Токтосун МАДИЯРОВ, "Азамат ойл" корпорациясынын президенти:
"Бизде азыр дүйнөлүк масштабдагы саясатчылар болсо саналуу гана, болбосо жок"
- Токтосун Ормонбекович, өлкөдөгү азыркы саясий абалга көз карашыңыз кандай? Бийликке келген жаңы кадрлар сизди канааттандырдыбы?
- Азыр аябай кыйын убакта жашап атабыз. Менин оюмча тез аранын ичинде оңолуп кетиш татаал маселе. Бирок ушунун баардыгы тең бизде көп жыл мурун башталган абал-ахыбал. Алгачкы президент Акаев кичинекей мамлекетти чоң мамлекеттердин ортосунда татаал саясий чөйрөгө алып келип койгондугу малым. Ал эми экинчи президент болсо саясатты туура алып барбай, көп каталарды кетиргендиктен, маселе курчуп, чоң мамлекеттердин ортосунда талаш-тартышка калып, түрдүү кызыкчылыктардын көз карандысында калдык деп ойлойм. Ошондуктан Кыргызстан жакын арада оңолуп кетүүсү кыйын. Бүгүнкү күндө биз революциядан кийинки биринчи кадамды жасап, референдумду эл колдоп өткөзүштү. Убактылуу өкмөт, Өткөөл мезгилдин президенти кыска мөөнөткө иштегендиктен жакынкы жылдары аябай оор, татаал мезгилди башыбыздан өткөргөнү турабыз.
Ар бир саясаттын негизин мамлекеттин экономикасы түзөт. Экономиканы туура жолго коймоюнча өлкөбүздө ар кандай өзгөрүүлөр боло бериши мыйзам ченемдүү көрүнүш. Биринчиден, бизде буга чейин бийлик вертикалы туура болбой, аны туура пайдаланбай келгенбиз. Экинчиден, экономикада мамлекет өз кызыкчылыгын карап, кайсы тарап мамлекеттин кызыкчылыгын көздөйт, кайсы тарап жекеменчик кызыкчылыгын көздөйт, кайсыл жактан мамлекет менен жеке ишкерлер биригип иш алып барса болот? Ушунун баары такталбагандыктан, бүгүнкү күндө экономикабыз башаламан абалга душар болууда. Мындан ары сырттан жардам күтүүнү токтотуп, Кыргызстанда жашаган чакан жана орто бизнестин таламын колдоп, аларга шарт түзүп берсе, тез арада калыпка келүүгө мүмкүнчүлүк бар. Азыр Убактылуу техникалык өкмөткө мурунку Акаев, Бакиев менен иштешип жүргөндөр келди. Мен аларга "жаман же жакшы" деп ачык баа берүүдөн алысмын. Алардын баарысы мурун иштеп, өз деңгээлинде тажрыйбасы бар инсандар. Эми булар канчалык деңгээлде эл үчүн иштээрин убакыт көрсөтөт.
- 2005-жылы парламенттик шайлоодо ат салышып, бийликтин кара өзгөйлүгүнөн мандатыңызды алдырып ийдиңиз эле, келерки парламенттик шайлоодо ат салышасызбы?
- Парламенттик шайлоого эки ирет катыштым. Эки жолу тең бийликтин туура эмес соодасына түшүп калып өтпөй калгам. Анан Кетмен-Төбөлүк туугандарыма "Токтогулда эки армандуу киши болгон экен. Бири Токтогул Сатылганов, экинчиси Токтосун Мадияров" деп тамашалап айтып калам. 2005-жылы биздин округдан талаш-тартыштар көп болуп, мандатымды бербей коюшту. Бирок мага бир канча кызматтарды сунушташкан. Элдин ишеничинен чыгып кызматка баргым келген жок. Ошондуктан Кетмен-Төбөнүн эли бүгүнкү күнгө чейин мени урматтап, сыйлап келишет. Эки шайлоого катышып, талаш-тартышка түшкөн учурда элиме колуман келишинче жардам берип, тапкан-ташыганымдын баарын кыйналып турган элдин келечегине кошсом деген тилек менен иштегем. Анткени, Кетмен-Төбө өрөөнүндө Кыргызстандагы башка аймактарга салыштырмалуу турмуш оор. Себеби сонун жерлердин баарысуу алдында калган. Азыр да Чычкандан чыга бергенде эле көлдү көргөндө балалыгыбыз эске түшүп, көзүмөн жаш тегеренет. Жанымдагы адамга сыр билгизбей ичимен сызып кетем. Кандай керемет жер эле. Чытырман токою, андагы түркүн сайраган куштар, жан-жаныбарлар, шылдыр аккан булагы сонун эле. Ушундай мыкты жерге "кыргыз элинин өнүгүүсү үчүн" деп ГЭСтерди салдырып коюшту. Чынында Кетмен-Төбөлүктөрдүн арманы аттын башындай. Ошону бүт кыргыз элине жеткирейин деген үмүтүм бар болчу. Тилекке каршы экономикабыз өнүкпөй, Кетмен-Төбөлүктөр абдан оор шарта тишинин кирин соруп, ыйласа көз жашын көрсөтпөй жашап келе жатышат. Анан ал кездеги шайлоолордогу талаш-тартыштар быйылкы башыбыздан кечирген чыр-чатактардан кийин өтө чоң мааниге ээ болбой калды. Тайырбек Сарпашев экөөбүз бири-бирибизден кечирим сурашып, элдешип, достошконбуз. Азыркы шартта биздин талашуубуз чоң роль ойнобойт.
- Парламентке өтпөй калганда кызмат сунушташты дедиңиз. Сыр болбосо кандай кызматтарды сунуш кылышты эле?
- Чоң мекемелерге жетекчи бол дешти. Министрдин орун басарлыгын сунушташты. "Темир жолго" деректир… Анын баарысын азыр айтуунун кажети жок деп ойлойм.
- Демек саясатка терең аралашпайт экенсиз да…
- 10-15 жылдан бери эле саясатка аралашып келаткандыктан, саясаттын күңгөй-тескейин талдап, терең түшүнүп калдым дегендей. Эми саясатта да ар бир киши колунан келген ишин жасашы керек. Байкоом боюнча бизде азыр дүйнөлүк масштабдагы саясатчылар болсо саналуу гана, болбосо жок. Саясатты бир, эки жылдык же күнүмдүк болуп аткан иштерге байланыштырып саясатка киришкен чоң саясатчынын иши эмес. Саясатчы киши бери жагы 10, нары жагы 20-25 жылга ишке аттанып, келечектүү кызмат кылып, эл-журтту туура жолго алып чыгышы керек. Коомду бузуп коюу оңой нерсе, ал эми кайра калыбына келтирип, өнүктүрүп кетүү өтөт оор. Адамда абийир деген ыйык нерсе бар. Ошол абийирдин алдында жооп берүү бул өтө чоң иш. Биздин саясатчылардын көпчүлүгүнүн катачылыгы адамдык абийиринин алдында жооп бере албай калгандыгы болууда. Бул аябай өкүнүчтүү. Айрым саясатчылар жүзүн ачык эле көрсөтүп, бир партиядан экинчи партияга өтө калып, абройлорун да түшүрүп атышат. Кайсы жерде жылуу орун болсо, ошол жерге жармашкан саясатчылар элге ак эмгек өтөбөйт болсо керек. Бүгүнкү күндө кадрлар алмашылбай эле мурунку бийликке кызмат кылгандарды чыгарып атышат. Ал эми Убактылуу өкмөттүн курамына кирген эки жигит, Эмил Үмөталиев менен Осмонбек Артыкбаев эл үчүн жакшы иштерди жасап, ак кызмат кылып, көп жаңылыктарды алып келет деген ойдомун.
- Бир партиядан экинчи партияга кошулгандар тууралуу кеп кылдыңыз. Өзүңүз кайсы партияда мүчөсүз?
- Учурда "Ала-Тоо биримдиги" деген коомдо мүчөмүн. Ал жерде биз чоң саясатчылар менен бирге акыркы эки жылда жумасына бир ирет чогулуп, республикада болуп аткан ал-ахыбал тууралуу кеңешип, кээ бир бүтүмдөргө келип турабыз. Коомдун кыргыз эли үчүн келечектүү идеологиясы бар. Экономикалык өсүүнүн масштабдуу программасы да жок эмес. Ал эми коомдун мүчөлөрүнө кайсы бир партияга кирүүгө тыюу салынбайт. Ошондуктан азыр коомдун мүчөлөрү өздөрү тандаган партияларга мүчө болуп кирип, парламентке барып иштегенге макулдук берип атышат. Мени мурда депутат болгон Кетмен-Төбөлүк бир топ башы көрүнгөн жигиттер "аксакал катары баш болуп бериңиз" деп суранышкандыктан, КСДПнын программасын жактап, ушуну колдойлу деген ниеттебиз. Бул боюнча чогулуп кеңешме өткөрүп, партиянын айрым жетекчилери менен жолугуп, өзүбүздүн пландарыбызды белгилейли деп турабыз.
Бурул МУСАБЕКОВА




  Айат кербез

Көз жүгүртүп койосузбу
Кыргызстанда жарым жылдын ичинде жол эрежелерин бузуудан 369 адам каза тапты. Мындай санды жол кыймылынын коопсуздугунун башкы башкармачылыгынын жетекчиси кабарлады.
Көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде 7-11 августа "Жаштар Кыргызстандын тынчтыгы жана өнүгүүсү үчүн" форум өтөт. Аталган форумга республикалык жаштар уюмдары менен бирге КРнын өкмөтүнөн жана БУУ астындагы өнүктүрүү программасынан өкүлдөр катышмакчы.
"Айтыш фильм" кино студиясы тарабынан, Россиянын эмгек сиңирген артистти Марина Ильинанын катышуусунда, россиялык кино режиссер тарткан "Струна" фильми Италияда өтө турган эл аралык кино фестивалда көрсөтүлөт.
Ысык-Көл облусунда эки жыл мурун болгон кылмыштын бети ачылды. Анда бир тууган ага-ини уруша кетип, агасы инисин муунтуп өлтүрүп, дааратканага көмүп салган.
Бүгүн Кыргызстандын түштүк аймагына Казакстандан атайын өкүлдөр келет. Алар Ош, Жалал-Абад облустарындагы кырдаалга баа беришмекчи.
Ушул айдын аягында Кыргызстанда теннис боюнча чемпионат өткөрүлөт. Мындай турнир өлкөбүздө алгачкы ирет өткөрүлгөнү турат.
Кыргызстанда жарым жылдын аралыгында салыктан 12 миллиард 772,2 миллион сом чогулду. Бул жылдык пландын 99,6 пайызы аткарылды деген кеп.
Кыргызстанда мыйзамды тез иштеп чыгуу боюнча атайын комиссия түзүлдү. Мындай маалыматты "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын 28-29-августунда Жумгал жергесинде белгилүү куудул Куйручуктун 145 жылдык мааракесине карата республикалык куудулдар конкурсу жана көкбөрү, ат чабыш сыяктуу элдик оюндар өтөт.
Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Исмаил Исаков кызматынан кетти. Эми кайсы бир партия аркылуу парламенттик шайлоого аттанат.
"Ата Мекен" партиясынын болжолу боюнча аталган партия парламентте 50 пайыз утушка ээ болоорунан шек жок. Мындай билдирүүнү партиянын лидери Ө. Текебаев жасады.
Жаш кино режиссер Асел Жураеванын "Өмүр бешиги" тасмасы күз айларында Египетте өтө турган Каир эл аралык кино фестивалынын конкурстун бөлүгүнө тандалып алынды.