймыктуу да болду.
Спектаклди Кыргыз эл артисти Акылбек Абдыкадыров 15 гана күн ичинде сахналаштырганын, дагы толуктап иштей турганын белгилеп, драманын актуалдуулугун айтты:
- Чыгарма азыркы бийлик менен төп келип атат. Жолу түз болсун, эми коом аялдардын бйилигин талап кылып турат го.
"Бурулча" спектаклинин артыкчылыгын КРнын эмгек сиңирген артисти Шайыр Касымалиева мындайча белгиледи.
- Нурдөөлөт менен Бурулчанын тою болгондо чачыланы көрүүчүлөргө чачканы абдан жандуу жана өзгөчөлүү болду. Бул режисеердун табылгасы да. Спектаклде улуттук ырлар, каада-салт да кеңири берилегени менен таасирлүү.
Оюндун аягында чыгарманын автору Асангүл Абдыгулованын 70 жаш, өмүрлүк жолдошу Сапарбек Касманбетов менен бирге жашаганына 50 жылдык салтанаты жарыяланып, ак тилек ыраазылыктар айтылды.
Драматург С. Раев:
- Режиссерлук чечилиштер жандуу болуптур, лирикалык драма катары да мыкты жаралган. Бул үй-бүлө таланттуулар Гүлнара Касманбетова, Сүйүнбек Касманбетов деген элдик адамдарды тарбиялаганы менен да сыймыктуу.
Автордун уулу Сүйүнтбек Касмамбетов режиссерго баа берди:
- Өзгөчө Акылбек агайга ыраазыбыз! Трагедия менен комедиянын элементтерин айкалыштырып, аягын драма менен жыйынтыктаганы бул кыргыз маданиятындагы жаңы дүбүрт. Театрдын жамаатына ыраазычылык билдирип, ийгилик каалайбыз. Апам менен атама таазим! Ушундай жоголуп кеткен, пайдалунуудан калган сөздөрдү, унутулуп бараткан салттардын эң мыктысын бизге көргөзүп атат.
Бурулчанын жакын туургандарынан коомдук ишмер М.Чолпонбаев да сөз алды:
- Асангүл эже бизге жээн. Алдаяр тукумунан Бурулчанын тарыхын сактап калган үчүн сизге ыраазылык билдиребиз, үй-бүлөңүз менен бакыбат өмүр сүрүңүз.
Аягында көрүүчүлөр чыгармага пикирлерин билдирди.
Сонунбү Рапияева: - Мага спектакль аябай жакты. Монологдо биз да ыйлап жибердик. Абдан таасирдүү болду.
Муратбек Райымбек уулу :
- Жакканы кыргыз кыздардын мыкты, тың экенин көргөздү.
Кубанычбек Акимканов Балыкчы шаарынанан:
- Көп жылдан бери спектаклге келе элек элем. Кадимкидей эс алдым.Тарыхый чыгарма жакшы берилген, ошол доордогу жасалга, кийимдери менен…
Дамир Моңолдоров , Балыкчы шаарынан:
- "Бурулчанын селикинчек" деген ырдын мааниси кайдан, эмнеге ырдалып чыккан тарыхын билбегендер көп. Ошого түшүндүрмө катары да, өткөн тарыхты эске сала турган да агартуучулук милдет аткарылды десек болот. Тарыхта жазылгандар көп, бирок анын дээрлиги сахналаштырыла элек. Ошондуктан окулбай да, билинбей да калып атат. Ал эми "Бурулча" романы драма катары да өз ордун тапты, ошону менен бирге кайталангыс кыргыз маданиятынын драма тармагын дагы бир көөнөрбөс табылга менен толуктады.
Рита НУРМАМБЕТ кызы, "Азаттык"




Урпактарга бир насип…
Кыргыз окурман дүйнөсү дагы бир китепке байыды. Белгилүү ишкер, экс-депутат жана коомдук ишмер Аскар Салымбековдун демөөрчүлүк колдоосу менен "Улуу инсандарга урпактардан таазим" деген китеп 2010-жылдын июль айында "Турар" басмаканасынан 1000 даана нускада жарык көрдү. Нарын жергеси кыргыздын кыргыз болушуна салым кошкон белгилүү инсандарга, атактуу баатырларга, нукура таланттарга бай. Мына ошол Теңир-Тоодон чыккан калк атасы Кан Кошойдун айтылуу Ормон хандын, Тайлак баатырдын, тоо булбулу Муса Баевтовдун айтылуу Ак-Мөөр сулуунун, Ат-Башыдан чыккан Ажыбек баатыр менен Казыбек казалчынын, Жумгалдык Байзак баатырдын белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубаевдин өмүр таржымалдары, ар кимисинин өз заманына жараша элге-жерге кошкон салымы, өнөрү, баатырдыгы, эл алдында кылган кызматы дагы бир жолу тастыкталып, дагы бир жолу изилденип, жаңы далил баяндар менен толукталып эл колуна окурман колуна сунулду.

Тарыхта так эместиктер көп. Ал эми белгилүү инсандардын таржымалдарында дагы эл оозунда түркүн кошулмалар бар. Бул жагынан алганда китеп кыргыздын өткөн өмүр баскан жолуна саресеп салган ар бир адамды кайдыгер калтырбайт. Дагы бир айта кетүүчү нерсе ушул ысымдарды кийинки урпактарга таанытуу максатында аларды орто мектептердин программаларына дагы толуктап кийирүү- илим, билим министрлигинин, окумуштуулардын жана окуу китептердин авторлорунун милдети.
21-июлда Улуттук китепканада аталган китептин бет ачаары болуп, анда коомдук жана мамлекеттик ишмер Аскар Салымбеков, акын жана прозачы Өмүрбек Дөөлөев, окумуштуу-публицист Советбек Байгазиев, академик Үсөн Асанов, журналист Тынчтык Султанов ж.б адамдар чыгып сүйлөшүп, азыркы өткөөл кырдаалдагы китептин аткара турган вазийпасы, улуу муун менен урпактар ортосундагы байланышка токтолушту.
Жакшы саамалык жалпыга таандык!