Инсан

Өнүгүү айыл, шаарлардан башталышы керек
Өлкөбүз демократиялык өнүгүү жолуна түшкөнүнө 20 жылга жакын болуп калды. Грек тилинен которгондо "демократия" деген түшүнүктүн өзү "элдин бийлиги" деген мааниге ээ экенин билебиз. Бирок, ушул жылдар ичинде биз чыныгы элдик бийликти орното алдыкпы? Бул тууралуу бүгүн редакциябыздын коногу - белгилүү коомдук ишмер, "Республика" партиясынын мүчөсү Курманбек Дыйканбаев менен болгон маегибизди сиздердин назарыңыздарга сунуштайбыз.

Досье: Дыйканбаев Курманбек Сапарович.
1960-жылдын 11-июлунда Ысык-Көл областына караштуу Түп районунда туулган. Эмгек жолун 1986-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы колхоздон баштаган. Колхоздун, айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, кийинчерээк өз алдынча башкаруу органдар ассоциациясына келген. Бириккен улуттар уюмунун Өнүгүү программасынын "Децентрализация" долбоорунун эксперти, андан соң жергиликтүү жамааттар конгрессинин аппарат башчысы, АРИС программасынын негиздөөчүсү болгон. 2005-жылдагы жана 2010-жылдагы конституциялык кеңешмелердин мүчөсү.

Курманбек Дыйканбаев Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ассоциациясынын төрагасы, фермер, дыйкандарга жакыш көмөк көрсөтүп келаткан белгилүү АРИС агентствосунун түзүүчүсү.
- Курманбек Сапарович, учурунда өлкөдө элдик бийликти орнотуп, башкарууну борбордон ажыратуу ишин өз колуна алып, кызмат кылып келген Темирбек Кошоев, Төлөбек Өмүралиев сыяктуу адамдардын ысымы жалпы журтка, өзгөчө айыл жергесинде таанымал болуп келсе, бүгүнкү күндө "децентрализациянын" атасы деп Сизди айтып жүрүшөт...
- Ооба, мен ал адамдар менен чогуу иштешип, мамлекеттик башкаруу боюнча алгачкы реформаларды жүргүзүүдө кызматташ болгонума сыймыктанам. Бийликти борбордон ажыратуу иши татаал процесс болгондуктан, ага канча жылдык мээнет, аракет жумшалды. Менин жазган эмгектерим жогорку окуу жайларында окуу адабияты катары кеңири пайдаланылып, муниципалдык кызматкерлердин ишине көмөк болуп келүүдө.
- Албетте, мунун баары зор эмгек. Натыйжада жөнөкөй эл мамлекеттик бийлик органдарынын үстүнөн көзөмөл кылуусу калыптанышы керек эле, бирок, иш жүзүндө андай болбой келгени соңку мезгилдеги элдин толкундоолоруна себеп болгон жокпу?
- Ошентип айтса да болот. Себеби, чынын айтсак, соңку 5 жыл ичинде борбордон ажыратуу эмес, тескерисинче, бийликти борборлоштуруу, мамлекеттик "машинанын" бекемдөө жүрүп жатты.
- Кырдаалдан чыгуунун жолдору барбы?
- Бар. Биринчиден, жакында жалпы кыргызстандыктардын колдоосуна ээ болгон Конституциябыздын жаңы долбоору. Аны иштеп чыгууга активдүү катышып, өз салымымды кошо алганыма кубанычтамын. Жаңы Башмыйзамдан биз илгерки СССРдин калдыгы болгон төрт тепкичтүү башкаруу системасын алып таштап, ошондой административдик реформаны жүргүзүүгө жолтоо болуп келген жерлерди алып койдук. 20 жылдан бери ушуну менен күрөшүп келаттык эле, тилекке каршы, ишке ашпай келаткан. Экинчиден, биздин "Республика" партиябыз өлкөнүн өнүгүүсүндөгү негизги багыттардын бири катары административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнү негизги талап деп эсептейт жана бул багытта бир катар чараларды камтыган атайын программа иштеп чыкты. Эгерде биз сунуштаган идеялар ишке ашса, бир топ ийгиликтерге жетебиз деп ишенем.
Негизи биздин партия учурда өзүнүн саясый, экономикалык жана социалдык программаларына ээ. Аларды иштеп чыгууда биз эң биринчи кезекте айыл жергесинде жана шаарларда жашаган мекендештерибиздин көйгөйлөрүн эске алууну жана аларды чечүүнүн так, реалдуу жолдорун табууну максат кылып койгонбуз. Эң негизгиси - биз мамлекеттик бюджеттин ачык-айкындыгын камсыз кылышыбыз керек деп жатабыз. Себеби мамлекеттик бийликте турган ар бир аткаминер, президенти болобу, парламентиби же өкмөт мүчөлөрү болобу, бардыгы тең салык түрүндө карапайым калктын чөнтөгүнөн чыккан каражаттын эсебинен каржыланышат. Ошондуктан, республикалык бюджет да, жергиликтүү бюджет да сапаттуу иштеш керек. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер элге сапаттуу кызмат кылышы керек. Керек болсо, алар карапайым элдин кулу болушу керек.
Эми азыр ошол максаттарды ишке ашыруу үчүн тиешелүү механизмдерди, мыйзамдарды иштеп чыгыш керек. Бул үчүн "Республика" партиясынын катарында иштин көзүн билген, административдик-территориалдык реформа жүргүзмөйүнчө аймактар өнүкпөй тургандыгын жакшы түшүнгөн мыкты адистер бар. Албетте, бул жерде биринчи кезекте биз элетке, шаарга таянабыз. Өз алдынча башкарууну өнүктүрүш үчүн эң негизгиси, жергиликтүү өкүлчүлүктөрдүн укуктары, жоопкерчилиги, милдеттери так жазылышы керек, жергиликтүү бюджеттин туруктуулугу камсыз болушу зарыл.
- Демек, 15 жылдан бери өз алдынча башкаруу системасында иштеп келаткан адам катары Сиз "Республика" партиясынын бул багытта аткара турган максаттарына ишенип, ага мүчө болуп кирген экенсиз да...
- Ооба, ошону менен катар дагы бир башкы себепти айткым келет. Карап көрсөңүз, бул партиянын башында жаш болсо да өзүнүн ак эмгеги, жеке мээнети менен зор ийгиликтерге жетише алган ишкерлер, өндүрүшчүлөр, мыкты уюштуруучулар турушат. Өлкөнүн жалпы экономикасынын башаты - бул айылдар, шаарлар экенин, аларды башкарууда экономикалык эркиндик жана ачыктык биринчи орунда болушу керек экендигин жакшы түшүнгөн адистер.
Биздин партиянын программасы менен тааныша алган жөнөкөй адамдар, айыл тургундары биз менен телефон аркылуу байланышка чыгып, каалоо-тилектерин айтып жаткандары кубандырбай койбойт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасы ирээтке келтирилсе, мугалимдердин, медицина кызматкерлеринин айлык маянасын көбөйтүп, миграцияны токтотууга шарт түзүлөт.
- Сөзүбүздүн соңунда өзүңүз, үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз.
- Өзүм 50 жаштамын. Эки жогорку билимим бар. Алгач айыл чарба адистиги боюнча Белоруссиянын айыл чарба академиясын окуп бүткөм. Айыл чарба тармагында он жыл, башкы адистен башкармага чейинки кызматтарды ээлеп келгендиктен, элет элинин, дыйкандардын мүдөөсүн жакшы түшүнөм. Акыркы 16 жылдан бери өз алдынча башкаруу системасында иштеп жүрүп, экинчи билимге ээ болдум, саясат таануу жагынан. Кандидаттык диссертациямдын темасы дагы өз алдынча бакшаруу системасы, децентарлизация жөнүндө болгон.
5 баланын атасымын. Жубайым мединститутту аяктаган. Кесиби боюнча провизор, жогорку квалификациядагы дарыкана адиси. Энем 85 жашта. Небере-чөбөрөлөрү менен бирге бактылуу карылык доорун сүрүп олтурат. Кечээ күнү дагы бир чөбөрөлүү болуп, сүйүнчүлөтүштү.
- 5 баланы тарбиялап өстүрүш оңой эместир...
- Албетте бул оңой эмес. Бирок, мен өз балдарымды башынан эле өз алдынчалыкка жана лидерликке тарбиялаганга аракет кылып келдим, ал үчүн аталык парзымды толук аткарып, бардык шарттарды түзүп бердим. Ошого жараша алар да мээнеткеч, ыймандуу, жаман адаттардан оолак болуп өсүп келатышканына абдан кубанам. Балдарым китеп көп окушат, чет тилдери жана компьютерге кызыгашыт, музыкалык билим алып, спорт жагынан машыгышат. Улуу кызым англис тили, уулум кытай тили боюнча мыкты адистер.
Айнура Исмаилова